Колдогу алтын

Семетейдин туусу көтөрүлбөй турат
…Деги кыргыздар бүгүн эмне деген эл болуп баратабыз? Тиягында кытайлар "Манасыңды" "менчиктеп" алып жатса, ага да кайылбыз. Жериңди, кен-байлык, жаратылышыңды күрөөгө коебуз деп жатса мында да унчукпайбыз. "Инсанды инсан кылган маданият" деп айтканыбыз менен ошол маданиятыңды көтөрө турган министрлик кыскарылып, агенттикке айланып кетсе, ага да кайылбыз. Улуттун улуттугун даңазалап, ошол улуттук идеологияны өнүктүрөт деген мамлекеттик катчылыкты болсо жоюп тындык. Бул эми менин Рух деген түшүнүктүн айланасындагы түйшөлүүм. Айтайын дегеним башка.

Учурда Аргентинанын Мар-дель Плата шаарында 20 жашка чейинкилер арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты жүрүп жатат. 20-октябрда башталган бул мелдеш 6-ноябрга чейин улантылат. Аталган чемпионатка Эл аралык шахмат федерациясы тарабынан (ФИДЕ) кыргызстандык шахматист Семетей Төлөгөнтегинге да чакыруу келген. Тилекке каршы, финансылык маселенин айынан Семетей ал мелдешке катыша албай калды.
Бул боюнча Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Акылбек Жапаровго билдирилсе, маселени чечип берүүнү издебей (же издегиси келбей) спорт агенттигинин жетекчиси А.Воиновго жөнөтөт. Федерациянын президенти антип атса, агенттиктин башчысына не, ошентип Семетейдин көксөөсү бул ирет да кайт болот. Бул ирет дегеним, дүйнө чемпионатынын алдында Санкт-Петербург шаарында өткөрүлгөн Россия Кубогунун эл аралык мелдешине да кендирди кескен финансы маселесинин айынан катыша албай калды. Буга окшогон канчалаган эл аралык мелдештер Семетейсиз өттү.
Балким ошол эл аралык оюндарга катышууга федерация президенти Акылбек Жапаров кайдыгерлик кылбай, колдоо көрсөтсө, Кыргызстандын аты акыл-ойдун падышасы болгон дүйнөлүк шахмат доскасында жаңырып, желегибиз ошол бийиктикте желбирээр беле, аттиңдики! Муну айтканым Семетейге 2005-жылы Францияда өткөрүлгөн шахмат боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатына чакыруу келип, анда да ушул финансы маселеси чечилбей, атасы минип жүргөн машинесин сатып, ал мелдешке Семетей катышып, катышып эле тим болбостон 4 оюнда 3,5 упай алып, 200гө жакын өлкөнүн арасынан лидерлердин катарына кирип, дүйнөлүк шахмат элитасын таң калтырган. Ошондо француз гезиттери Кыргызстан деген өлкөдө революция болуп, оор абал жүрүп жатса да, акыл ойлоосу күчтүү ушундай таланттары бар экен дешип, тамшануу менен жазып чыгышкан. Ал эми жогоруда айтып өткөн мелдештерге жөн эле жерден чакыруу келе бербейт. ФИДЕнин талабы боюнча ал үчүн Дүйнө чемпионатында 1-3 орундарды алгандар, континенталдык чемпионаттын чемпиондору, эл аралык рейтинги боюнча алдыңкы тизмеге алынгандар гана чакырылат. Андай көрсөткүчтөрдү Семетей бир нече жолу багындырган. Шахматка 7 жашында келген. 10 жашынан тарта шахмат боюнча Кыргызстандын курама командасында ойнойт. Улуту кыргыз. 1990-жылы туулган. Борборубуздагы №70 гимназиясын аяктаган. Учурда КГУСТАнын студенти. Өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. 2005-2006-жылдары катары менен Азиянын чемпиону болгон. ФИДЕнин эл аралык класстагы мастери. 2001-жылы Азия чемпионатында, 2003-жылы Евразия олимпиадасында үчүнчү, 2004-жылы Испаниянын Майрок шаарында өткөн Олимпиадада экинчи орунду ээлеген. Өткөн жылкы Иранда өткөрүлгөн Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болгон. Өкүнүчтүүсү, эл аралык аренада, болгондо да шахмат деген татаал оюнда Кыргызстандын атын чыгарган Семетейдин мындай ийгиликтерине жетүү үчүн кеткен чыгымдардын дээрлик көбүн өлкөнүн спорт агенттиги же А.Жапаров жетектеген шахмат федерациясы эмес, анын ата-энеси өздөрү көтөрүп келет. Ал тургай Акылбек Жапаров федерациянын жетекчилигине келген 4 жылдын ичинде жардам көрсөтмөк турсун, бет маңдай жолугуп, колун кысып койгонго да убактысы жетпептир.
Шахматты мектеп жашынан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик Думасында атайы мыйзам чыгарылып, бүгүнкү күндө шахмат тармагы гүлдөп жаткан Россияны айтпай эле коелу, кошуна Өзбекстанда эле не деген камкордуктар көрүлүп жатат. Мисалы, Азия чемпионатынан алтынды кой, күмүш медаль алган шахматистке 300 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия каралган. Ал эми, убагында бизден кеткен "россиялык" Э.Инаркиев деген шахматчысын турнирлерге даярдоо үчүн эле жылына орустардын шахмат федерациясы 30 миң АКШ долларын жумшайт экен. Ал эми Монголияда эл аралык мелдештерде II орунду алган шахматистке 2000 АКШ долларындагы сыйлык тартууланат. А бизде антмек турсун, жолугуп жылуу сөзүн, бир букет гүлүн арнаганга жарабаган көрүнүш. Мисалы, спорт ачендиктери жыл сайын жыл этегинде "жылдын мыкты спортчусун" аныктайт. Кур дегенде ушундай даражага көрсөтүп көңүлүн көтөрүп койсо болот беле? Болмок, албетте.
Баса, айтмакчы элибиздин алп жазуучусу маркум Чыңгыз Айтматов Семетейдин талантын байкап, ага өлкөбүздөн эч кандай жардам көрсөтүлбөй жатканын туйган белем, убагында ФИДЕнин президенти Кирсан Илюмжановго кат аркылуу кайрылат. К.Илюмжанов жазуучунун өтүнүчүн кабыл алып, бирок, ал үчүн Семетейдин Россия жарандыгын алып, ошол мамлекеттин атынан чыгуусу керек экенин билдирет. Дегеле Семетейде шахматтык чоң талант бар экенин байкаган бир топ шахмат адистери, мисалы Польша, Словакия, Испания өлкөлөрүнөн чакыруу өтүнүчтөрү болгон. Неге баш тарттыңар? деген суроо салсам, Семетейдин атасы Төлөгөн Исаев минтип атпайбы: "Намыс деген бар да балам. Убагында биздин чоң аталар казактын мен-мен деген баатыры Кененсарыны колго түшүргөн кишилерден болгон. Анан биз кантип ошол адамдардын атын аттап, бөлөк улуттун туусун көтөрүп жүрөбүз" деп… Башка суроо бере да албадым.
А, чынында шахмат деген ушундай оюн, кыйын шахматист болуп миллион кишинин бири чыгат. Убагында Карповду СССР колдогон. Аны бийиктикке алып чыгыш үчүн мамлекет канчалаган жардамдарын көрсөткөн. Баскан турганы, жатканы, ичкен-жегенине чейин караган. Ал эми Каспаровду болсо Азербайжандын президенти Г.Алиев өзү колдогон. Ар убакта анын көзөмөлүндө болгон. А биздин Семетей эл аралык мелдештерге жалгыз барат. "Финансылык маселелердин айынан канча жолу турнирлерге капалуу кеткен күндөрү болду дейт, машыктыруучусу. Анын ошол абалын чагылдырган Кыргызстандын шахмат федерациясынын вице-президенти А.Ракишевге жазган катын мисал кылгым келет. Ал катта минтип жазылат: "Уважаемый Алик Кубанбекович!
Прошу Вас дать правовую оценку как юрист, действию М. Турпанова, Д. Токтогонова и А.Умарбекова сговорившись в корыстных целях занимались вымогательством. Отказавшись купить авиабилет вынудил меня занять деньги и отдать им 180 евро (10080 сомов). Еще 5000 сомов отдать в аэропорту "Манас" перед отлётом, но я не мог отдать, в поисках денег даже не мог проводить сына по человечески. А. Умарбеков мне звонил и CMC послал, что мужчины так не поступают. Семетей улетел в деморализованном состоянии, я сам был на грани нервного срыва.
В связи с чем, прошу Вас принять срочные меры позвонить или сообщить по факсу А. Умарбекову, чтобы он отдал 180 евро обратно, оплатил суточных как положено и не оказывал психического давления. Сколько можно терпеть выходки и самоуправство деятелей от шахмат. Как привилегированные, имеем право с нами считаться. А также предлагаю в конце августа созвать съезд, провести выборы, так как сроки все вышли, уже 4 года все идет самотеком, за все это время мы ни разу не встретились с А. Жапаровым, может он хороший человек, но бесхозность и анархия в федерации меня больше беспокоит, пора взяться за дело, ожидание подобно смерти, как сказал А. Карпов "успех победы в дисциплине".
С уважением,
Т. Исаев
Незаслуженный тренер Кыргызской Республики"
Ушундай, окурманым! Бизде Семетей сыяктуу канчалаган бааланбаган, бирок, дүйнө суктанган таланттар бар. Ошолорду баалап, барктай албаган көкүрөктүн сокурдугу ай… Аттиң, бири кем дүйнө!

Кенжебек Арыкбаев