Асылзат

Урмат Аманбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
- Акүйдүн босогосун аттаганга чейин кайсы тармакта жүрдүңүз, эмне менен алектендиңиз?
- Саясатка чейин кыргыз элинин арасында болдум. Болгондо дагы карапайым катмардын арасында аралашып, алардын түйшүктүү турмушун жакындан сезип, туюп жанында, бизнес чөйрөсүндө жүрдүм. Ошол кезде көптөгөн чийелешип, чечилбеген маселелерди чечүү, бизнес жаатындагыларга кандай шарт, колдоо көрсөтүү керектигин түшүнүп, кийинки парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлигимди коем деген максатым бар эле, буюруп Жогорку кеңештин депутаты болуп калдым. Бизнес жаатында чакан иш каналарды ачып, элди 250дөй жумуш орду менен камсыз кылганга жетише алдым. Депутаттыкка чейин дагы коомдун, экономиканын өнүгүшүнө колдон келишинче салымымды кошуп келдим.
- Эмне үчүн бизнес өкүлдөрү депутат болгусу келет?
- Жүйөлүү суроо бердиң. Ар кайсы адамдар "бизнесте жүргөндөр депутаттыкка келип атат, алар өзүнүн бизнесин коргош үчүн келди" деп айтып атышпайбы. Бизнесте жүргөндөр саясатка келсе мамлекетте экономикада өнүгүү болот. Мисалы бизнести баардык эле адам өркүндөтүп, жолго кое албайт. Жоктон барды кылып, өндүрүштүк иш кана, жаңы идеяларды ойлоп чыгуу, ошону татыктуу алып кетүүнүн өзү дагы чоң түйшүктү талап кылып, адамдын жөндөмү болуш керек. Совет доору кулагандан кийин ар бир адам өз киндигин өзү кесип, көпчүлүк бизнеске киришти. Анын ичинен дагы жөндөмдүү, дээринде барлары бизнесин мыкты алып кетип, бүгүнкү күндө чоң өндүрүшкө айландырды. Азыр мамлекет жумуш менен камсыз кыла албаган көпчүлүк элди ошол бизнесмендер жумуш менен камсыздап келатканы чындык. Анан бизнесмендердин саясатка келгени жат көрүнүш эмес. Азыр көпчүлүк жапа тырмак бизнес кылганга өттү. Ошолорго ылайыктуу шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бергенге бизнесте жүрүп, бизнести жеринен билген депутаттар аларга ылайыктуу мыйзамдарды жазып беришет.
- Жумуш ордулары жок мигранттар саны өсүп, ишке жарамдуу эр-азаматтарыбыз, уул-кыздарыбыз чет жерлерге кетип атат, алардын агылуусун кантип токтотуп, мекенге кантип алып келебиз?
- "Бирөөнүн жеринде султан болгончо, өз элиңдин ултаны бол" деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Алар жыргаганынан Россия, Казакстанга кетип аткан жок. Акыркы убактарда ал жакта ыңгайлуу иштөө үчүн ошол мамлекеттин жарандыгын алышууда. Азыр мамлекеттин жарандарды жумуш менен камсыз кылууга чама-чаркы жетпей турат. Ошон үчүн шаарларда, район, айылдардагы ишке жөндөмдүүлөргө жумуш ордун түзүп берүү керек. Тоолуу, чек арага жакын аймактарда эч ким калбай калды. Жаштар окууга, жумуш издеп шаарларга кетти. Мына ушундай көптөгөн маселелер жатат. Буларды кармап калыш үчүн ошол жерге ылайыктуу чакан иш каналарды ачып, аларга мамлекет тарабынан жардам, жеңилдиктерди берүү керек. Буга баарыбыз жапа тырмак аракеттенип, колунан иш келгендер аракеттениш керек. Мисалы чет жакадан тажрыйба топтоп, каржы маселесин чечип, каражат топтогон мекендештерибиз бар ошолор келип, Кыргызстанга иш каналарды ачса жакшы болот эле. Аларга дагы коопсуздук жагынан кам көрүп, мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралмак. Жаңы келген парламент, өкмөт кимдин жакшы идеясы болсо аларга жагымдуу климат түзүп колдойбуз деп атат.
- Саясатта айымдардын орду кандай?
- Тарыхта саясий ишмердүүлүгү менен чыйыр жол салып кеткен айымдарыбыз абдан көп. Алардын эмгегинин алдында зор иштер аткарылып, кыргыз айымдарынын акылкөй, иш билгилигин артында кыргыз элинин тарыхый жолунда чоң өзгөрүүлөр, тарыхый бурулуштар болуп келген. Каныкей эненин акылмандыгы да Манастын Манас болушуна салымын кошсо, Курманжан энебиздин акылмандыгы менен тарыхый бурулуш, чоң кыргындан аман калганбыз. Мен дагы ошол Курманжан датканын уругунанмын. Кыргыз айымдары сулуулугу, улуулугу, боорукер, акылкөйлүгү менен айырмаланып турат. Аял жакшы эр жакшы деген кеп бекеринен айтылган эместир. Бүгүнкү күндө дагы саясий турмушубузда аялзаты чоң салымын кошуп апрель окуясынан кийин дагы оор кырдалды мойнуна алып, элдин жоопкерчилигин аркалаган Роза Исаковна дагы кыргыз аялдырынын саясий турмушубуздагы оордун көргөздү.
- Жазды айымдар алып келет дейбиз. Март айымдардын майрамы, энелерге, эже-сиңдилериңизге сөзүңүз?
- Март айын абдан жакшы көрөм. Жашоонун башталышы, башаты, жаңылануу сыяктуу сезилет. Жаздын келиши менен сүйүү, жандүйнөңдө жаңылануу, жашаруу пайда болот. Ар бир адам жазга карата иш планын, аруу максаттарын коет эмеспи. Жаздын босогосун аттаганы 8-март айымдардын майрамы утурлайт. Аял затынын сулуулугун, наздуулугун даңазалап жер энеге жан кирип, кыш бою бугуп жаткан жаратылыш кулпуруп, бүткүл жан-жаныбар кыймылга келип жашоонун керемети, жашоонун жаңылануу мезгили башталат. Ушундай жаңылануу күнүндө кошо келген айымдардын майрамы менен бүткүл азылзаттарды, энелерди куттуктайм. Ылайым элибизде эненин мээриминдей жылуулук, эненин тилегиндей ырыскылуу, айымдардын сулуулугундай көрк болсун. Алыста жүргөн мекендеш айымдарыбызга бекем эрк, ден соолук каалап кетет элем.
Дайырбек Орунбеков