Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 3

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 3

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 3



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 3

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 3

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 3
п»ї
  Экономсереп

Кубанычбек Идинов:
"Өз агасын агалай албаган..."
Өлкө дараметин материалдык жана рухий байлыгы - экономикасы жана маданияты аныктап турат дешет. Ушул эки көрсөткүчтө алдырбаган өлкө гана жаңыча иш тажрыйбаны талап кылган рынок экономикасы шартында жөндөмдүү. Бул жагына Кыргызстан экономикасы кандай абалда? Статмаалыматтар турмуш чындыгы менен шайкеш келип жатабы? Экономика илимдеринин доктору, профессор, саясат таануучу Кубанычбек Идинов кыргыз экономикасы жаатында өз ойлорунан бөлүшөт.

- 2009-жыл боюнча Өкмөттүн отчетун уктуңуз да, ИДПны - 2,3 пайыздык, инфляция көлөмүн - нөл пайыз менен жыйынтыктаганыбызды. Кийинки жылга 5,5 пайыздык өсүш күтүлөт экен...
- Өткөн жылды нөл пайыздык инфляция менен аяктадык дегендик туура эмес кеп. Жылма инфляция деген бар. Евро, доллар курсу бир орунда турган болот, а бирок товар, продуктулардын баасы көтөрүлө берет. Ачык байкалбай, астыртан жүрөт. Ал инфляциянын жаралуусунун эки себеби бар: биринчи, товар өндүрүүчүлөргө тарифтер көтөрүлгөндө чыгымы арбыйт, сөзсүз сатык баасын жогорулатат. Ал мыйзам ченемдүү, чыгаша-киреше айырмачылыгын салмактоо жолу. Бирок, керектөөчүлөрдүн чөнтөгүнө таасири оор болууда. Экинчи, ИДП өскөнү менен эл саны да өсүп жатат. Калктын аз камсыз катмарын колдоо үчүн, пенсияга, социалдык төлөмдөргө кетип жатат. Анан электр энергиясына, жылуулукка тарифти көтөрүп жибердик. Элдин реалдуу кирешесине түздөн-түз таасир этип жатат, күтүлүп жаткан 5,5 пайыздык ИДП өсүшү сезилбей да калышы мүмкүн.
- Тарифтерди көтөрүү саясатычы?
- Техника менен өткөргүчтөрдүн чын эле эскилиги жетти. Айтылган аудит реалдуу жүргүзүлсө, туура чечилет деп ойлойм. "Кумтөрдү" анализ кылып жатканда, америкалык бир компания келип кандай аудит болгонун билем. Кимдир бирөөнүн ыңгайына жараша салмактабай, реалдуу болушу керек. Негизи - экономиканы жандандырууда, мисалы, "шоковая терапия" деген бар. Польшада болгон, Россияда Гайдар аракет кылды эле. Коом өзүнө оор тийген реформаларды жасоочуларды сүйө бербейт. Бир учурдагы оорчулукту эл көтөрө албайт. Нааразычылык импульстары байкалып жатпайбы. Экономикалык жактан өзүн актаган күндө да, элге карап иш кылыш керек, башка ыңгайын карап...
- Экономиканы жандандыруу дейсиз, деги эле ички рынокто, сыртка кайсы статьялар боюнча чыгып жатабыз?
- Энергетика, жеңил өнөр жай, айыл чарба продукциясы: жашылча-жемиш, жүн, тери продукциялары, чийки зат түрүндө алып чыгып жатабыз. Албетте, алтын. Экспортко чыгып, Лондон биржасынан сатылып, үлүшүбүз келип жатпайбы. Анан сейрек кездешүүчү металл.
- Бирок экспортубуз импорттон аз, баланс да жок...
- Балансты сактай албайбыз. Эгер сактайбыздын аракетинде болсок, биринчиден, сырткы агым токтобойт. Себеп дегенде, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз. Каяктан жибербесин, 10 пайыздык бажы төлөмүн төлөйт да, мейли, Африка, Чили, Венесуэлабы, келе берет. БДС уюмунун уставы ошондой. Экинчи жагы, күч менен токтотуу мүмкүн эмес. Экономикалык дараметибиз жетпейт. Экспортту колдоого алышыбыз керек, ал мамлекеттин экономикалык кубаттуулугун тастыктайт. Ишкерлерге узак мөөнөткө жеңилдетилген кредит беришибиз керек. Эларалык рынокторго арбын чыксак, бардар өлкө болмокпуз. Андай системага жетелекпиз. Кошумча пайданы башка жолдор менен, мисалы, айыл чарба продукцияларын чийки зат катары эмес, иштетип сатып көбөйтсөк...
- Маселен...
- Маселен, жөнөкөй эле сүттү алалы. Түптө кичинекей завод бар. Ысык-Көлдү толук камсыздаганга жарап жатат. Көл, Чүйдүн сүтүн Алматыга ташылып кетип, башка сүт азыктарына айланып кайра өзүбүзгө келчү. Казакстан сырье алынган баа менен иштетилгендин ортосундагы айырмачылыктан пайда көрүүдө. Бизге чоң цехтердин кереги жок, чоң ишканалардын баарын талкалап алганбыз. Чакан заводдорду курушубуз керек. Андай кылбасак, алдырганыбыз алдырган. Дүйнөлүк рынок деген толтура, суроо-талап жараткыдай продукция менен камсыздай алабыз жана алгыдай болушубуз керек.
- Ички потенциалды колдонуу жана реэкспорт басымдуулук кылат. Кытай өз товарынын бизге келип, бизден тарашынан эле 12-14 млрд АКШ доллар өсүштү алыптыр. Бирок Казакстан Кытайдын контрабандалык товары силерден келет деп кыйыр карап, Россия салкын мамиледе... Жакында Бажы союзу иштеп баштайт. Биз экономикалык блокадада калганы турабыз...
- Ал туура, биз кандай болбосун, Бажы биримдигине киришибиз керек. Казакстан, Россия, Беларусь бирикти, Украина кириши мүмкүн. Бизде алар менен түшүнүшпөй калгыдай тилдик тоскоолдук жок, мурунку каналдар, транспорттук инфраструктура бар. Негизги соода-сатыгыбыз ушул өлкөлөр менен. 70 пайызы - Россия менен Казакстанга тиешелүү, импорт, экспортту кошуп алганда калган 30 пайызы башкалар менен. Бөлүнүп калсак, албетте, кысымда калабыз. Кытай менен сооданы арттырганда, алардын продукциялары сапат жагынан канааттандырбай жатпайбы. Орой айтканда, курт жебеген жашылча-жемиши келип жатпайбы.

(Уландысы 10-бетте)

(Башы 5-бетте)

- Тил табышканга саясый оюнкарактыгыбыз тоскоолдук кылып жатат да?
- Чоң маселелердин бири - "Ганси" авиабазасы болуп жатат. Транзиттик деп каралганы менен, Америка Афганистанга жүктөрүн Пакистан аркылуу жөнөтүп жатат. "Пакистан аркылуу жеңил болуп жатат" деп, АКШ Россия эмне жиберип жатканыбызды көзөмөлгө албасын деп бизден жөнөткөндөн кооптонгондой. Эми бир чечим үчөөнүн ортосунда болушу керек. Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча 1,7 млрд түзүп жатканда, Россия менен макулдашуу 50-50 пайыздан деп сүйлөшүлгөн. Энергияны Афганистанга, Пакистанга, Индияга чейин сатабыз деген мүмкүнчүлүк тээ союз кездеги генпланда каралган. 110-линия Торугартка чейин жетип, карагайлар, зымдар жарым-жартылай даяр турат. Кытайдан 250 млн доллар албадыкпы, "бул жагын улантып кургула" деп. Россия, Кытай, анан биз, мейли, үч кожоюн бололу, бирок айкын, так саясат керек эле. Экономикалык жактан биз Россияга, Кытайга кызыкчылык жаратабыз. Ортодо кан жүгүртүп тургандай тамыр болушубуз керек. Россиядан келген товарларды Кытайга, андан башка өлкөлөргө өткөрүп, алардан Россияга алып өтүп, ортодо соода кылышыбыз керек...
- Орусиядан алынган нефтиден реэкспорт менен пайда таап жатасыңар дегендей кине коюлуп жатат дешет го...
- Бул ыкма илгертен эле бар. Улуу Жибек Жолунда ушул функция аткарылчу. Өз аймагынан кербендерди тосуп, коопсуз узатуу дегендей. Андай ыкмага географиялык шартыбыз да ылайыктуу. Ош менен Сары-Таш аркылуу курулуп жаткан темир жол Өзбекстанга кетсе, ал бир жагы болуп калат. Экинчи канаты - Торугарт аркылуу, Казакстандан нары карай кетсе. Казактар Үрүмчү аркылуу жүргүзөбүз деп жатпайбы, бирок Пакистан, Индияга биз аркылуу жеңил да. Бизде деңиз болбогондон кийин кургактыкты пайдаланышыбыз керек. Башкы маселе - ачык сүйлөшүүдө, ким канча чыгарат, канча үлүшүн алат деп. Дүйнөлүк кризис болгон учурда, бир пайдалуу жагы - тандалмалуу арзандоолор болот. Маселен, Россиядан жыгач, темир алып келип, Кытайга эле сатып ийели. Экономикада чоң роль ойнобойт, рентабелдүүлүк 20-30% болгондо эле, пайдасы канча?! Бизнесмендердин ишмердигин оңдогонго шарт жакшырат да. Чоң экономикада кичинекей мамлекет катары балыктай туйлап орун издешибиз керек өзүбүзгө.
- Масштабдуу рынокторго түз чыкканга мүмкүнчүлүк жокпу? Шанхайдагы ЭКСПО-2010го катышканы турабыз, бирок чектелгендейбиз...
- Эларалык көргөзмөлөргө чыгуунун өз критерийлери болот. Мен билгенден мурда бул барат, бул барбайт деп Өкмөт аныктап койчу. Ал - административдик-командалык системанын экинчи формасы да. Тааныштар, таанымалдар, кудуреттүүлөр барып, жеке кызыкчылыкка басым жасалып кетчү. Мына Германия эки жылдан бери табигый таза продукциянын көргөзмөсүн уюштуруп жатат. Мүмкүнчүлүктү качырбай, ал жерден еврорынокторго чыксак болот. Өз жүзүбүздү таанытышыбыз керек. Экономикалык дипломатия жакшы иштешиши керек, б.а. элчилер. Экономикалык дипломатия деген эмне? Куру саясат эмес, ал тышкы экономикадагы аба ырайды байкоо, маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, көргөзмөлөрдү уюштуруу, экспортко чыгуучуларга көмөк кылуу ж.б.. Анан бир маселе, өнөрчүлүк, ашпозчулуктун табылгаларын жандандыруу керек. Алар башкаларга экзотика сыяктуу эле. Бир мисал, эжигей деген жок болду, аны Болгариядан татып көрдүм. Беларуста кургатылган кымыз дегенди чыгарган кыргыз жигит бар. Патенттеппи же башка жолубу, өзүбүзгө алыш керек. Мына, боз үйдү казактар алып жатат.
- Рынок маселесин чечүүдө эркин экономикалык аймактардын ролу чоң болот дешет...
- ЭЭА - инвестиция тартууга багытталган зоналар. Илгери эле Нарын ЭЭА деп баштабадык беле. Кытайдын инвестициясына багытталган жай болгон. Бюрократиялык ж.б. шылтоолор менен аны жок кылдык. Кийин ЭЭЗ Караколдо түзүлгөн, айрым соода точкаларын калып, ал дагы иштебей калды. Иштеп жаткан бир эле - Бишкек ЭЭА. Экономикалык зоналардын бир багыты - чет жерден инвестицияларды алып келүү болчу. Биргелешкен өндүрүш түзүп, продукцияны өздөрү алып кеткендей кылып. Нарын ЭЭАын түзүп жатканда, жалпы соода анклавын түзүү идеясы бар болчу. Нарын толук кирип, Кытайдан, Кашкардан беркиси кирмек. Кытайдын дүйнө жүзү боюнча 14 экономикалык зонасы бар да. Орточо эсеп менен бир жылдык өсүшү кийинки 20 жыл ичинде - 14%дан кетип жатат да. Кытайдын 8%дык өсүүсүн тартып жаткан ушулар.
- Экономиканын өсүшүнө узак мөөнөттүк пландоо зарыл экен. Бир учурда Курманбек Бакиевдин экономикалык-социалдык өнүгүү программасы айтылган, негизги карманган приоритеттерибиз экологиялык таза продукция жана туризм болот деп көрсөтүлгөн...
- Бизде узак мөөнөттүк пландоо, прогноз бар, 2030-жылга чейин. Мен өзүм авторлошмун ага. 2020-2025-жылдарды да караганбыз өз-өзүнчө. Приоритеттүү тармагыбыз азыр кайра иштетүүчү сектор болот. Мурда биз айыл чарба деп, табигый турушунда сатканда, пайда көп түшпөйт экен. Өзүбүз иштетсек, жумушсуздук да азаят, айылды да көтөрөбүз. Бир курдай өкмөт жакшы көңүл буруп баштаган. Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы деп чыкпады беле. Бирок өз мөөнөтүнө болжолдуу эсептеп алып, ошого жараша жасап жатпайбы. План деген премьер-министр барбы, жокпу, ага көз каранды болбошу керек. План кошо кетпейт, кийинкиси ошону улантышы керек. Негедир, экономикалык-социалдык программаны калтырып коюшту, конкреттүү көзөмөлгө алышпады.
- Сиздер эмнеге карап анализ жасайсыздар?
- Өнүгүү тенденцияларын, бизге окшогон өлкөлөрдү карап, реалдуу кандай ресурсубуз бар, кандай каржылай алабыз деп эсеп-кысап жүргүзөбүз.
- Реалдуу ресурс барбы?
- Бар. Негизи бейчеки тийишпей сакталып турган запас болушу керек. Зарыл учурда пайдалана турган резерв ар бир мамлекетте болушу зарыл. Жаманчылык болуп кетсе, кудай сактасын, отуруп каласың да.
- Камсыздандыруунун мил-деттүү түрдө болушу каражаттын бир булагына айлантуу амалы окшойт..
- Камсыздандыруу мамлекеттики болсо, нормалдуу иштесе, жакшы эле. Жеке ишмердикке байланса, элде кепилдик барбы-жокпу деген күдүк ой болот. Бул туура, дагы бир резерв. Мисалы, чет жерде экинчи банктай эле каралат. Болгону "Рентонгрупптун" тагдыры кайталанбашы керек. Ишенич болушу керек башкысы.
- Стратегиялык объектилердин арзан сатылып жатышына кандай карайсыз? Чыныгы баасынан арзан - "Түндүкэлектро" үч миллионго эле кетти...
- Акаевдин учурундагы менчиктештирүүдө итбекер кеткендер болгон. Сатпайлы, ойлонолу дегенге болбой, аягында эки кабат дүкөндөр бир пивонун баасына кеткен, 8 доллар, 11 доллар деп. Ал убакта айтышкан "Эралык фонд айтып жатат, тезирээк менчикке өткөргүлө, жардам бербейбиз, грант бербейбиз деп жатат" деп. Биздики мындай болду, "өз агасын агалабаган, бирөөнүн эшигин сагалайт" болдук. Советтик мезгилде сакталып калган байланыштарды сактай албай, океандын ары жагына ишендик. Кийин айтышпадыбы, силер тейлөөчү өлкө болгула деп. Азыр сатса, сатсынчы деп ойлойсуң. Бирок казактардын ачуу тажрыйбасы бар да, 4 млн долларга сатып жиберишип, 20 миллионго сатып алышкан. Элдин кызыкчылыгыбы же жеке адамдардыкыбы? Эсеп палатасы менен депутаттык комиссия текшерип турушу керек.
- Азыркы процессти билесиз да, ким чечип, ким коерун, көзөмөлдөөчүлөр кимдер экенин. Бажы биримдигине кирсек, утуш алабызбы?
- Алыскы туугандан жакын кошуна артык. Киришип-чыгышасың дегендей. Дүйнөлүк валюта кору Россияны Европа рыногун ресурсу басып кетет деп коркуп албай жатат. Ага байланган Казакстанды албай жатат. Назарбаев Россия менен чогуу-чаран иш кылабыз деп илгери эле айткан да. Бажы биримдигин эчак түзүш керек эле. Себеби, дүйнөдө азыр бир жагынан глобализация, экинчи жагынан, регионализация жүрүп жатат, б.а., зона-зона болуп биригүү: Азия, Европа, Америка, топтошуп атаандашпаса, жалгыздап жутулуп кетесиң. Бул биримдиктин башы жанагы Евросоюзга окшогон, конфедерациялык мамлекет түзөлү дегенге баратат. Биз өзүбүзчө калганга татаал болот. Ушул Кордойдон нары өтөлбай калабыз. Мындайда эл кызыкчылыгы биринчи критерий болушу керек. Коктуга жамынып албай, жаман абысындардай уруша бербей, сырткы чакырыктарга жооп беришибиз керек. Кудуреттүүлөр бизди басып алат да, билбей калабыз кантип басып алганын.
- Евросоюздай кудуретке жетебизби?
- Жетебиз.
- Бажы союзу акча бирдигин киргизет да анда...
- Киргизишет. Жаңы, орток акча бирдиги кирет.
- Бирок тизгин Казакстан менен Россияда болот да?
- Албетте, турган иш. Алар бизден кубаттуу, кудуреттүү болуп жатпайбы. Ким продукция, каржы берип жатса, алардын көзүн карайбыз. Бирок биз Азиянын ичинде чечүүчү роль ойногон эл болгонбуз. Оюнчук болбош керек. Туура иш алып барып, башкаларга зыяның тийбей, максималдуу пайда менен чыгыш керек.

Маектешкен
Салима Саалы кызы




  ШакШак

Ложка-2
Жакындан бери алдыдагы 23-мартка белгиленген Ынтымак курултайы боюнча өкмөттүк, ошону менен катар үй-бүлөлүк телеканалдарда пиар-компаниялар башталды. Ынтымак курултайынын Кыргызстандын тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып кала турган жалпы улуттук зор мааниси элдин кулагына кум болуп куюлуп жатат. Асыресе, президент айткан "жалпы улуттук диалогду, кызыкчылыктардын тең салмагын, мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алуунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып", "граждандык биримдикке алып келе турган" курултайда элди убайымга салып келаткан көкөй кескен маселелер козголуп, андан чоң майнап чыгып кетерине чоң үмүт артып жиберүүнүн кажети жок дейбиз. Мындай жыйынтык чыгарууга орчундуу себептер өбөлгө түзүүдө. Алдыда боло турган курултай ээрге отурганда эле кыйшык отурду десек жаңылбас элек. Жер-жерлерден делегаттарды шайлоо этабында эле көнүмүш ооруга айланып кеткен административдик ресурстар ишке салынып, Ак үйдүн стандартына туура келген "керектүү кишилер" иргелип алынганы, ошол "дандуулар" гана аттап-тондолуп, ынтымак курултайына жиберилгени мамлекет башчысынын демилгеси менен пайда болгон акциянын жалпы элдик мааниге ээ болуп кетеринен шек туудура баштаган болчу. Делегаттарды шайлоо "Ак үйдүн" көзүнүн агы менен тегеренген жергиликтүү бийликтин жетекчилиги жана көзөмөлү менен жапма челек режимде өткөрүлгөнү делегаттар корпусунун түр-түспөлүнөн кабар берип турат. Курултай азыркы режимдин жүргүзүп жаткан саясатын Айга-Күнгө жеткире даңазалаган ураа-ураа менен өтөөрүн, узакка созулган кол чабуулар коштоорун, бир сөз менен "дежур делегаттардын" "дежур жыйынына" айланаарын болжолдогондордо акыйкаттын үлүшү кыйла чоң экенин моюнга алуу керек. Курултайдын чыныгы элдик жыйынга айланып кетиши арсар.
Ынтымак курултайынын делегаттары деле ЖКда абсолюттук көпчүлүктү түзүп турган "Ак жол" партиясынын парламенттик фракциясы басып өткөн жолду чыпчыргасын коротпой кайталады десек болот. Ошол эле "элдик" деп аталган партия үчүн апендинин кызындай мактаган элдин каймагынан калпып алынган делегаттар боюнча рекламалык пиар-акциялар өткөрүлдү. Ошол эле эки айдын аралыгында түзүлө калып шайлоодо "таптаза" жеңип чыккан "Ак жолдой" болгон элдин көз будамайлаган "табигый тандоо" сымагындагы шайлоо өткөрүлдү. Парламенттик шайлоонун натыйжасы болсо белгилүү - Ак үйдүн айтканын кылып, айдаганына баскан, ошон үчүн элдин ичинде бедели төмөн бюрократиялык фракция түзүлбөдүбү. "Ак жол" кийинчээрек "Ложка" деген ылакап атка конушу деле бекеринен болгон жок. ( Ак үйдүн көзүн караган парламенттик фракциянын атайы кличкага татышынын сыры жөнөкөй-"Ак жол" деген сөздү тескерисинен окусаң "Ложка" болуп чыгат). Караламан калың эл тарабынан жиберилип жатат деген курултайдын "тандалма" делегаттары деле "Ак жол" сыяктуу жогорку жактын чечимин чурулдап маарап кубаттап, механикалык түрдө кол көтөрүп ырастап бере турган топтон турарын баамдоого болот. Деген менен эки институттун канткен күндө да айырмасы бар. Эгер биринчи "Ложка" "многоразовый" форматта пайдаланса, экинчиси "одноразовый" керектөөгө ылайыкташылган. Бирок экөөнүн тең моюндарына тагылган милдеттери бирдей-"Ак үйдүн" жүргүзүп саясатын элдин өкүлдөрү катары жапырт кубаттап берүүнү, б.а. азыркы бийлик режиминин жасаган иштерин саясый жагынан легитимдештирүүнү көздөйт.
23-марттагы курултайдын кандай болуп өтөрүн, анын пафосун, акыры кандай жыйынтыкка келерин алдын ала боолголоп билсе деле болот. Массалык жыйындардын технологиясы эбак эле иштелип чыкканы белгилүү. Анда стихиялуулукка жол берилбеши керек. Жыйында нарк-насил сакталып тартиптүү өтүшү кажет. Башкача айтканда курултай алдын ала чийилип коюлган регламентке баш ийиши талап. Делегаттардын ашкере демократиялык эркиндигине чек коюлат. Трибунага чыгып алып ар ким өз билгенин айтып, ораторлук кылышына тыюу салынат. Курултайда тизмедегилер гана сүйлөшү керек. Ошондуктан келечектеги курултайдан пикирлердин плюрализмин, талаш-тартыштар болушун күтүп кереги жок. Курултайдын модератор-дирижеруна курултайды ирети менен тартиптүү түрдө алып баруу милдети тапшырылат. Чектен чыгып кеткендер болбошу жөн. Эгер кокусунан андайлар болуп калса алар ошо замат тартипке келтирип турулушу кажет. Иши кылып көзөмөл катуу болушу керек. Ырас, эл деген эл, делегаттардын ичинде "стандартка" туура келбеген б.а. адашып келип калган оппозициялык көз карашты тутунгандар чыгышы мүмкүн. Арийне, ал "тентектерди" кынына киргизип тыйып коюу оңой. Анын атайы механизмдери иштелип чыккан. Атап айтсак "оппозициялык" пикир айтып, бийликти сынга алабыз дегендердин курултайдын агрессивдүү көпчүлүгү тарабынан кысымга алынып, бурчамына келтирбей ажылдап жаалап туруу ыкмасы колдонулушу этимал. Ошондуктан өлкөнүн жүрөк өйүгөн маселелерин көтөрүп чыгуу, оозуңан айлансын, болбойт. Болушу да кыйын, Бардыгы өз ырааты менен өтүшү кажет. Ошентип курултай алдын ала жазылып коюлган сценарий боюнча массалык "одобрямс" менен жүрүшүн болжолдосо болот. Экинчи жагынан бирин-экин жөнтөктөрдү башкарууга караганда 750 делегатты ыраатка келтирүү оңой экендигин унутпоо керек. Башкысы зомби делегаттардын эсебинен массалык эйфория түзүү зарыл. Калгандары чоң мааниге эгедер эмес. Кыскасы, жашасын Ак үй уюштуруп жаткан "ынтымак курултайы" дегенден башка чара жок.

Үсөн Касыбеков





Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 79

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 79

кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
11-март, 2010-ж.:
1-бет
ТЕҢИРТООДОГУ АЙБАТ
2-бет
Д.Үсөновдун алдамчы баштыгы жана өжөр фактылар
3-бет
Италияда камакка алуу чечими чыкканда, ал бизде тайраңдап жүргөн
4-бет
Евгений Гуревич Кыргызстандан куйругун түйдү
5-бет
Кубанычбек Идинов:
"Өз агасын агалай албаган..."

6-бет
Исмаил Исаков- улуттун кеменгери
7-бет
"Тоо жүрөк" өкмөт башчы, "көзү ачык" Бекназаров
8-9-бет
теңиртоодогу айбат
10-бет
WWW дүйнөлүк булактары Кыргызстан тууралуу
11-бет
Орозбек Молдалиев саясат таануучу:
"кыргызстанда Ирээттүү тышкы саясат жок"

12-бет
Путин Үсөновду кабыл албай, Масимов менен жолуккан
13-бет
Америкадан кайтуу
14-бет
"Ынтымак эмес, Ыдырамай Курултайы болгону турат..."
15-бет
Чуулгандуу чуусу бар авиабаза жабылсын!
16-бет
Журналист кыз "сойкуга" айланганда..


Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 79

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/nazar/10/0312_5.htm on line 79




а ­е¦Є.НҐй«