оромпой

Айтибай Баткенге кетти
Эки үч күндөн бери настроениеси нөлдө экен деп угуп сөзүбүздү жыя электе Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев ЖКдан жылмышып, Баткен обулусунун губернатору болуп дайындалды. "Ичинен ириң өтүп турса да" кесиптештери менен коштошуп жатып, президент ага экинчи ирээт чоң ишенич көрсөтүп жаткандыгына жетине албай, Баткен обулусуна мүнөздүү суу, чек ара, миграция жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө бар аракетин жумшарын билдирди. Эскерте кетсек, эски испикер Ноокатта иштеп, 2005-жылы Кызыл-Кыя шайлоо аймагынын Жогорку Кеңештин III чакырылышына "Алга, Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Кийин 2007-жылдын декабрында ошол парламентке "Ак жол" партиясынан депутат болгон.


  Түлкү күлүгүн сүйбөй...

Жалалабаттык Ташиевдин ордуна жалабаттык Төрөбаев барды

Автобиографиясын аңтарып көрсөң, Бакыт Төрөбаев менчик ишкананы жетектеп, анан "Ак жол" партиясынан депутат болуптур. Болгону ушул. Бирок, жакында эле ажо жердешинин буйругу менен олчойгон өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башына барып отурду. Орусиянын ошондой министрлигин башкарган Шойгуну эстеп алып... оозубуз Жалал-Абадды карап калды.


  Ажонун кичи Мекенинде

Жалал-Абадда газ жок
Кечээтен тарта облус борборуна газ берүү токтотулду. Облустун көгүлтүр отсуз калышын газ башкармалыгы карызга байланыштуу Өзбекстан чектөө киргизгендиги менен байланыштырууда. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган жалалабаддыктар эми электр тогубуз өчпөсө экен деп тилешүүдө.


  Өйдө кулаган таш

Абышкаев "юстициянын генерал-майору"
Курманбек Бакиевдин дагы бир жарлыгы менен (Акаевдин бийлигинин тушунда баш прокурор болгон) Аксы окуясы боюнча андагы "каармандардын" бири Чубак Абышкаевге кайра аттестациялоо иретинде "юстициянын генерал-майору" деген аскердик наам берилди. Баса айтмакчы, Ч.Абышкаев үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында аскер сотунун төрагалыгына дайындалган. Оппозиция Ч.Абышкаевдин аскерий наамга ээ болушун мурдагы коргоо министри, экс-коргоо министри И.Исаковдун үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүүнү бийликке ылайыктуу чечүү максатында болду деп жар салууда. "Ичиң күйсө, туз жала" деген ушул окшобойбу...

  Актеректен көк терек

Адилет министрилигине Абдиев келди
Мурдагы күнү мамлекет башчынын буйругу менен адилет министри болуп Курмантай Абдиев дайындалды. К. Абдиев мурда Башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.


  болот курчуп...

Жанузаков ооруканадан чыгып кетти
А.Акаевдин учурундагы Коопсуздук кенешинин катчысы, "Кут" партиясынын лидери Болот Жанузаковду 9-декабрь күнү үйүнүн кире беришинде белгисиз бирөөлөр сабап кеткенин, кол салууну болсо анын жакындары саясатка байланыштырып жатышканын, анткени, партия жетекчиси Таласта өтө турган Чыңгыз Айтматовдун мааракесине Акаевди алып келүү үчүн жигердүү аракеттерди көрө баштаганын өткөн саныбызда кабарлаган элек.
Баса, Болот мырза ооруканада жата берүүнү оңтойсуз сездиби же коркунучтан оолак болгусу келдиби, балким башка себептер барбы, айтор толук сакайып бүтө электе эле үйүнөн дарыланууну чечип, кечээ ооруканадан эртелеп чыгып кеткенин уктук.

"Назар"-Пресс





  Акыркы чечим

Укук коргоочунун тууганы соттолду
Далайдан бери Жети-Өгүздөгү "Карек" бейөкмөт уюму канадалык "Кумтөр голд компаниден" Барскоон кырсыгынан жабыркагандардын укугун коргоп, ар кандай иш чараларды уюштуруп келген. Ошол "Карек" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын бир тууганы Бактыгүл Иманкожоевага Жогорку сот Жети-Өгүз райондук соту тарабынан чыгарган өкүмдү күчүндө калтырып, эки жыл берди.

Алло,
"Назар"...
Күн сайын түркүн телефон чалуулар… Бири азыркы бийликти ашатып сөксө, бири акыйкат издейт. Дагы бири ыйлайт, бири күлдүрөт, кыскасы миң кырдуу турмуш. Ушундан улам окурмандардын суроо- талаптарын, ой-пикирлерин гезит бетине жарыялап турууну туура көрдүк. Андыктан көкүрөгүңүздөгү көөдөн тиреген соболдоруңуз болсо, "Назарга" чалыңыз, электрондук почта жана Кыргыз почтасы аркылуу жөнөтүңүз. Биз ар дайым сиз мененбиз, окурман!
Телефон номурубуз бул:
31-29-49.
Электрондук дарегибиз: gazetanazar@yandeks.ru
Жайгашкан жери: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 167.



Нурлан Акунов,
Балыкчы шаары:
- Өлкөдө кандай гана окуялар болуп жатат. Мени таң калтырганы Темир Сариедин ак же көк дебей, унчукпай турганы кейитет.

Тилек Ирсалиев,
Москва шаары:
- Гезитиңерди интернет аркылуу окуп жатабыз. Окумдуулугуңар артып баратат. Сиздерге бул жактагы кыргыздардын турмушу жөнүндө бир топ маалыматтарды электрондук дарегиңерге жөнөттүм. Мүмкүн болсо ошону жарыялап койсоңуздар экен. Баса, азыр Болот Шерниязов кайда жүрөт. Ооруп жатат деп уктук эле?

Лейла,
Бишкек шаары:
- Силер жарыялаган номинациянын катарына жылдын укук коргоочусу жана жаштар арасындагы активист деген номинацияны да кошуп койсоңуздар деп өтүнөр элем. Андай дегеним гезитте, жаштардын жакшы рубрикасы бар эмеспи.

Ишен Оболбеков,
Бишкек шаары
- Памирлик кыргыздар аттуу макаланы окудум. Анда көтөрүлгөн памирлик кыргыздардын маселесин мамлекеттик деңгээлде карап көрүш керек. Ал экспедициянын ишине чет өлкөлүктөр да кызыгып атат. Ошол эки материал менен эле чектелип калбай, маселени чечүүгө аракет жасаш керек.