Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тарыхтын темгил барактары

Коконду башкарган төбөлдөр
(Башталышы өткөн
сандарда)
14. КУДАЯР ХАН
(1845-1858), (1862-1863), (1865-1875)
1832-жылы Таласта туулган. 1876-жылы Кокон хандыгы Россияга жеңилгенде орустарга өтүп кеткен.
Бийликке Кудаяр хандын келиши менен ордодогу ич ара таймаштар күчөйт. Мында негизги ролду эми Мусулманкул кайнатасы ойногон. Ал өз каршылаштарын өлүм жазасына тарттыра берет. Ал турмак Кудаяр хандын бир тууган агасы Сарымсак бекти да өлүмгө буйруду. Бирок кыпчактардын эле көрүнүктүү өкүлдөрү уюшуп алып, 1846-жылы Мусулманкулду кызматтан түшүрүшөт. Көп узабай эле 1847-жылы ал ич ара чатактардан кийин кайра миң башылыкка келет. 1848-жылы Мусулманкул экинчи жолу кызматынан алынып, Чустка аким болот. Ал жерде да тынч жатпай, өзүнүн ордуна келген Мухаммадярга каршы аттанып жеңишке жетишпейт. Кудаяр хан эми аны Анжиянга жиберет. 1849-жылы Анжиян аскерлерин баштап келип Коконду үчүнчү жолу басып алат. Демек, бийликтен 2 жолу кетип, 3 жолу кайра келет. Ташкен эмирлери кыпчак Нармамбетти иштен алып, Коконду басып кирип, кыпчактарды массалык кыруу башталат. 1852-жылы Мусулманкул кайнатасын дарга асып, денеси 3 күн базарда илинип турду.
Кудаяр хан өзү да кыргыз, кыпчак, өзбек төбөлдөрүнүн ич ара чыр-чатактарынан улам бир нече жолу тактыдан түшүрүлүп, 3 жолу кайра хандык тактыга отурган. Кудаяр хан башкарган мезгилде Кокон хандыгында элди эзүү күчөп, ич ара чабыштар, ошондой эле Бухара эмирлиги, Россия падышачылыгы менен уруш-талаштар тез-тез болуп турган.
Кудаяр хан энелеш агасы Маллабек менен мамилесин оңой албай, оорлой берди. 1858-жылы хандыктын түндүк бөлүгүндөгүлөр орус-тарга жакындап, ээнбаштанган көтөрүлүшчүлөр көбөйдү. Кудаяр хан Мырза Ахмат деген теңтушун кол башчы кылып дайындап, түндүктөгү көтөрүлүштөрдү басууну тапшырат. Ал Ташкенден Алматыга чейинки көтөрүлүшчүлөрдү басууга аттанат. Буга жардам болсун деп хан бир тууганы Маллабекти Шадман кожо миңбашы менен Кокон аскерлерине жетекчи кылып жөнөтөт. Алар Олуя-Ата чебинде казактардын курчоосунда калган Мырза Ахматты бошотуп алышат.
Кудаяр хан Маллабекти жактагандарды өлтүрө берет. Ал эми эл ичинде, эл башчылар арасында, кыпчактарда Маллабекти жактагандар көбөйө берет. Ошентип Риштан кыштагынын жанындагы эки бир туугандын ортосундагы кармашта хан жеңилип, Коконго келет. Маллабек Коконду 28 күн камап, Кудаяр хан Бухарага качат.

15. МАЛЛА ХАН
(1858-1862)
Малла хан багыш уруусуна жээн. Анын апасы Соно - Бекботонун кызы. Шералы Таласта жүргөндө тайкелери аны таежеси Жаркынайымга үйлөнткөнгө чейин эле Соного үйлөнгөн, ал 5-6 жыл төрөбөй, Шералы Жаркынайымга үйлөнгөндөн 5-6 айдан кийин эркек төрөп, Шералы аны кайра алган деген да вариант бар.
Маллабек (Малла хан) 1832-жылы Таласта туулган. 1858-жылы, жылкы жылында кыргыз-кыпчак билермандары, аскер башчылары такка отургузушкан. Малла хан аскер жетекчилерин жана жоокерлерди катуу тартипте кармап, карапайым букаралар, соодагерлер, дин өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр бейпилдикте жашашкан.
1862-жылы февралда эмирлер уюштурган козголоңдо өлтүрүлгөн да, анын ордуна Шералынын небереси Шахмурат отурган. Ал Кудаяр хандын агасы Сарымсак бектин баласы эле. Бирок ал хан тактысында жай ортосуна чейин гана отурду. Себеби Бухарага качып ал жактан колдоо алган Кудаяр хан алгач Ташкенди, андан кийин Кожентти согушсуз эле ээлейт. Бир аз тыныгуудан кийин Коконду кайра ээлешет.

16. КУДАЯР ХАН (1862-1863)
Кудаяр хан такка кайра келгенден кийин ага каршы чыгышкан кыргыз, кыпчак төбөлдөрү өлтүрүлгөнү өлтүрүлүп, качканы качат. Мисалы, Малла хандын тайкеси Сарымсак датка Таласка, андан ары Чүйгө качат. Мурдагы лашкер башы Алымкул, миң башы Шадман кожо күрөштү уланта беришет. Кыпчактар Мадали хандын тукуму деп, дубал согуучу уста Хайит Мухаммаддын Шахрук деген баласын хан көтөрүп алышат. Ал эми Мадали хандын чыныгы уулу Календер бекти Кудаяр хандын жактоочулары ал Хорезмге баратканда жолдон кармап алып мууздап салышат. Эми козголоңчулар Малла хандын 9 жаштагы баласы Султан Саид бекти хан көтөрүшөт.Кудаяр ханга каршы казактар көтөрүлүп, алар хандын Таластагы үч жүздөй түтүн тага журтуна да кол салышат.
Кудаяр хан Бухар эмиринен аскер сурайт. Эмир Музаффар 20 миң аскер менен Кожент, андан кийин Коконго келет. Алайга келип Курманжан даткага жолугат. Жаркынайымдын өтүнүчү менен ага "датка" даражасын берет.
1863-жылы козголоңдор кайра күчөп, көтөрүлүшчүлөрдүн өтүнүчүнө аргасыз болгон эмир, Кудаяр хан он үч жашар Шахмуратты хан көтөрүшүп, экөө Бухарага кайтып кетишет. Бирок Шахмурат тез эле жазага тартылып кетет да, 1863-жылы июлда Малла хандын 9 жашар уулу Султан Саид хан болот. Бийлик иш жүзүндө Алымкулга өтөт.

17. СУЛТАН САИД (1863-1865)
Бийликти Султандын атынан жүргүзгөн Алымкул аталык алгач Ташкен беги Шадман кожону өлтүрүп, анын ордуна Нармамбет кыпчакты отургузат. Шадман кыргыз эле. Ошол учурда орус аскерлеринин чабуулу ийгиликтүү болуп, алар 1864-жылы Меркени, андан кийин Олуя-Атаны ээлешет. Олуя-Атаны ээлөөдө Шабдан баатыр 4 миң, Байтик баатыр 2 миң, Сарымсак датка 1 миң жигит менен орус аскерлерине жардам берген. Ал эми Талас-та Шапак баатыр Кокон хандыгынан жардам болоор деген үмүттө таластык кыргыздардын колун баштап орустарга каршы күрөшкөн. Демек, Кокон хандыгынын ал-күчү кете баштаган.

18. КУДАЯР ХАН (1865-1875)
Кокон хандыгы менен Россия падышачылыгынын ортосундагы тирешүүлөрдөн улам хандыктагы абал оорлой түштү. Кудаяр хан абалдан пайдаланып Бухара эмиринен жардам сурап, бийликти кайра колго алгысы келет. Музаффар колдогон Кудаяр хан Коконду согушсуз эле ээлеп, үчүнчү ирет такка кайра келет. Бир топ кыргыз, кыпчак Кашкарга качышат. Качалбагандары Кудаяр ханга баш ийишет.
1866-жылы жазында орус аскерлери бухаралыктарды, күздө Кожент менен Оротөбө шаарларын каратып алышат.
1868-жылы Кудаяр хандын апасы Жаркынайым каза болот. Сөөк узатуу каадасы кыргызча болот. Эл көп болуп, табытты кабырга чейин колмо-кол узатышат. Бир жылдан кийин аш-суусу да кыргыз салты менен өтөт. Ордо сарайдын жанына кооз медресе салынып, ал "Хаким айым медресеси" деп аталат.
Кудаяр хандын бийлигине нааразы болуп жүргөндөр хандыкты Бухарада жашап жүргөн Мурат хандын баласы Болотко, Хорезмде жашап жүргөн Мадали хандын уулу Музаффарга сунуш кылышат, бирок алар макул болушпайт. Акырында Ташкенде насыбай сатып отурган Молдо Исхакты Чустка алып келип, Болот хан деп жарыя кылышат. (Тарыхта Полот хан жөнүндө да бир топ маалыматтар бар, бирок аларды кеңири баяндоонун зарылчылыгы азыраак деп эсептедик).
Кудаяр хан кайын агасы Абдурахман абтобачыны өзүнө жакын алып жүрүүнү көздөйт. Анын бир кызын уулу Насирдин бекке алып берген. Бирок атасы Мусулманкулду асып өлтүргөнүн, кыпчактарды кыргын кылганын Абдурахман кантип унутсун? Кудаяр ханды бийликтен шыпырып түшүүнү тымызын уюштура берет. Насирдиндин таасири күчтүү Анжиян тараптагы Сарытал деген айылда аны атасынын ордуна хан деп жарыялашат. 1875-жылы 22-июлда Кудаяр хан Ташкенге качат, 1876-жылы Кокон хандыгы Россия падышачылыгынын карамагына өтөт. Кудаяр хан үйбүлөсү, туугандары менен Оренбург губерниясына чогуу сүргүнгө айдалган. 1881-жылы ажылыкка барып келатып, жолдо, Ооганстанда каза болот. Үч жолу хан тактысына отуруп, Усубалиев Кыргызстанды 24 жыл башкаргандай, ал да Кокон хандыгын 24 жыл башкарат. Таластын жээни Кудаяр хан ошондо 50 гана жашта болучу. Талас эли хан көрбөгөн эл дешет. Хан көрүптүрбү же хан тарбиялаптырбы, өзүңөр талдап алгыла.
Ошентип Кыргызстан Кокон хандыгынын башкаруусунан Россиянын букаралыгына өттү. Тарыхый маалыматтарга таянсак, Батыш Түркстан аймагында 1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлүп, анын биринчи губернатору болуп генерал-адъютант К.П. Фон-Кауфман дайындалган. Ал 1882-жылга чейин иштейт. Кийинки губернаторлор болуп Г.А.Колпаковский, М.Г.Черняев, С.М.Духовский, Н.А.Иванов, А.Н.Куропаткин дайындалышып, губернаторлук 1917-жылга чейин жашады.
Даярдаган
Машакбай РАХМАНКУЛОВ


ПАЙДАЛАНылГАН
АДАБИЯТТАР:
1. Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 1-6-томдор, Фрунзе, 1976-1980.
2. Б.У.Урстанбеков, Т.К.Чороев. Кыргыз тарыхы. Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Мектеп окуучулары үчүн. Фрунзе, 1990.
3. В.М.Плоских. Кыргыздар жана Кокон хандыгы. Бишкек, 1997.
4. К.Жусупов. Кыргыздар. Бишкек, 1991.
5. В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Бишкек, 1996.
6. С.М.Абрамзон. Этнический состав киргизского населения Северной Киргизии. (В книге: Труды киргизской археолого-этнографической экспедиции, т.4, Изд. АН СССР, Москва, 1960).
7. А.Бернштам. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. 1-2-том. Бишкек, 1998.
8. В.П.Наливкин. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886.
9. Лев Гумилев. Открытие Хазарии. Москва, 2002.
10. Равиль Фахрутдинов. Золотая Орда и татары. Набережные Челны, 1993.
11. Рустан Рахманалиев. Амир Темир Великий. Москва, 1999. (Серия "Тюркские народы в мировой истории").
12. Шабдан баатыр.("Ала Тоо" журналынын тиркемеси) Түзгөн Нуралы Капаров. Бишкек, 1992.
13. К.Ачикеев. Тилекмат. Тарыхый очерк. Бишкек, 1998.
14. Жапар Кенчиев. Бабалар баяны. Бишкек, 2002.
15. К.Жетмишбаев, Р.Масыракунов. Санжыра санаты. Бишкек, 1994.
16. Ө.Осмонов. Тагай бий. Бишкек, 2004.
17. С. Аттокуров. Кыргыз санжырасы. Бишкек, 1995.
18. Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы.1-2-том. Бишкек, 1995.
19. Т.Касымбеков. Эки томдук тандалган чыгармалар, 1-том, Бишкек, 1990.
20. И.Есенберлин. Кочевники. Алма-Ата, 1986.
21. Пиримкул Кадыров.Жылдыздуу түндөр. Фрунзе, 1985.
22. Осмонаалы Сыдыков. Тарих кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы. Фрунзе, 1990.
23. А.Көчөрбаев. Бердике баатыр жана анын урпактары. Бишкек, 2006.
24. К.Качибеков. Бүргө баатыр. Бишкек, 2007.
25. К.Жаманкулов. Баркы атанын балдары. Бишкек, 2006.
26. З.Шадыбеков. Кара-Буура баяндары. Бишкек, 2007.
27. Талас областтык жана райондук газеталардын бир нече жылдык тиркемелери.

(Жеке архивде республикалык жана жергиликтүү газета-журналдардан көп жылдар бою топтолгон кыркындылар колдонулду).






кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
Жарыя
2-бет
ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВ - КАЙРАДАН ТҮРМӨДӨ
3-бет
Элин коргобой, кордоп...
4-бет
Бышыксынган БШК
5-бет
Офицердик көз караш
6-бет
"Уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт"
7-бет
Петровка башаламандыгынын сыры качан чечилет?"
8-бет
Исмаил ИСАКОВ, экс-коргоо министри:
"23-июлдан бери бизде президент жок"

9-бет
Арыктагы сууга зар болгон кеминдиктер
10-бет
МУТАЦИЯ
11-бет
"Кыргызстанга 450 млрд. доллар
келсе да эч нерсе өзгөрүлбөйт"

12-бет
Кыргыз
Республикасынын
Президенти К.С.Бакиевге
Урматтуу
Курманбек
Салиевич!

13-бет
Детектив
14-бет
Коконду башкарган төбөлдөр
15-бет
Ак чыны
16-бет
"Таланттуунун баары жылдыз эмес"










??.??