МАДАНИЯТ
ЭСТЕН КЕТКИС
ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛУГУШУУ
Көркөмү күч көктөм айынын орто ченинде, тагыраагы ушул жылдын 11-апрель күнү Москва шаарындагы ВДНХ метросунда жайгашкан "Кыргызстан" Соода Үйүнүн Жыйындар залында "НУР" көп тармактуу компаниясынын генералдык директору Багытбек Бапанов түптөгөн "Москва кайрыктары" адабий клубунун өкүлдөрү чогулушуп, поэзия кечесин уюштурушту. Кечеге Москвадагы карапайым калктан тартып, интеллигенция баштаган ыр ышкыбоздорунун жоон тобу катышышты.
Ай сайын адатка айланган поэзия кечесин бул ирет өткөрүүдөгү бирден-бир максат КРден келген КР Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев менен жолугушуу эле. Алып баруучу Адашкан Пирматов чогулушка катышкандардын бир даарына ирети менен сөз узатып жатты. Алгач сөз кезегин алган Б. Бапановдун "Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу мекендештер! Мына бүгүн алдыңыздарга атактуу жазуучу Ч.Абыкеев келип отурат. Ырасында эле Москвадагы эмгек мигранттарыбыз жөн эле жүрө беришпей, таланттарын такшалтып келишүүдө. Буга 3 жылдан бери жарык көргөн "НУР" газетасы да көмөкчү болууда. Бактыга жараша, "Москва кайрыктары" адабий клубун да түзүүгө жетиштик. Ушу тапта мүчөлөрүбүздүн саны 250 гө чукулдады. Талаачылыкта чогулуш татаал экен. Ошого карабастан, ай сайын жолугуп турабыз. Ал ортодо "Москва кайрыктары-1" аталыштагы альманах китебин чыгаруу демилгесин да жүзөгө ашырдык. Бул нерсе биринчи жолу чет мамлекетте кыргыз китеп чыкканын каңкуулайт. Альманахыбыз КРде катталды. Китепканаларда турат. Эми "Москва кайрыктары-2" альманахын чыгарууга камынып жатабыз. Арабызда аябай таасын таланттуулар бар. Адашкан Пирматов, Акылбек Мамадалиев, Улан Болотов, Нуржамал Айтбаева, Анипа Бектемировалардын жеке китептери да чыкты. Буларды ушул ийгиликтери менен куттуктап кетмекчимин" деген жалындуу сөздөрүнөн соң акын Айталы Жандаров "Чолпонбек Абыкеев келди. Ушунун өзү жакшы нерсе. "Россия тузун татып, Россия нанын жегем, Россия мени менен" дегендей, Россияда жүрүп, татынакай чыгарма жараткандарга суктанам. Ийгилик каалайм." деди. Ал эми Чолпонбек Абыкеев болсо "Рахмат, урматтуу жердештер! Бүгүн сиздер менен дүйнөдөгү эң улуу империянын жүрөгү болгон Москвада жолугушуп, кыргыз тилинде сүйлөшүп атканыма кубанычтамын. Бул поэзия кечесине кыргыздын сөзүн сагынып калгансыңар го деген ой менен өзүмүн китептерими да ала келгем. Алып окусаңыздар болот. Ырларыңыздарда Мекенди сагынуу күчтүү болгонун байкадым, Багытбек Бапанов негиздеген "НУР" газетасынан окуп. Негизи кыргыздар ырга ышкылуу эл. Манастай алп дастанды жараткан кыргыздар эзелтен сөзгө чоң маани беришкен. Ооздон чыккан сөздүн жоопкерчилигин көтөрө билген." деген оюн ортого салды. Андан соң коомдук ишмер Максатбек Гапыров "Москвага Чолпонбек Абыкеевдин келгени чоң, бийик окуя. Москвадагы Кыргызстандыктардын маданий жактан көтөрүлүшүнө пайдубал болот деп ойлойм. Мен Чолпонбекти коомдук ишмер катары да жакшы тааныйм. Президенттик аппаратта да иштеген. Андан сырткары 15 жыл бою "Аалам" газетасын башкарды. Жазуучулук дарамети да күчтүү инсан. Учурда чыгармачылык жактан кайрадан ойгонуп атам. Күнү кечээ эле "НУР" газетасынын 31- санына чыккан ырларды ой элегимен өткөрдүм. Арасынан Акылбек Мамадалиев, Гүлбахар Якубова, Бекболсун Айталиевдердин ырлары көңүлүмө көбүрөөк ынады. Ушул себептүү
"Москва кайрыктарын" түптөп, ушундай таланттарга колдоо көрсөткөн, ушундай поэзия кечесин байма-бай өткөргөн Багытбек Бапановго да ырахмат. Ушул маселе боюнча бир кол чаап койсок" деп, катышуучулардын жүрөгүн толкутуп өттү. Дал ушундай сыяктуу жалындуу сөздөрдөн кийин Чолпонбек агай менен кечеге катышуучулардын ортосунда түзүлгөн суроо-жооп сыпатындагы талкууга кезек берилди. Талкуунун жүрүшүндө Чолпонбек агайдын жеке чыгармачылыгы менен бирге бүгүнкү күндөгү кыргыз адабиятынын ал-абалына байланышкан маселелер ортого салынды. Ал ортодо, Максатбек Гапыров мандалин чертип, залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун "Сагыныч" аттуу ырын ырдап кечени шаңга бөлөдү. Андан сырткары "Москва кайрыктары" адабий клубунун мүчөлөрү Адашкан Пирматов, Акылбек Мамадалиев, Анипа Бекмуратова, Кыял Орозобекова, Жазгүл Жандаровалар жүрөктөн сыбызгыган ырларын окушуп, жамгырдай төгүлүштү. Айтор, поэзия кечеси
жогорку деңгээлде өтүп, жалпы кыргыз мекендештерибиздин маанайы майрамга айланып, жан-дүйнөлөрү дүрбөлөңгө түшүп, руханий айдыңдын асманында ак шумкардай сабалашты. Мекенден алыста, болгондо күү-шаа түшкөн капкалуу Москва калаасында мекенчил инсан Багытбек Бапанов тарабынан уюштурулган ушундай поэзия кечеси мындан ары да байма-бай өтүп турса экен деген изги ниетти көкүрөгүнө түнөтө, үйлөрүнө тарашты. Анан да, бул поэзия кечеси ЭлТР каналынын Москвадагы кызматкерлери тарабынан тасмага түшүрүлүп, сыналгыдан Кыргызстандагы мекендештерибиздин назарына да сунушталганын эске сала кетмекчибиз...
Акылбек МАМАДАЛИЕВ
Романтикалык аңгеме
Космостон түшкөн кыз
Мен телефонду көтөрдүм.
- Таганскаябы? Бул "Москва кайрыктары" адабий клубубу?
- Жок бул "Октавиа" фирмасы. Бирок сүйлөй бериңиз, Мен "Москва кайрыктарына" тиешем бар. Уюмдун мүчөсүмүн.
- Сиз Азат Кадырович эмессизби?
- Ооба. Менмин
- Азат Кадырович! Бул мен Космира. Мен эки күн мурда сиздер уюштурган көркөм окуу боюнча конкурста биринчи орунду женип алгамын. Эстедиңизби?
- Ммм… Ооба! Эстедим!
- Менин сизге байланыштуу зарыл иштерим чыгып калды эле. Мүмкүн болушунча, сизге тезирээк барайын дедим эле. Мага убакыт жана өзгөчө көңүл буруп коюңузчу!
- Бирок түшкү тыныгуу жакындап калды. 20 минута калды
- Мен ошо түшкү тыныгууну сиздин кабинетиңизде сиз менен бирге өткөрөлү деп жатам. Айып этпесеңиз, мен сиздин кабинетиңизде биртике дасторкон жайып коеюн дедим эле.
- Эмне үчүн? Эч нерсе түшүнбөдүм.
- Агай, сиз экөөбүз бири-бирибиз менен бир кызык жагдайда мурунтан тааныш болгонбуз, бирок телефондон айтып олтурсам узак. Мен сизге өз ыраазылыгымды билдирип коеюн дедим эле, бирок сиз кайда экениңизди билбей жүргөмүн. Мен мында жакыныраак жерде элемин. Өтүнөм! Кабыл алыңызчы. Мага руксат этиңиз, сиздин урматыңызга кабинетиңизди бир
сааттык ресторанга айландырып коеюн. Мен көптөн бери сизге ыраазылыгымды айта албай жүрөм. Мен сизге көп жылдардан бери качан кайда жолугам деп жүрдүм эле, эми ушул жагдай бүгүн түзүлүп калды. Агай менин сизге арнаган белекчелерим да бар эле. Агай мени кабыл алыңызчы, мен 20 минутада барып калам. Мен жалгыз болом. Биз баарлашып жаткан мезгилде эч ким болбосо экен деп өтүнөм. Мен бүгүн кеч саат 8 де Дубайга учушум керек. Өтүнөм. Кабыл алып коюңузчу.
Бир аз ойго баттым да, анан - "Мейлиңиз" - деп жооп бердим
- Мен тез арада барып калам, күтүңүз.
Мен өтө таң калгандай абалда калдым. Эсиме эки күн мурда өткөн поэзия кечесин элестеткенде, ал ыр окуп жаткан мезгил көз алдыма тартылып, анын турпаты элесиме толук келип, узак мөөнөткө чейин кармап турдум. Ал башкалардай эле жөнөкөй, тыкан, татына кийинген болчу. Бирок башкалардан кандайдыр бир айырмасы бар эле. Эмнеси менен ал айырмаланып турду? Айырмасы эмнеде эле? Ал башкаларга караганда өзүн бекем жана ишенимдүү сезип жаттыбы, же болбосо көп жана кызыктуу пикир алмашып жаттыбы? Мүмкүн. Жо-жок! Анда бир башкача өзгөчөлүк бар эле, кандайдыр бул жарык дүйнөгө таандык эмес өзгөчөлүк. Анын жүзүнөн тынбастан нур тамып турду. Ал жерде эле басып жүрдү, бирок ошол эле мезгилде ал жогорку бир катмарларда жашап жаткандай көрүндү мага. Ал мен да ыр окуйм деп, кол көтөргөн мезгилде андагы сезимдер толкуп ташып сыртка токтосуз чыгууга умтулгандай сезилди мага. Ага ыр окуу кезеги келгенде, ал өзүнүн ырларын жан-дүйнөсүнөн чыгарып, бүт жаны менен берилип, төгүп-төгүп салды. Ушул мезгилде ал өзүнүн мүдөөсүн толук канааттандыргандай болду. Ыр окуп бүткөн чакта ал жанып жана жаркырап турду! Ушул чакта ал өзүн эң бактылуу туюп жаткандай сезилди мага.
Андан кийин мен эсиме биз мурда таанышкан жагдайларды эстөөгө бурдум. Менин алдымдан түрмөктөлүп көп окуялар, ар кандай шарттар өтүп жатты, бирок аны менен таанышкан же болбосо жолугушкан жагдай эч эсиме келбеди. Кайсы жерде, кандай жагдайда биз жолугуштук экен? Семинарлардабы, конференциялардабы, форумдардабы, кечелердеби, жок, эч нерсе эске келбеди. Эстей албай абдан кыйналып турган кезде телефон шыңгырап калды. Аны кулагыма тостум.
- Мен келип калдым, - деп анын шаңдуу үнү угулду.
- Мен азыр тосуп чыгам - дедим да, утурлап сыртка чыктым.
Эки машина удаа келип токтоп калды. Алдынкы Джиптен өзү түштү. Кийинки жеңил машинадан кыздар түштү. Биз жакын келип көрүштүк.
Ал артына бир карап: - Кыздар биздин артыбыздан жүргүлө - деди. Аңгыча кыздар багажниктен ар кандай буюм, продуктыларды ала башташты.
Анда. Алга! - деп мен Аманайды кирүүгө жол көрсөттүм.
Биз кире бериш бөлмөдөн өтүп, менин кабинетиме кирдик.
- Оо! Абдан кеңири кабинет экен. Биздин дасторконубузду кеңири жайсак болгудай. Эми расмий түрдө таанышсак болот го дейм. Менин атым Аманай. Кечиресиз, менин эки атым бар. Биринчиси, паспорт боюнча, Аманай, экинчиси атам койгон ат - Космира. Атам космоско абдан кызыкдар адам эле. Москвадагы физика - техникалык институтуна кирип окубаганына абдан өкүнүп жүрчү. Ал кыргыздардан да бир космонавт чыксын деген ниет менен атымы Космира деп койгон экен...
(уландысы бар)
Максатбек Гапыров
Тел.: +7 (925) 120-13-96
maksatbulak@rambler.ru
