Кыргыз гезиттери


п»ї
  Так эмес, тарых талаш

Тилекмат чечендин теги же каяша да калыс айтылса
"Тилекматтын түпкү насили ким болгон?"-деген макала "Назар" гезитинин 11.08.09- жылдагы №13- санына чыккан. Ал макалага каяша жооп ушул эле гезиттин 01.09. 09-жылдагы № 19-санына Азис Мамбетмусаевдин макаласы жарык көрдү.
А.Мамбетмусаев минтип жазат:
"Макаланын автору 1854-жылы Ормон согуш баштаганда, Тилекматты таластык Ажибекке элчиликке бардыртып, аны кубандырыптыр. Ормон 1849- жылы өлгөнү жалпы кыргызга белгилүү эмеспи. Өлгөн киши согушмак беле, жазганыңды талдап, санжыра изилдесең болмок экен, Кайнарбек иним".
Азис мырза өзү жазгандай, тарыхка таянып санжыра жазгандарга кунт коюп, келтирилген цитаталарга маани берсе болмок.


Ормон хан 1849-жылы өлбөй эле, ал кезде чоң саясий, мамлекеттик иш менен алек болуп жүргөн. Эгерде Азис мырза Оболбек Албаковдун китебине ишенгиси келбесе, бөлөк тарыхый булактарга кайрылайын. Окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов "Далили бар даана эмгек" деген эмгегинде ("Кыргызстан тарыхынын масалелери" аттуу илимий журнал, №4, Бишкек, 2006-жыл, 91-бет) төмөндөгүдөй маалымат берет: "1852- жылдын январь айында:..." Ормон баатыр Челек, Жеңичке жана Сарыбулак өзөндөрүнүн боюна көчүп келди, Ормон менен биздин айыл аралаш отурат, ботбайлардын Дышканбай бийи өзүнүн М.Д.Перемышльскийге жазган катында, автор Ормондун Илеге көчүп барышын кокустук эмес, эки элдин тышкы душмандарга каршы туруу үчүн болгон жакындашуусу деп баалайт. "Андыктан 1853-жылы Илеге майор Перемышльский башында турган аскерлер Ормон ханды орус букаралыгьна өткөрүүгө ант алууга келгенде, окумал молдонун жоктугун шылтоолой, ант берүүнү кийинкиге калтырган дагы, 1853- жылы күзүндө ата конушу Байсооронго кайтып келген".
Экс-президент А.Акаев Ормон хандын эстелигин ачууда "Ормон хандын асыл ой-тилектери Ата Мекенди сүйүүнүн өрнөгү" деген сөзүндө: "1791-1854-жылдары жашаган Ормон Ниязбек уулу 19-кылымдагы алысты көрө билген, өз мамлекетине ээ болуу жөнүндөгү элдин мүдөө - тилегин терең түшүнгөн чыгаан жол башчы болгон" - дейт. ("Тайлак баатыр, Ормон хан", "Бишкек", 2003- жыл, 123-128- беттер).
Ушундай эле так маалыматтар А.Беделбаев, Ы.Абдырахманов, Э.Турсунов, С.М.Абрамзон, А.Акматалиев, Н.Жангазиев, К.Осмоналиев, Ж.Токтоналиевдин эмгектеринде Ормон хан 1791-1854 - 55 жылдары жашап өткөн деген маалыматтарды тактап жазышкан.
Автордун кийинки чаташтырган жери: "Силердин жазганыңар боюнча Жылкыайдар 1800-жылдары Алымбектен туулса, кайсыл мезгилде Тилекмат Кокон хандыгына, кытай губернаторуна барган болот? Тилекмат туула элегинде элчиликке барган болуп калбайбы? Кокон хандыгына, элчиликке Ормон өлө электе барганы жалпы кыргызга маалым эмеспи. Бейши болгон арбактарды козгобой, чериктин кулунун жөн-жайына эле койгулачы, бай болгурлар. Жылкыайдар черик Кожомкул деген бай, кары кишинин токолунан туулган бала экендиги 1990- жылга чейин бирдей айтылып келбедиби беле". "Инжилдеги Сара сыяктуу эле Кожомкулдун байбичеси Боорсок бийдин байбичесине чыгдан бересе болгонунан пайдаланып, баласы менен кошо токолдон да кутулганы ушуга чейин эл арасында бирдей айтылып келгендиги жалган эмес да. Санжыраны так маалыматтарга таянып жазбасак, кийинки муундардын алдында күнөөлүү болорубуз анык иш эмеспи," - дейт.
Адигине уруусунан эки башка Алымбек деген инсандар жашап өткөндүгүнөн Азис мырзанын кабары жок окшойт. Кампур уулу Алымбек менен Асан бий уулу Алымбек эки башка адамдар жана жашап өткөн мезгилдеринен жарым кылым айрымалары болгон.
1758- жылдары кытай императору Хунлинин мамлекеттик манифестинде, кыргыздардын Цинь империясына баш ийүүсүн талап кылып, басып кирет. Кыргыз баш болгон казак, өзбек ж.б. улуттар Коконго чейин келген генерал Чхао Хоянын колун талкалап, Кашкардан кууп чыгышкан. Ошондо беш бектин бири болуп Ажыке өрөөнүнөн барган Кампур уулу Алымбек дайындалып, кол башчылык кылган. Кытайлар менен болгон согушта Торугартта катуу жарадар болуп, 1800- жылы каза болгон. Бул боюнча Көккөзов Абубакирдин санжырасын окуп койсо, так маалымат алмак.
Ал эми Кампур уулу Алымбек, өткөндө мен жазгандай, эч убакта Жылкыайдардын атасы боло албайт, себеби Жылкыайдардын уулу Тилекматтын туулган жылы 1798- жыл, Алымбек баатырдын өлгөн жылы 1800-жыл болуп жатат.
Асан бий уулу Алымбек датка (парваначы) 1799-1862-жылдары Кокон хандыгынын саясий жана мамлекеттик ишмери катары тарыхта маалым. 1831- жылы, 31 жашында Анжиан валаетине бек болуп дайындалат, 1842- жылы Шералы хандын такка келүүсүнө чоң күч берген. 1858- 62- жылдары Малла хайдын бийликке келүүсүндө негизги уюштуруучулардын башында турган. 1860- жылы орус аскерлери Токмок, Пишпек чептерин басып алганда, Малла хан Алымбекти чептерди бошотууга жиберет. Ташкенден келген Канат шаа Алымбектен кол башчылыкты талашып калгандыктан, Алымбек колун Канат шаа менен бирдикте орустарга каршы согушка жибербей койгондон улам Канат шаа чегинип кетип, Коконго барганда Малла ханга даттанат. Малла хан Алымбекти өлүм жазасына буйруйт, аны уккан Алымбек Коконго барбай, Алайга колу менен кетип калып, андан ары Тогуз-Торо, Нарын, Жумгал, Кочкордогу Төрөгелди, Ажы, Үмөтаалыларга жолугуп, Кокон хандыгын кулатууга жана кыргыздардын көз каранды эмес мамлекет түзүүсүнө аракет кылат. Алымбек өзү бийликке алып келген Малла ханга кутум уюштуруп, 24- февраль 1862- жылы өлтүрүп, тактыга Сарымсактын уулу, 15 жаштагы жээни Шахмурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп, 1862-жылы хан сарайдан чыккан дагы бир кутумда Алымбек өзү өлтүрүлгөн. (Кыргыз Энциклопедиясы, 2001- ж., 1-2 томдор).
Тилекмат Кокон хандыгына Ормон өлө элегинде 1831- жылы, ал эми Кытай императоруна 1857-жылы барып, Кокон хандыгынан алган мөөрү менен күбөлүк, келишимди көрсөтүп, кыргыздарды кытайлыктардын коркутуу- үркүтүүлөрүнөн жана согуш абалынан куткарып кайткан. ("Аалам" гезити, 21.04.06-ж. Сарымсаков К., Урустенбеков Б.У., Чороев Т.К. "Кыргыз тарыхы", Фрунзе, 1990-ж. 170-171- беттер.)
Тарыхта тактык үчүн, мыкты адамдардын насили жөнүндө талаш-тартыштар жүрүп келген жана жүрө берет. Дүйнөнү дүңгүрөтүп өткөн 13-кылымдагы Чыңгызхандын теги жөнүндө ушу күнгө чейин талаштар бар эмеспи. Бирок эч убакта өз канынан жаралган баласын кыргыздар бирөөгө берип, же аялы, же токолун тарттырып, болбосо карыз үчүн берип жиберген эмес да. Айрыкча кыргыз эли салтты улуу тутуп, сөздү туу тутуп, намысты бийик кармаган. Бирок Азис мырза эмнегедир Кожомкулдун байбичесин Боорсок бийдин байбичесине чыгдан бересе болгонунан пайдаланып, токолдон баласы менен кутулганын жазат. Кожомкул нарктуу адам болсо кантип чыгдан үчүн өзүнүн канынан бүткөн баласын Боорсок бийге берет? Салтка зак кетсе көңүл кирдейт, эл салтка таянган эмеспи? Урууну да, журтту да сөз көтөргөн, сөз өлтүргөн, сөздүн күчү намыс алып берген. Кожомкулдун черик туугандарынын ичинде салтты, сөздү, намысты бийик туткан бир туугандары же уруулаш туугандары жок болгонбу? Салтсыз ишке тектүү жердин уулу Бирназар такыр бармак эмес да. Салт боюнча эгер аял киши жесир калса, намыс деп бир тууган агасы же иниси, болбосо жакын туугандарынан бирөө өзүнө нике кыйдырып, алып алышкан. Таластан келген Айжаркын (башка бир варианта Чачыгүл) ай- күнү жетип, Кожомкул чериктин үйүнө келип төрөп, көпкө жүрүп калгандыктан, шылтоо кылып байбичеси андан кутулуунун айласын таап, Боорсок бийге кармата бергени эч талашсыз нерсе. Ошол үчүн, башы бош жаш келинди бардык ишке жакшы түшүнгөн Бирназар өзүнө ак нике кыйдырып, той өткөрүп, баласына Жылкыайдар деп ат коюп асырап, эч нерседен кем кылбай тарбиялап-өстүрүп, өзүнүн уруусуна кошуп алганын бугу эли эч танбайт.
Бердике баатыр Көлдө хан болуп 1752-55 -жылдарга чейин туруп калат, ошол учурда Анжиандан козголоң чыгып, баатыр көтөрүлүшкө өзүнүн мыкты жигиттерин ала кеткенде, аталаш инилерин Шаабото менен Алчикенди кошо ала кеткен. Алчикен болсо жактырып калган бир кызды нике кыйдырып кошо ала кетишет. Кийин келин жерин, элин сагынып, баса берген жаш неме Кожомкулдун үйүнө келип төрөгөндөн улам ал жерге батпай, жанагинтип Алдаш уулу Бирназардын жубайы болуп калып жатпайбы. Жылкыайдар кийин Тилекмат, Байтайлак, Кыдырбай, Буржук деген беш балалуу болуп, бугу уруусуна, Бирназардын урпактарына таандык болуп калат.
Боронбай бий менен Жылкыайдардын айрымасы 26 жаш болгондуктан, Боромбай "сиз" деп агасына сый-урмат менен кайрылган. Боромбай 1783-1859-жылдары жашап өтөт. 1831- жылы Жылкыайдар 74 жаш курагында Боромбай, Сарт аке, Муратаалылар кеңешип бир пикирден: "Жоо колунан кимдир бирөөгө өлүм буйруса, ошо Тилекмат шейит кетсин",-деп Жылкыайдарга Боромбай: "Уулуңуз Тилекмат элчиликке барып келсин! Барып уулуңузду көндүрүп, даярдап тез алып келиңиз!"- деп кайрылат.
Боромбай менен Тилекматтын жаш жагынан айрымасы 15 жаш болот. Боромбайды бугу эли Сары-Жаздан 1828-жылы алдырышып, Жуукунун оозунда, Таш-Кыя деген жерде ак кийизге салып хан көтөрүшүп, Ормонго теңеп алышкандыктан, бийликтин ээси болгон. Тилекмат 1798- жылы төрөлгөндө Бирназар чоң атасы асан чакыртып той берип, небересинин атын Тилекмат деп ат кайгон. Кийин Тилекматтын уулу Чыныбай хан кимдер менен тектешип, насилдешип, ымалалашып кеткенин ошол макаламда толук жазган элем. Бала дайым ата тегин табат, кан, насили (ДНК) сарууга барып такалып жатпайбы. Бул жерде Жылкыайдар сары баргы да, черик да эмес болуп жатканын тарыхый окуялар өзү айтып турат. Тарыхты чаташтырбай, дайыма көбүрөөк тарыхый булактарга кайрылып жүрсөңүз жакшы болмок экен, Азис мырза.


Кайнарбек Бийлибаев,
санжыра иликтөөчү







кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
30-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Кайда азыр, кылым баскан кыргыздар?
2-бет
Оппозициянын короосунда
3-бет
Депутаттарга "Манастын" кереги жокпу?
4-бет
Тимошенко тим койбойм дейт
5-бет
Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын лидери:

6-бет
Семетейдин туусу көтөрүлбөй турат
7-бет
ОСМОНАКУН ИБРАИМОВ:
Башкасын коюп, "Манастан" баштоо керек эле

8-9-бет
Кыргызды коргогон Манасты кыргыз коргой алабы?
10-бет
"Манас" деп ураан чакырып...
11-бет
Маданият - ийгилигим, арманым…
12-бет
Так эмес, тарых талаш
13-бет
Сандан-санга
14-бет
Дөө - шааларчы?
16-бет
Роза Рымбаеванын
52-күзү











??.??