Улуу жазуучунун туулган күнүнө карата

Кыргыз рухунун туу чокусу
(Уландысы. Башы 11-бетте)
ЖУРНАЛИСТ: - Калтай ага, жанатан сиз жакшынакай маек куруп келдиңиз. Сиз жогоруда өзүңүз айтып өткөндөй Чыңгыз ага тууралуу айтып олтурса күн батаарда таң атаар. Мен ушундан улам Чынгыз Төрөкуловичке байланыштуу дагы бир маселеге токтолуп, оюңузду кеңейтким келип жатат. Дагы эле сиздин сөзүңүзгө сереп салсак, айтылуу Манастын кыргыз рухунун биринчи жанар тоосу болсо, экинчиси Чынгыз Айтматов дедиңиз. Бул туура жана эң сонун берилген баа. Мына Чынгыз аркылуу кыргыз жазуучуларынан дагы кимдердин аттарын атап, кимдердин талантына таазим этээр элеңиз?
МУХАМЕДЖАНОВ: - Кыргызда таланттуу жигиттер көп. Ал жалгыз гана адабият тармагында эмес, ал көркөм өнөрдүн көп тармагында кезигет. Мага кээде мындай ойлор келет: - Мына ушунун бардыгы Чынгыздын талантынын натыйжасы го деген. Чынгыз кыргыз элинин руханий силкинүүсүнөн чыккан адам. Бул сөздү түшүнүп жаткан чыгарсыз. Руханий силкинүү дегенди эгер чечмелесе руханий жактан атып чыгуу деп чечмелээр элем. Ошонун тегерегинде, ошонун саябанында ошол чөйрөдө кыргыздын улуттук өнөрүнүн бардык тармагында чоң силкинүүлөр болуп жатат. Бул сөздү музыка жагынан да, сүрөт искусствосу жагынан да, албетте, биринчи кезекте адабият жагынан алып айтсак болот. Мисалга, кыргыздын жакшы прозачысы жана драматургу Мар Байжиевди алсам болот. Аны окуп олтуруп мен Марды да Чыкеңдин руханий сөөлөтүнөн сабак алган деп түшүнөм. Драматург Жакиев дагы бир топ таланттуу жигиттердин бири. Ошол сыяктуу поэзияда да бир топ таланттуу жаштар өсүп келе жатат. Мына ошолордун бардыгы Чынгызды туу тутуп анын бийиктигине, анын кадамынын залкарлыгына умтулушкан сыяктуу. Албетте, сиздердин аксакал жазуучуларыңыздын жолу болсо өзүнчө Аалы Токомбаев болсун, Түгөлбай Сыдыкбеков болсун, булардын жолу өзүнчө. Алар өздөрүнүн тарыхый вазипасын орундаткан адамдар. Алар өз мезгилинде өздөрүнүн тарыхый жүгүн көтөрүп келишти. Эми эстафетаны алар жаштарга беришкен учуру. Жаштар дагы тигил аксакалдар берген жүктү төмөн таштабай улам жогорулатып, улам бийиктетип алып бара жаткан учуру. Ошол бара жаткан руханий ири көчтүн алдында, көч баштоочу Чынгыз. Мисалы үчүн кыргыз өнөрүнүн ушунчалык бийиктешине себепкер болгон Чынгыздын чыгармалары экенин бул күндөрдө кимдер жокко чыгара алышат. Кыргыз киносунун дүйнөгө таанылышына дагы өзүнүн таасирин тийгизгендиги тууралуу айта берүдөн танбайбыз. Ал бул тармактын дагы ири көч баштоочусу, жетекчиси. Мен бул жерде Чынгыз Айтматовду Кыргызстан киноматографисттер Союзунун төрагасы катарында жетекчи деп айтып жаткан жерим жок. Ал бул тармактын да руханий жетекчиси, насаатчысы экендигин баса белгилеп отурам. Ошондуктан жыйынтыктап айтканда Чынгыздын бүткүл руханий дүйнөсү кыргыз адабиятына, кыргыз маданиятына гана өзүнүн таасирин тийгизип жаткан жок. Анын чеги кыргыз Ала-Тоосу менен казактын мелмилдеген талаасынан далай жылдар болгонунун биз жандуу күбөсүбүз. Ал дүйнөлүк адабий процесске, көркөм руханий жаңыланууга өзүнүн таасирин тийгизүүдө. Чынгыз Айтматов биздин кылымыбыздын эң ири сүрөткери болуп көркөм дүйнөсүнүн бийиктиги аркылуу келди. Ошондуктан ага карата кызыгуунун көбүрөөк болуп жатканы табигый көрүнүш. Чынгыздын чыгармаларында философиядагы үч биримдик эң сонун ишке ашырылган. Анын каармандарынын өткөнүн тереңдиги десек, кеңдигин бүгүнкү кези десек, болочогун бийиктиги десек ушунун бардыгы Чынгыздын чыгармаларынан кезиктиребиз. Бул күндөгү көптөгөн сынчылар али да болсо Чынгыздын көркөм дүйнөсүндөгү кат-кабат сырларын ачып бере элек. Булардын көпчүлүгү жазуучунун пропагандалоочу катарында гана келе жатат. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын ички жана тышкы тереңдигин, көркөм маңызын дагы тереңирээк, дагы айкын-ачык ачуу иши келечек муундарга көбүн эсе тиешелүү. Биз болгону анын чыгармачылык кудуретине тамшануу, таң калуу менен келе жатабыз. Ал таң калуу кандайча болду, тамшанууну эмнелер жаратты? Бул суроонун тереңи алиге чейин сыр түйүнү болуп калууда. Ал үчүн Чынгыз Айтматовдун деңгээлиндеги акыл-жөндөмдү да, философиялык тереңдиги бийик сынчылардан болушу керек. Бул табылат. Бүгүн болбосо сөзсүз эртең горизонттон чыккан күндөй балбылдап жанып келээрине айныксыз ишенем. Мен бул сөздү айтуу менен Чынгыздын чыгармалары жөнүндө начар сын-макалалар жазылып жатат деген ойду айтуудан алысмын. Баардыгы жазылып жатат. Анын ичинде жакшылары да жазылып жатат. Мен бул жерде сынчы катары эмес окуучу катарында абдан жеткелең айтып жатышкандар өтө чамалуу го деп ойлойм. Чынгыздын бул күндөгү дүйнөлүк диапазону мына ушул ойлорду айтууга мени аргасыздантып жатат.
ЖУРНАЛИСТ: - Калтай ага, сиз жогоруда кыргыз адабияты менен маданияты туурасында, анын ичинде биздин замандын чоң калем кайраткери Чынгыз Төрөкулович Айтматов туурасында, ал киши менен жеке өзүңүздүн калемдештик карым-катнашыңыз, байланышыңыз жагдайында элестүү аңгеме салдыңыз. Элибизде мындай сөз бар. "Биринчи байлык ден-соолук" деген, анын сыңарындай сиздин ден-соолугуңуз чың, дениңиз сак, өмүрүңүз узун, көңүлүңүз ар дайым ачык болсун. Сиз жогоруда кыргыз адабияты аркылуу дүйнөлүк адабияттагы бийиктиктерди сөз кылдыңыз. Сиздин чыгармачылыгыңыз дагы ошондой бийиктиктердин биринен болушуна чыныгы тилегимди билдирем.

Маектешкен
Тенти Орокчиев




  Ак теректен көк терек

"Анык сүйүү жай алдырбай жаныңды,
Жалын болуп жанып турат көңүлдө"
(Реинкарнация)
(Омар Хаям менен экинчи маек)
- Омар баба, өгүнү жолукканыбызда бир нерсени айтайын деп оозум баткан эмес. "Асыл сезимди ардактабай, түгөнүп бара жатасыңар!"- деп урушабы деп чоочулагам. Эми айтууга белсенип келдим. Кеп жүйөөсү мындай: Тээ күн батыш элдеринин абийир, адеби, бөксө маданияты биздин элдерге оорудай жугуп калган кез. Илгеркидей үлбүрөгөн наздуу көз, өзүнүн да, өзгөнүн сезимин ардактаган жигиттер азайып, сүйүү кирдеп баратат. Бир ачууңду мага берип, мухиттей чалкыган акылыңды, жакуттай тунук сезимиңдин күүлөрүн бир чалып койчу, көптөр көңүлүнө түйүп алсын.

- Жүрөк мээри селкиси үчүн жанбаса,
Анын күнү жан сактамай- далбаса.
Мен эсептейм текке кеткен
күндөр деп,
Чын сүйүүдөн пайдаланып калбаса.

- Омар баба, кай бир адамдар узак жашоонун эликсири бар!- деп кайдагы бир дарыны ичип жүрүшсө, бир бөлүгү- ден соолукту жакшы караш керек!- дешет. Башка бир адамдар; Байлык өмүргө кубат болот!- дешет. Өмүрдүн сырын акылы ааламдан кенен Омар бабам билет!- деп мен жүрөм.

- Бул дүйнөдө биз жашайбыз аз гана,
Шарап ичип, кыз сүйбөсөк наздана,
Күнөө болоор. Акыр кетээр
болгон соң,
Баарын талдап баш оорутуп башкага.

- Ыя, Омар баба, айтып жүрүшөт, молдо- сопулар, шайыктар чогулушуп: Омар, кумараңды, шарабыңды ташта, колуңа жайнамаз алып, беш убак намаз оку, көзүң өтсө тигил дүйнөнүн бейишинде дүрдүйүм жемиш, не бир даамдуу ширелер, сулуулугу айды уялткан пери кыздар тосуп алат!- деп айтышкан экен. Ошондо аларга эмне деп жооп берген элең?

- О дүйнөдөн кочкул шарап берет деп,
Кеп кылышат нурдун кызы келет деп.
Бир бараармын.
Бул дүйнөнүн кыздарын,
Таштап коюп, чуркайт белем
делдектеп.

- Аалам сырынын татаал адам сезим сырын алаканга салгандай билген бабам, кээ бир адамдар мен бир эле адамды сүйгөнмүн деп!-деп жанын жешет көп учурда. Сүйүү кумары жанып- кайра өчүп турганын өздөрү билсе деле, сүттөн таза болуп көрүнгүсү келишет. Ошолорго чындыкты айтып бере аласыңбы?

- Кези келсе, чалкып сүйүү отуна,
Мас болсом да, балкып жыпар
жытына.
Селдем ылай, колдон
түшүп чөйчөгүм,
Кулаарым чын, сенин барып бутуңа.

- Ошентип, жыпар чачкан сулуудан кумарың таркаганда, өзүңдүн ардактап сүйгөн асылыңдын алдында күнөөңдү кантип жайгараар элең?

- Учкан шамал, аккан суудай
сайды жууп,
Өткөн күнүң кайра келбес кайрылып.
О жалжалым, жашайлычы кезинде,
Өткөндөргө не кыласың кайгырып.

- Омар баба, сулуунун сүйүүсү туруксуз!- деп жүрүшөт элдер. Мүмкүн элдин айтканы да калетсиз чыгаар. Ошентсе да мунун сырын өзүңдөн укканым ишенимдүү болот деп турганым.

- Этият бол,түшпө сулуу торуна,
Сулуу, сүйүү-экөө бүткөн шоруңа.
Бул турмушта түбөлүктүү нерсе жок,
Жүрөк эсил, кетет- түшүп жолуна.

- Бул жарыкта адамдын бир арманы- кол сунуп жетпей калган махабат экенин өзүмдүн тагдырымдан билем. Бирок, сенин, улуу Омардын, ыйык махабат сезимин эч ким, кирпиги, коюу кара көзү, аккуу моюн, аркар төш, кылыгы кызык, жароокер кыздар аттап кетпесе керек го!- деп жүрөм.

- Көңүл муздап, бирөө чанып
кеткенге,
Каалап көрдүм жаңысына жеткенге.
Бирок аны карай албай отурам.
Аккан жашым көздү чайып кеткенге.

- Омар баба, махабаттын терең сырларын сен, сенден мурда Жами, сенден кийин Руми, Саади, Хафиздер гана жамбыга сайылган жебедей атып келишкен. Аларга да бир кайрылаармын. Сенин азыркы жети эле рубаиң жаштарыбыздын жүрөгүнө жете тургандай болду, эгерде аларда адам сезими болсо.
Коштошоордун алдында дагы бир берметиңди төгүп берчи, даанышманым, кеңешчим.

- Айта берсең сөздү сүйүү жөнүндө,
Ал окшошот отсуз- өчкөн көмүргө.
Анык сүйүү жай алдырбай жаныңды.
Жалын болуп жанып турат көңүлдө.

(Уландысы бар)

Омар Хаям менен "маектешкен"
Ибн-Саяк-Аль Жумгали.

P.S. Омар Хаямдын ырларынын кыргызча котормосу акын Жалил Садыковдуку




  Москвадан салам кат

Москва шаарына мигрант болуп барган Үмөталиев Аллаберди Турсункуловичтин гезиттин өткөн санында жарыяланган "Мигранттын күлкүсү кыска, муңу узун" аттуу ыры окурмандар арасында чоң кызыгууну жараткандыктан, бул санда да мигранттарга арналган экинчи ырын тартуу кылабыз.


Дворник досума

Дворник досум башыңды көтөр,
Ден соолук болсо бул күндөр өтөр.
Адал эмгегиң мээнети кайтар,
Караңгы келсе, таң дагы атар.

Али кеч эмес, жазгын SMS,
Жарадар жүрөк жалгыз сен эмес.

Бөтөн кыздарга алаксыбагын,
Аның көбөйтпөйт кыргыздын санын.
Миң эсе таза, миң эсе кымбат,
Алыста жүрөт арнаган жарың.

Али кеч эмес, жөнөт SMS
Өзүң жөнүндө калсын жакшы элес.

Дворник досум, абдан үшүпсүң,
Күндүн нурун көпкө күтүпсүң.
Бизге да жаз эрте келсе экен,
Өчүрбөстөн көптүн үмүтүн.

Али кеч эмес, тебесиң "Мерседес",
Баары алдыда, ашасың көп белес.

Кар жааса жаасын, сүрсөң жок болот,
Муз тоңсо тоңсун, эрип- жок болот.
А бирок жаабасын, эч качан тоңбосун,
Адамдын көңүлү муздаса, так болот.

Али кеч эмес, сага дос ППС,
сага дос ФМС,
Сагынды сүйгөнүң, жөнөт SMS.

Аллаберди Үмөталиев,
Москва шаары