Бийлик элин "курбака" кылабы?

Арыктагы сууга зар болгон кеминдиктер
Шайлоодон кийинки жагдайга байкоо салып, кулак түрүп, "тынч эле болсо экен" деп эле өткөрүп жаткан жуманын жыйырма жетисинде, кечке маал Кемин шаарчасынын тургундары, "шайлоо менен күнүбүз да бүттү" деп коңгуроо кагып калышты. Кудай сакта, "кайра шайланган" бийлик кимисин камап, кимисин сабап жиберди экен десек, "ой, суу, сууну өчүрүштү, бүт тургундар бир кудукту тиктеп отуруп калдык. Акүйгө добушубузду угузуп койгулачы" деген өтүнүч болгонунан аталган тарапка жөнөп калдык. Бардык, бирок, суу жүрөктүгүбүз ай деп өкүнүп калдык. Себеби, чакырган кыргыздар саламдан башка кепке келбей, бетин жаап, боюн ала качып, сүйлөп бергендер орус улутундагы адамдар болду. Алардын айтымында, канча жылдан бери таза суу маселеси чечилбей, аларды тигил чоңдон бул чоңго жүгүрткөн жашоо жүдөтүп жиберген. Суу башында турган элдин суусаганын көрүп ал дешти - таза сууну сатып ичип, арыктагы сууну тундуруп калган тиричилигине жаратып жатышыптыр...

Шайлоо да бүттү, суу да өчтү...

Галина Михайловна,
Пролетарская көчөсүнүн
тургуну:
- Дүйшөмбү күнү Курманбек Бакиевди президент деп БШК кандай жарыялады, ошол замат суу да өчүрүлдү. Сууга, жарыкка өз убагында акча төлөп турабыз, бирок суу түйшүгүнөн арылбай койдук. Жайдын аптабы бул болсо, ишенсеңер, бир стакан суу жок. Суу күндүз такыр чыкпайт да, түнкүсүн тамчылап-тамчылап келет. Үйдө болгон чакага, бир саатта бирөөсү толот, толтуруп уктабай чыгам. Мындай көрүнүш кечээ же бүгүн эле чыга калган жок. Эки жылдан бери бир күн берип, бир күн өчүрүп келатышат. Акырында минтип таптакыр өчүрүп салышты. Быстровка боюнча суу жок. Бул маселе боюнча эртең менен эле эки жолу акимге телефон чалдым, укту да, бирок жооп айтпай трубканы коюп салды...

Ольга БОРИСОВА,
пенсионер:
- Советтик мезгилде үйүмө суу түтүгүн койдурган эмесмин. Үйдүн жанында кудук бар болчу, ошондон эле алып турчумун. Азыр ал орду-түбү менен жок. Сынып калды, оңдойбуз деп суу каналынын кызматкерлери алып кеткен, дайыны жок. Аргасыз коңшу-колондордон суу алып, күн көрүп жатсам, эми Быстровка боюнча суу издеп, көчөлөп калдык. Кудук сынып калса да, анын акысын өз убагында төлөп жатам. Жылына 84 сом төлөсөм, келаткан жылы 240 сомдон төлөйсүң деп жатышат. Бул маселе боюнча айыл өкмөтүнө толтура арыз жазылды, аларды чаң басып калса деле керек.

Ирина Евгеньевна,
Ленин көчөсүнүн тургуну:
- Жок дегенде сууну өчүрөбүз деп эскертип коюшпайбы. Колдо болгон идиш-аякка, чакаларга, флягага толтуруп алмакпыз. Апрелдин аягынан бери суу жок болуп атты эле, шайлоого чейинки эки жумада тыңыраак беримиш болушту. Анан эле, шайлоо кандай бүттү, ошондой тып токтотушту. Бул көйгөйлүү маселе боюнча Айыл өкмөтүнө арыз таштаганбыз, Суу каналына болсо, күндө чалам. Алардан "Эртен, бүрсүгүнү" деген эле убада... Ичкенге, тамак-аш жасаганга сууну бирөөсү кол араба, бирөөсү велосипед менен, биз чакалап ташып жатабыз. Анда да узун кезекке туруп алабыз. Арыктагы сууга жуунуп жатабыз, эми аз күндө ушул сууга тамак-аш жасап, идиш жууп калат окшойбуз...

Раиса Михайловна,
Совет көчөсүнүн тургуну:
- Биздин эшиктин алдында элдикиндей кудугубуз жок, көчөдөн алчубуз. Сырттагысы да бузулуп калгандан бери кошуна-колондон алып жатам. Менин 75 жаштагы эмгек ардагери апам бар. Кары адам жаш баладай да, убагында тамак жасап берип, жуундуруп дегендей. Кошунага суу бер деп кайра-кайра чуркай бербейм да анан. Алар ачык айтышпаса деле жактырышпагандай сезилет. Суусуз жашоо болбойт да. Ушул маселени чечип бергенге эч бир чоңдон жыйынтык жок. Мурунку аким деле чечкен эмес, азыркы аким деле ошондой, андан кийинкиси деле чечип берээрине көзүм жетпейт.
Айгүл,
почта кызматкери:
- 2007-жылдан декабрь айынан бери суу жок. Суу каналынын жетекчисине арыз жазсак, "өзүңөрдүн эсебиңерден акча которгула" деди. Акча чогултуп берсек, жерди казып тим болушту, анысы чаңы бырыксып эки ай жатты. Акимге арыз менен эки жолу кирдик. Экинчисинде Урдөөлөтова деген аялга жөнөткөн. Ал болсо, кайдагы калпты айтып, акимиатка "биз бүтүрдүк, баары жакшы" деп отчет бериптир. Суу түтүктөрүнө акчаны өзүбүз чыгарганыбыз аз келгенсип, казып, эки ай таштап койгон каналды өз чөнтөгүмдөн 700 сом чыгарып, трактор жалдап көмдүргөм. Суу каналынын жетекчиси Жаныбек Исаковго айтсам, "ал акчаңды төлөп берем" деген, алигүнчө берген жок. Өзүбүз бүтүргөн ишти Урдөөлөтова биз бүтүрдүк деп күйгүзүп жатпайбы...

Наталья,
телеком кызматкери:
- Ушундай заманда арык суусун андып калат деген эмне шумдук?! Биздин үйдөн алыс жайгашса да, өрт өчүргүчтөрдүн короосунан алып келип жатабыз. Ал үчүн машина жалдайбыз, ал 50 сомго барат, бир фляга сууну 5 сомдон сатып алып жатабыз. Мына, өз жериңде, өз элиңде суу сатылып жатат... Огородубуз жөнүндү соз козгобой эле коелу, жер да кургап, эмне отургузсак, куурап да баратат. Бир уюбуз бар, ал дагы бир фляга суу ичет. Жуунганга арыктагы суудан алып жатабыз. Ал дагы таза эмес, тундуруп, анан керектейбиз. Бир күн болуп, бир күн жок болуп турчу эле...
Элдин сөзүн уккандан кийин, өрт өчүргүчтөр жайгашкан жайга бардык. Буга чейин уккан кулакка ишенбесек, эми көргөн көзгө ишенбей турдук. Кудай бетин салбасын, ат араба, эшек араба, кол араба, велосипедди сыртка токтотуп, машиналуулар ичкери кирип, чуңкур деген идишти, кеседен тарта көтөрүп алып узун кезекте турган элди көрдүк. Ал жерден дагы нааразы кеп уктук, "шайлоо бүтөөр менен сууну өчүрүштү, аз күндө жарыкты өчүрүшөт..." деп уктук.
Элдин арызын угуп алып, анча-мынча маселени чечкенге ыйгарым укугу бардыр деп Айыл өкмөтүнө бардык. "Акимиатта жыйын болот. Бул суроого менин орун басарым жооп берет, күтүп турунуз" деп өтө шашылып чыгып кетти. Орун басары болсо, бир саат күттүрүп келди...

Кубанычбек
КУРМАНАЛИЕВ,
Айыл өкмөт башчысынын
орун басары:
- Сиздерде таза суу маселеси эчактан бери чечилбей келатыптыр. Эмне үчүн?
- Карызга батканбыз... Анан жетекчилер бат-бат алмашып жатат... Элде жарым млн сом карыз жатат. Бир эле насос күндүр-түндүр иштегенде 40 миң акча жейт экен...
- Эл өз убагында төлөп жатабыз деп чырылдап жатышпайбы?
- Өз убагында төлөп жаткандары да, төлөбөй жаткандары да бар. Азыр 8 миңге жакын адам жашайт. Көпчүлүгү - квартиранттар. Көчүп келгени, кеткендери бар. Карызга батып, үйүн сатып качып кеткендери бар. Ошолордун азабын өз убагында төлөп жаткандар тартып жатат.
- Шайлоого чейин берип, өткөндөн кийин өчүргөнүңөр кандай?
- Кеп шайлоодо эмес. Кептин баары капремонт жүрбөгөнүндө. 1961-64-жылдардан бери суу түтүкчөлөрү алмашкан эмес. Эскиргенден кийин тешилет, жешилет дегендей. Анын үстүнө мурдагы жылкы катуу суукта түтүкчөлөр тоңуп калган да жарылып кеткен. Ремонттон өткөзгөнгө жетишпей жатабыз. Отура бергенде пайда жок деп республикалык масштабда, гранттарга чуркап жатабыз. Жаныбек Исаковду суу системасын жакшы билет деп суу каналына жетекчи кылганбыз. Экөөбүз элдин учетун алып (шайлоого чейин тактап бүтүшкөндүр да - авт.), аны көзөмөлдөгөнгө бир жардамчы бала алганы жатабыз...
- Сиздин үйүнүздө суу барбы?
- Жок. Мен дагы эл көргөндү көрүп, машина менен суу ташып жатам.
- Эми канчага чейин суу ташыйсыңар?
- Эки-үч күндө чечилет.. Эки күн суу берип, бир күн өчүрүп, баягыдай тарифке өтөбүз го. Эл ошого деле көнүп калган.

Андан чыгып, катар турган акимиатка, аким Кубаныч Айтбаевге кирип, мындай жооп алдык: "Биз үч маселени карадык. Үчүнчүсү - ушул суу маселеси. "Бул маселени тезинен чеч, комиссия түз" деп биринчи орун басарыма айттым. Карызызыбыз өтө көп экен, ага карабай, ооруканаларга бүгүнтөн баштап суу берилсин дедим". Суу берилгенге чейинки оорукананын абалынан кабар алалы деп барып калдык. Оорукананын ичин аралап көрсөк, кирип баратканда эле көптөн бери ремонт болбогону билинди. Корридорунун линолеумдары жыртылган, суунун жоктугунан даараткана жайлары жыттанып кеткен. Бейтап адамдар сырттагы дааратканага барууга аргасыз болуп жатышыптыр. Ал эми операция болгондорго, төрөгөндөргө тууган-туушкандары жогоруда сөз кылган жактан флягалап суу ташып берип жатышкан кези экен.
Назира СААЛИЕВА,
Бишкек-Кемин-Бишкек