Кыргыз
Республикасынын
Президенти К.С.Бакиевге
Урматтуу
Курманбек
Салиевич!

Сизди жакында эле өткөн шайлоо өнөктүгүнүн ийгиликтүү жыйынтыкталышы жана алтымыш жылдык мааракеңиз менен куттуктап, мындан аркы ишиңизге жардамы тийип калаар деген ой менен ушул Ачык катты жазып жатам. Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганыңызда алдыңызга кирип баарлашып, "Кишинин жакшы-жаманы кирип чыккыча" дегендей, сиздин өзгөчө иш усулуңузду, адам менен жолугууда өтө көңүл коюп, сөзгө маани берип угаарыңызды, жөнөкөй карапайым кыргыздын бир жылт эткен учкундарын жан дүйнөңүздөн көрүп, байкап калбасам, мынчалык үмүт менен кайрылбас элем. Анын үстүнө, биздин КТРдин жетекчиси Эшимканов "Айат пресс" гезитине өзүн улуттук баатыр катары көрсөтүп берген маеги болбосо, унчукпай жашоого өтүүнү көздөп жаттым эле, бирок "сөздү учуру келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт" дегендей, сөз атасын өлтүрбөй, сизге да, жалпы элге да Эшимкановдун КТРде жүргүзүп жаткан "жаңылануусунун" чоо-жайын тактап айтып коюуну эп көрдүм.
Эшимканов маегинде: "Бир топ ордунан козголбостой болгон адамдар, "жылдызчалар" кетишти. Мен аларды жаман көргөнүм үчүн же жеке өчүм бар болгон үчүн эмес, өндүрүштүк кызыкчылык үчүн кетирдим. Мите курттай болуп жабышкан структуралар, адамдар көп экен, ошолорду кыскартууга туура келди. Бул жагынан президенттен колдоо көрдүм"-дейт. Албетте, ушинтип айтып жатса ким болсо да "туура кылыптырсың, азыр бизге эт менен челдин ортосундагы адамдардын кереги жок" деп айтаары бышык.
Бирок, ошол кыскарган кызматкерлердин ичинде, телевидение дүйнө жүзүндө адамдардын бири-бири менен алака кылуудагы (саясый, маданий, рухий) эң зарыл куралы экенин түшүнгөн, улуттук нарк-насилди чагылдырууда каруусун казык кылып, жаш курагы боюнча толуп, баралына келип турган кызматкерлер бар экенин айткысы да, ойлонгусу да келбейт. Мисалы, кыргыз телекөрсөтүүсүндө алгачкылардан болуп телесериалга чыйыр салган жазуучу жана драматург Жеңишгүл Өзүбекова, кыргыз улутунун өзөгүнө таандык уктурууларды алып чыгып жүргөн акындар Гүлжамила Шакирова, Калчоро Көкүлов, кооз жаратылыштуу жергебиздин жүзүн ачып, күнүгө ар бир берүүнүн ортосунда тыныгуу катары берилип жаткан "Кыргызстан" аттуу видеотүрмөктү тарткан Болот Тилебаев (азыр дагы ошол сюжеттер экрандын жыртык-тешигин жаап, кыргыздар өзүн-өзү таануусуна шарт түзүүдө ), айына үч-төрт жолудан акын-жазуучулардын, обончу-композиторлорубуздун чыгармачылык кечелерин уюштуруп, унутулуп бараткан чыгармачыл инсандарыбызды элге бекер алып чыгып жаткан мен, Сонунбүбү Кадырова ( азыр кечелерге акча төлөнүшү керек деген эреже чыгарып койгон), барбыз. "Кардыма ыйлабайм, кадырыма ыйлайм" дегендей, иштен айдаганы аз келгенсип, кеткен кызматкерлердин аркасынан "мите курттар" деп кордогону улуттук идеологиянын очогу болгон Кыргыз телерадиосунун жетекчисине туура келбеген жорук. Иштин көзүн билбей, кол астындагылардын ак-карасын ылгай албаган мындай түркөй жетекчилер, Курманбек Салиевич, сизге аброй алып келбейт.
Мен бул катымды икая менен аяктагым келип турат.
"Илгери бир эл башкарган хан кул базардан кул сатып алып жатса, кул ханга кайрылып: "Э, ханым, менин ырчы десе, ырчылыгым, сынчы десе, сынчылыгым бар эле, бирок арзан баалап койдуңуз" дейт. Анда хан: "Ошондой де, ырчылыгыңды көрөрбүз, алгач сынчылыгыңды байкайын, менин ишенген тулпар атым бар, ошону сынап берчи" дейт. Кул атты минип ары-бери бастырып келет да: "Ханым атыңыз чыныгы тулпардын тукуму экен, бирок эшектин сүтү менен уйдун сүтүн ичип чоңоюптур" дейт. Аны кантип билип алганын сураса: "Суудан өткөндө бутун силкип алат экен, бул уйдун сүтүн ичкенин билдирет, ал эми айылды көргөндө кишенеп жибергени эшектин сүтүн ичкени" дейт.
Хан каарданып кандайча болгонун жылкычысынан сурайт. Жылкычысы бул сөздөрдүн чындык экенин, ушул кулун туулганда бээни карышкыр жеп кетип, кулунду араң тирүү алып калып, хандан коркконунан эшек менен уйдун сүтүн берип чоңойтконун айтып берет. Анда хан: "Оп, бали! Сен, чын эле сынчы турбайсыңбы! Э, ханыша, бул кулга бир нан бердирип койчу" дейт. Арыда назар салып турган ханыша: "Ханым, даражаңыз бир нандык беле!?" деп, бир аяк алтын сузуп берет. Жарпы жазылган хан кайра кулга кайрылып, эми, өзүн сынап берүүсүн буйруйт. Анда кул: "Чындыгын айтсам, башымды албайсызбы?" деп сурайт. Хан башын албаска убада берет. Ошондо, хан чыныгы хандын тукуму эмес, наавайчынын баласы экенин, ханыша хан тукумунан экенин айтат. Хан берген убадасын унутуп, кулдун башын алдырмакчы болгондо, бул кабар хандын апасына угулуп, жөндөн-жөн күнөөсүз адамдын убалына калбай чындыкты айтууга бел байлап баласынын астына келет: "Балам, бул сыр сөөгүм менен кетеби дедим эле, эми болбос. Хан атаң экөөбүз көп жыл бою эркек балалуу болбой жүрдүк. Бир күнү "ушул боюңдагы бала эркек болбосо, төрөгөн кызың менен кошо сууга ыргыттырам"-деп мага катуу талап койду. Менден ошондон баштап уйку качты, хандыктагы боюнда бар аялдарды иликтей баштадым, бир күнү наавайчынын да аялынын боюнда бар экенин угуп, жашыруун жолугуп, эгер уул төрөсө алмашып, чоңойгондо куда болобуз деген убаданы бердим, макул болду. Акыры ай-күнүбүз жеткенде ал уул төрөдү, мен кыз төрөдүм, хан атаңа билгизбей алмашып алдык. Ошентип мен кызым менен аман калганбыз. Кийин убада боюнча куда болуу үчүн хан атаңды ар түрдүү айла-амалдарым менен макулдаткамын" деп, сөзүн жыйынтыктайт. Муну кантип билип алганын кайра кулдан сураганда: " Таксыр, тулпарыңызды туура айтып бергенимде сиз сүйүнгөнүңүздөн нан бердиңиз, ал эми ханыша алтын берди" деген экен.
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Сиздин да жаныңыздагы билермандарыңыз кыраакы болушун каалайм, түйшүктүү ишиңизге Теңирим өзү жар болсун!
Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо мени кабыл алышыңызды суранам.

Сонунбүбү Кадырова,
Тележурналист, акын, ырчы




  Аксылык агайга жооп

"Шайлоо дегениң шарик оюн болуп калды"
Редакциянын телефону "чыр-р" этти. Алсак, Аксынын Падыша-Ата айылынан Адыл Мамытов деген мугалим. Район борбору Кербенге келип чалып жатыптыр. "Шайлоо дегениң жанагы шылуун балдардын базарларда ойноткон шарик оюндарынан да ашып кетти го, ыя" деп кейип алыптыр. "Кандай сунушуңуз бар?" десек, "Эч кандай сунушум жок, бала-чака, неберелердин, бүтүндөй Кыргызстандын келечеги туңгуюкка барып такалды. Мен го Бакиевден 3 жаш кичүүмүн. Аманчылык болсо, ал президенттен кеткенде мен пенсияга кетем. Бирок, жашообуз алдыдагы беш жылда оңолооруна ишенбейм. Оңош үчүн Конституцияны жаңылагыла, анан шайлоо Кодексин өзгөртүп, жаштарды тартыш керек. "Кантип, аксакал?" дедик. "Бирок, бийлигиң эл айтканды укпай калган. Эмне болсоңор, ошо болгула. Бириң өлүп, бириң кал. Кайран гана кыргызым. Эмне деген күнгө туш келдиң?"
Телефон "түүт-түүт"-деп калды. Зымдын бир учундагы кыргыз көкүрөк күйүтүн аз да болсо чыгарып алды…


"Конституцияны жаңылагыла"
БЭК "системаны жаңылайбыз" деп жакшы идея менен чыккан. Ошол идеясынын аки-чүкүсүн шайлоого чейин элге аябай сиңирсе, шайлоодо бир кишидей тикесинен тик туруп бермек. Оппозиция неге антип иштей албады, аны өздөрү гана билет. Эл ичинде айтылып жүргөн "оппозициянын суурулуп чыккан лидери жок, бири-бирин аңдымай, бири экинчисине тыңсынуу күч, бийликке жетпей жатып папке талашмай өнөрү бар" деген ойдун чындыгы көбүрөктөй. Ушундан уламбы - "Ата Мекендин" атынан парламенттик шайлоодо, БЭКтин атынан президенттик шайлоодо эл берген добуштарды эл менен бирге коргоп калалбады. Бул жерде добуш берген элде айып жок. Айып добуштарын коргоп алууну уюштура албаган оппозицияда. Демек, оппозицияда ички ынтымак аз, күтүлбөгөн, обуруп-жабырган сөз көп. Ушундай шарттарда бир туугандары көп, оппозиция ичинен Иудага окшоп кол жалаганга даярларын колуна суу куйганга тарта алган, тоң моюндарын толорсугунан түрмөлөргө байлай алган, айрымдарын Алмата, Астана аркылуу Америка, Европага айдай алган, кечээ эле бир чарадан тамак жеп жүргөн табакташын, дос-посу, "Лексусу" менен кошуп туруп, Таш-Мойноктун жолундагы ташка талпагын жайып салган адам гана ат үстүнөн камчы үрөй алат да. Демек, аксылык Адылдын "Конституцияны жаңылаш керек" дегени бери дегенде беш жыл "консервага салынды" дей берсе болот.


"Шайлоо Кодексин өзгөртүш керек"
Аксылык мугалим Адыл Мамытовдун ушул оюн 2000-жылдагы парламенттик шайлоо алдында мен да минтип айтып чыккан элем: "депутат болчумун" дегендерди каттоону БШК ар бир округга эмес, өзү жүргүзүшү керек. Сунуш кылуу аяктагандан кийин бардык талапкерлерди филармонияга чакырып, алфавит тартибинде катталган талапкерлердин номери жазылган шариктер "Спорлотого" окшоп чоң үкөктүн ичинде айландырылат. Бир наристе кошумча үкөктөн бир шарикти алып чыгат, анда шайлоо округунун номери жазылган. Чоң үкөктүн түпкү тешиги ачылганда 5 шарик түшөт, алар - талапкерлердин номерлери. Кайсы талапкерлер кайсы округга туш келсе, ошол жерден шайланып келсин. Мунун артыкчылыгы, биринчиден, - жердешчилик азайып, эл эки-үчкө бөлүнмөк эмес. Экинчиден, кыргыз эмес талапкерлердин Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн күйүп-бышуусуна чыныгы шарт түзүлмөк. Болбосо, орусу деле, корейи, немиси, казагы, өзбеги, дунган, уйгуру өз улутташтарына көбүрөөк кызыгып кеткен жагдайлар күч алып кеткен. Акаевдин режимин 2005-жылы дал ошол парламенттик шайлоодогу "бул өз бала, бул өзгө бала, өткөрбөш керек" деген бөлүп-жаруу кулатпадыбы.
Бирок Бакиев доорунда шайлоо партиялык тизме менен жаңы кадам жасалды. Буга да мындай сунуш бар. Шайлоо Кодексин эларалык стандарттарды сактап калып, Кыргызстанда үч партия гана шайлоого катышуу механизмин киргизүү ылайыктуу окшойт. Саны бар, сапаты жок 100 партиянын абалын көрүп атабыз го. Анткени "демократия" деген дарагы башка кыртышта өнүп чыккан Батыштын, Американын, ал тургай Россиянын демократиясы биздин кыртышка жакшы өнбөй, демократия "гүлдөп" баратканы менен, мөмө бербей эле кысыр калып, кыргызды өргө эмес, көргө сүйрөп баратпайбы. Ошондуктан бийликке үч партиянын гана аралашуусун мыйзамдаштыруу жөн. Ошол партиялардын бийликке отуруу мөөнөтүн да Конституцияга киргизип коюу зарыл. Мисалы, президенттик шайлоодо "А" партиясынын өкүлү жеңсе, 2-орунда калган "Б" партиясы парламентти көзөмөлдөп, 3-орунда калган "В" партиясы сот системасынын башына келүү укугуна ээ болушу керек. Кийинки шайлоолордо партиялар улам бир бийликтин башына келүү жолдору киргизилсе, Кыргызстанда трайбализм да, эл байлыгына кол салуу да токтоп, бийликтин үч бутагы бири-бирин көзөмөлдөгөн болоор эле. Мамлекеттик структуралар бир бекиген бойдон калып, иш ыргактуу жүрүп, кадрлар тааныш-билишке карап эмес, иш билгилигине жараша тандалмак. Бийликти тең салмакта кармоонун ушул сыяктуу принциптерин БЭК жаңы система түзүүнүн концепциясында, экс-мамкатчы Д.Сарыгуловдун тегерегине баш кошкон демилгелүү топ иштеп чыккан "Улуу кыргыз элине Кайрылууда" ("Асман press", 26.12.2008-ж., №39) да айтылат. Ушул ишти оппозиция менен Д.Сарыгуловдун тобу биригип толуктап иштеп чыгып, эмки президенттик шайлоого чейин элдин аң-сезимин кандыра сугарып чыгышса, балким, эскиче башкарууга баш ийбеген эл эртең-бүрсүгүнү эле жаңыча башкара албай калган бийлигиңдин быт-чытын чыгарып жибериши мүмкүн да.
Мына, урматтуу Адыл Мамытов агай! Конституцияны да, Кодексти да болжол менен ушундай кылып өзгөртүп, Кыргызстанды өнүгүүнүн элге көбүрөөк пайдасы тие турган нукка бурса болот" деп айткыча, телефонду тарс эткизе коюп таштабадыңызбы.

Машакбай Рахманкулов
P.S. 2007-жылдагы парламенттик, 2009-жылдагы президенттик шайлоолордун кандайча бурмаланып "өттү" болгонуна өзүңөр күбөсүңөр. Бийликти 5 жыл мурдагыга окшоп "көчө демократиясы" менен тартып алабыз деп опурулган оппозиция - элита эмес, эл ойгонушу керектигине анча маани бербей жаткан өңдүү. Эки жолу жетишкен ийгилигин эки жолу колунан жулдуруп жиберсе, анда азыркы оппозициянын "жаш курагы" өтүп калдыбы? Жаңы көз караштагы оппозициялык лидерлерди, идеяларды балким бийликтин ичинен, эл арасынан, чет өлкөдө окуп жүргөн жаштардан издеп көрбөйлүбү. Бул боюнча ой-пикир, сунуш айткыла.