Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 3

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 3

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 3



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 3

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 3

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 3
п»ї
  Жетекчилер

Биринчи мамлекеттик катчы
Эсенбек Дүйшеевди эми ким карайт?
Эсенбек Дүйшеев 1941-жылы Талас областынын Бакай-Ата районундагы Калинин айылында туулган. 1963-жылы айыл чарба институтун, 1984-жылы Алма-Атадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.
1963-1975-жылдары механик, "Кыргызсельхозтехниканын" Совет бөлүмүнүн, Талас жана Өзгөн райондук бирикмелеринин башчысы, 1975-1979-жылдары айыл чарба министрлигинин механизациялаштыруу жана электрлештирүүБашкы башкармалыгынын начальниги, Кыргыз ССР Министрлер Советинде бөлүм башчы, 1980-1991-жылдары партиянын Ысык-Көл райкомунун, Талас обкомунун биринчи секретары, Мамагроөнөржайдын төрагасынын орун басары-Кыргыз ССРинин министри, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секретары болуп эмгектенген.


Тээ 60-жылдардын башында таластык агаларымын "саясий шоусу" ишке ашпай, кээ бир аткаминерлер бийликке жетпей калышкан деген калың кеп ушул күнгө чейин айтылат. Ал тургай дал ушунун айынан М.Аманов менен Медетбеков өмүр бою кол беришпей жүрүп, алды дүйнө салып кетти. Ошондон кийин республикалык бийлик олимпине таластыктардан эч ким илинген эмес деген да чындыкка жакын кеп бар. Чын-төгүнүн так айтыш кыйын, бирок ошол айтылган кептин чындыгы бар белем. Бирин-серин болгон менен 1985-жылы М.Горбачев КПССке жетекчилик кылып "Кайра куруу саясаты" келгиче, таластык уул-кыздардан партиялык жогорку эшелондо бир кызматкер чыкпаптыр. 1985-жылы Эсенбек Дүйшеев ошол дыңды бузуп, партиянын Талас областтык комитетине 1-катчы болуп дайындалды. Бул жөнүндө 1998-жылы чыккан Б.Бөкөлөевдин "Султан Ибраимов" деген Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Председатели Султан Ибраимовдун өмүр жолу, саясий ишмердиги тууралуу көркөм-публицистикалык, саясий-документалдуу жыйнагында Эсенбек Дүйшеевич төмөндөгүдөй эскерилет. "Институтту бүткөндөн кийин 1966-1970-жылдары Совет жана Өзгөн райондук "Айылчарбатехника" бирикмелеринде башкаруучу болуп иштеп калдым. Ал кезде Өзгөн району республикада чоң жана алдыңкы райондордун бири эле. 1969-жылы жайында райондо талаачылыкты комплекстүү механизациялаштыруу жана техниканы пайдалануу боюнча областтык семинар- кеңешме болуп өтүп, ага обкомдун 1-секретары Султан Ибраимович катышып, семинардын жүрүшүн өзү жетектеп барды. Ал кезде өсүмдүктөр талаасына минералдык жер семирткичтерди чачуу, механизацияланган жол менен азыктандыруу атайын машиналардын жоктугунан өзүнчө проблема эле. Биздин ишкана ушул жагынан жаңылык киргизип, жаңы машиналарды жасап, өсүмдүктөрдү азыктандыруунун толук комплексин көрсөттү. Машиналар Султан Ибраимовичке абдан жакты. Буларды ким ойлоп тапты деп сурап калды. Мен Москвадан кышында тайгак жолго туз себүүчү машиналардын прототиви экенин айтсам, "мен да ушуну көптөн бери ойлонуп, механиктерге сунуштасамбы деп жүрдүм эле" деп кубаныч менен күлдү. Кийин комплекс бизде жасалып, бүт областка жайылды. Ошондон көп убакыт өтпөй эле мен аркыл жетекчи жана партиялык кызматтарга сунушталып жүрдүм. Бирок үй-бүлөнүн шартына байланыштуу 1970-жылы Таласка "Кыргызайылчарбатехника" бирикмесинин башчысы болуп которулуп кеттим. Кийин бир нече жолу түштүккө кайра келүүмдү сунуштап жүрдү, бирок шартка байланыштуу бара албадым. Кийин, 1978-жылдын аягында Султан Ибраимович Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп калды. Мен анда республиканын айыл чарбасын механизациялаштыруу жана электрлештирүү башкы башкармалыгынын начальниги элем. Келгенден бир ай өтпөй өзүнө чакырып, Өкмөттүн айыл, суу чарбасы жана курулуш бөлүмүн жетектөөнү сунуш кылды. Ал кишинин, он жыл убакыт өтсө да, кадр маселесинде өзгөчө ой жүгүртүп жүргөнүнө бир чети таң калсам, бир чети ыраазы болдум. Ошентип Султан Ибраимович менен жакындан бирге иштеп калдым..."
Ушул ойду бекемдегеним бул: чыгармачыл командировка менен Ысык-Көлгө режиссер Бүбайым Каркеева менен барып калдым. Жайдын толук мезгили. Анда телерадиокомитеттин балдар редакциясында иштейм. Кайсы жерде балдар болсо, редакция кызматкерлери ошол жердебиз. Ал эми балдардын бактылуулары ал убакта пионердик лагерлерде эс алышчу. Биз да бардык. Балдар менен аралаш жатууну уят көрүп, мейманкана эле алалы деп чечтик. Анда бир эле райкомго тиешелүү чакан мейманкана Чолпон-Атанын батыш тарабында бар экен. Муну ким чечет? Албетте райком. Сурамжыласак райкомдун 1-катчысы Эсенбек Дүйшеев экен. Таластык экендигин ошол жерден билдим. Түз эле кирип бардым. Ал убакта тележурналисттин кадыр-баркы жакшы эле бар болчу. Эсенбек Дүйшеевич 40тын кырына чыгып, кыраан куштай болуп баралына келип турган мезгили эле.
Анын үстүнө Ысык-Көл району областта гана эмес, республикада бирден-бир алдынкы райондордун бири болуп, социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйнтыгы менен жыл сайын катар-катар республикалык жана союздук өтмө кызыл тууларды алып турган кези эле.
Ошол учурда райондо курорттук зонага, ал жакка келген элди сапаттуу эс алдырууга чоң көңүл бурулуп жаткан кези экен. Кээ бир болор-болбос шарты начар пансионаттар, пионерлагерлер жабылып, санитардык-гигиеналык нормага жооп бергендери гана ачылып жатыптыр. Райондогу 120 эс алуучу жайдын 80ге жакынына гана уруксат берилген экен. Аймактын шартына жараша жана курорттук зона болбогондон кийин жашылдандыруу маселеси да колго алыныптыр. Азыркы кезде өз жемишин берип жаткан "Достук", "Жеңиш" жана Бостери айылынын ары жагындагы 60 гектарга жакын алма, өрүк бактары, чоң жолдун боюндагы Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата шаарындагы жана "Аврора" санаториясына чейин отургузулган карагай, балатылар ошол жылдардагы райкомдун 1-секретарынын эмгегинен улам дейт билгендер. Ошондо биринчи көрүшүм. Көп сөз кылбай эле маселебизди шыр чечип, райкомдун мейманканасынан орун бергиле деп көрсөтмө берди.

* * *
Эсенбек Дүйшеевдин Таласты жетектеп турган учурунда бир топ иштер бүткөрүлдү. Облуста "Ар бир айылга жаңы мектеп" деген демилгени өзү көтөрүп, ондогон 2-3 этаждуу мектептер салынды. Талас шаары толук жаратылыш газы менен камсыз кылына турган болуп, шаардын көчөлөрү кыйма-чийме казылып... Азыр болсо чоң-чоң темир трубаларды бизнесмендер чекесинен казып алып, сатып жатат деп угам. Базар экономикасына алгачкылардан өтүүгө аракет кылган партиялык жетекчилердин бири десек да болот. Үй-бүлөлүк подряд, жерди жана чабандык бригадаларды, уй кармалган фермаларды толугу менен дыйкандарга жана малчыларга чарбалык эсепте көп жылдык мөөнөт менен ижарага берүү республикада биринчилерден болуп башталганы эсимде. Дары кошулбаган таза нан жейли, эгин себүүдө, сугарууда, гербицид, пестицид деген демилгенин башында турду ал киши. Айтор Талас облусун башкарган 3 жыл аралыгында эл ынтымакта жашап, турмуш-тиричиликтери бир топ оңолду. Элдин жашоо-шарты да кадимкидей оңолуп калган эле. Өзүн дайыма таза тутуп, партиялык бийик салабатты алып жүргөн калыс жетекчи катары калды элдин эсинде. Жөнөкөйлүгү да бар эле. Үйүнөн ишке жөө эле басып кетчү. Үйүндө милициянын посту болгону менен, биз кошуна катары кээде кирип- чыгып суу акпай калса, суу сурап, кадимки эле кошуналардай болдук. Эжебиз Зина да өтө жөнөкөй, колу ачык адам эле. Азыр да Талас эли Э.Дүйшеевди кадрлардын өз эмгегине жараша баа берген калыс жетекчи катары баалайт. Эсимде, 1988-жыл болсо керек. Обкомдун бюросу болуп жатты, прессанын кызматкерлери дайыма үзбөй катышабыз. Обкомдун бюросу болот дегенде жетекчилер жеген ашын унутуп коюп, уйку бетин көрбөй даярданып, өтө жоопкерчилик менен мамиле кылышар эле.
Күн тартибинде: укук коргоо органдарынын иши, "Нарынгидроэнергострой" өндүрүштүк ишканасында улуттук кадрларды тарбиялоо, тандоо жана аларды жетекчи кызматтарга көтөрүү, ушул сыяктуу маселелер.
Талас УВДсынын начальниги Феликс Кулов анда милициянын подполковниги эле. Жалаң орусча сүйлөйт. Прессага өтө көп көңүл буруп, өзгөчө мамиле жасачу. Ошондо Ф.Кулов: "Бизге пресса көбүрөөк көңүл буруп, бирге иштейли, керек болсо милициянын формасын кийгизип коюп, түнкү рейддерди уюштуралы. Мамлекеттик автоунааларды кээ бир жетекчилер өз ишине пайдаланат" деп күйүп-бышканы бар. Ошондон кийин Эсенбек Дүйшеев бизге көрсөтмө берип, биргелешкен рейддерди үзбөй уюштуруп, ал эмгегибиздин натыйжасында облустун УВДсы республиканын ичинен көчмө тууну жеңип алган.
Көп узабай обком партиянын жолдомосу менен Э.Дүйшеев министрликке орун басар болуп которулду.

Ошол эле бюродо "Нарынгидроэнергостройдун" жетекчиси жалаң Москванын башкаруусунда болуп, эч ким теңине албаган Казбек Бексултанович Хуриев бюродо ыйлаганга чейин барганы эсимде. Улуттук кадрларды тандоо жана аларды "Нарынгидроэнергостройдун" жетекчи органдарына жайгаштыруу боюнча болгон обкомдун бюросунун чечимдеринин аткарылышына кайдыгерлик мамиле жасагандыгы үчүн бюро ал маселеге кайра кайрылып, "Нарынгидроэнергостройдун" начальниги Хуриевге катуу сөгүш берген. Анын алдында эле республиканын жетекчилигине Москва аркылуу бизге БКнын секретары болуп келген Семеновдун, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Василенконун жана союздагы санаалаш досторунун жардамы менен Хуриев "Социалисттик эмгектин баатырлыгына" көрсөтүлүп жаткан. Бирок, обкомдун бюросунун Москвага жиберилген калыс жана принципиалдуу телеграммасынан кийин "Нарынгидроэнергостройдун" өзүм билем жетекчиси Хуриев баатырдык жылдызды тагына албай калган дешет .
Айла жок, кийин Москва чечими менен 1988-жылы Талас облусу жоюлду. Облусту сактап калыш үчүн Э.Дүйшеев канчалык аракет кылбады. Ошол эле Москва телевидениесинен кабарчыларды алдырып, (белгилүү тележурналист Круглов болсо керек) Талас облусунун келечеги, эли-жери жөнүндө материал даярдатты. Бирок, өйдөкүлөрдүн айтканына моюн сунуп, таза көнүп бүтүп калган республиканын жетекчилиги үн кошпой койду. Мүмкүн ошондо облус ордунда калса, курулуп бүткөн обкомдун, облустук бейтапкананын, А.Огомбаев атындагы музыкалык мектептин имараты менен кошо эле курулушу кызуу темпте башталып калган филармониянын имараттары да бүтүп калмак беле.
Облустун жоюлушу Талас жана Кетмен-Төбө өрөөндөрүнүн социалдык жана экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө бир топ кедергесин тийгизди деп ачык эле айтса болот. Э.Дүйшеев облустук, республикалык, союздук чогулуштарда үч маселени катуу коюп жүргөнү биздин эсибизде. Биринчиден, Бухара-Алма-Ата чоң жаратылыш газопроводу Талас өрөөнү аркылуу өткөндүгүнө байланыштуу жердин арендасына Талас өрөөнүн жаратылыш газы менен камсыздоо. Бул долбоор 1989-жылы бүтмөк. Облустун жоюлганына байланыштуу бул да аягына чыкпай калды. Экинчиден, "Жер-үй" алтын кени биринчи алтынды 1990-жылы бермек экен. Ишти Москванын "Союззолото" бирикмеси аткармак. Ошонун эсебинен Талас-Кулун-Эмбес автожолу курулмакчы болгон. Талас шаарынан борбордук Ленин көчөсү ошонун эсебинен реконструкцияланган. Үчүнчү, чоң маселе, Камбар-Ата I, Камбар-Ата II жана Кетмен-Төбө поселогунун курулуштарынын темпин тездетүү, ошону менен бул объектилерди 1990-жылы ишке киргизүү маселеси катуу партиялык көзөмөлдө болгону эсимде. Ал эми Кара-Буура суу сактагычынын курулушу аяктап калган эле.

* * *
Облус жоюлгандан кийин деле Э.Дүйшеев жооптуу кызматтарда ак эмгек кылды. Талас элинен Төрөкул Айтматовдон кийин эле бийликтин эң бийик тепкичине чейин жеткен жетекчинин бири ушул Эсенбек Дүйшеев эле. Же жалганбы? Муну айтканым, азыр ошол адам паркинсон оорусу менен 6 жылдан бери азап чегип, үйдөн чыга албай келет. Дарынын баасы болсо асманга чыкты. Эң өкүнүчтүүсү- өйдөкүлөрдөн бирөө барып, ал-абалын сурабаганында.

Нурслан
Акматов,
журналист

Атайы "Назар"
гезити үчүн





Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 49

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 49

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 49

кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
1-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Аша чабуучулардын уюткусу...
2-бет
Бирөө ичээрге суу таппай жүрсө, бирөө Австрияга учуп кетти...
3-бет
күн бүгүн
4-бет
Күйгөндөн айтылган кеп
5-бет
Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Элди өз укугун коргоого чакырабыз"

6-бет
"АЛЬ-ВАКФ АЛЬ-ИСЛАМИЙ" КАЙРЫМДУУЛУК УЮМБУ ЖЕ "КӨМҮСКӨ СПОНСОРБУ"?...
7-бет
Биринчи мамлекеттик катчы
Эсенбек Дүйшеевди эми ким карайт?

8-бет
Жарыгы жок, суусу жок, таштандынын түбүнө там кургандар
10-бет
Кыргыз рухунун туу чокусу
11-бет
Мугалим чектен чыкканда…
12-бет
Кыргыз рухунун туу чокусу
13-бет
"Вор в законе"
14-бет
Бешинчи беттешүү
16-бет
Тимошенко Робин Гуд


Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 49

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 49

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/09/1201_7.htm on line 49




а ­е¦Є.НҐй«