КАБАРЛАР
Жогорку Кеңеште эмне кеп?
"Үчүнчү революция чыгып кетсе, бизди күнөөлөбөгүлө" дейт Камчыбек Ташиев журналисттерге берген маалыматында. Бүгүнкү күндө ЖКда көпчүлүк коалициясына оппозиционер Ата Журт саясий партиясынын фракциясы. Оппозиция ана башчылары деп К. Ташиев, А. Мадумаров, К. Акматбековду азырынча эл ушинтип тааный баштады. Ал эми көшөгө артында дагы кимдер турат аны бир кудай өзү билээр. Туура, демократиялык мамлекеттерде оппозиция болуп турушу бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мыйзам чегине ылайык азыркы оппозиция жакында түштүк элин бир аз дүрбөтүп барып токтошту. Алар Өкмөттүн бийликтен кетишин талап кылышууда. Эми кичине кое турушса деле болмок, бир аз иштесин да алар. Баарын эле бат эле жасап жибериш алардын деле колунан келбейт. Кызыгы кезегинде бир үй бүлөөнүн бийлигине каршы эл күрөшүп турганда, оозуна талкан сугунуп алгансып, унчугушпай буктурмада жатышып, (айрымдары ошондо кызматта эле болчу) эми бийликке жетишпей калганда, элди дүрбөтүшү эркектикке жатпайт.
Өкмөттүн 2011-жылдагы аткарган иши канааттандырарлык
Мындай бүтүм 24- апрелде ЖК депутаттарынын алдында премьер- министр Ө. Бабановдун берген отчетунда белгилүү болду. Өкмөт башчысынын берген маалыматтарында айлык, акы, пенсиялардын көтөрүлүшү менен бюджет үнөмдөлгөн. Ошондой эле күйүүчү майлар өз маалында ташылып, алардын баалары бирдиктүү баасын кармап калышы чындыгында жетишкендик. Ошондой эле электр энергиядан түшкөн киреше, коммерциялык жоготуулардын кескин кыскарышы, албетте бюджеттин капшытын толуктайт. Мындан тышкары коррупция менен күрөшүүдө бир катар иштер жүрүп жаткандыгын эл жакшы эле билишет. Баланчаны кармады деп эле ММКдан маалыматтар берилип эле жатат эми ошолор жазасын алса болду. Болбосо бизде кармап келишет да, бул жактан чыгарып жиберишет жагдайлары да бар эмеспи. Ошондой эле коррупционерлер кетирген чыгымдарды казынага түшүрүшсө, ошондо Өкмөт акебизге баракелде дейт элек дейт, карапайым калк. Мындан тышкары Өкмөт уюшкан кылмыштуу топтор менен катуу күрөшүп жатышкандыгын баса белгиледи.
Министрдин ачуусу келди
Жалпыга маалым, МАИ кызматкери А. Эшпаевдин түрмөдөн каза болушу туурасында авто инспекторлор митингке чыгышкан эле. Бирок мыйзам чегинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери митинг пикет деген балээден алыс болушу керек болчу. Жыйынтыгында Ички Иштер Министри Рысалиев бир катарын кызматтан айдаган. Эми бир даары мени туура эмес бошотуп койду, мен болгон эмесмин дегендер сотко кайрылышууда. Рысалиев кечээ жакында "Мени сыртымдан жамандабай келгиле, бетме-бет сүйлөшөлү деп жыйын өткөрсө, бошотулган кыркка чукул кызматкердин болгону бешөө гана келген. Демек бир мандем бар.
Улуу Жеңиш келатат
9- Май Улуу Жеңиш Күнү. Мына ушул маарекеге карата Кыргызстандын жер жерлеринде салтанаттуу иш чаралар өткөрүлөөдө. Бюджеттин тартыштыгына карабай, Кыргыз Өкмөтү согуштун жана оруктун ардагерлерине жыл сайын майрамда бир жолку пособиелерди берип келет. Албетте, бул сапар да ардагерлерибиз, согушта курман болгон жоокерлерибиздин жесирлерине пособиелер берилмекчи. Ал эми бүгүн КРнын президенти А. Атамбаев Ленинград блокадасында болгон жарандарга президенттик фондудан 250 миң сом акча каражатын бөлүү жөнүндөгү токтомго кол койду.
Памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүлөт
Кечээ жакында эле Кыргызстанга алыскы афган жергесиндеги памирлик кыргыздардын лидери Абдрашит мырза келди. Ал спикер, Өкмөт башчысы жана президент А. Атамбаев менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууда памирлик кыргыздар учурда баштарынан оор кыйынчылыктарды кечирип жаткандыгы, аларга тез арада ар тараптуу жардамдар жана аларды тарыхый мекени Кыргызстанга көчүрүп келүү маселелери каралды. Албетте, аларды көчүрүп келүү маселеси оңой иш эмес. Ал үчүн мамлекеттер аралык, Эл аралык уюмдар тарабынан кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Жолугушууда А. Атамбаев боордош кыргыз элин көңүл сыртында калтырбастыгын, аларга гуманитардык, медициналык жана билим берүү жаатында жардамдар көрсөтүлөрү туурасында баса белгиледи.
Баткен
Кадамжай районундагы Кожо- Корум айылында 40 үй бүлө чатырда жашап келет. Өткөн жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрүн кайра жасоого азырынча бийлик тарабынан толук жигердүү иш чара көрүлө элек. Жергиликтүү бийликтегилердин билдирүүсүндө, жергиликтүү тургундардын шалаакылыгынан улам, тийиштүү документтер топтоло электиги айтылат. Белгилей келсек, 21- кылымда жашап жүрүп, бул айылга алиге чейин электр энергиясы тартыла электиги өкүндүрөт. Анан, ушундай унутта калган айылга турак-жай куруларына жардам көрсөтүлөт деп, ким ишене алат.
Ысык-Көл
Айтылуу Кумтөр алтын кени туурасында эмнелер гана айтылбады. Эми Кумтөр алтын кенин улутташтыруу туурасында демилгелер көтөрүлө баштады. Анын ана башында кезегинде Кумтөр менен бирге иштешип, кийин нааразы болгондор турушат деген кептер да бар. Эгер чын эле Кумтөр кени элдики болсун дешсе, ММК аркылуу программаларын тааныштырып, элди кабардар да кылыш керек. Туура, кемчиликтер көп. Маселен, эмгек акы туурасында да жакында нааразычылык акциясы да болду. Маселен Кыргызстандын жараны менен бирге иштеген чет өлкөлүк жарандын эмгек акысы асман менен жердей. Чет өлкөлүктөр он эседен ашык акы алышат. Бул жагын да караштыруу зарыл. Болбосо алар иштеген, ал гана эмес даана кара жумушту аткарган биздин мекендештердин укугу тебеленип эле жатпайбы. Бирок белгилей кетсек, дыйкан фермеллер үчүн жети пайыздык кредит боюнча Кумтөр 20 млн доллар бөлгөндүгүн айта кетмекчибиз.
Жалал-Абад
Жакында Өкмөт башчысы Ө.Бабанов Жалал-Абад областында болуп, жазгы талаа иштери менен таанышты. Жергиликтүү дыйкандар менен жолугушууда дыйкандар жер семирткич, транспорт, суу маселесиндеги көйгөйлөрдү ортого салышты. Премьер- министр бул орчундуу проблемаларды өз учурунда чечүү үчүн тийиштүү жетекчилерге тапшырып, тапшырма аткарылбаса, кызматтарынан шыпырыларын карапайым калктын көзүнчө айтты. Андан соң Жалал-Абаддагы жаңы курулган көп кабаттуу турак жайдын ачылышына катышып, майыптарга батирлердин ачкычын тапшырды. Бул го жакшы жышаан. Эми айтылган сөз ок болуп, ишке ашырылса болду.
Ош
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов эли үчүн болгон күчүн жумшап жаткандыгын эл жакшы билишет.
Шаардын мэри туурасында оң да, терс да пикирлер айтылып келет. Мына ушундан уламбы, М. Мырзакматов ММКда чагымчыл макала, дагы башка материалдар кетип жаткандыгын айтып чыкты. Бирок кайсыл маалымат булак экендигин толук айта алган жок. Мырзалык кылып, ошол чагым чыгаргандарды чекеге чертип, сотко берсе жакшы эле болмок.
Бишкек
Бишкек шаардык Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынында шаар ичиндеги жана шаар четиндеги маршруттук каттамдардын жол кире акысын эки сомго көтөрүү маселесин колдошту. Ошондо шаар ичиндеги автобустарга эми сегиз сом, троллейбустарга жети сом, ал эми маршруттук автобустар он сом болду. Эми бир бармагымды тиштесем, бир бармагым ооруйт дегендей эле кеп.
"ЖЕРДЕШТЕР" - ФОРУМ СООТЕЧЕСТВЕННИКОВ
КИРГИЗСТАНА
Форум соотечественников Киргизстана "Жердештер" состоится в г.Бишкек, Киргизстан, 2-3 августа 2012 г. Программа форума разделена на 4 основных блока: торговля, инфраструктура, инвестиции; образование, здравоохранение, наука, новые технологии; культура, информация, коммуникации, имидж страны; госполитика в отношении соотечественников за рубежом. Каждый блок включает презентационную сессию членов правительства, представителей крупного бизнеса, а также дискуссионные панели. По запросу участников будут сформированы группы для визитов в области КР в сотрудничестве с областными администрациями. Программа каждого дня будет завершаться "Киргизскими вечерами", представляющими лучшие творческие достижения культуры, искусства и кино.
В связи с ограниченным количеством мест на форуме, просьба заполнить и прислать подписанную регистрационную форму не позднее 30 июня 2012 г, по эл.почте: lerdesh@roza.kg.
Расходы по проезду и проживанию участников покрываются за счет участников. Регистрационный взнос для участия в форуме составляет 200 долларов США.
Москвадагы сиздерге керектүү телефондор:
* Посольство Кыргызстан: тел.: 8 (495) 237-46-01
* Редакция "Нур реклама" гезити тел.: 8 (495) 625- 39-78
* Компания "Нур" тел: 8 (495) 625-39-78
* Мед.центр "Дарыгер" тел.: 8 (926) 933-07-07
* Мед. Центр "Светал Медикал" тел.: 8 (926) 397- 95-70
* Стоматология, м. Пр.Мира тел.: 8 (926) 397-79-21
* м. Пр. Мира, Мусулмандардын дин башкармасынын өкүлү
Канкыбаев Максат тел.: 8 (926) 069-47-44, 8 (925) 051-90-19
* Кыргыз авиакасса, эң арзан билет
тел.: 8 (926) 738-53-54, 8 (926) 811-48-17
* Медицинский центр "МАЯК"
тел.: 8 (495) 689-13-46, 8 (426) 483-06-92
* Кафе "Тойкана" банкеттерди кабыл алат
тел.: 8 (926) 313-64-84, 8 (926) 319-55-48
