Саамалык...

Бекказы САДАБАЕВ, режиссер:
"Баласын таштаган энелер ойлонсун дейм"
Жаш режиссер Бекказы Садабаев Таластын Арашан айылынан. Бир үйдүн кенжеси, анан эркеси. Англис тили жана математика багытындагы "Манас" лицейин бүтүрүп, учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин радио-телевидение, кино искусствосу бөлүмүндө соңку курста окуп жатат. Учурда "Акжолтой" деген дебют-тасмасын эки күндөн соң эл сынагына коем деп өрөпкүп турат. "Мыкты тасма тартылды дебейм. Окуп-үйрөнгөнүмдүн, жеке изденүүмдүн алгачкы өндүрүмү, "Көч бара-бара түзөлөт" дегендей, жетишпеген жактары, кемчиликтери жок эмес. Фильмди көргөндөн кийинки сөз, көз караш, пикирлер да башка мүчүлүштүктөрдү таап берер. Бул мен үчүн жакшы практика болот" дейт. Учурдан пайдаланып дебютантты кепке тарттык.

- Бекказы, искусство тармагын өзгөчө каалоосу бар адам гана тандап алат дешет...
- Албетте. Бул тармактын табияты ошондой. Ал тарапка адамдагы дегдөө, эңсөө гана чакырат. Маселен, мен режиссура боюнча ныпым түшүнүк жок бала кезден кино каармандарына аралашып кыял күткөм. Кийин эс тартканда да көркөм дүйнөгө жакын болдум. Манас айтып, ыр окуп, мини-пьесаларга катышып, интермедия аткарып, өзүбүз сценарий түзүп дегендей. Ошондонбу, дос-классташтарыма режиссер болом дегенди көп айтыптырмын. Алар да күлүп, "бизди тартасыңбы" деп калышчу. Буйрук экен, мектепти аяктап жатканда Таласка искусство институтунан барып сынак кылып, өтүп кеттим. Бирок, Бишкекке келгенде Кыргыз-түрк "Манас" университетине да тапшырып, ага да өттүм, башка факультетке. Акыры ушул окуу жайды тандап алдым, кийин факультетимди алмаштырдым.
- Бир кезде манас айтчу экенсиң. Ал өнөрдү калтырган жоксуңбу?
- Негизи кичинемде көп айтчумун. Чоңойгондо иштер да көбөйөт, кызыгуулар алмашат, өзгөрөт экен. Таптакыр таштап койгон жокмун. Дос-туугандар сураныч кылса, айтып калам.
- Франция, Швейцария сындуу өлкөлөрдө манас айтып бердиң да?
- "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр борборунун Гүлапия Алдабек кызы жетектеген "Байчечекей" фольклордук-этнографиялык ансамбли жана "Рахат" бийчилер театры болуп Францияда өткөн эларалык "Конфолан" , андан кийин Швейцариядагы "Интернационал" фестивалына 2008-жылы катышып келгенбиз. Мен урма аспаптарда ойноп, манас айтып кошулдум. Бул эки фестивалдын өтүп келатканына бир топ жыл болсо да, анда Кыргызстан биринчи жолу катышкан. Фестивалдын өзгөчөлүгүн айтсак, жандуу музыка менен бий өнөрүн көрсөткөнбүз. Биздин улуттук кийимдерибизди, аспаптарыбызды сүрөткө тартып, кармалап көрүп абдан кызыгышканы алигүнчө эсимде. Швейцарияда бизди коштоп жүргөн гид былтыр конок болуп кетти. "Абаңар таза, жериңер кооз, биздин өлкөгө окшош экен" деп, жайында келгендиктен, көнбөгөндүк окшойт, "күн ысык болот тура" дейт. Ал жакта температура түздө да, тоодо да бирдей экен.
- Эми эл сынагына коюлуп жаткан тасмаңа кайрылалы...
- Буга чейин жаратуу процессин курстук иш катары кыска тасмаларды, клиптерди тартып баштан өткөрүп калганбыз. Асанбек Кулманбетовдун "Таштанды кыз" повестине негиздеген тасманы алгач кыска кылалы деп, анан толук эле алып көрбөйлүбү деп калышты. Иштеп чыктык, сценарийин жаздым. Фильмдин өзөгүн коомдук-социалдык көрүнүш - баланы таштап кетүү маселеси түзөт. Бул жерде эне баласын таштап бир кайдыгерлик кылса, анын кийинки тагдырын ойлоп койбой эки кайдыгерлик кылганын берели дегенбиз. Чечмелесек, ал наристе, биздин тасмада кыз бала, тегин билбесе, бой жеткенде руханий, моралдык жактан жабыркабайт деп ким кепилдик берет. Маселен, жакынына турмушка чыгып алса эмне болот? Ушул суроого жооп изделет. Албетте, тарттык дегенибиз менен, машакат-убаракерчиликтер болду. Айтылуу "Бетме-бетте" Ысмайылды ойногон таланттуу актер Бузурман Одуракаев башкы ролдун бирине макул болду. Калган каармандарга кастинг өткөрдүк. Коомчулукка белгилүү профессионал деген даңкы болбосо да, чеберчилиги менен айырмалангандарды издештирдик. Негизги окуя жүрүшүн айлымда тарттым. Каржылоо жагын, башка чыгымдарды жакындарым көтөрүп колдоп беришти. Тасмада өксүк-мүчүлүштүктөр жок эмес. Көп ишти бир аткарып калганда оюң чачыранды болуп, көңүл бурулбай калган жерлер болду. Фильмге алгач сын айткан агайларым көрсөткөн кемчиликтерди оңдодук, толуктап да жатабыз учурда.
- Аягы жакшы эле бүтөбү же ойлонсун деп элге таштап койдуңбу?
- Биринчи вариантында элге таштаганбыз. Бирок кайра карап отуруп, эл түшүнгөндөй болсун, таасир калтырсын, ойлонсун деп чечтик. Айрым кинолордой "хэппи-энд - бактылуу аякталыш" жок.. Эми мен айта бергенде кызыгы кете берет, элдин өзү көргөнү жакшы го... Таасири башкача болот дейм да...

Салима Жакшылык кызы