Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тарых барактарынан

АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРДЫН ИРИ ӨКҮЛҮ - САТЫБАЛДЫ НАМАТОВ
Сатыбалды Наматов - жаңыдан канаты жетилген шумкардай, табына келип калган тулпардай туйлап турган кырчын курагында, обого шаңшып чыгаарында, элге бергенинен бере элеги көп болуп, акыл-эси толуп илимге да, адабиятка да шайма-шай кирүүгө даяр болуп калган убагында капилеттен набыт болгон 1937-жылдагы кандуу репрессиянын курмандыгынын бири.

(Башталышы өткөн санда)

Ал эми анын жазуучулугу жөнүндө да бир-эки пикирди кыстара кетели. Зыяш Бектенов "Замандаштарым жөнүндө эскерүү" аттуу китебинде (Бишкек, "Адабият", 1992) "Ошол мезгилде кыргыз жазуучуларынын ичинен кара сөз менен аңгеме жазгандардын чеберлери: Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Касымалы Баялинов, Сатыбалды Нааматов, Узакбай Абдукаимов жана Ташым Байжиевдер болучу" (111-бет), "Сатыбалды Нааматовдун ылакап аты Эпкин болгон" (52-бет) десе, Салижан Жигитов "… кыргыз совет адабиятына негиз салгандардын ичинде С.Карачев менен К.Тыныстанов экөөнөн башкалары да бар. Алардын көрүнүктүүлөрү деп Бөрү Кененсарин, Сатыбалды Нааматов, Шарип Көкөновдорду атасак болот" дейт ("Унутулгус инсан", Советтик Кыргызстан, 25.10.1989). Окумуштуулар Киреше Иманалиев менен Абдылда Мусаев "башкалар менен катар эле С.Наматов да жаңы поэзиянын пайда болушуна жана өнүгүшүнө белгилүү деңгээлде эмгек сиңирген" деп белгилешет ("Жаңы бийиктиктен", КМ, 23.02.1989). С.Наматовдун педагогикалык, жазуучулук эмгектери жөнүндө башка көрүнүктүү инсандардын да ушундай эле пикирлери арбын.
С.Наматов баш аягы 41 эмгегин элине тартуулаган. Азыркы кезде анын 27си Улуттук китепканада сакталып турат.
Сатыбалды 1931-жылы Салима деген кызга үйлөнөт. Алар Сатыбалды окуугабы же командировкага барганбы, айтор Москвадан таанышат. Ал кезде Салима Москвадагы борбордук медициналык техникумдун акушердик бөлүмүндө окучу экен. Салима 1931-жылы техникумду бүтүрөт. Атайын медициналык билимдүү алгачкы кыргыз кызы. Республикалык төрөт үйүндө 36 жыл эмгектенип, миңдеген наристелердин киндигин кесип, ардактуу киндик эне аталган. 1932-жылы алар кыздуу болуп, атын Үмүт коюшкан.
Салима апанын тагдыры да татаал. Ал кичине кезинде эле ата-энеден жетим калып (Тоң районунан), Алексеев деген орус адамынын колунда тарбияланат. Аларды ата-эне катары тутуп, Алексеевдердин көзү өткөнчө катташып турган. С.Наматовго турмушка чыкканга чейин фамилиясы да Алексеева болгон. Кийин Сатыбалдынын таекеси Ы.Абдрахмановду ата катары тутуп, бир үйдө чогуу жашап, Ы.Абдрахмановдун көзү өткөнчө бири бирине жөлөк болуп турушкан. Салима апа 1990-жылы 78 жашында Бишкекте кызы Үмүттүн колунда каза болду. Учурунда эч ким кызыкпагандыктан көп маалыматты өз башы менен кошо ала кетти. Карыр-карыганча Сатыбалдыны күттү. "Мага тирүү эле бир жерде келалбай аргасыз жүргөндөй сезилет" деп үмүтүн үзбөй жүрүп өттү дүйнөдөн.
Сатыбалды репрессияланганда жалгыз кызы Үмүт 5 гана жашта эле. Атасын элес-булас гана билет. Үмүт кийин Москвадан Соода институтун бүтүп, соода тармагында иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Жолдошу Уманкулов Абдрахман - илимпоз-медик. Уулу Алматай, кызы Алтынай медиктер. Үмүт эже азыр неберелерин тарбиялоодо.
Эми С.Наматовдун адамдык бейнеси жөнүндөгү пикирлерге көз жүгүртөлү. Белгилүү журналист Ш.Жамансариев "Баскан жол" деген китебинде С.Наматов жөнүндө төмөнкүчө жазган: "Ал кишинин бийик интеллектуалдык элеси көз алдымда... С.Наматов дайыма жарашыктуу кийинип, манап жүрөр эле. Бизге шляпа, кастюм, макентөш кийип, галстук тагынган кыргыз интеллигенти жалгыз гана ошол өңдөнүп турчу. Саал кемигирээк келген калың эрин, жазы маңдай, бозомтук жүздүү, кайраттуу калың чачтуу, орто бойлуу, арык чырай келбети жай сүйлөгөн мүнөзүнө куп келишип турчу.". Ал эми белгилилүү окумуштуу-педагог З.Бектенов "Сатыбалды акылы тунук, сыпайы, өт билимдүү мыкты адам эле" дейт. Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев "өтө эмгекчил, токтоо сүйлөгөн, сабырдуу мырза жигит эле. Поэзияны жакшы көрөт, жашы талдайт дешчү" деген пикирди айткан. Иниси Белек Сатыбалдыны төмөнкүчө сүрөттөйт: "Сатыбалды оор-басырыктуу, сыйчыл, бирөөгө жаман айтпаган, адамга дайыма колунан келген жакшылыгын аябаган, үй-бүлөгө, ага-тууганага карамдуу, элге алымдуу, башкаларга мээрбандык менен мамиле жасаган, ишине так, калп айтканды жек көргөн, бирөөнүн үстүнөн жамандык издебеген, жатын да, жакынын да бирдей көргөн адам эле. Орто бойлуу, мурду чоңураак сылык мүнөз адам болучу. Кызы Үмүттүн уулу Алматай таятасына окшоп кетет. Айрыкча мурду".
Эми С.Наматовдун илимге, маданият-адабиятка кошкон салымын айта кетейин.
1). С.Наматов сабатсыздыкты жоюуга тикелей катышкан, окуу китептерин жазган алгачкы агартуучулардын бири.
2) Казак-кыргыз эл агартуу институтун (Казинпрос) алгачкылардан болуп бүтүп жогорку билимдүү методист-педагог адистигине ээ болгон, кыргыз тилин, айрыкча алиппени окутуу усулун, башталгыч класстардын программасын алгачкылардан болуп иштеп чыккан жаш илимпоз. 1932-ж. чыккан "Тилибиздин методикасынан". "Анык политехникелешкен мектеп үчүн күрөшүү" деген китептери даана эле илимий нукта жазылган дешет азыркы окумуштуулар.
3) Сатыбалдынын поэзиялык, прозалык чыгармалары жаңы советтик адабияттын пайда болушуна жана өнүгүүсүнө салым кошкондугу менен баалуу. "Агай", "Аял" деген ырлар циклин, "Түштүктө жер төңкөрүшү" деген поэма жазган алгачкы акындардын бири.
4) "Шексиз тилек", "Тынымкан" деген аңгеме, "Барса келбес сапар" деген повесть жазган алгачкы жазуучулардын бири.
5) "Кыргыз аялы өзү жөнүндө эмне билүү керек" деген колдонмону, "Башталгыч класстардын программасын", Д.Фурмановдун "Козголоңун" (Кыргыз драма театрында коюлган), М.Горькийдин "Егор Булычевин" которгон алгачкы котормочулардын бири. Гоголдун "Текшерүүчүсүн" которуп басмага тапшырып, М.Шолоховдун "Тынч Дон" романын которуп жатканда репрессияланган.
6) 1928-ж. "Жөжөлөр. Молдо Сасык" деген балдар аңгемелери жарык көргөн балдар адабиятын баштоочу.
7) "Он алтынчы жыл" деген пьеса жазган алгачкы драматургдардын бири.
8) С.Карачевдин "Эрксиз күндөрдө" деген китебине сын жазган алгачкы сынчылардын бири.
9). "Кызыл Кыргызстан" гезитине, "Жаңы маданият жолунда" журналына бир катар макалаларды жазган, айрымдарын "Эпкин" деген псевдоним менен чыгарып турган алгачкы журналисттердин бири.
Сатыбалды 1928-жылдан 1935-жылга чейин 8 жылда эле жогоркудай эмгектерди калкына тартуулаган. Отуз үчүндө репрессияланган Сатыбалды 8 жылда жогоркудай орошон эмгек жаратса, кийин элге эмне деген гана эмгектерди бермек. Айтмакчы, анын чыга турган китептери (алар сөзсүз болгон) жок кылынган. Анткени, 1935-жылдын жарымынан тартып - 37-жылдары бир да китеби чыккан эмес. Ал эми жогоркудай китептерди жазган адам китеп жазбай тура алмак эмес.
Урпактарына ушунча эмгек калтырып, канаты жаңыдан жетилип келатканда ар тараптуу талантын толук ачууга үлгүрө албай кеткен С.Наматовдун ысымын Нарын университетине ыйгаруу жөнүндө өтүнүч көп мезгилден бери коомчулук тарабынан көтөрүлүп жатса да колдоого алынбай келет. Анын ысымын Бишкектин бир көчөсүнө, китепканага, мектепке берүү дагы каралууга тийиш. Анткени анын эмгеги ошого толук татыктуу.
Мен С.Наматовдун алиппелеринин сабатсыздыкты жоюуда, жаштардын дүйнөгө болгон көз караштарын калыптандырууда өтөгөн зор кызматын, эмгектеринде сабак өтүү ыкмаларынын берилишин, илимийлигин, методикалык эмгектеринин ошол башка методикалык китептер жок кездеги баалуулугун, өздөрү чала сабат биринчи мугалимдер үчүн жол көрсөткүч болгонун, аңгемелери менен ырларынын кыргыз совет адабияты түптөлүшүнө кошкон салымын ж.б. баалуулуктарын сөз кылбастан, жарык көргөн эмгектерин атоо менен гана чектелдим. С.Наматов аз жашады, бирок өткөн кылымда кыргыз элинин сабатын ачууга атан төөдөй эмгек сиңирип, орошон иш жасады. Бирок ушул кезге чейин жалпы элибизге али белгисиз бойдон калып келатканы өкүндүрөт.

Ысмайыл Кадыров,
КР маданиятына
эмгек сиңирген ишмер





  Кеп-кеңеш

Балаңыз сымбаттуу өссүн үчүн
Бизде көбүнчө - сөөгү туура өсөт, өзү тынч жатат деген мааниде, баланы тыкыйта ороп коюшат. Ал эми окумуштуулардын пикиринде баланы канчалык бош кармаса, дене боюнун өсүшү ошончолук мыкты болот экен. Дегинкиси эле баланы чытыратып таңып коюштун эч деле кажети жок, бул кандын жүрүшүнө да, сөөктөрдүн өсүшүнө, тамактын сиңирилишине да зыян. Эки айлыгына чейин баланын буттарынын арасына тегиз узун бүктөлгөн жумшак чүпүрөк коюп, аны туура жалаяк менен бекитип, жылуу жалаякка бошураак ороп, анан жуурканга оройт. Мындай учурда бутту бош кыймылдатканга болот, себеби врач - ортопеддердин айтуусунда - жамбашында тубаса майыбы бар балдарды таңуудан майыптыгы ого бетер күчөйт. Ал эми эки айлыгынан кийин, көпчүлүк убактарда жаш балага ылайык башы бүтүн, түймө шым кийгизип кармаган ыңгайлуу жана баланын кыймылдаганына да жакшы.

Буттун ийрилиги эмнеден болот?
Эң биринчи итий оорусунан. Эмчек эмген балада итий оорусуна азыраак чалдыгат. (энесинин тамактануусу туура болсо). Ал эми жасалма тамактанган балдар үчүн врач-педиатрдын айтканын бекем мактоо зарыл. Ошондой эле жалаң эмчек сүтү менен жашаган балада да бара-бара аз кандуулук пайда болот, ошондуктан мөмө-жемиш маңызы, буламык боткону да кичинеден берип көндүрүү зарыл. Бала менен ар күнү таза абада эс алуу пайдалуу. Ал эми 2-3 айлык болгондо таза абада күн сайын, 1,5 саатча 2-3 жолу уктатып алуу керек, булганч аба - итийдин душманы. Ошон үчүн баланы күнгө чыгаруу керек, бирок анын назик денеси күйүп кетпес үчүн (айрыкча март айларында) күнгө 6-7 мүнөт гана кармап, калган убакта нур курч тийбеген ала көлөкөдө кармаган ылайык.
Жаш баланы ороого же бешикке таңганда кээ бирөө буттарынын ортосуна жоон томолоктолгон чүпүрөктү кыска бүктөп коёт да, буттардын баштарын кайрып бириктирип туруп таңып коюшат. Такай ушинте берүүдөн балдардын назик чемирчек сөөктөрү көнөт да ийри буттуулукту эле механикалык түрдө пайда кылып алышат. Демек, мына ушундан ар бир эне сак болуусу зарыл.
Эми башынын формасынын калыптанышына көңүл буруңуз. Жаш баланын баш сөөгү жумшак болгондуктан, ар дайым эле чалкасынан жата берсе, башынын арты жалпак болуп калат. Дайыма бир капталына башын буруп жатканга көнүп алса, ошол тарабы сөлпү өңдөнүп калат. Ошон үчүн баланы башынан эле улам бир капталына жана чалкасынан жаткырып туруу керек.
Баланын чачынын дагы тегиз жана калың өсүшүн каалайбыз. Эгер баланын башынын айланасы кашкаланып, чачы түшүп, терчил боло баштаса - итийдин алгачкы белгиси. Бул учурда врачка дароо кайрылыңыз, ал албетте "Д" витаминин жазып берет. Аны керектүү өлчөмдөн азайтып бербеңиз, анда ал жетишсиз болуп калат, ашык да бербеңиз - зыяны тиет.

Кундуз Бейшенбек кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
18-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Баарын "политбюро" чечет
2-бет
Айтибай Баткенге кетти
3-бет
"Шишик"
4-бет
Коомдук парламент козголду
5-бет
И.Исаковдун соту- коррупциянын тазалыкка чабуулу
6-бет
- Электр энергиясынын баасынын жогорулашына сиздин көз карашыңыз?
7-бет
Сак болуңуз, той! же "Ала-Тоо" конушундагы тойдон кийинки ой
8-бет
Кайсы өлкөдө кандай тосот?
9-бет
Жаңы жылдын чыгымы - 700 млрд рубль
10-бет
АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРДЫН ИРИ ӨКҮЛҮ - САТЫБАЛДЫ НАМАТОВ
11-бет
Келенова Зауре:
" Атын алыстан угуп келдим"

12-бет
Алдыда 2010
13-бет
Евгений Сухов
14-бет
ААЛАМ АЛКАГЫНДА
15-бет
Сырдуу дүйнө
16-бет
Бекказы САДАБАЕВ, режиссер:
"Баласын таштаган энелер ойлонсун дейм"











??.??