Жайлоого айланган шайлоо

Исмаил ИСАКОВ, экс-коргоо министри:
"23-июлдан бери бизде президент жок"
- Исмаил мырза, шайлоо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу өзүңүздүн жеке пикириңиз бардыр?
- Албетте, жеке пикирим бар. Менин пикирим менен карапайым элдин пикири төп келээрине ишенем. Шайлоо эң ыплас, мыйзам бузуу жолу менен өткөрүлдү. Бийлик шайлоонун жыйынтыгы ушундай чыгышына колдо болгон бүт күч-аракетин жумшады. Мыйзам бузуулар шайлоо күнүнө чейин эле башталган. Президент Баш мыйзамдын кепили болуп туруп, шайлоону 23-июлга белгилегени мыйзамды сыйлабагандыкка жатат. Шайлоого чейинки үгүт иштеринде Бакиевдин бийлигин сынга алган талапкерлер тең укуктуулуктан ажырады. Алардын баскан-турганын бийлик колго алып, эл менен жолугушууларына бөгөт коюп жатты. 23-июлда өлкөдө шайлоо эмес, "жайлоо" болду. Бир адам үч-төрт жолу добуш берип жатса, айрым добуш берүү участокторунда элдер 20-30дай даяр бюллетендерди койнуна ката келип, урнага салып жатышты. Ал эми Балыкчыда мындай одоно мыйзам бузууларга жол бербейбиз деген адамдардын тобун укук коргоо кызматкерлери камакка алып, "мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылышкан, башаламандыкка катышкан жана шайлоонун өтүшүнө тоскоолдук кылган" деген айыптарды моюндарына илип жатышат. Анан кандай ачык-айкын шайлоо тууралуу кеп болсун? Биздегидей ыплас шайлоолор Африка өлкөлөрүндө, мына жакынкы Афганистанда да өтпөсө керек. Мына ушундай жагдайларды көрүп- билип туруп, 23-июлдан кийин бизде конституциялык жол менен шайланган президент жок деп эсептейм.
- Өткөн шайлоонун жыйынтыгына дүйнөнүн бирден-бир салмактуу уюму ОБСЕ терс баасын берди. Шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо күнөөнү моюнга алган жок.
- Ооба, чындыгында Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) салмактуу, кадыр-барктуу уюм. Булар бизде өткөн шайлоонун жүрүшүнө күбө болушуп, чачтары тик турушту. Акырында, байкоочулары Кыргызстандагы президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деген жыйынтыктарын чыгарышты. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы алардын пикирин көзгө да илген жок. Уялып койгондун ордуна "кийинки шайлоолордо бул уюмдан компетенттүү байкоочуларды жибергилечи" деген катын Тышкы иштер министрлиги аркылуу ЕККУга жөнөтүү чечимин кабыл алышты. Эгерде биз уюмдун мүчөсү катары алардын сунуштарын эске албасак, алар койгон милдеттемелерди аткарбасак, өлкөбүздүн аброюна чоң шек келтирилүүчү жагдай туулат. Азыр бардыгы ошол жол менен баратат. Бийликтин айткан сөзү менен кылган иши төп келишпей жатат. ЕККУ биринчи орунга өлкөдөгү демократиялык принциптердин иштешине көңүл бурат. Бизде болсо, демократия деген гана сөз бар, иш жүзүндө президент өлкөдөгү бардык бийлик бутактарын узурпациялап, криминалдык, баскынчылык бийликтин механизмин жайгаштырып алган. Алардын ишенгени криминалдаштырылган чөйрө, күч структуралары болуп калды. Мына бүгүн элдин нааразычылыгын басуу үчүн аскерлердин колдоруна автомат карматышып, өйдөңкү зонага жиберип жатышат. Мындай бийлик жакшылыкка алып барбайт.
-Сиз убагында Коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин катчысы болдуңуз. Бийлик өз жарандарына каршы армияны көтөргөнгө акысы барбы?
-Жок, эч кандай акысы жок. Армия деген эгемендүү мамлекеттин элин, жерин тышкы душмандарынан коргоо куралы болушу керек. Аскер эч качан кимдир бирөөнүн мүдөөсүн орундатуу үчүн өз жаранына кол көтөрүп, тынч митинг-пикеттерге чыккандарды көздөй ок чыгарбашы керек. Мен министр болуп турганда "куралдуу күчтөрдү кандай жагдайда пайдалануу керек" деген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөткөм. Кийин ал президенттин алдына барган. Ал мыйзамда армияны ички иштерге, митинг-демонстрацияларга кийлигиштирбөө маселеси көтөрүлгөн. Тилекке каршы, азыркы күндө бийлик армияны өз кызыкчылыгы үчүн элге каршы тургузуп атат. Бул болсо, өлкөнүн полицейлик, тоталитардык режимге айланып бараткандыгынын бирден бир далили. Анысы аз келгенсип, эми армия толугу менен коммерцияланып кетти. Азыр мыйзамдуу түрдө бир жылдык аскер кызматын өтөөнүн ордуна 12 000 сом төлөп, бир айлык машыгууга барып коюп, лейтенант деген наамды алып баса бересиң! Эгерде, кокус эртең күтүлбөс жагдайлар болуп кетсе, катарга ким чакырылат?! Баягы 12 000 сом төлөгөн неме "мен мыйзам түрүндө аскердик билетти сатып алгам, мен эмнеге бармак элем?" дебейби. Мындай куралдуу күчтөргө болгон жоопкерчиликсиз мамиледен улам армиянын мобилдүүлүгү, профессионалдык сапаты начарлайт. Ошентип бийлик башкасы аз келгенсип, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизги атрибуту болгон Куралдуу күчтөрдү өз кызыкчылыктарына пайдаланып жаткандыгы акылга сыйбас иш. Ошондуктан азыркы бийликтин коммерциялык структурага айланышына бөгөт коюшубуз зарыл.
- Азыркы оппозициянын ресурсу сарпталып бүткөн жокпу, мүмкүн сиздер жаш, жаңы кадрларга муктаж болуп жүрбөгүлө?
- Албетте, табиятта деле жазды жай, күздү кыш мезгили алмаштырган кубулуштар болот эмеспи. Саясатта, анын ичинде бийлик менен оппозициянын ичинде да ошондой кубулуштар болуп туруусу зарыл. Бирок, азыркы оппозиция азырынча өз ресурсун толугу менен сарптап бүтө элек. Биздин арабызда өлкөнүн келечеги үчүн күйүп-бышкан жаш муундар жок эмес. Тескерисинче, бийлик, аны менен бирге легитимсиз шайланган президент Курманбек Бакиев өз ресурстарын толугу менен сарпташты. Бул шайлоого чейин эле көрүнүп турган. Эгерде Бакиев өз күчүнө ишенип, эл арасында кадыр-баркы ташкындап турса, эмнеге административдик ресурсту пайдаланат? Буга бир гана жооп бар. Бакиев бул шайлоодон өтпөй, оппозициялык маанайдагы талапкерлердин бирине уттуруп жиберерин сезип чочуркады.
- Исмаил мырза, эгерде өлкөдө жагдай өзгөрбөй, Бакиев дагы бир беш жылдыкка президент боло турган болсо, өлкөбүздүн саясий картасына беш жыл илгери саякатка чыгып көрө аласызбы?
- Жок, анткени Бакиев дагы беш жыл бийликте кармалбайт. Анткени, эртели-кеч, убагында бийликке кандай жол менен келсе, ошол жол менен кайра кетет. Эл деген бардыгына чыдай берчүдөй мал эмес. Өлкөнүн төрт бурчунда мыйзамсыздык, кылмыштуулук өкүм сүрүп жатса, ар тараптан ата-бабаларыбыздан калган жерлерибизди рынок экономикасына салып сатып жатышса, буга ким чыдайт? Ошол себептерден улам Бакиев эртең болбосо, бүрсүгүнү бийликтен шыпырылат.
- Эми, маегибиздин соңунда элге кайрыла кетчү сөзүңүз бардыр?
- Албетте, Кыргыз эли байыртадан чындыкты, акыйкаттыкты туу тутуп келген эл. Андыктан, мындан ары да бул сапаттарыбыздан арыбай, кошомат, саткынчылык деген нерседен алыс бололу.

Маектешкен
Данияр ӨСӨРОВ