Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 2
п»ї
2010-жылдагы айрым тарыхый даталар

Туулган

ААА 2010-жылы
жылы белгиленет

1860-1942-ж.ж. Абдыракманов Байымбет (Тоголок Молдо) , кыргыздын атактуу жазма акыны, 150 жыл.
ырчылар поэзиясынын классиги.

1875-1965-ж.ж. Жусубалиев Балтабай, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Нарын обл. Ак-Талаа 135 жыл.
районундагы Дөрбөлжүн колхозунун жылкычысы болгон. Ленин ордени
жана медалдар менен сыйланган.

1890-1966-ж.ж. Кочкорбаев Исак, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ыссык-Ата районундагы 120 жыл.
Кеңеш колхозунун башкармасы. СССР Жогорку Советинин, КыргССРнин
Жогорку Советинин депутаты болгон. "Кырг ССРнин мал
чарбасынын устаты" деген ардак наам берилген.

1895-1953-ж.ж. Байбатыров Адамкалый, белгилүү кыргыз өнөрпозу, кыргыздын тунгуч куурчак 115 жыл.
оюнчусу, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кырг ССР нин эмгек сиңирген
артисти, тунгуч темир комузчулар ансамблин түзгөн.

1895-1960-ж.ж. Алыбекова Карачач, Кырг ССРнин Москва районундагы Октябрдын 40 жылды- 115 жыл.
гы атындагы колхоздун чабаны, Социалисттик Эмгектин Баатыры.

1900-1949-ж.ж. Огомбаев Атай, белгилүү кыргыз ырчысы жана комузчусу, күүчү жана обончу, 110 жыл.
Кырг ССРнин эл артисти. Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери жана
медалдар менен сыйланган.

1900-1937-ж.ж. Карачев Сыдык, кыргыз жазуучусу, журналист, кыргыз профессионал 110 жыл.
адабиятын баштагандардан, кыргыздын тунгуч котормочуларынын бири.

1900- ж. Кайназаров Толубай , Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ош обл. Өзгөн районун- 110 жыл.
дагы Куршаб совхозунун талаачылык бригадасынын звено башчысы.
Ленин ордени жана медаль менен сыйланган.

1900-1990-ж.ж. Кийизбаев Тообай, Социалистик Эмгектин Баатыры, Кемин районундагы 110 жыл.
Бейшеке колхозунун жылкычысы, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуу-
чусу, Кырг ССРнин Жогорку Советинин депутаты болгон.

5.01.1905-ж. Карасаев Кусейин, тилчи, УИАнын академиги, улуттук тунгуч лексикограф 105 жыл
1998-ж. жана лексиколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор.
Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири.

1905-1974-ж.ж. Токобаев Молдогазы, акын, драматург жана коомдук ишмер. Кыргыз 105 жыл.
адабиятына негиз салгандардан. Кыргыз драматургиясын баштагандардын
бири. Ленин ордени, эки Ардак Белгиси ордендери менен сыйланган.

25.10.1910-ж Раззаков Исхак Раззакович, атактуу мамлекеттик ишмер, 1950-1961 ж.ж. 100 жыл.
19.03.1979-ж. Кыргызстан КП БК биринчи секретары. СССР Жогорку Советинде депутат.
Бир нече орден, медалдардын ээси.

16.05. 1910-ж.- Бөкөнбаев Жоомарт, акын жана драматург, Ардак Белгиси ордени 100 жыл.
1944-ж. менен сыйланган.

1910-1943-ж.ж. Турусбеков Жусуп, белгилүү кыргыз акыны жана драматургу. 100 жыл.

1910-1934-ж.ж. Салиева Уркуя, Кыргызстанда колхоз уюштуруучу активдердин бири, коомдук 100 жыл.
ишке активдүү катышкан аялдардын бири.

1910-1978-ж.ж. Борончиев Ысмайыл, төкмө, Кыргыз ССРнин эл артисти, 100 жыл.
Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган
12.01.1910-ж.- Михалев Андрей Николаевич, график, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү, 1939-жылдан 100 жыл.
1981-ж баштап Кыргызстанда жашап, чыгармачылыгын республика менен
байланыштырган.

1910-1975-ж.ж. Бектенов Касымаалы , жазуучу, прозачы жана драматург, Ардак Белгиси 100 жыл.
ордени менен сыйланган.

1915-1950-ж.ж. Осмонов Алыкул, акын, драматург, котормочу, кыргыз котормо өнөрүн жаңы 95 жыл.
бийиктикке көтөргөндөрдүн бири.

1915-1976-ж.ж. Өмүрканова Мыскал, ырчы, Кыргыз ССРнин эл артисти. Кыргыз мамлекеттик 95 жыл.
филармониясында хордо, кийин оркестрде солист, жеке ырчы катары иштеген.

3.09.1915-ж.- Шералиев Жумамүдүн, обончу-композитор,ыргыз ССРинин эл артисти. 95 жыл.
1994-ж.

15.06.1915-ж. Адышев Муса Мирзапаязович, илимпоз, геология-минералогия илимдеринин 95 жыл.
1979-ж. доктору, профессор, КыргССРнин илимге эмгек сиңирген ишмери.
Эмгек Кызыл Туу ордени, бир нече медалдар менен сыйланган.

14.02.1915-ж. Ильина Лидия Александровна, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү. 95 жыл.
1994-ж.

1915-1977-ж.ж. Куттубаева Анвар, Кыргыз ССРнин эл артисти. Ленин ордени, 95 жыл.
Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери менен сыйланган.

1915-ж. Жусупов Эшенкул, Социалистик Эмгектин Баатыры, Ош областынын Ленин 95 жыл.
районундагы Калинин атындагы колхоздун башкармасы болгон. Ленин ордени,
Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

1915-1967-ж.ж. Абдрахимов Талгат Кадырович, геолог, Мамлекеттик сыйлыктын 95 жыл.
лауреаты. Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү металл кенин
ачкандардан. Ленин ордени жана бир нече медаль менен сыйланган.

15.09.1920-ж. Түгөлов Нурдин Сооронбаевич, балетмейстер, Кыргыз ССРинин эл артисти, 90 жыл.
1980-ж. "Чолпон" балет-фильминин сценарийин жазган.

8.03.1920-ж. Махмутова Мариям, опера ырчысы, Кыргыз ССРнин эл артисти, Кыргыз опера 90 жыл.
1989-ж. жана балет театрынын солисти.

1920-ж. Иманов Капар, Социалисттик Эмгектин Баатыры. Ленин ордени, Ардак 90 жыл.
Белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.

1920-ж. Жунушбаев Абдрашит, география илимдеринин доктору, Улуу Ата Мекендик 90 жыл.
согуштун катышуучусу. Кызыл Туу, I даражадагы Ата Мекендик Согуш,
Александр Невский ордендери жана медалдар менен сыйланган.

1920-1964-ж.ж. Аманбаев Акмат, композитор, КыргССРнин искусствосуна эмгек сиңирген 90 жыл.
ишмер. Ардак Белгиси ордени жана медаль менен сыйланган.

15-декабрь, Алжанбаев Шакин Юнусович, микробиолог, медицина илимдеринин доктору, 90 жыл.
1920-ж. саламаттыкты сактоонун отличниги. Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар
менен сыйланган.

5.05.1920-ж. Абдраев Мукаш, композитор, профессор, Кырг ССРинин искусствосуна эмгек 90 жыл.
1978-ж. сиңирген ишмер, коомдук ишмер. Кырг ССР эл артисти. Кырг ССРинин
Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты, Эмгек Кызыл-Туу
жана Ардак Белгиси ордендери менен сыйланган.

10-ноябрь, Салиев Азиз Абдыкасымович, философ, адабий сынчы, публицист, коомдук 85 жыл.
1925-ж. ишмер. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат, эки жолу Ардак Белгиси
ордени менен сыйланган.

1925-1945-ж.ж. Оторбаев Асанбек, Советтер Союзунун Баатыры, Улуу Ата Мекендик согушта 85 жыл.
Ленинград жана Украина фронтторунда салгылашкан.

5-август, Кадыров Касым, Социалистик Эмгектин Баатыры, Пржевальскидеги автобазанын 85 жыл.
1925-ж. айдоочусу болгон. СССР Жогорку Советинин жана Кырг ССРнин Жогорку
Советинин депутаты.

15-май, Жусуев Сооронбай, КРнын Баатыры, эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекет-
1925-ж. тик сыйлыктын, А.Фадеев атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлыктын
ээси, чебер котормочу катары да белгилүү, бир нече медалдар менен сыйланган. 85 жыл.

20.09.1925-ж. Кудайбергенов Сарыбай, кыргыз тилчиси, филология илимдеринин доктору, 85 жыл.
1983-ж. орто мектептер жана жогорку окуу жайлар үчүн кыргыз тили боюнча окуу
куралдарды түзгөн.

1925-ж. Жусупов Билал, Социалистик Эмгектин Баатыры, Нарын обл. Кочкор районун- 85 жыл.
дагы Коммунизм совхозунун чабаны болгон. Улуу Ата Мекендик согуштун
катышуучусу, Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

1930-ж. Кадыров Абдулхамит, Социалистик Эмгектин Баатыры, Ош обл. Араван райо- 80 жыл.
нундагы "Коммунизм" колхозунун пахтачылык бригадасынын звено башчысы.
Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

15-апрель, Дулатова Гүлшара Иманалиевна, Кырг ССРинин эл артисти. 80 жыл.
1930-ж.

5.05.1930-ж.- Алтымышев Арстанбек Алыбаевич, фармаколог, медицина илимдеринин 80 жыл.
2000-ж. доктору, профессор, илим жана техника боюнча Кырг ССРнин мамлекеттик
сыйлыгынын лауреаты. Медицина өнөр жайына жаңы дары - ликоринди, тамак
аш өнөр жайына "Арашан" кыргыз бальзамын сунуш кылып, СССРдин
автордук күбөлүгүнө ээ болгон.

11-май, Мырзабаев Артык, опера ырчысы, СССРдин эл артисти, Бүткүл союздук фести- 80 жыл.
1930-ж. валда I даражадагы дипломго татыктуу болгон.

4-сентябрь, Садыков Тургунбай, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССР эл сүрөт- 75 жыл.
1935-ж. чүсү, Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан
Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.

9-май, Карасартов Абдылда, тоо өткөөлчүсү, СССР мамлекеттик сыйлыгынын 75 жыл.
1935-ж. лауреаты. Жаңы табылган кең байлыктарды геологиялык чалгындоо
жумуштарына активдүү катышкан.

11.09.1935-ж. Океев Төлөмүш, кинорежиссер, Кыргыз ССРинин эл артисти, 75 жыл.
2001-ж. ССРдин эл артисти.

13-март, Байжиев Мар, кыргыз эл жазуучусу, драматург, прозачы. 75 жыл.
1935-ж.

23.03.1940-ж. Миңжылкиев Болот Абдуллаевич, опера ырчысы, СССРдин эл артисти, Кыргыз 70 жыл
1997-ж. опера жана балет театрынын солисти. 1976-жылы Бүткүл союздук Ленин
комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы
мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

27-март, Ажыбекова Гүлсара, Кыргыз республикасынын эл артисти. 60 жыл
1950-ж.

940 -1020-ж.ж. Абу-ль-Касим Фирдоуси, акын, перс жана тажик адабиятынын классиги. 1070 жыл
Анын белгилүү чыгармасы "Шахнаме" деген көркөм энциклопедиясы.

980-1037-ж.ж. Ибн Сина (Абу Али Хусейин ибн Абдаллах, Авиценна), Орто Азия элдеринин 1030 жыл.
атактуу илимпозу, философ, дарыгер, акын.
Даталар Окуялар 2010-жылы
белгиленет

31-март-3-ап- Кыргызстан профсоюздарынын 1-уюштуруу съезди болгон. Ага профсоюздун 85 жыл.
рель, 1925-ж. 9243 мүчөсүнөн 109 делегат катышкан.

6-январь, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна 85 жыл. 85 жыл.
1925-ж.

23-март, "Слово Кыргызстана" гезитине 85 жыл. (1925-ж. - "Батрацкая правда", 85 жыл.
1925-ж. 1926-ж. - "Крестьянский путь", 1927-жылдан - "Советская Киргизия" деп аталчу ).

1935-ж. Ч.Айтматов атындагы орус драма театрына 75 жыл. Башында Н.К. Крупская 75 жыл.
атындагы Фрунзе орус драма театры деп аталчу. Труппанын негизин
Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөр институтунун
бүтүрүүчүлөрү түзгөн.

1940-ж. 1940-жылдан баштап Сүлүктү шаар макамына ээ болгон. Сүлүктү шаары 70 жыл.
күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүүнүн негизинде пайда болгон. Кенге биринчи
болуп орус падыша армиясынын полковниги Фабицкий шахта курдурган.

1-январь, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук сүрөт искусство 75 жыл.
1935-ж. музейине 75 жыл.

9-май, 1945-ж. Жеңиш күнү 65 жыл.

6-август, 65 жыл мурун Жапониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына АКШ 65 жыл.
1945-ж. биринчи атом бомбасын таштаган. Хиросима шаары бүтүндөй талкаланган,
Нагасаки шаарынын 1/3 бөлүгүнөн ашыгы талкаланган. Хиросимада 140
миңден ашуун, Нагасакиде 75 миңден ашуун адам өлгөн жана жарадар болгон.

2-сентябрь, Жапон өкүлдөрү тарабынан капитуляция актысына кол коюлган. Экинчи 65 жыл.
1945-ж. дүйнөлүк согуштун аякташы.

1955-ж. Кыргыз мамлекеттик Физкультура институту - республикадагы спортсмендер- 55 жыл.
ди жана физкультура мугалимдерди даярдоочу жогорку окуу жайы уюшулган

1955-ж. Көгүлтүр экранга Кыргызстандын эң биринчи "Салтанат" аттуу көркөм фильми 55 жыл.
чыккан. Ал фильм "Мосфильм" киностудиясы менен чогуу чыгарылган,
кинорежиссеру Пронин В., башкы ролду Бакен Кыдыкеева ойнойт.

18-октябрь, Фрунзе-Ош автомобиль жолунун курулушу аяктаган. 45 жыл.
1965-ж

27-октябрь, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин токтому менен Акаев А.А. президент 20 жыл.
1990-ж. болуп шайланган.

15-декабрь, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суверенитети жөнүндө 20 жыл.
1990-ж. декларация кабыл алынган.

25-31-август, "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленген күндөр. 15 жыл.
1995-ж.

18-июль, Аламедин районунун Чоң-Таш айылында Ата-Бейит мемориалдык комплекси 10 жыл.
2000-ж. ачылган.

21-август, "200, 500, 1000 сомдук банкнотторду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республика- 10 жыл.
2000-ж. сынын Улуттук банкынын расмий билдирүүсү жарыяланган.

28-август, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин Биринчи 10 жыл.
2000-ж. съезди өткөн.

29-сентябрь, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын окмуштууларынын Биринчи 10 жыл.
2000-ж. съезди өткөн.

4-октябрь, Ош шаарында шаардын 3000 жылдык мааракеси башталган. Ош шаарынын 10 жыл.
2000-ж. макамы жөнүндө президенттин токтому чыккан.

14-август, Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев Курманбек Салиевич
2005-ж. президенттик милдетин аткарууга киришкен. 5 жыл.







Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 276

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 276

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 276

кыргыз тилиндеги гезит "Тарыхый мурас"
email • архив • редакция 
15-январь, 2010-ж.:
1-бет
Архив агенттигнини директору Ч.Абыкеевдин
жаңы жылдык куттуктоосу.

2-бет
Жаңы жылдык жаркын маанай каалайм!
3-5-бет
Архив агенттигиндеги айрым саамалыктар
6-7-бет
Алтын китеп - архив тарыхынын жаңы барагы
8-9-бет
Архивдин алтын казынасынан
10-11-бет
Кыргыз архивинин урунттуу учурлары
12-бет
АРХИВДИН ТӨРТҮНЧҮ ЖЕТЕКЧИСИ
13-16-бет
М.П.Алтыбаев,
Кыргыз Республикасынын
Ош областтык мамлекеттик
архивинин директору

17-бет
Саамалык саптар
18-19-бет
Алака достуктун далили
20-24-бет
Эрте өчкөн жылдыз
25-бет
Эрте өчкөн жылдыз
27-32-бет
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
33-35-бет
Архив ардагери
36-41-бет
Архив казынасынан
42-45-бет
2010-жылдагы айрым тарыхый даталар
46-бет
"Үркөр" жылдызын же "тоголду" жакшы билүү керек
47-бет
Архивчилердин чыгармачыл өнөрканасы
48-бет
Архивчилердин чыгармачыл өнөрканасы


Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 276

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 276

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/muras/10/0115_42_45.htm on line 276




а ­е¦Є.НҐй«