Улуу жазуучунун туулган күнүнө карата

Кыргыз рухунун туу чокусу
Кымбаттуу "Назар" гезитинин окурмандары!

Бул маек мындан 25 жыл илгери, тактап айтканда, 1984-жылы Алма-Атадагы казак радиосунда уктурулган. Мен ошол эле бир күндүн ичинде казактын белгилүү жазуучулары Абиш Кекилбаев, Шерхан Муртазаев менен да маектешип, арадан бир- бир жарым жыл өтпөй ал маек кыргыз радиосунан уктурулган. Бул күндө бул үч маек тең Кыргызстан мамлекеттик архивинде сакталып турат. Мен бул маекте эмнелер жөнүндө сөз болгонун кайрадан эске түшүрүп отурбайын. Негизинен кыргыз адабияты, анын ичинен Чынгыз Төрөкулович Айтматов менен болгон байланышы, анын адамдыгы, жазуучулугу жана аны менен "Фудзиямадагы кадыр түн" драмасы кандай иштешкендер жөнүндө кеп болот. Мен жүздөгөн окуучу-журтка Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун адабиятын эскерүү үчүн сиздерге бул дилмаекти сунуштап жатам.
Тенти ОРОКЧИЕВ,
Журналист, Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер


(Уландысы. Башы гезиттин
өткөн сандарында)

Калтай Мухамеджанов: - Мен ошондой эле ал жерден өткөн жылы Кыргызстанда болгон Гавана университетинин профессору Браун менен жолуктум. Ал кишинин да көптөгөн жакшы пикирлери бар экен. Ушул сыяктуу мен болгон чет өлкөлөрдүн кай жеринде болбосун, Чынгыз жөнүндө суроолор берилбей калбайт. Алар:-Чынгыз эмне жазып жатат? Кандай чыгарманын үстүндө эмгектенүүдө?- деген суроолорду беришет. Мен Латын Америкасынын төрт мамлекетинде болдум. Панама, Венесуэла өлкөлөрүнүн кай жеринде болуп, кайсы жеринде адабият жөнүндө сөз кылсам да, Чынгыздын чыгармачылыгы жөнүндө суроо берилбей калган жок. Азыркы орус Совет адабиятында Бондарев, Распутин, Белов, Прокуриндер жөнүндө суроолор берилүү менен бирге улут адабиятына келгенде эл алгач кыргыз уулу Чынгыз жөнүндө сөз болот. Алар Чынгыз Айтматовду көбүрөөк жана тереңирээк билгилери келишет. Чынгыз Айтматовдун чыгармачылык бийиктиги өзүнө гана тиешелүү эмес. Бул күндөрдө Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кызыгуулар жер шарынын кайсы жеринде болбосун, арбын. Ал тек гана казак, кыргыз адабиятында эмес , бүткүл дүйнөлүк адабий процесстеги жаркын көрүнүш. Адабиятка кызыгуу бул күндөрдө эле болуп жаткан жери жок. Ал атам замандан бери келе жаткан нерсе. Бир кезекте француз романдарын орус адабиятчылары кызыгуу менен кабыл алышкан. Турмушта бул сыяктуу мисалдарды көп келтирүгө болот. Ошондуктан адабияттагы чоң аска, демек ал жөнүндө көп нерселерди айтууга болот. Мына ушундан улам казак менен кыргыз калкынан учуп чыгышкан мыкты таланттардын көбөйө беришине чын жүрөктөн тилектешмин. Бирок табигат ал сыяктуу адамдарды күн сайын жарата бербейт экен. Чындыгында табигаттын кереметтиги да ошондо. Ал табигат Чынгыз сыяктуу залкар адамды жаратуу үчүн эки, үч жыл эле толготуп бере бербей, ал узак даярданат көрүнөт. Кыргыз калкы "Манастан" кийин кылымдар бою боюна көтөрүп, узак толготуп жатып ааламга Чынгыз Айтматовду алып келди го? Мен Чынгыз Айтматовдун замандашы, калемдеши болуп жүргөн адамдардын биримин, аны көп жылдардан бери жакшы билем. Анын бир катар чыгармаларын казак тилине которгонмун. Ошондой эле бир катар чыгармаларынын сахналык варианттарын иштеп чыкканмын. Мисалы Чынгыздын "Саманчынын жолу", "Кызыл жоолук жалжалым" сыяктуу повесттерин сахналаштырып "Ак кемесин" казак тилине которгом. Биздин казак жазуучулары Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын которуу ишинде болсун, алардын сахнага алып чыгуу жаатында болсун, алар жөнүндө адабий изилдөөлөрдү жазуу жагдайында болсун, бир катар иштерди иштей алышты. Эң алды менен маркум Нурмуханов "Жамийланы" которду. Андан кийин Абай атындагы казак мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, ири прозачы Шерхан Муртазаев жазуучунун бир катар чыгармаларын казак тилинде сүйлөттү. Ал акыркы "Кылым карытар бир күн" романын которуп басмага тапшырды. Чынгызга деген махабатыбыз казак калкында, казак окуучуларында күн санап өсүүдө. Биз Чынгыз жөнүндө айтып да, жазып да келүүдөбүз. Бирок чегине жетип, айттык жана чегине жете жаздык деп айта да албайбыз. Ал келечекки муундардын келечек замандардын мойнуна коюла турган жүк. Анткени, Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөнүн, андан жаңы табылгаларды табуунун ага тереңдеп кирүүнүн чеги болбойт. Чынгыздын ойлорунун чегин андай-мындай болот деп эч ким айта да албайт. Ал мүмкүн эмес. Себеби Чынгыз Айтматов бир чыгармасынан экинчи чыгармасы, экинчи чыгармасынан үчүнчү чыгармасы бийиктеп бара жаткан жазуучу. Адатта жазуучулардын чыгармалары ар түрдүү болот эмеспи. Бир эле жазуучу бир эң мыкты чыгарма жазса, экинчи чыгармасы андан төмөнүрөөк болуп калышы мүмкүн. Ал эми Чынгызда мындай көрүнүш байкалбайт. Мен мындай ойго келдим эле: - Эми "Ак кемеден" кийин кандай ойду айтаар экен? Кантип айтаар экен? -деген. Эми жакында казак тилинде жарык көрө турган Чынгыздын "Бороондуу бекетин" салыштырганда "Ак кеме" бүлбүлдөп алыстан гана көрүнөт. Бул чыгармасы аркылуу жазуучу жаңы бир горизонттон көрүнгөн сыяктанды. Ал эмес Айтматовдун "Деңиз жээктей жорткон ала дөбөт" повестинен кийин да бир катар ойлор болгон. Бул чыгармасы аркылуу Чынгыз дагы бир көркөм бийиктигин көрсөтө алган эле. Чынгыз Айтматовдун чыгармалары заман менен убакыттын параметри деп айтаар элем. Биз анын чыгармаларын окуп жана кайрадан дагы окуп олтуруп, сыймыктана да, таңдана да, мактана да алабыз. Бул сыяктуу чоң талант мындай жазуучунун тагдырына бекерден-бекер келе калган жок. Бул тек гана Чынгызга таандык. Бул ага берген табигаттын мол казынасы.

ЖУРНАЛИСТ: - Калтай ага, сиз жогоруда Чыңгыз Төрөкулович жөнүндө эң сонун ойлоруңузду ортого салып өттүңүз. Жанатан бери кыргыз журту, кыргыз адабияты, кыргыз жергесинен космостук ылдамдык, космостук күч менен атылып чыккан анын уулу Чынгыз Айтматов жөнүндө бир катар баалуу пикирлериңизди ортого салдыңыз. Сиз Чынгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын которуучу, окуучу катарында гана эмес, ал киши менен бирдикте "Фудзиямага чыгуу" деген эң сонун философиялык драманы жазган авторсуз. Ал киши менен сиздин байланыш кандай болду? Кыргыз окуучулары сиздин атыңызды жакшы билишет. Эми жанатан бери бул саптарды окуп отурушкан окуучуларыбызга экөөңүздөрдүн байланышыңыздар туурасында айтып өтсөңүз?

МУХАМЕДЖАНОВ: - Ал чыгарманын жазылышына биринчи ирет себепкер болгон Чынгыздын өзү. Бул туурасында мындан бир нече жыл илгери немец журналына берген интервьюсунда толук айтып өткөн. Ошондо эле мындан бир топ жыл мурун жарык көргөн публицистикалык сын-макалаларында да толук айтылган. Ал туурасында менин китебиме жазган баш сөзүндө да кеп болот. Мен Чынгыздын чыгармаларын казакча которгонумду жогоруда айтып өтпөдүмбү. Күндөрдүн биринде мен Чынгызга кездешип калдым. Бул чыгарма тууралуу ал: - Мына ушундай темада бир повестти жазгым келип жүрөт. Ошол күндөрү Алма-Атанын түндөрүнүн биринде мына ушул чыгарма жөнүндө таң атканча сүйлөшүп жүрдүк. Мен ага: - Бул жөнүндө драма жазса абдан туура болчудай экен? - дедим. Анда ал: - Мен драманы өз бетимче жаза албайм. Экөөлөп жазалы деп калды. Маселе мына ошондон башталып кетти. Мен башында макул болуп коюп, кийин жазуу убактысында өкүнүп жүрдүм. Анымдын себеби Чынгыз деген чоң талант. Ал эми менин болсо ага мүмкүнчүлүгүм жетеби? Жетсе канчалык жетет деген суроо тынчымды кетирди. Иштөө убагында мен бул иштен кол үзсөмбү деген да ойлор болбой койгон жок. Бирок, айрым жагдайлар менен чыгарма чыгып кетти. Мен казакча вариантын Чынгызга алып барып бердим. Чыгарманын бир жылда канча вариантын иштедим. Мен дагы өзүмө жаккан вариант Чынгызга да жагып калаар деген ой менен бердим. Ал киши окуп чыгып: - Бул жакшы чыгып калган экен, - деп жактырып кабыл алды. Ал казакчадан орусчага которду. Которуу учурунда чыгарманы дагы тереңдете иштеди. Анын көп жерлерин алып салып, бир катар жерине жаңыларды кошту. Мен драматург катары драманын жол-жобосун жакшы билгеним менен Чынгыздын дагы көмөгү мага абдан чоң болду. Мен чоң жазуучунун ойлорунан чыгуу үчүн көп иштеп, көп окууга аракет кылдым. Ал эми Чынгыз болсо: - Калтай, сиздин бул ишиңиз мен үчүн өзүнчө мектеп болду - деди. Ал киши үчүн мен кандай мектеп болгонумду өзү билсин, бирок мен үчүн Айтматовдун жардамы теңдешсиз болгонун гана кайталагым келет. Кийинчерээк бул чыгарма Москвада коюлган мезгилде ал киши менен эки айга жакын бирге болдум. Дагы көп талкуулар, көп сөздөр айтылды. Эми бул чыгарманын тагдырын сиздер жакшы билесиздер. Кайсы жерде кандай коюлуп жаткандыктары, миңдеген көрүүчүлөр тарабынан кандай кабыл алынып жаткандыгы сиздерге көптөн маалым. Мен алардын ар бирине токтолуп отургум келбейт. Алып айтсак чыгарма Европанын 19 мамлекетинде жана Американын бир катар өлкөлөрүндө коюлду. Бул чыгарма убакыт өткөн сайын көп тилдерге которулуп, көптөгөн театрларга коюлуп келүүдө. Мына ушунун баары Чынгыз Айтматовдун зор талантынын руханий бийиктигин,чыгармачылык эргүүсүнүн бышыктыгын натыйжасы деп билем. Бул чыгарманын үстүндө иштөөдө бир катар талаш-тартыштар болбой койгон жок. Ансыз да мүмкүн эмес эле. Ошентип чыгарма өзүнүн бийиктигине, өзүнүн чегине жетип чыккан сыяктуу. Чынгыз Айтматов экөөбүздүн иштөөбүздөн улам анын мындай деп айтканы эсимде: - Бул драма жазуу балекет жумуш экен. Түркүн - түркүн жолу оңдоолор болбой койбойт экен, - деген эле. Ал киши драманын спецификалык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу айткан болушу керек. Биздин негизги чыгармачылык карым-катнашыбыз, ынтымагыбыз мына ушундай башталган. Бул күндөрдө да экөөбүздүн байланышыбыз жаман эмес, анын ар бир макаласын көңүл коюп караймын. Ал киши мейли радио аркылуу же телевидение аркылуу сөз сүйлөйбү, анын ар бирин иликтеп, ар сөзүнө маани бере кызыгуу менен угамын. Бул жалгыз мен эмес, Чынгыздын Казакстанда күйөрмандары өтө көп. Кат тааныган казакстандыктардын дээрлик бардыгы бул адамды жакшы билишет. Алардын дагы бир даарылары Чынгыз туурасында сурап, ал гана эмес, мага да кат жазышат. Өзгөчө жаштар Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына бөтөнчө кызыгышат. Ошондой эле өз учурунда Чынгыз Айтматов дагы биздин чыгармачыл жаштарыбыздын сапарына ак жол каалап келет. Чоң-чоң адабий талкуулоолордо биздин чыгармачыл адамдарыбызга жол көрсөтүп, колтугунан сүйөп, агалык камкордук жасап жүргөн жакын тулганын бири, баятан сөз кылып жаткан Чынгыз Төрөкулович. Биздин жаштар Чынгыз Айтматовду ири устаты, чоң окутуучусу, ири саяпкери катары билишет.

(Уландысы 12-бетте)




Саманчыга кайтпас
сапар тарттыбы,
"Саманчынын жолун" жазган Чыңгызың?!

Ат жалында, атан төөнүн комунда,
Абалкыдан калган чындык момунда:
Буудай чачып, себет үмүт үрөнүн
Баба дыйкан Саманчынын жолунда.

Атам заман асмандагы жылдызын
Ат жалында санап келди кыргызым...
Саманчыга кайтпас сапар тарттыбы,
"Саманчынын жолун" жазган Чыңгызың?!

Анык жылдыз Ала-Тоодон көчтүбү,
Жарык жылдыз Жер-Энеде өчтүбү?
Зоо ураган, тоо кулаган заманда
Саманчыга кайып болуп кеттиби?

Калкым, жашка жуулбасын жүрөгүң,
Алтын башка келди дебе бир өлүм!..
Залкар талант заманага жолдомок
Саманчыдан Баба дыйкан үрөнүн!

Чыңгыз өлбөйт, арабызда Чыңгыз бар,
Чындык өлбөйт, караңыздар, кыргыздар!
Сан тоолорго тилей берет саламат
Саманчынын жолундагы жылдыздар!

Сан жылдыздар сапырыла көчкөнү -
Саманчынын ырыс чачып өткөнү.
Балким, Жерден элчи болуп баргандыр
Балбылдаган жарык жылдыз көктөгү?!

Ат жалында, атан төөнүн комунда,
Азыркыга калган чындык момунда:
Анык Чыңгыз агабыздай жаркырайт
Жарык жылдыз Саманчынын жолунда!

Акбар РЫСКУЛ