Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 2
Жамшитбек Абдилов:
Өзүбүздүн жердештерге колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келебиз
- Жамшитбек Абдилович, алгач өзүңүз тууралуу аз-маз маалымат бере кетсеңиз?
- Мен Ош областына караштуу Мады айылында катардагы көп балалуу жумушчунун үйүндө 5-бала болуп төрөлгөм. Бала кезимде бат-бат эле ооруй бергендиктен кийин чоңойсом врач болом деп кыялданаар элем. Айткандай кийин 1975-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтунун дарылоо факультетинин "хирургия" жагын бүтүрдүм. Институтту аяктаган соң 10 жылдай Ош областтык ооруканасында врач-уролог болуп иштедим. 1985-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын райондор аралык жумушчу-врач эксперттик комиссиясында Кара-Суу району боюнча башкы эксперт жана башкы хирург болуп иштедим.
- Байкашыбызча сиздин Москвага келгениңизге көп деле болбоптур. Айтыңызчы, үй-жайды таштап мынча узак сапарга чыкканга сизге эмне себепкер болду?
- Ооба мен Москвага 2006-жылы эле келдим. Кенже кызым Мээрим Элдер Достугунун Орусиядагы Университетине (РУДН) тапшырып, азыр лингивистика факультетинде окуп, кытай жана англис тилдерин өздөштүрүп жатат. Ошол көкүрөк күчүгүмдү материалдык жана моралдык жактан колдоп турайын деп ушул жакка келе бердим. Анан бул жактан өзүмдүн курсташтарымды да жолуктурдум. Көрсө менин КММИде окуган жети курсташым ушул жерде иштеп, үй-бүлөсү менен ушул жерде жашайт экен.
Мага айрыкча досум - медицина илимдеринин доктору, РУДНдин урология жана онкология кафедрасынын жетекчиси Кадыров Зиоропша Абдуллаевич абдан көп жардам кылды. Ошол досумдун жардамы менен мен азыр жергиликтүү клиникалардын бирөөсүндө врач-уролог болуп иштеп жатам.
- Сиз деле алыста жүрөсүз да, Ата мекенди сагынып жатсаңыз керек? Анан, улуу адамдардан эмессизби, бул жерде кыргыздын салттары менен жашоого мүмкүн бекен? Кандай салттарды кармап жүрөсүз?
- Ачыгын айтсам, Кыргызстанды абдан сагынам. Ар жылы, эс алуу убактымды туулган жериме барып өткөрөм негизи. Анан бул жакта деле Кудайга шүгүр, өзүбүздүн ата-салтты карманып жүргөнгө аракет кылып жүрөбүз. Мисалы, бул жерде мен демилге көтөрүп тели - теңтуштар менен Шерине уюштуруп алганбыз. Андан сырткары деле дайыма жердештер менен майрамдарды, белгилүү күндөрдү чогуу - чаран өткөрөбүз.
- Сизден жардам сурап кайрылган мекендештерибиз деле көп эле болсо керек?
- Ооба көп эле болду андай. Ошонун негизинде биз Москванын борборундагы ВВЦ паркындагы Кыргыз Мамлекетине караштуу "Кыргызстан" атындагы №4 павильонуна көп тармактуу медициналык борбор ачканбыз. Ал жакка кайрылгандарды: акушер - гинеколог, уролог, кож-невролог, травматолог, стоматолог сыяктуу кесип чеберлери карайт. Бул борбор негизинен өзүбүздүн мекендештерибизге жана Казакстан, Таджикистан сыяктуу боордош өлкөлөрдүн жарандарына да дайыма ачык. Мына ушундай жолдор менен биз өзүбүздүн жердештерге колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келебиз.
- Сиз үчүн 2010-жыл кандай болду? Сиз үчүн эсте калаарлык жагымдуу болгон жагдайларды айта кетсеңиз.
- 2010-жылда мен үчүн эң сонун өткөргөн көз ирмем бул, бардык үй-бүлөм менен кереметтүү Ысык - Көлдө өткөргөн күндөрүм болду. Менин Аида, Чолпон, Светлана, Мээрим жана Канатбек аттуу төрт кызым жана бир уулум бар. Неберелерим болсо он. Кенже кызым менен уулуман башкасы бүт Кыргызстанда иштеп, ошол жакта жашашат. Экинчи эң жагымдуу окуя, былтыркы жылы кызым Мээрим, Кытайдын Пекин шаарындагы эки жылдык стажировкасын жогорку бир жылда жогорку жетишкендик менен бүтүрүп келгени болду. Быйыл болсо ал өзүнүн ошол мөөнөттөн калган бош убактысын Кытай компанияларынын бирөөсүндө котормочу болуп иштөө менен өткөрүп жатат.
- Келип калган жаңы жылдан сиз эмнени күтөсүз?
- Бул жылы буюрса Бишкекте биздин курсташтардын жолугушуусу болот. Август айында КММИни бүтүргөнүбүзгө 35 жыл жана Кыргызстанда медициналык институттун ачылганына 70 жыл болот экен. Биз өлкөбүздүн ар кайсы чоң шаарларында беш жыл сайын жолугушуу өткөрүп турууну адат кылып алганбыз. 120дан 150гө чейин адам чогулган жолугушууларыбыз дайыма достук маанайда, абдан көңүлдүү өтөт. Эски достор менен көрүшүп, студенттик кездерди дагы бир жолу кайталап эскерип алуу сонун эмеспи.
- Эми кеп соңу катары Кыргызстандык мекендештериңизге каалоо - тилектериңизди айта кетсеңиз.
- Мен баардык жердештериме чың ден-соолук каалайм. Дайыма биримдикте болуп, бири-бирине түшүнүктүүлүк менен мамиледе болушсун. Достук менен бактылуулукта узак узак жашашсын.
Темирлан БЕКБОТОЕВ




Мегафондон эң арзан тариф жана бекер сим-карталар
"Мегафон" компаниясы жана "Байэл" юридикалык компаниясы менен бирдикте мекендештерибизге счетунда акчасы менен бекер сим-карталарды тартуулоодо! Ушул долбоор боюнча иш алып барып аткан "Байэл" компаниясынын менеджери Токтоналиев Нурбакыт Акылбековичке суроо узаттык.
- Нурбакыт Акылбекович, сиздер бекер берип жаткан мегафондун сим-карталарын эмне максат менен берип атасыздар? Анан дагы ичинде акчасы бар болсо?
- "Байэл" юридикалык компаниясы тарабынан берилип аткан бекер сим-карталарды ар бир биздин Кыргызстандан келген мекендештерибизге белек катары берип атабыз. Эмнеге бекер, кандай максатта, деген суроону бизге көп кишилер беришет. Биздин максатыбыз жаңыдан келген ар бир кыргызстандыка мегафон сим-картасын белеке бермекчибиз, ичинде 30 рубль балансы менен. Ошол мегафон сим-картаны алган мекендештерибиз смс аркылуу бул жактагы өзгөрүп аткан мыйзамдар боюнча маалымат алып турушмакчы. СМС кыргыз жана орус тилдеринде Москвадагы өтүп туруучу майрамдар жана жердешчилик концерттерине да чакырып турмакчы. Биздин кыргыздарга эң негизинен маалымат жетпейт. Бир нерсени чала угуп алып эле бул мындай болот экен го, тигил тигинтет экен го дей беришет. Ошон үчүн "Байэл" компаниясы баардык маалыматтарды смс аркылуу жеткизип турмакчы. Мисалы, Федералдык миграция кызматынын (ФМС) качан жабылып, качан ишин баштаарын, ошондой эле разрешение на работу, регистрациянын бааларынын которулушу жана ылдыйлашы боюнча маалымдайбыз.
- Мегафон менен официалдуу түрдө келишим түзүлгөнбү?
- Албетте, келишимдин негизинде иш алып барып атабыз. Былтыркы жылдын август айында Мегафон менен Байэл юридикалык компаниясынын ортосунда келишим түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп атабыз. Биз башкалардай болуп жөн гана таркатпастан, ар биринин паспортунун данныйларын толтуруп, официалдуу түрдө берип атабыз. Толтурулган инфо картанынын оригиналы мегафон борборуна тапшырылат. Ошол абоненттерден кокус сим-картасын жоготуп алган болсо, анда ал Москвадагы мегафон борборунун бөлүмдөрүнө кайрылып, ошол номерди кайра акысыз кайрып ала алышат.
- Мегафон-бонус деген Мегафондо программа бар, ошону киргизсе аз да болсо мекендештерибизге жеңилдик болмок, ошол жагы кандай?
- Бонустар боюнча сөз кыла турган болсок ал программалар киргизилген. Эгер бизден алган сим-картаны ыргытып жибербей колдонсо, эки жарым айдан кийин ошол абонент айына канча акча салып сүйлөшсө, ошонун 20% акчалай счетуна котороулат. Мисалы, 1000 рублга сүйлөшсө 200 рубль, ал эми 2000 рублга сүйлөшсө 400 рубль. Мындан сырткары мегафондун дагы башка бонустук программалары бар.
- Кыргызстанга же Москва ичинде чалууга арзаныраак тарифтик пландар барбы?
- Бизде азыр төрт тариф камтылган: Все мобильные, Подмосковный, Тёплый приём, Твоя сеть. Булардын ар бири ар кандай багыттык чалуулар. Азыркы күндө Москва жана Москва областында сүйлөшүүгө эң арзан тариф бул "Твоё время", биринчи 5-минута 3,40 руб. 6-минутадан баштап 90 минутага чейин 0,05 руб. Башка операторлорго 6-минутадан баштап 0,35 руб. Бир күнгө лимит 90 минута. 91 минутадан кийин минутасына 2,00 руб. Ал эми Кыргызстанга чалууга арзан тариф бул "Тёплый приём" Кыргызстандын баардык операторлоруна, шаардык номерлерге жана Россиянын баардык шаарларына бирдей баада, биринчи минутасы 5 руб. экинчи минутадан баштап 2,40руб.
- Смс аркылуу миграциялык мыйзамдардын өзгөрүүсө туралуу маалымдап турабыз дедиңиз, жыл башынан эмне мыйзамдар өзгөрдү?
- Миграциялык мыйзамдары боюнча айтсак, бир нече өзгөрүүлөр болду, бирок алардын бары иштеп кете алабы, бул чоң суроо. Кыскача токтолсом, мекендештерибизди (разрешение на работу) ишке уруксат кагазын алууга квота саны кескин түрдө кыскарды. Миграциялык учетко коюу боюнча да бир нече өзгөрүүлөр бар. Бул суроолорго кененирээк жоопту "Байэл" компаниясына келип же телефон аркылуу биздин компаниябыздын юристтеринен керектүү маалымат алсаңыздар болот. Байланыш телефону: +7 (925) 081-56-26, +7 (926) 678-57-00.
-Аз да болсо мекендештерибизге жардам кылып атыпсыздар, бул жакшы. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайбыз, маегиңизге рахмат!



кыргыз тилиндеги гезит "Мекенчил жаш"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 50

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 50

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 50


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 50

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 50

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 50


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 50

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 50

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/meken/11/0322_4.htm on line 50