Турмуш күзгүсү

Журналист кыз "сойкуга" айланганда...
Сойку жөнүндө айтып да, жазып да бүтө албай келебиз. Өчөшкөнсүп, алардын саны көбөйүп барат. Мурда алар саналуу гана жерде болсо, азыр бардык жерден кезиктирүүгө болот. Эч нерседен кабары жок, таза сезим менен келген кыздарды алдап, ар кандай жол менен өздөрүнө кошууга далалат жасашат.
Сиңдим Мадина "кругубузга кошулбайсыңбы?" десе, "макул, үйдөн суранып келейин" дегенин бизге айтты. "Эмне болгон кыз, ичпейби, чекпейт бекен?" деп сураштырсак, "билбейм, Ноорузга карата ырдайбыз го дейт" сиңдибиз. Шек санап, ал айткан дарекке барсак, жаңылбаппыз. Сойкулар... Өзүн "Гүлнур" деп тааныштырган базар сойкусу менен "жумуш издеген" кыздын кейипкерин кийип сүйлөштүм.


- Айылдан келип, акчадан абдан кыйналып кеттим. Ушул кесип менен деле иштей берет элем. Күнүнө канча табасыңар?
- Жумушка орношуш үчүн Зуура жеңем менен сүйлөшүшүң керек. Ал баарын түшүндүрүп берет.

- Ал сенин жеңең болсо, анда мени ишке алышын өтүнчү...
- "Жеңем" деп айтып алдымбы... Жеңем экенин бул жердегилердин эч кимиси билбейт. Сен да эч кимге айтпа. Өзү укпасын, сени "кругга" кошом деп өзүм четтеп калбайын.

- Макул, эч кимге айтпайм. Байкеңер билет да, ээ?
- Мени эмес, жеңемдин иштерин билет. Мен болсо, "тигүүчү болуп иштейм" деп койгом. Билип калса, мойнумду жулуп алаар. Тигинде турат, барып сүйлөшө бер деп жеңесин көрсөттү (кара торусунан келген, 45 жашка чамалап калган жеңеси мени суракка ала баштады - авт.).

- Буга чейин кайда иштедиң эле?
- Эч жакта. Айылдан жаңы келип, иш таппай жүрөм. Майрамга карата тыйын-тыпыр таап алсам дедим эле...
- Биз өз кардарларыбызды тейлейбиз. Алар ар кайсы улуттан, жашы да ар кандай. Дайыма келип жүргөндөрдүн өз кыздары бар. Эгер биз менен иштешем десең, бүгүнтөн баштап иштейсиң. Айылдан келсең жарытылуу деле кийимиң болбосо керек. Иштесең алып берем. Бул жакта иштесең өзүңдүн тапканыңдан тышкары кардарды тейлегениңе жараша акча аласың. Кафелердегидей "чыйбый" бизде дагы болот.

- Майрамдарды кантип майрамдайбыз?
- Майрамда да иштейбиз. Ал күндөрү кардарлар өтө көп. Айрымдар майрамдатып кетишет. Баса, орусча билесиңби?

- Мектептен окуганбыз. Бир аз түшүнөм.
- Эми сага биздин терминдерибизди үйрөтүшүбүз керек, алар орусча. Кээ бир кардарларыбыз кыргызча сүйлөшпөйт. Алар менен сен кантип иштешмек элең. Орусчаны начар билсең, анда биз сени ишке ала албайбыз.

- Үйрөнөм да эже. Азыр акчадан кыйналып турам, ишке алыңызчы...
- Сага орусча үйрөтчү менминби... Буга чейин эшек такалап жүрдүңбү!? Менин карамагымдагы кыздардын кардарлары өңчөй крутойлор. Алар менен орус тилинде сүйлөшүү керек. Сен эртең келсең, бир кызга кезиктирем. Ошол сага окшогон "колхоздор" менен иштешет.

- Бүгүн эле кезикти-риңизчи...
- Жок, болбойт. Эмне мынча жалооруйсуң?