Ажо болом дейби?!
Өлкө парламенттик башкаруу системасына өткөнү Президенттин мурдагыдай "супер укуктары" кыскарып, далай өзүм билемдиктерге чекит коюлуп, эскилерге салыштырмалуу колу-буту тушалып туру. Бирок, азыр коомчулукта "Кыргызстанга парламентаризм жарашпайт экен, күчтүү президент келбесе, булар мамлекетти бөлүп алат экен" деген кептердин жүрүшү айрымдардын президенттикке болгон үмүтүнө май тамызып, сезимдери ойгонуп, амбициялары абага калкып чыга баштады. Буга мисал, "Атажурттун" атасы Камчыбек Ташиев президенттикке коёрун эмитеден кыйытып жатса, анын досу, ЖК төрагасы Акмат Келдибеков да "Вечерний Бишкек" гезитинин суроосуна"президенттикке атсалышуу боюнча ойлонуп көрөм" деп жооп бериптир.

Бул неден кабар берет? Бул парламенттик өлкөдө спикердин ыйгарым укуктары ажонукунан көп эсе чоңдук кылганы менен президенттиктин укугу менен сый-урматы көп болорун туюп жатканы эмеспи. Алардан башка албетте, Атамбаев да ажолукка атсалышуу аракетин көрүп жатса, Феликс Кулов, Аликбек Жекшенкулов сыяктуу саясатчылар тымызын аракетке өтүп, алдыдагы шайлоого өнөктөштөрдү топтоштурууга белсенгени маалым. Эми алар го бийликтин даамын татып, саясаттын чаң-тозогун башынан өткөрүп калгандар. Буларды коомчулукта айрым учурларда ачык эле "эски жүздөр" деп атап жүрүшөт. Анда президенттикке койчу жаңы жүздөр кимдер болушу мүмкүн? Өткөн парламенттик шайлоодо аламанга катышып, "Мекен ынтымагы" партиясын сүрөөнгө алган Темирбек Асанбековбу? Анын деле артында чубалган "чулгоосу" бар экенин партиялашы Жамалбек Ырсалиев айтып чыгып, кайран баланын бетпардасын сыйырды го, чиркин. Жөнөкөй сөз, жалпак тил менен Жамалбек мырзанын жазган бул чындыгы тиги Мелистин Турсунбай досун жазган чындыгынан да ашып кетиптир! Шедевр!
Андан кийинки президенттикке талпынып жаткандардын бири "Ауирдин" аталган ишкананын ээси Арстанбек Абдылдаев. Өзү айткандай "жылаңач баатыр" болсо да, колунан келген ишти мыкты жасап, бир топ кайрымдуулук иштерди аркалап келатканы чындык. Ошондой эле мамлекет баштай элек арзан баадагы ипотекалык турак-жай курууну да колго алган. Бирок, "медалдын эки бети бар" демекчи, акыркы убактарда теле менен гезит-журналдардан түшпөй, "жылдызга" айланган Арстанбек мырзанын артындагы айрым алешем иштери акырындап бизге жетип туру. Айталы, бизге жеткен маалыматтар боюнча, анын Аламүдүн районундагы Эне-Сай конушундагы 5 кабаттуу, 12 подъездүү үйдү куруп жаткан 120га чукул курулушчулары акыркы 3-4 айдан бери айлык маяна алыша элек. Бул боюнча Арстанбекке кайрылышса, бал тилге салып, убадаларды кабаттап берип жолго салат экен. "Курулушчуларга жумасына бирден кой союп берип, ысык тамак уюштуруп берем деп айткан. Бирок, кой союп бермек турсун, тамагын жөндүү бере албай келатат. Эт дегенден ооз тийип көрө элекпиз",-дептир курулушчулар тааныштарына. Алардын айтымында, ошол курулушчулардын асты 4-5 балалуу болсо, артынын эки баласы бар. Же курсагы тойбой, же балдарын бакканга айлыкты убагында албай, жол кире таппай карайлап жүргөн курулушчуларды ошол "элди ойлогон" Арстанбек мырза эмнеге ойлобой жатты экен? Же андайды башынан өткөрбөгөн байларга баары бирби?
Болбосо азыркы кымбатчылык маалда көп балалуулар эмес, бойдоктордун жашоосу кыйындап турганы чындык эмеспи. Андан да кейиштүүсү, ал жумушчулар бул жерди таштап кете албай жаткандыгында. Себеби түшүнүктүү, эгер бүгүн ишин таштап салышса, анда буга чейинки 3-4 айлык эмек акыларынан кол жуушат. Балким, курулуш ээси аларды атайын ушул аблага түртүп жаткандыр деген да ой туулбай койбойт...
Ошол эле учурда өзүнүн чарбасындагы мындай мамилелерге карабастан, Арстанбек Абдылдаев өзүн "кыздын баласындай" кылып рекламалоо иштерин кызуу жүргүзүүдө. Арийне, "ЭлТР" телеканалына 5 квартираны эң төмөн пайыз менен белек кылмак болду. Бул болсо шайлоого чейин "ЭлТР" Абдылдаевдин "ырын" ырдайт дегенди туюнтат эмеспи. Ошондой эле "Супер Инфо" гезитине, тоюс, Кылычбек Султановго айына "пиар материал" үчүн 500 миң (беш жүз миң) сом төлөп турат. Албетте, макталганы макталган. Мындан сырткары түстүү журнал, өзүнүн гезити, интернет сайты ачылып, аз эмес каражатты пайдаланууда. Ооба, азыркы коомдо ким эмнени кааласа жасай бериш ар кимдин өз иши дечи, бирок, ошол эле убакта тигинтип кесерип жүргөн жумушчуларынын айлыгын өз убагында берип койсо адамкерчиликке жатпайт беле. Мындан эки жума мурун Эне-Сай конушундагы үйлөрдү куруп аткан жумушчуларына айлыгын толук эмес, суудан өлүп бараткан жаныбарга суу тамчылаткандай кылып маяна бергени келген Абдылдаев ар бир бригададан 10 миң сомдон кармап калат. Кыжырлары кайнаган бригадирлер "эмне үчүн" деген суроону кабыргасынан коюшса, алдыдагы президенттикке талапкер болуучу мырза, "жакында концерт болот, ошол концертке барасыңар" деп бурк этип басып кетиптир. Мындай адамдардан эртең деги бир нерсе үмүт этип болобу?
Бул маалыматты алып жаткан кезде, редакциябызга Нураалы Курбанбеков аттуу Сокулуктун тургуну чалып, Абдылдаевге байланышкан арыз-муңу бар экенин айтып калса болобу! Таң калдык. Көрсө, Арстанбек мырза, кол алдындагыларды каалагандай калчаганын тээ алмустакта эле баштаптыр. Эмесе сөздү узартпай, ошол Нуралы акенин айткандарына орун берели:
- Мен 2000-жылы кышында бригадир болуп, кол алдымда 13 бала менен Арстанбек Абдылдаевдин Алматы көчөсүндөгү май куюучу жайынын курулушунда иштеген элем. Кыштын суугунда унаалардын дөңгөлөктөрүн өрттөп, жерди жибитип казып, май сактоочу темир цистерналарды жерге көөмп, имараттын пайдубалын казып бир топ иш аткарганбыз. Бул жерден дагы бир факты, ошол биз койгон цистерналардан 3 метр аралыкта газдын түтүгү өтөт. Негизи мындайга уруксат жок экен. Ал жерге газдан кишилер келип, чырылдап атышкан, акча берип коюштубу, кийин унчукпай калышты. Ошону менен биздин аткарган жумуштарыбызды Арстанбек Абдылдаевдин прораб таякеси карап чыгып, айлык маянабызды эсептеп кеткен. Бирок, 25 миң сомду эч себепсиз эле Арстанбек бербей койду. Көкжар кичирайонундагы офисине доолап бардык. Бербеди. Кийин Алматы көчөсүнүн тээ төмөн жагындагы унаа оңдоочу жайы бар үйүнө бардык. Барсак, атасын Меккеге жөнөтүп, короосунан чыкканы жатыптыр. Мен Арстанбек айдаган эки эшиктүү "Лексус" машинасынын маңдайына туруп алдым. "Акчаны берип кой, балдар кыйналып кетти" деп. Ошондо Арстанбек "Жиптин" ичинен винчестер көтөрүп чыгып, "керек болсо атып салам, Нураалы, кетип кал!" деди. Мен армияда болгомун, винчестерди жазбай тааныдым. Болбой туруп алсам, мени машинасы менен жөөлөткөн боюнча чыгып кетти. Буга балдар да күбө болгон. Атасын Меккеге жөнөткөн адам минтип бирөөнүн эмгегин жей берсе болобу? Ал кезде 25 миң сом чоң акча болчу. Мендеги балдардын ичинен ошол кышта акча доолап жүрүп Якубов Шамши деген бала каза болуптур. Кийинчерээк угуп калдым. Акча ала албай жүргөндө унаа уруп кетиптир дешти. Мен азыр да Арстанбек менен жолугуп, баарын доолап алганга аракет кылып жүрөм...
Ошентип, редакцияга келген Нураалы мырзанын сөзүнөн кийин Арстанбек Абдылдаевдин буга чейинки баскан жолунда жогоркудай бир топ "негативдер" бар экенине толук ынандык. Бул боюнча өзүнө чалып, ушундай маалыматтар келгендигин кабарлаганыбызда, биз акча сурап жаткансып "Журналисттер коррупционер десе ишенген эмесмин. Эми эмне кыл дегиңер бар, билгениңерди жазгыла!" -деп опурулуп кирди.
Кыскасын айтканда, бүгүнкү коомдо саясатка батыл аралашып,бийликке көз кызарткандардын баарынын эле арты таза болбой калды окшойт. Деги биз кимге ишенебиз? А чындык болсо ар дайым чыркырап туруусу кажет эмеспи!..
Улукбек Кутманбаев


Р.S.Телефон чалсаң "блатной жаргондор" менен кагып- силккен Арстанбек Абдылдаевдин үстүнөн дагы кызыктуу материалдар келип түшүүдө. Ал материалдарда Арстанбек мырзанын бизнесин кандайча баштаганы, кытайлык ишкерлер менен болгон конфликт мамилеси, Казакстандан контрабандалык жол менен ташылган сапатсыз бензини, анын кантип сапаттуу бензинге айланып жатканы баяндалмакчы.