Кемин көтөрүлүш алдында...

"Ынтымак эмес, Ыдырамай Курултайы болгону турат..."
Эки тараптын Курултайы жакындаган сайын, эки жактын жактоочуларында уйку жок. "Ынтымак Курултайына баягы эле "дүжүрлөр" шайланууда. Эл каалаган киши шайланбай, маселе каралбай калды" деп жер-жерлерде нааразычылык күчөгөндөн күчөп барат. Анын бири - Кемин шаарчасында. Бул маселе боюнча бизге коңгуроо кагылып, барып калдык.


Жаш келинге эрегишкен айдоочу...

"Бишкек-Кемин" марштруткасына отурдук. Акырында жаш эки келин келип, арткы орундуктан орун алаары менен айдоочу жолкире сурап калды. Келиндердин бирөө: "Кичи-Кеминге" деди. "Бул барбайт" десе, "Апей, кайдагы Кичи-Кеминди эстедим. Жаңы-Алышка" деп сөзүн оңдоду. Аны уккан алдыда олтурган кары апа: "Мунун баары жашоо-шарттын кыйындашынан..." деп койду эле, бири жолкирени, бири шекерди, бири самынды, бири суунун кымбатташын саймедиреп, Өкмөткө наалат айтып жатып калышты. Бир аз жүргөндөн кийин, сүйлөгөндөн чарчаштыбы же ойлонгондонбу, айтор, көөшүлүп уйкуга кетишти. Токмоктон өткөндөн кийин, айдоочу 180 ылдамдык менен зуулдап айдап баратты эле, колунда кичинекей баласы бар келин: "Нормалдуу айдаңыз..." деп коркконунан кыйкырып жиберди. Дароо 60га түшүп, "Ушинтип баралыбы?" деди. "Ооба" деп ачууланды. Таш бакадай жайлап калган маршруткага бирөө нааразыланып: "Эрегишпей нормалдуу айдабайсыңбы" десе, айдоочу укмаксанга салып, музыка угуп баратты... Кыскасы, эл жүзүндө күлкү жок, зырпылдаган эле адамдар. Ачууланган, жинденген, сөгүшкөн, жакалашкан...

"Кеминдиктер көтөрүлсө, токтотуу кыйын ..."

Автобекеттен түшөөр менен эле "каякка барасыз?" деп колуңдагы баштыкты ала коюп, таксисттер тосуп алат. Алардан "пикет болуп жатыптыр го" деп дарек сурасак, "баягы күнү, ак-талаалыктар жөө жүрүш жасашыптыр. Биз аларга кошулабыз" деп, ушул автобекетке бир аз эл чогулган. Анан эле "жол жабылды, эл күч менен таратылды" деп угуп калдык. Бийликке нааразы болуп, эл тарап кетишкенин, кеминдиктер көтөрүлсө, токтотуу кыйын экендигин айтышты. Бир топ сүйлөп койгондон кийин, "Силер журналистсиңерби? Кайдан келдиңер?" дешти. "Бишкектен келдик. "Назар" гезити" десек, "былтыр суу көйгөйүн жазып кеткенсиңер ээ. Силер жазгандан кийин, суу токтобой калды" деп ыраазы болгондой болушту. Таң калганыбыз, биринен бири өтүп, суранпай эле сүйлөп жатышты. А былтыр, ошол өздөрү айткан суу көйгөйү боюнча жооп берүүдөн баш тартып коюшкан эле. Азыр болсо кымбатчылыкты жон териси менен сезип, агынан жарылайын деп калышканын баамдадык.

"Арыктан аккан сууга акча төлөп жатабыз, бул эмне деген шумдук?!"

Айыл өкмөтүнө чейин элдин жашоо-шартын сурасак, "өтө начар" деп баары нааразы. Нааразыланган элдин үймөлөктөшүп калганын өзүбүз да байкабай калыппыз. Ар кимиси ар кандай көйгөйдү айтып, өзгөчө өкмөттүн акыркы чечимдерин айтып, ачууланышты. "Баарыңардыкы эле бирдей көйгөй экенин билип турганыбызды, бирден сүйлөшүн сурансак, окшош болбош үчүн "ар тараптуу көйгөйдү айталы" деп бир чечимге келишти. Нина аттуу пенсионердин баштап беришин айтышты. Ал "Биз, чынында баарын көтөрүп келдик. Өкмөттүн акыркы кадамдары жаныбызды кашайтышты. Тарифтердин кымбатташына каршыбыз! Ысык сууну кымбаттатканы аз келгенсип, муздак сууну да кымбаттаттышты. Ал эле экен десек, "арыктагы сууга да төлөгүлө" деп чыгышты. Арыктагы сууга 20 сом, сугатчыга 20 сом төлөгүлө" дейт. Бул эмне деген шумдук?! Бул жөнүндө аким да, айыл өкмөтү да эң сонун билет. Мурда эле оңой менен тоотпогон азыр тоотмок беле. Президенттин курултайына кам көрүшүп, күнү-түнү уктабай чуркап жүрүшөт. Элди ойлогон эч ким жок. "Чоңдорго наалат!" деп сөзүн бүтүрдү.

"Курултайга эл көйгөйүнүн бири да кирген жок..."

Пенсионердин сөзүн улай, Өмүрбек аттуу аксакал сүйлөдү. "Ынтымак Курултайы эмес эле, ыдыратмай Курултай болгону турат. Анткени, эл нааразы. Бул Курултайга биздин көйгөйдүн бири да кирген жок. Ишенбесеңер, айыл өкмөтүнө барып сурасаңар, эмне деген маселени кийригенин... Эл маселесинин баарын айыл өкмөтү жакшы билет. Бирок, уккусу жок, атүгүл жооп бергиси да жок. Бир нерсе болсо эле, жардамчысына же жооптуу катчысына жиберип коет. Алар эл үчүн эмес, бийлик үчүн гана отчеттук документ даярдап калышкан. Бизде, бийликке көз карандысыз Аксакалдар соту бар. Жакында эле мөөрдүү болушту. Аларды 4 жылга эл шайлаган. Болгону 5 киши: Абдувалиев Кемелбек - врач, 78 жашта, Бейшеке Жумадилов, 78 жашта, Гүлай Бейшекеева, 47 жашта, Мамбеткалиев Калыбек, 45 жашта. Алардын төрагасы Самыйбек Курманалиев. Ал милиция тармагында 25 жыл эмгектенген. Кесиби менен Кемин, Токмокто иштеп, пенсияга Бишкек шаарындагы ИИМден чыккан. Аны шайлап алганыбызга бир жарым жыл болду. Жакшы иштеп жатат. Болгон арыз-муңду ушуларга айтып, алар четинен чечип жатышат. Бирок, айлыктары өтө аз. Алар айына 100 сомдон гана алышат. Иштеген киши албай, иштебегендер акчаны көп алып жатышпайбы..." деп кейиди аксакал.

"Койго паспорт эмес, небереге күбөлүк ала албай жүрөбүз"

"Аксакалдар соту элди нааразы кыла элек. Жазган арызыбыз көз жаздымда калган жок. Айтылып жаткан сөздүн баары кашкайган чындык. Бюджетте иштегендер деле бийликке нааразы. Мугалимдер, врачтардын алган айлыгы 1000-2000 сом экен. Алар: "Айлыкты көтөрбөй туруп, электрди кымбаттатып жибергендери туура эмес. 2000ден ашык акча жазылган кагаз колубузга тийип жатат. Алганыбыз болбогон акча болсо, аны кайда жеткиребиз? Бул маселе боюнча көтөрүлүшкө чагабыз" дешүүдө. Былтыр, биз светке, киши башына 240 сомдон төлөсөк, быйыл 340 сомдон төлөп жатабыз. Мындай сумманы карапайым эл көтөрө алабы? Көп балалуулар кантип төлөйт?
Баарынан да күлкү келээрлик иш - койдун паспорту. Койдун паспорту эмес, адамдын паспортун тыңгылыктуу бүтүрүп бере албай жатышат. Өкмөттүн мындай чечимине айла жок күлдүк. Койлорго паспорт эмес, небереме күбөлүк ала албай жүрөм" деди Зууракан айым.

"Эл оппозициянын Курултайына камданууда"

Элден Аксакалдар сотунун төрагасы Самыйбек Курманалиевдин дарегин алып, ага барсак, келинчеги ороодон кулап кетип, белин кокустатып, төшөктө жатып калгандыктан, акыркы кабарлардан кабары жоктугун айтканы менен, эл кымбатчылыкты жаман кабыл алганын айтты. "Азыр арызчыл болуп кетти. Мисалы, 2008-жылы 12 арыз карасак, былтыр 78 арыз карадык" дейт Самыйбек мырза. "Мунун баары жашоо-шарттын жамандыгынан келип чыгууда. Эл бийликке нааразы болгону менен оппозициядан үмүт үзө элек. "17-мартта, оппозицияга үн кошобуз" деп алардын курултайын чыдамсыздык менен күтүүшүдө. Турмуш оңолбой эле, оорлоп баратканынан улам, эл жарылайын деп калды. Ишенбесеңер, көчөдө кетип бараткан бирөөнү эле токтотуп сурасаңар, агынан жарылат" дейт Самыйбек мырза. Алар менен сүйлөшкөнүбүздү айтсак, аргасыздан күлдү. Ал эми 78 арыз бизди кызыктырып, сурасак, "Талаага малдын кирип кетүүсү боюнча, окубай калган балдардын көйгөйү, башка динди кабыл алуу маселеси, ит кабуу, үй-бүлө урушу, өз алдынча жер ээлеп алуу жана эң чоң маселе - карызды өндүрүү". Самыйбек мырзанын сөзүнө таянсак, карызга акча берип, ала албай жүргөндөрдүн саны көп. Өтө кеч кайрылып калгандыктан, Орусияга көчүп кеткендери бар.

Айтылбай
турган сөз эле...

Канча айыл аралап, далай эле айыл өкмөтү менен баарлашканбыз. Бирок, кеминдиктердин айыл өкмөтү Кыдырбек Копжашаровдой адамды көргөн эмеспиз...
Былтыр суу маселеси тууралуу жазганы барганыбызда да ордунан кармаганбыз. Анда да "аким чакырып жатат, чогулуш болот" деп орун басарына дайындап, маектен качкан. Мында да акимге кетиптир. Күтүп туруп, акыры жолуктук. Бирок, биз күткөндөй болгон жок. "Өзүңүзгө тиешелүү суроо көп" десек, "силердин гезит эмне болгон гезит? Эмне жөнүндө жазасыңар?" деп суроо узатты. "Элдик гезит. Элдин көйгөйүн жазабыз. Эл кымбатчылыктан кыйналып жатыптыр. Бул маселе боюнча кандай чара көрүүдөсүздөр?" десек, "Мунун эмне кереги бар? Муну жазып эмне кыласыңар?" деп кайра бизге суроо артынан суроо узатты. "Буга жооп бергиңиз келбесе, Ынтымак Курултайына кандай даярдык көрүп жатасыңар?" десек, бошобой жатканын айтып, сөзүбүздүн аягына чыгарбай, кабылдамасындагы эжени чакырып, бизди жооптуу катчысына алып баруусун өтүндү. "Баргыла, бардыгын ошол киши билет. Анын жообун менин жообум кылып жаза бергиле" дебеспи...
Жардамчысы жооптуу катчысы Салтанат Абдылдаевага алып барып, "Курултай маселеси боюнча айтып берсин" деди эле, Салтанат айым: "13-февралда Курултай өттү. Курултайды Кыдырбек Төлөгөнович өзү ачты. Ага 250 делегат шайланган, келгени 204 киши болду. Ынтымак Курултайына - Омуралиев Нурбек Жылдызевич көрсөтүлүп, мандат алды. 202 колдоп, экөөсү унчуккан жок. Нурбек Жылдызевич 1957-жылкы, кесиби - инженер-электрик. Учурда райондук электртармагында диспетчер болуп иштейт. Дагы эмне керек?" деди.
- Делегаттар кандай маселени сунушташты?
- Сунуштар болгон жок. Шайланган киши элдин жагдайын жакшы билет. Себеп дегенде, өткөн чакырылышта райондук депутат болгон.
- Тарифтердин кымбатташы боюнча сунуш болгон жокпу?
- Болгон жок. Урап түшүп жаткан тамдардын токтолушу жана таза суу маселеси сунушталды.
- Элдин эң биринчи маселеси сунушталбаса, анда "дүжүр" делегаттар шайланган турбайбы?
- Жок, "дүжүрлөр" шайланган жок.
- Мисалы, "Ата Мекен", Социал-демократтар партиясынан шайланган делегаттар барбы?
- Бар. Бардык партиядан бар.
- Сиз айыл өкмөтүнүн атынан сүйлөп жатасыз да, туурабы? Эки суроо туулууда. Тарифтердин кымбатташын кандай кабыл алдыңыз? Айырма бар бекен? Экинчи суроом: Эл менен тыгыз байланышта болуп, калыстык менен иштеп жаткан Аксакалдар сотунун айлыгы көтөрүлөбү?
- Ой, билбейт экем. Муну өзүнөн сураңыз...
Кайра айыл өкмөтүнө кирсем, "эмне болду?" дейт. Жогорудагы эки суроону берсек, тарифтердин кымбатташы боюнча "аны жазып эмне кыласыз? Ал жоопсуз калсынчы" деп, аксакалдардын айлыгынын көтөрүлүшү боюнча бухгалтери жакшы билээрин айтып, ага жөнөттү. Болбой эле, "келечекте бюджеттен каралабы?" десек, "эртең, бүрсүгүнү каралат" деди.

Чок баскандай чочуп...

Жооптуу катчысына кирип, сүрөтүн алып жатсам, айыл өкмөтү артыбыздан чуркап келип, "Силер оппозиция гезит турбайсыңарбы. Эч нерсе жазбагыла. Кереги жок" деп. Мамлекеттик кабарчы баладан сураса, гезитибиздин багытын жакшылап түшүндүрүп бериптир. Жооптуу катчысы дагы ашык сөз айтылбаганын, Курултай жөнүндө гана айтканын, ал эми тарифтер жөнүндө жазбай эле коюубузду суранганын айтты эле, "ии, ошондойбу деги..." деп жүрөгүн басты.

Угушубузга караганда, айыл өкмөтү биздин жердеш, таластык экен. "Сен менин досумсуң, бирок чындык артык" деп Сократ айткандай, чындык улук болгондуктан, жердештигине карабай эле, болгонун болгондой жазып койдум.

Назира СААЛИЕВА,
Бишкек-Кемин-Бишкек