Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Дүйшөнкул Шопоков кыргызбы же казакпы?

Кылым алмашкан сайын, адам баласынын психологиясы өзгөрүп, технологиялык өнүгүүнүн эйфориясына алынып, базар экономикасына багынып бараткан мезгилде руханий дөөлөттөр байлыкка айрыбашталып бараткансыйт. Бирок, мындай тенденция баардык эле улуттарда эмес экендигин баса белгилегибиз келет. Сөз курулай болбосун үчүн фактыларга таяналы:
Кытай эл республикасынын "Манас" эпосун менчиктөө максатында ЮНЕСКОнун руханий мурастарды каттоо комиссиясына сунуштаганы, Казакстан Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги даярдаган биографиялык жыйнак - 2008 - жылы "Казахи в России" деген аталыштагы китепте Асан Кайгы - кыргыздын залкар акыны, философу, Советтер Союзунун баатыры, мекендешибиз Дүйшөнкул Шопоковдун кирип калышы эмнеден кабар берип жатканын атка минерлерибиз туяр бекен.
Кыргыз эли, табиятынан сезимтал эл. Акырындап башка улутка жалгашып, сиңишип кетебизби. Капырай. Кудай сактасын. Акындар айтмакчы "Башкасын коюп, Манасты айт" демекчи Манасты руханий мурасты сактап алалы да, "Манастан, Чубак кем бекен" - демекчи калганын тактаса, мамлекеттик деңгээлде кам көрүлсө, бийлик, байлык талашкан ит ыркырак тыйылса. Улуттун аныктамасын унутпасак.
Ооганбек Станбеков


ЖАҢЫЛЫКТАР КЫРГЫЗСТАН
Куш кабар
Кыргызстандын салык кызматкерлери өз эрки менен алынуучу патентке мөөнөтүн узартуу ыкмасын киргизишти. Жаңы патент ыкмасы соодагерлерди улам кайра документтерди топтоо машакатынан арылтмакчы. Ал эми Дордой, Ош, Кара - Суу ири соода борборундагы соодагерлер базарлардын аттары жазылган патенке ээ болушуп, ай сайын узартуу ыкмасына өтүшөт.
***
Мал чарбасын өнүктүрүүдө алдыңкы фермелер өнүгүү жолун таап алган менен учурда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Айрыкча мал туягы көбөйгөн менен алардын жүн, эт, сүт берүүдөгү сапатсыздыктар олуттуу проблема бойдон калууда. Баткен областындагы Боз - Адыр айылынын фермери Абдышүкүр Калыковдун айтымында жүн, эт баасын көтөрүү зарылдыгын, болбосо мал ылаңы көбөйүп жаткандыгы, аларды дарылоо өтө эле кымбат экенин баса белгилейт.
***
Өкмөт башчысы Д. Үсөновдун каты-шуусунда өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жыйын болуп өттү. Анда өткөн жылга салыштырмалуу табыгый кырсыктар 20%ке кыскарып, министрликтин иш багыттары канагаттандырарлык деп табылды. Ал эми өткөн жылы 100дөн ашуун өрт катталып, 27 адам каза болгон. Жаңы жыл учурунда 10 күн ичинде 30 өрт катталган.
***
ЖКтин комитеттик жыйынында Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов катышып, төрөттөн каза болгон аялдар маселелерин талкууга алышты. Министр өткөн жылы каза болгон аялдардын көрсөткүчү 102 эмес, 97 адам экендигин, бул көрсөткүч 2008-жылга салыштырмалуу 22ге көптүк кыларын белгиледи. Депутат Гүлнара Дербишева жооптуу дарыгер, акушерлерди кызматтан айдоо менен чектелбестен тийиштүү жоопко тартылышын айтты. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүнүн акушери Баян Тогузбаевага төрөттөн каза болгон эки аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.
***
Кыргызстанда бензиндин баасы акыркы он ай ичинде 8%ке көбөйдү. Кыргызстандагы нефтрейдер ассоциясынын төрагасы Базарбай Мамбетовдун айтымында бензиндин баасы азырынча төмөндөбөшүн, ага нефт продукциясынын чет жактан тартылып келери себеп болорун 5- канал программасына берген интервьюсунда баса белгиледи. Ошондой эле бензиндердин сапаттуулугу 90%ти түзөрүн, ал эми калган 10 %тин контрабандалык жол менен ташылып жаткандыгына токтолду. Чиновник мындай маалыматты айтканы менен сапатсыз бензинден канчалаган машиналар иштен чыгып жаткандыгын ким жашыра алат.
***
11-январга карата "Токтогул" ГЭСинде суунун көлөмү 11,436 миллиард м3ду түздү.
Бул тууралуу "Электростанциялар" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, суунун азайышына аба ырайынын кургакчылдыгы себеп болууда. "Токтогул" ГЭСиндеги суунун көлөмү былтыр ушул күнгө салыштырмалуу 8,268 миллиард, 2008-жылы 10,820 миллиард, 2007-жылы 14,431 миллиард м3ду түзгөн.

Сот процесси күтүлөт
Гезитибиздин өткөн санында 2010- жылдын 11- январында Бишкек аскер горнизиондук соту тарабынан Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, генерал- лейтенант чинин алып салуу өкүмү боюнча маалымат берген элек. Соттун бул чечимине И. Исаковдун таламдаштары, жердештери нараазычылыктарын билдирип, коомчулукта ар кыл пикирлер жаралууда. Мурдагы коргоо министрине коюлган күнөө коргоо министрлигине таандык квартираны өз уулуна менчиктештирип берип койгондугу, бирок ал квартира туурасында ызы чуулар башталганда кайра кайтарып бергендиги айтылат. Ал эми айыптоочулар тарабынан коюлган башка күнөөлөр алынып салынган. И. Исаковду коргоо комитетине Топчубек Тургуналиев шайланып,
9 адам мөөнөтсүз ачкачылык жарыялап чыккандыгын "Супер инфо" газетасы жарыялап чыкса, "Учур" газетасы И. Исаковдун ачкачылык жарыялаган таламдаштарына мөөнөтсүз ачкачылыкты токтотууларын суранган. Бирок сөз чындыгын тескей келсек бир жактуу кароо тура эместир. Анткени коомчулук арасында чыт курсактын айынан бир тоок урдагандар соттолуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган чиновниктер четте калуусу керекби? Бул айрым чиновниктер үчүн сабак дегендер да жок эмес. Ошол эле ызуу- чуудан калбаган Топчубек Тургуналиев Акаевдин доорунда өзү жетектеген окуу жайдан он мин долларды жутуп жибергени учун эркинен ажырап келгендиги кайрадан эскерилүүдө. Мындайды элибизде ууру өлөрчө жеп, өлгөнчө карганат деп коюшат эмеспи. Туура, мүмкүн өкүм одоно чыккандыр. Бирок И. Исаковдун адвокаты А. Бекназаровдун айтымында чыгарылган өкүмгө наразычылыктарын билдирип, соттун жогорку баскычтарына кайрыларын билдирген. Андыктан ашыкча жыйынтык чыгарбай кийинки сот процессин күтө туралы.

Монте Карло менен "Минута Славыда" Кыргыздар
20-январда Монте - Карлодо цирк өнөрү боюнча эл аралык 34 - фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты болду. Анда ханыша Монако Стефания кыргыз эл артисти, Кыргыз цирк труппасынын башчысы Манат Эшимбековго "Күмүш маскарапоз" кубогун тапшырды. Сыйлыкты тапшыруу учурунда мамлекеттик желек көтөрүлүп, кыргыз гимни ойнолгон.
Кыргызстандык Атай Өмүрзаков орус телевидениеси уюштурган "Минута славы" долбооруна катышып, он мыкты аткаруучунун катарына кирген. Өмүрзаков калыстар тобуна өзгөчө бийин бийлеп берген. Төрт жылдан бери бий өнөрү менен менен алектенген Атай долбоорго тандоо жүрүп жатканын интернет аркылуу окуп, атайын кассетасын жөнөтүп, катышууга чакыруу алган.

Даярдаган:
Кубанычбек Чынгышбаев Бишкек

РОССИЯ
Журналисттерге сыйлык тапшыруу аземи
Москва шаарындагы ОДКБ штабында ОДКБнын башкы катчысы Николай Бордюжа менен жылыга боло турган журналисттердин пресс-конференциясы болуп өттү.
ОДКБнын баш катчысы журналисттер алдына чыгып, 2009-жыл жалпы жонунан оор жыл болгону менен жемиштүү болгонун баса белгилеп кетти. Жыл ичи боюнча мамлекет башчылары менен ОДКБнын жолугушуусу 3 жолу өткөрүлгөнү жана мындан башка да ар кандай бийлик органдары катышкан отурумдар уюштурулганын айтты ал өз сөзүндө.
"2010 - жылы ОДКБнын алдында бир топ оор тапшырмалар турат. Айрыкча быйылкы жыл активдүү башталчудай көрүнүүдө. Мага ОБСЕ, ЕВРАЗЕС сыяктуу 11 эларалык организациялар менен бирге БУУнун жыйындарына катышуума ишеним көрсөтүлүп жатат. Кыскасы, ОДКБ өз ордун таап келе жатат," - дейт Николай Бордюжа.
"KGinfo" нун бул жыл ичинде Кыргызстан менен кандай иш чаралар өткөрүлмөкчү деген суроосуна, баш катчы "Душанбе менен Бишкекте алдыңкы саясат таануучулардын, эксперттердин ОДКБ мүчөлөрү менен бирге тегерек стол үстүндө маектери өткөрүлөрү планыбызда бар," - деп айтты.
Сөз соңунда Николай Бордюжа 2009-жыл үчүн ММКын кеңейтүү боюнча буйругун окуу менен журналисттерге баалуу белектерин тапшырды. Белек алган организациялар ичинде: ИТАР ТАСС, РИА Новости, ИА "Интерфакс," Россиянын Коргоо министрлиги жана арасында "KGinfo.ruнун" башкы редактору Асылбек Калмаматович Эгембердиев катышкан ОДКБнын ММК жетекчилери болду.
"НУРпресс"


Кыргызстандык 914 кылмышкер
2009-жылы боюнча Москва шаарында Кыргызстандан барган мигранттар тарабынан 914 кылмыш иши катталган деп билдирет Москва ГУВДсынын начальниги Владимир Колокольцев журналисттерге кайрылуусунда. ГУВД начальнигинин айтуусу боюнча 2009-жылы болгон ар бир экинчи кылмыш бөлөк аймактардан, айрыкча КМШ өлкөлөрүнөн келгендер тарабынан болгон. Тактай кетсек, өткөн жылы мигранттар тарабынан дээрлик 41,5 миң кылмыш иши козголгон. Булардын ичинен Өзбекстандыктардын 1 миң 816, Тажикистандыктардын 1 миңдей, Кыргызстандыктардын 914 жана Кытай атуулдарынын 111 кылмыш иши катталган. Сөз акырын В. Колоколцев 2010 - жылы "Сырттан келген кылмышкерлердин мизин майтаруу керек", "Биздин шаарда "гастролерлордун" талтаңдап кетүүсүнө жол берилбейт" - деп жыйынтыктады.


Аэропортто 5 кг героин жана 1 кг марихуана кармалды
15 - январь. Аэропорт Домодедоводо Россияга 5 кг героин жана 1 кг марихуана алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын атуулу Домодедово бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Москва жүргүнчү рейсин текшерүү учурунда кармалды.
Россиянын Федералдык бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай аталган факты боюнча РФнын Кылмыш кодексинин 188-беренеси (контрабанда) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу РБК маалымдады.


Сот Москвада Кыргызстандыктарга кол салгандыгы үчүн соттолушкан скинхеддерге өкүмдү жумшартты
Жогорку сот улуттук себептен кол салгандыгы жана өлтүргөндүгү үчүн соттолушкан скинхеддер группировкасынын бир нече катышуучуларына өкүмдү жумшартты. Сот скинхеддер группировкасынын лидери Илья Шутконун жазасын 10 жылдан 9 жылга чейин, экинчи лидер Евгения Жихарованын жазасын 8 жылдан 7 жылга чейин төмөндөттү.
Айыптоонун божомолу боюнча, 2008-жылдын 12-февралынан 7-мартына чейинки мезгилде улутчул группировкасы Москванын аймагында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Кытайдын жарандарына өлтүрүшкөн. Андан тышкары 2008-жылдын 1-февралында айыпталган бешөө Кыргызстандын жаранына кол салышкан, анда Шутко ага 8 жолу бычак сайган, кыргызстандык жаран ооруканада каза болгон. Бул туурасында бүгүн ИТАР-ТАСС билдирди.








ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"
email • архив • редакция 
30-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Элиме кызмат кылуу - ыйык милдетим"
2-бет
Миграция: ойлор, сунуштар
3-бет
КӨЗДӨН УЧКАН АТА ЖУРТ !
4-бет
Дүйшөнкул Шопоков кыргызбы же казакпы?
5-бет
Эфиопиялык "Боинг" кулады
8-бет
СОЛ ЖАГЫМ СЫЗДАЙТ, АПА!
9-бет
Метродо комуз үнү
10-бет
ИЩУ РАБОТУ
12-бет
САМЫЕ НИЗКИЕ ЦЕНЫ
АВИА Ж. Д. БИЛЕТЫ


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!