"назарга" жарыялангандан кийин

Келенова Зауре:
" Атын алыстан угуп келдим"
"Ден-соолуктун кадырын ооруганда билесиң"- демекчи, адам баласы үчүн бул жарык дүйнөдө эң биринчи байлык ден соолук экенин ким тана алат. Ден соолук болбосо жыйган дүнүйө, салган там, алган машина көзгө көрүнбөй каларында эч шек жок. Бирок пендечилик баарын жеңип, учурунда ден соолукка карабай ооруну өтүштүрүп жиберген көнүмүш адатка айланганын биздин коноктун сөзүнөн улам билсек болот. Эмесе, сөз өңүтүн Зауре Келенова атайын келип, белгилүү дабагер Жылдыз Сыдыкова жөнүндө куруп берген маегине көңүл бурсак.

- Сиз кайсы элден, кайсы жерден, эмне максат менен келдиңиз?
- Менин улутум - казак. Алматы шаарынан келгем. Жөн келбей жан айласы кылып илгери үмүт менен атайын алыстан атын угуп Жылдыз дабагерге келген элем. Бир жарым жылдан ашык убакыт баш сөөгүм сенейип катып, кыймылдай албай калгам. Врачтар рактын башталышы деп диагноз коюп жүрөгүмдү дагы түшүрүп салышкан. Кыйын деген Кытайдын ийнесин алдым, алыскы Изираилден келген медиктерге дагы көрдүм, бирок эч кандай жылыш болгон жок. Ал турсун Алматыдагы кадыры күчтүү ооруканада бир жылдан ашуун дарыландым. Күчтүү деген дарыларды кымбатына карабай ичип, ийнесин алдым. Кыскасы, оорунун туткунунан кутулуш үчүн мен кыйын деген медиктерге барып көрүнбөдүм. Бирок эч бир жылыш болбоду. Акыры тамакты түтүкчө менен ичип калгам. Кыскасы оорунун азабын тартып барбаган жерим калбады.

- Элдик дарыгерлерге көрүнүп көрдүңүзбү?
- Бир күчтүү деген көзү ачык бакшыга барсам, "башыңда шишик бар, нервдериң ириңдеп кеткен" деп диагноз койду. Ага үч күн баргандан кийин эле андан эч ылаажы болбосуна көзүм жетип барбай калдым. Андан соң Казакстандагы Дмитровка айылында Галина Михаиловна деген орус аялга бардым. Анын дагы колунан эч нерсе келбеди. Акыры жашоодон үмүтүм үзүлүп калганда ичээр суум бар экен бир таанышымдан Жылдыздын дайынын угуп калдым. Көрсө ал таанышым токсон сегизинчи жылы баласын алып келип айыктырып кетиптир. Негизи өзүм медик болгондон кийин элдик дарыгерлерге такыр ишенчү эмесмин. Илгери үмүт менен гана акыркы мүмкүнчүлүктү пайдаланып калайын дегем.
Бул жакка келээрде нервге блокировка салдырып алып келген элем. Жылдыз дароо билди да анан айтты: "эже, сиз блокировка салдырып келиптирсиз, сизге дуба өтпөйт, алып салыш керек" - деп. Кыскасы, мен өзүмдү өлүмгө даярдап койгон элем да. Арадан үч күн өткөндө кадимкидей тамак ичип калдым. Ошондо менде кадимкидей жашоодон үмүт пайда болду. Баягы башымды кат-кат таңган таңылчактын баарын алып, өз алдымча басканда мен кадимкидей сүйүндүм. Кыскасы, Жылдыздан жети жолу ийне алдым да жыйырма төрт жолу массаж алып анан сеанска катышып мына минтип калыбыма келдим. Өткөндө Алматыга барсам мени көргөн врачтар абдан таң калышты. Алар ойлошкон экен "мени эбак эле бул дүйнө менен кош айтышты болуш керек деп. Алар дагы абдан катуу таң калып атышат, менин сакайып кеткениме. Мындай касиети күчтүү дабагерди бир эле кыргыз калкы эмес коңшу казак, өзбек элдери дагы баалап алышы керек.

- Жылдыздын дагы кандай сапатта байкай алдыңыз?
- Жылдызга келген ар бир адам жеке эле илдеттен сакайбай, ички дүйнөсү дагы тазаланат экен. Буга бир эле мисал, мен келме келтирмек турсун, келме эмне экенин билчү эмесмин. Күндө өтүп кеткен маркумдарга куран окулуп, анан сеанс башталат. Арбактарды сыйламайын эч кандай иш алдыга жылбастыгын мен Жылдызга келип билдим. Андан дагы медиктердин колунан эч жардам болбой калганда гана бейтап адамдар акыркы мүмкүнчүлүктү мендей болуп Жылдыздан издеп келишет экен. Буга дагы бир мисал: врачтар рак деп дарылоодон баш тарткан Бөкөнөй кызы Жаңылкан эженин башына жасаган операциясы эле эмне деген эмгек. Азыр Жылдыздан жүздөгөн адамдар дарыланып, эмне деп ыраазы кылышты билбей атышат. Мага Жылдыздын дагы бир сапаты жакты. Эч жийиркенбей келген адамдарын оорусуна жардам бергени болду. Эмне деген гана оору менен келип атышат. Барына текши мамиле жасап, бой көтөрбөй колунан келген жардамын берип атканы эле эмне деген эмгек? Кыргыз калкы Жылдыздай дарыгериңер бар экенине сыймыктансаңар болот. Кыскасы, мага Жылдыз экинчи жолу өмүр тартуулады. Ыраазымын Жылдыздын эмгегине.

Нурзада Керимова

Дабагер Жылдыз Сыдыкованын
дареги: Көк -Жар жаңы конушу,
Кулмурзаева көчөсү 187