Саамалык саптар

Архив агенттигинде
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009 - жылдын 26-октябрындагы №425 "Мамлекетти башкаруу системасын жана органдарды реформалоо" тууралуу Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу архив агенттиги болуп кайра түзүлдү. Учурда архив агенттигинин ишин тастыктоочу документтерди иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
ххх
Кыргыз Республикасынын архив агенттиги тарабынан архивдердин негизги иш эрежелерин камтыган "Основные правила работы архивов организаций" аттуу китеп орус тилинде жарык көрдү. Учурда аталган китеп кыргызча которулуп, басмага даярдалууда.

Чүй
Чүй областтык мамлекеттик архивинин иш аракеттеринин негизинде райондук архивдердин материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, ушул жылда мамлекеттик бюджеттин эсебинен 3 компьютер, 400 куту, 2 сканер, 7 шкаф, 1 текче жана атайын эсептин фондунан 2 компьютер, 2 картридж,1 принтер сатып алынды.
ххх
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Ысык- Ата райондук архивине грант түрүндө 1,5 млн. сом архивдин кошумча курулушуна, ички-тышкы оңдоп түздөө иштерине, электр өткөргүчтөрүн жаңылоого бөлүнүп, учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, кошумча имарат курулууда.

Талас
Талас областынын Манас райондук мамлекеттик архивинин имаратында иштөө, документтерди жайгаштыруу оор болгондуктан, Манас райондук мамлекеттик администрациянын 2009-жылдын 8-июнундагы №187 токтомунун негизинде, Манас райондук аскер комиссариатынын имаратынын биринчи кабатынан 6 бөлмө жана жертөлөдөгү бир сактооч жай бөлүнүп берилди. Берилген имараттын жалпы аянты 129,52 м2. Бул жайга капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп, кызматкерлердин иштөөсүнө бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Иш бөлмөлөрүнө жылыткычтар орнотулду. Мындан сырткары 67 фонддон турган 8282 сактоо бирдигиндеги документтер эски имараттан көчүрүлүп келинди. Талас областтык мамлекеттик архиви тарабынан материалдык жана моралдык жардамдар көрсөтүлдү.

Жалал-абад
Жалал-Абад областынын бардык архив мекемелери үчүн 2009-жыл жемиштүү жыл болду. Областта архив ишинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо сегиз мамлекеттик архив жайгашкан имараттар архив тармагынын менчигине өткөрүлгөн. Алардын ичинен 2009-жылы областтык мамлекеттик архивдин, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Аксы, Базар-Коргон райшаармамархивдеринин имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ал эми Сузак жана Ноокен раймамархивдеринде кошумча архив сактооч бөлмөлөр курулуп, имараттары реконструкцияланды. Азыркы күндө областтык мамлекеттик архивдин имаратына да кошумча архив сактоочу бөлмөлөрдү куруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаармамархивдеринин имараттарына капиталдык ремонттоо иштери жасалууда. Бүгүнкү күнгө карата областтын бардык мамлекеттик архивдери заманбап техникалар: компьютер, сканер, ксерокс, факс аппараттары менен камсыздалган.


Ысык көл
Ысык-Көл областтык мамлекеттик архивинин Архив кеңешинин төртүнчү отурумунда мекеме, уюмдарынын жоголуп кеткен документтерин каттоо, издөө салуу боюнча мамлекеттик архивдердин жүргүзгөн иштери, Түп, Жети-Өгүз райондук жана Балыкчы шаардык мамархивдеринде 2009-жылдын 9 айында пландык тапшырмалардын аткарылышы, областтык мамлекеттик архивинин документтерди илимий-техникалык ирээтке келтирүү бөлүмүнүн ишинин сапаты тууралуу каралып, чечимдер кабыл алынган. Областтын бардык мамлекеттик архивдеринде "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелеринин ишинин негизги эрежелерин" окуп үйрөнүү иштери жүргүзүлүп, декабрь айында кызматкерлер сынактан өтүшкөн.
Областтык илимий усулдук кеңеш тарабынан Тоң, Ак-Суу, Ысык-Көл райондук мамлекеттик архивдеринин "Фонддорунун курамы жана мазмуну жөнүндө" маалымдамалар каралып, кемчиликтерин толуктоо үчүн кайтарылып берилген.