ЫР САПТАРЫ


Москва


Кайрыктары


"НУР реклама" газетасы 2010-жылдан бери карай "Москва кайрыктары" рубрикасынын алкагында Орусия аймагын жердеген кыргыз эмгек мигранттарынын калеминен жаралган ырларды байма-бай жарыялап келүүдө. Андыктан, таланттуу калемгерлерибизге жүрөк толкуткан бийик эргүүлөрдү, чыгармачылык тыгыз кызматташтыкты каалап кетмекчимин.
Багытбек Бапанов,
"Москва кайрыктары" адабий клубунун негиздөөчүсү


Кусалык

Ээрчишип күн артынан күндөр өтсө,
Алмашып ай артынан жылдар өтсө.
Чыдабай кусалыгым күчөп барат,
Өзүңсүз өтүп жаткан өмүр бөксө.

Күндө кеч, көк асманга жылдыз толот,
Ай нуру бүт ааламга жарык болот.
Кусалык жан дүйнөмдү эзип бүттү,
Жүрөктө санаам күчөп, арман толот.

Көп эстейм, жалгыз сени унута албай,
Кыйналам, узун түндө уктай албай.
Кыялдын кучагына чөмүлөмүн,
Жаным мен жалгыз сага жетине албай.

Күтөмүн, күндө сенин жолуң карап,
Тажабай, жолугууну күтүп самап.
Жалгыздан өткөрөмүн коюу түндү,
Жалжалым жалгыз сен деп, тарттым азап.

Жүрөгүм сени дегдеп, сен деп кагат,
Жүдөдүм, жалгызыктан бүттүм тажап.
Кусага мен чыдабай калганымда,
Сен жакка учкум келет, байлап канат.

Нуркыз Назаркулова,
Аксыдан 8 (926) 125-57-81.




Ыйлаба апаке

Апаке ыйлаба көздө жашын,
Апаке билемин ичинде дартың.
Сагынып кеттим жеттпей сага,
Көрүүгө зар болуп көздөрүң сенин.

Апаке ыйлаба эзип өзүңдү,
Апаке укчу уулуңдун сөзүнү.
Кыйналып баратам негедир,
Бир жара өйүп ойумду.

Апаке ыйлаба муунга салып башыңды,
Апаке кетирип өзүңдүн алыңды.
Сага жөлөк , мүрөк мен уулуң,
Сиз деп согуп келет жүрөгүм.

Апаке ыйлаба эр жеттим мен дагы,
Апаке кыйналбайсын эми сен дагы.
Кандай күндө чоңойттун өзүмдү,
Зар какшап элден сурап бир нанды.

Сизге күйгөн ата-апа жок,
Дарт бөлүшкөн эже-сиңди жок.
Сиз деген ага-ини жок,
Сизди сүйүп ардактаган атакем жок.

Мен сизге күйгөн ата-апа боломун,
Дарт бөлүшкөн эже-сиңди боломун.
Сизди деген ага-ини боломун,
Сизди сүйүп атакемдей боломун.

Апаке ыйлаба баарын биз жеңебиз,
Бул жашоодо бактылуу жандар болобуз.
Ыйлаба апаке жаным менин апакем,
Кымбатым ишенээрим жөлөнөөрүм


апакем.

Төөлөсов Данияр.
Ноокаттан 8 (926) 358-79-51.




Сүйүү жазы

Cүйлөгөндө сөздөрү канттай таттуу,
Сүйгөнүңө жанашкан кандай жакшы.
Ошондуктан, көңүлүм алып-учуп,
Обосунда бакыттын канат какты.

Канткен менен шаң кирип ырларыма,
Кабак чытпай, каткырып жыргадым, аа!
Эч бир жыргал тең келбес чындыгында,
Эңсеттирген сезимдин жыргалына.

Түгөй таптым, аруу дил, ах, татына,
Түк алмашпайм эми мен башкасына.
Желбиретип желегин махабаттын,
Жеттим окшойт эң башкы максатыма.

Көлөкөлөр түшпөстөн маанайыма,
Көз тийбесин эч качан таалайыма.
Кардай аппак тилегим кардай аппак,
Канымда агып, жүрөккө тарасын, аа!

Cүйлөгөндө сөздөрү канттай таттуу,
Сүйгөнүңө жанашкан кандай жакшы.
Чыгарбастан жадыман жашарым чын,
Чырагыма май тамган ушул жазды...

Акылбек Мамадалиев,
КР Улуттук Жазуучулар
Союзунун мүчөсү
8 (925) 357-16-78





Ата-энеме

Алтын апам нурун чачып баарыбызга,
Атакебай ардактуусуң алдыбызда.
Ар убакта уул-кызыңыз урматташат,
Аманчылык алтын курак баркыңызга.

Бешикке бөлөп, алдейлеген күндөрүңүз,
Басалбай мен тай-тайлаткан күндөрүңүз.
Билим алдым, акыл берип чоңойттуңуз,
Баш ийем күмүш нурлуу жүздөрүңүз.

Жайнамаз ниээттенип, жайыл болсун,
Жашооңузга жаш кошулуп, жүзгө толсун.
Жазып жүргөн ырыңыздай ырыс берип,
Жылдыз учуп пешенеге бакыт консун.

Эң мыкты деп, ардак такта бетинде,
Эмгек сиңип өткөн союз кезинде.
Элдин бири эмгек нурга бөлөнгөн,
Эселектен баалай билем эсимде.

Көпкө жашап сыйыбызды көрүңүздөр,
Кудайдан суранам узаак болуп


өмүрүңүздөр.
Калем кагаз апакебай ырым белек,
Кадырлуу эң кымбаттуум ата-энем.

Кенжебек Матөмөров,
Кара-Кулжадан
8 (965) 144-12-05
Уул - кызым

Кагылайын уул-кызым ардагым,
Менин ширин мотурайган балдарым.
Мен силерди сагынамын, жете албай,
Жумушум көп, бүгүн бара албадым.

Уул-кызым, күнүм менен айдайым,
Силерсиңер менин аткан ак таңым.
Жан дүйнөмө жарык берген экөөңөр,
Мен канткенде өз парзымды аткарамын.

Уул-кызым уюткусу төрүмдүн,
Уядагы балапандай көрүнгөн.
Келечектен үмүтүм чоң силерден,
Жакшы кесиптин ээси болуш өзүңдөн.

Уул-кызым мен силерге кааларым,
Анан дагы мен силерге айтарым.
Элиң үчүн бир кереке жараган,
Ата-уулу эмес, эл уулу бол ардайым.

Турсунбек Тургунбаев,
Ноокаттан 8 (926) 130-00-96



Жашоо

Түшүнүксүз күндөр өтөт бүдөмүк,
Бүгүнкүдөн эртеңкиси түнөрүп.
Жашоо турмуш каптап калган тумандай,
Келечегин эч ким билбейт утурлай.

Күндөр айга, айлар жылга алмашат,
Билинбестен өтөт өмүр жайгашат.
Бешенеме эмне жазды экен деп,
Ар бир адам өз алдынча баш катат.

Өлчөп - ченеп, бизге да өмүр жаш берди,
Сыноо кылып, кыйынчылык аз берди.
Ар бир адам ар бир тирүү жаныбар,
Жашоо үчүн күрөшүүгө ант берди.

Карап турсаң, жашоо кызык жаралган,
Бири бардар бири жокко адамдан.
Кээ бирлери түгөтө албай байлыгын,
Туш-туш жакка чачат болгон мансабын.

Бирөөгө кор, бирөөгө зар дегендей,
Жүрөт бирөө араң басып темтеңдеп.
Үй - бүлө бакыт эмне экенин,
Өз курсагын араң багып, жемелей.

Күндөр өтөт, тулпар аттай закымдай,
Жашоо өтөт муң-кайгыга баткандай.
Келечекке үмүт кылып, умтулуп,
Баратабыз, нур шооласын утурлай.

Нуржан Райымбекова,
Түптөн, 8-925-047-60-58
Кыялдар

Мен сенден күйөөрүмдү биле туруп,
Сүйгөнмүн үмүт артпай, тилек кылбай.
Качандыр бир кездерде көкүрөгүм,
Билгенмин бош калаарын аалам сыйбай.

Канатым кыркылаарын кайсы бир күн,
Туйганмын карегиңди карап туруп.
А бирок уча бердим, учтум күн-түн...
Көз жеткис мунарыкка боюмду уруп.

Куладым анан ошол бийиктиктен,
Түпкүрү көрүнбөгөн туңгуюкка.
Жок десем, үмүт менде болгон экен,
Кармады ошол гана алып буттан.

Бир тилек жүргөн экен тамыр байлап,
Ал дагы калкып чыкты кыял болуп,
Экөөлөп анан мени колдоп турду,
Дүйнөмдө аңтарылган кыян алып.

Асырап калды мени жоголуудан,
Тилегим, үмүттөрүм кыярбаган,
Дагы эле жашап жүрөм, өлгөн жокмун,
Кете албай сен жашаган кыялдардан...

Айжаркын Эргешова,
Анкара-Түркиядан,
+90-531-938-41-07
boztorgai73@mail.ru


Өмүр кемеси

Уламдап саат жебеси,
Шашыла өмүр кемеси.
Сүйүнө өткөн күндөргө,
Тезинен өтсүн дебечи.

Күүгүмдөрү аялуу батышын,
Сыйкырлуу таңдын атышын.
Тезинен өтсүн дебечи,
Биздеги тагдыр тартышын.

Уламдай баскан кадамың,
Бараткан жол сапарың.
Тезинен өтсүн дебечи,
Эсептей өмүр барагың.

Болсо деп тезинен эртеси,
Тагдырды чалынта теппечи.
Багынта токтоо өмүрдү,
Тезинен өтсүн дебечи.

Патма Галжигитова,
Лейлектен 8 (968) 918-388-32



Нур реклама
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!