Заман ыйлайт, жаш акпайт


Мен да жашагым келет

Жашоо турмушту, ар ким ар кандай кабыл алат эмеспи. Башкасын билбейм, мен үчүн жашоо турмуш өтө оорлошуп, ошондой эле көңүл калып бараткансыйт. Бирок мен да жашагым келет. Багы жокко дагы жок болуп канчалык далбастабайын жашоо турмушумду оңдой албадым. Мен сиздердин гезитти Москвада иштеп жүргөндө көп окучумун. Айрым ыр саптары чыккан беттердеги лирикалык чыгармаларды окуганымда, менин да ыр жазып, сүрөтүм менен чыксам деп тилечимин. Бирок ыр чыгаруу чындыгында менин колуман келе албады. Гезитиңер Москвадагы бир топ кыргыз мекендештердин сообуна калып, Кыргызстандагы, Москвадагы кабарлар менен таанышып турушат. Анткени баары эле интернетке чыга алышпайт же көпчүлүгү компьютер менен керек болсо тааныштыгы жок. Атайын бирөөлөр аркылуу сизди таап келдим- деп, өзүн тааныштырды Гулжамал аттуу карындаш. Учурдан пайдаланып, карындашты кепке тарттым.

- Гүлжамал, жашоо али таттуу, али ширин экенин унутпа да, эмне мынча эрте чарчап?
- Билесизби Кубаныч байке, мен 2009 жылдын башында эл катары Москвага барып иштеп келдим. Туура, алгач кыйналганымды айтпаңыз, бирок өзүмдөн кичинекей кыздар тырышып жатканын көрүп чыйралдым.
- Ошондой чыйралганы кандай жумуштан баштадың?
- Алгач Элиза деген курбумдун жардамы менен кичинекей магазинге орношуп, пол жууп, эшиктин алдын шыпырып жүрдүм. Бирок ал жерден тапкан 7 миң рубль, ал жерде акча эмес да. Тамак ичиш керек, жаткан жериңе төлөш керек дегендей. Ошентип, кошумча иш тапсам, кутулам деп, подрушкаман карызга акча ала бердим. Билинбей барып карызым 30 миңге чапчып барыптыр. Акыры курбум төлө дей баштаганынан айлам куруду. Бир күнү Элиза "Эгер акчаңан оңой, жеңил, арзан кутулгуң келсе, мен айткан сунушка көн" деди. Көрсө, ал мени сатып. акчаны тең ортого бөлмөк экен. Чындыгында, мен Элизаны күнөөлөбөйм. Ал деле мени кыйнаган жок. Бирок аргасыздан барууга туура келди...
- Гүлжамал, демек сен...
- Ооба, бул аргасыздан иш болду. Адеп кыргыздар жашаган квартираларга барып турдук. Кийин башка улуттагылар да чыга баштады. Мына ошол кыргыз клиенттердин арасында Канат аттуу жигитти чындыгында жактырып калдым. Ал да менин көп келип туруумду өтүнчү.
- Кечиресиң, эгер жашыруун болбосо ал кайда иштечү эле?
- Москвада өзүнүн газели бар болчу. Магазиндерге товарларды ташып, акчаны жакшы эле тапчу. Чындыгында мен да ага жагып калдым. Ошентип Элизанын карыздарынан кутулуп, Канат жашаган квартирага жашап, бир ашканага бардык жумуш аткаруу ишине кирдим.
- Мына мунун өзү эле жашоонун бир нукка бурулушу эмеспи, туурабы?
- Ооба байке, мен деле алгач ошентип ойлогом. Бирок биз кыргыздар бир бирибизди бузуп, бузуку сөздөргө алдырып, куру намыстыгыбыз бар эмеспи. Мына ошол сапат Канатта да бар экен. Бир жолу тааныштары келип үйгө конок, болушкан. Ошолордун арасында мурда мени менен болгон бала бар экен. Мына ошондон кийин ортобуз сууп, үч айлык боюмда бала менен сыртта калдым.
- Канат сени кууп салдыбы?
- Жок, Канаттын андайы жок жакшы бала. Ал болгону мага шарт койду "Мен сени Кыргызстанга салып, сыртыңдан жардам берип турам" деди. Мен аны туура көрдүм. Ошо менен Кыргызстанга келе бердим.
- Анан жардамын берип турабы азыр?
- Башында жарым айдай берип турду. Кызыбыз төрөлөрдө да акча салды. Кийин ошону менен дайынын жоготту.
- Наристе канчага чыкты азыр?
- Азыр эки жарымда. Кудум эле Канаттын өзү- деп көзүн жашылдантты.
Мына окурман, бул ойлонуп табылган окуя эмес. Каармандардын аты жөнү өзгөртүлгөн жок. Анткени, ушул маегибизди гезиттен Канат же таанып билгендер окуп калса, Гүлжамалга, кичинекей кызына (баса кызыңдын аты Нурия) кайрылат деген ишенимдебиз. Гүлжамал сенден болгону материалдык гана жардам күтөт. Бирөөнүн турмушу чытырман токой деп коет эмеспи. Анын сыңарындай, ортоңордогу мамиле өзүңөрдүкү, бирок наристеде күнөө жокко дейм.

Сени терең урматтоо менен
Кубанычбек Чыңгышбаев. Бишкек.


Аракка чыккан айла жок сөз
Ы
раматылык агайым Салижан Жигитов кыргызды арак курутат деп көп айтаар эле. Ушуга улам ар дайым арак туурасында көп учкул сөздөрдү, өзүнүн курч пикирин оозеки да жазма түрүндө да баса белгилеп туруучу. Ал айтмакчы, арак үч ырыскыдан кем кылса, ишиңдин бүткөнү дечү. Алар биринчиси үй бүлөөдөн ажыратат, экинчи жумушуңдан кубалатат, үчүнчүсү жакындарың сенден кача баштайт деп. Бирок ага карабай, эле курган кыргыз ичип эле жатабыз, ичип эле жатабыз. Мына ушунун кесепетинен Бишкекте селсаяктар көбөйдү. Алардын баары кыргыздын жаштары улан кыздар. Бул социалдык олуттуу проблема болуп баратканын Өкмөтүң деле, депутаттарың деле байкабайт. Анткени алар үстүдө, ылдый түшүшпөйт. Эгер алар менен жакындан таанышышса, бир орчундуу программа иштеп чыгышмакпы деп да ойлоп кетесиң. Андыктан ичилип жаткан "кургур арак" туурасында бул сөздөр айтылып келет. Анын чындыгы кандай окурман өздөрүңүздөр баалап көрүнүздөр.
- Аракты алып коюп, аны карап туруунун кажети жок.
- Муздаткычта жарым кило эт турганча, жарым бөтөлкө арак турса кана?..
- Мурункулар баш жазбайсыңбы деп, бири бирин тооруса, азыркылар ичим эле ачышат өлүп калбасам экен деп, коркутат.
- Кокуй кошунаны карап келейин, кечээ өлөөрчө ичкен эле деп, кошунасына барып өзү үйүнө ошондой келген экен.
- Кайда жөнөдүңөр десе эки досу жүздөн единица салганы дешет. Анда үчүнчү досу аялына -ий ырас болбодубу мен да барып, отуз, единица салып келейин отуз сом берчи дептир. Ошентип, үчөө элүү сомго бир шише ичишкен экен.


Жаман аял кошокчу
А
кча, айлык, пенсияны көтөрдүк эле дешет, көтөрдүк эле дешет, андан көрө бааларды ылдый түшүрүшпөйбү деген эл. Бирок канткен менен кыргыз эли кыйын. Жонунан кайыш тилип турсаң да, кейип коюшпайт. Аны айтканымдын себеби, керээли кечке базарда, курулушта иштеп, үч төрт баласын баккан кургурлар болжол менен айына тапканы ашып кетсе жети, сегиз миң. Эми аны ар бир үй бүлө мүчөсүнө бөлүп көрүңүз. Биринчи чыт курсакты тойгузуш керек. Экинчиси жол кире, үчүнчү кийим кече, төртүнчү башка керектөөлөр. Анан байкуштар кантип жеткизишет. Ал эми батирлерге төлөгөнүн айтпай эле коеюн. Анан кечээ жакында эле мен сыйлаган урматтуу министр Темир Сариев Кыргызстанда бир адамга жүз доллар сарпталат деп атканы эл менен катар мени таң калтырды. Темике, ботом ылдый түшүңүз, кайда көкөлөп? Сиз өзүңүздүн үй бүлөлүк бюджетиңизди байкуштарга теңебеңиз. "Айла жоктон кошокчу болосуң" дегендей ушу сизден ушундай сюрпризди күткөн эмес элем.

Кубанычбек Чыңгышбаев,
Бишкек


Москва сүйлөйт

Кулак кагыш

Кыргызстан Жазуучулар Союзунун Москвадагы өкүлү кайда?
Өткөн жылы Москвада биринчи жолу "Нур реклама" газетасынын алдында уюшулган поэзия клубу "Москва кайрыктары-1" аттуу китепти кыргыз тилинде чыгарган. Китепте келечектин жаш акындарынын ыр топтомдорун, башкача айтканда, "Суунун кадырын суудан чыккан балык билет" дегендей, Ата Журт, туулган жеринен алыста жүргөн жаштар көкүрөктөрүндөгү кусалыкты, сагынычты ыр түрмөк кылып куюлуштуруп жазып, Москванын жыргал, кууралын чагылдырышкан, эле. Жакында ушул эле салтты улай, "Москва кайрыктары-2" китеби жарык көрүү алдында турат.Бул жаңылыкты оболу окурмандарга, анан Кыргызстан Жазуучулар Союзунун Москвадагы өкүлү Бактыгүл Сейитбековага атайын кабарлап коюуну эп көрдүм.
Дегеним, буга чейин "Москва кайрыктары-1" китеби тууралуу Бактыгүл Сейитбекова менен бир аз алым сабак сөздөр айтылып кийинчерээк унутулуп калгандай болгон. Бирок кечээ эакында Кыргызстан Жазуучулар Союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев Москвага келип, ыр ышкыбоздору менен жолугушкан күнү акын эжекебиз ичине батпаган бугун дагы бир жолу төгүп "Ал китеп китеп эмес, ырларынын маанисин айтпа... Силер болгону бизнес жасагансыңар" дегенчелик кылып, редакциянын эмгек жамаатын каарып өттү. Албетте, чындык жагы да бар, чындыкты моюнга ала жүрүү керек. Чындык качан да болбосун калыстыгын кылат. Бирок, ал эжеке "НУР реклама" гезити коммерциялык гезит экенин эсине ала жүрсө. "Бүткөн иштин сынчысы көп" дегендей, "Москва кайрыктары-1" жаманбы-жакшыбы өз доору менен чыккан менен ошол тапта Кыргызстан Жазуучулар Союзунун
Москвадагы өкүлү Бактыгүл Сейитбекова жетекчи эмес, жөн гана акын, поэзияны түшүнүп, ысык-суугун көргөн адам катары да келип, ал сурап койгон эмес. Китепти поэзия айдыңына жаңы аралашкан чыгармачылыктын сары ооз балапандары өз дараметтери менен чыгарышкандыгы бизге маалым. Бул жагынан алып караганда акын эжеке "Китептин деңгээли начар" деп "жаттап" алган сөздөрүн айтпай койсо да болмок. Же Чолпонбек Абыкеевичтин көзүнө "бадырайып" көрүнгүсү келдиби, айтор түшүнбөй калдым.
Мындай дегеним жакында Айжан Мамасадыкованын "Апама кат", Улан Болотовдун "Ак жол" аттуу тырнак алды китептери жарык көрүп, "Нур реклама" редакциясынын колдоосу менен бет ачар аземин уюштуруп жатканда, Бактыгүл Сейитбекова атайын сыйлуу коноктордун бири катары конок болуп барып, Багытбек Бапановдун катарында төрдө маралдай маңкайып отурду эле, ошондо неге айтпады? Ал эле эмес адабий клубдун мүчөлөрү былтыртан бери ай сайын жолугушуу өткөрүп келет, мында неге келип, сын-пикирин айтып койбойт?
Бул жерде Бапановду "сүткө чайкаган" жерим жок дегени, Бапановду болгону поэзия сүйүүчүлөрдү, келечектин акындарынын демөөрчүсү катары түшүнсө болот. Анткени, ал биз билгенден кесиби - врач, азыркы убакта ишкер. Бактыгүл Сейитбекова ким? Эжеке табиятынан акын. Айырмачылык бар бекен? Ырас, "Кыргызстан Жазуучулар Союзунун Москвадагы өкүлү" болгондон кийин, демек, "Москва кайрыктары-1 " чыгып жатканда, редакция менен кабарлашса болмок. "Муштан кийин келген кимди ураарын билбейт" болуп, кийин поэзияга күйгөн адам болуп жер муштабай…
Албетте, окурман "жөжөнү күздө санайбыз". Учурда Адабий клубдун мүчөлөрүнүн саны 250гө жетти. Гезитке өз каалоосу менен ырын чагылдырган жаш таланттуулардын арыз-муңу жок. Редакция менен тыгыз кызматташып жатышат. Арасында күлүктөрдүн алды чыгып калды. Келечекте аттын кашкасындай таанылып, кыргыздын атын узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чыгарып, анын артынан "Москванын Нуру" деген ат сакталып калышы да ажеп эмес. Жаш таланттууларыбызга чыгармачылык ийгиликтерди, биримдикти, ынтымакты каалап кетер элем...

Кожомбердиева Турдайым,
Москва шаары


Нур реклама
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!