2012 МАНАС ЖЫЛЫНА КАРАТА
МАНАС АТАБЫЗ
БАСКАН УЛУУ ЖОЛ
(же кылым карыткан
жуңголук кыргыздар)
Кыскача маалымат: Манасчы Кадырали Жээнбаев - 1963-жылы 10-февралда Өзгөн районуна караштуу Красномаяк айылында жарык дүйнөгө келген. 1976-жылы Оштогу "Эл ичи - өнөр кенчи" деген кырк беш мүнөттүк телекөрсөтүүгө белгилүү кыякчы Искендер Бубаев менен бирге тартылып, манас айтуучу катары жүзү ачылган. Алгач жаттап айтса, азыркы тапта шыр эле кетет. 1984-жылы Жалал-Абаддагы маданият техникумун аяктаган. Бир топ республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүсү. Үй-бүлөлүү. 3 кыз, 2 уулдун атасы.
Телефону: 8 (926) 752-86-54

(Башталышы өткөн санда)

Себеп дегенде, бул үйлөр жапыс курулуп, үстү эч кандай шифер менен жабылган эмес. Жөн гана ылай бастырылып, анын үстүнө пленка жаап, кайрадан ылай менен саманды аралаштырып, алдын бийигирээк артын жапсыраак кылып, шыбап салышкан. Жамгыр жааганда суу топтолуп калбас үчүн 3-4 жерге атайын түтүк орнотуп коюкан. Огороддоруна тоо таштарын алып келишип, ылай менен уруп тосмо жасашкан.
Тосмолору да көрксүз курулуп, адамдын киндигинен гана бир аз өйдө. Бул жердеги бош калган үйлөрдүн
ээлерин сураганыбызда, аларга шаардан жаңы шарттаргы үйлөрү берилип, көчүп кетишкенин айтышты. Ал жердеги бийликтегилердин, элдин деле мактаганы азыркы Кытайдын жетекчилиги. Бат эле эски кароосуз калган үйлөрдүн ортосундагы жолду аралап, кыштак четиндеги бөксө адырларды айланып чыккан жол менен бийик кароол чокуга чыга келдик. Өзгөчө кооздукка бөлөнгөн бул жерге эс алууга ылайыктанып, кытайдын улуттук символикасындагы чатырча жабылган сөрүчө курулган. Айланасы асфальт менен тегерете бетондолуп, кароол чокудагы сөрүчөгө чейин, анын үч тарабынан өйдө жакты көздөй тепкич менен чыгасың.
Бул жерден туруп, боордош мекендештерибиз жашаган шаардын күндөн-күнгө кооздукка бөлөнүп, өнүгүп бара жатканына сукатана карайсың. Мындан бир чакырымдагы аралыкта 25-30 гектар аянты ээлеген чоң теплица көзгө урунат. Алыстан туруп караган адам кыбыраган 10-15 чакты гана кишинин караанынан башка эч нерсе көрүнбөгөнсүйт. Ушуларды кызыга карап, көрүп туруп, биз барган топтогу айыл чарба академиясынын ректору, профессор Сейит аке Жунусов, мурда соода министири болуп иштеген Сүйүн аке Кадыров жана башкаларыбыз дагы бир жолу кытай тарапта жашаган адамдардын чыныгы мээнеткечтигине, тазалыгына, иш учурундагы тартиптерине дагы бир жолу ынандык. Эстелик үчүн сүрөткө түшкөндөн кийин өзүбүз түшүп барган автобустарга отуруп, ылдый көздөй теплица талаасына багыт алдык.
Биз барганда, бизди эч ким деле ашыкча шаан-шөкөт, алдын ала даярдануулар менен тосуп алган жок. Жөн гана жайдары мүнөздөгү кытай, уйгур, кыргыз жумушчулары өз иштери алек боло иштеп жатышты. Бизге көрсөтүү үчүн алып чыккан помидор, бадыраң, капуста, болгарский, апелсин, лимон жана башка жер жемиштерди көрүп, даам таткандан кийин ыраазы боло, ал жерде иштеген уйгур, кыргыз адамдары менен аңгемелешип жаттык. Ар бир теплицанын узундугу 50 м. туурасы 10 м. түзүп, ичи жарык, таза, бирдей температурада аба-ырайынын шартына карап, көзөмөлдөп турушат экен.
Бул жерде өскөн жемиштер көзгө кооз көрүнүп, баары даамдуу. Ушул жерден кандайдыр бир агротехниканын жетишкендигиби же дарынын күчүбү, курт түшкөн помидор, болгарский, картошка көрө алганым жок. Уурдоочулукка өтө катуу бөгөт коюлган. Жумушчулардын мингендери жөнөкөй эле биздин "мопед" сыктуу мотоциклдер. Буларга бензин куюлбайт. Жумуштан келип, зарядканы токко сайып койсоң, ал толгондо, 80 км. аралыкты жөн гана басып өтөт экен. Баасы да анчейин кымбат эмес, сомго 20 миң сомду түзөт.
Мындай кыдыруулар таанышуулар жаңыдан курулуп жаткан цемент, темир иштетүү заводдорунда, канатуулар фабрикасында болуп өттү. Мындан сырткары областтык ооруканада, драм театрда, маданият үйүндө, мектептерде ж.б. кооз жерлеринде болдук. Эмгек акы жөнүндө айта турган болсом, жаңы окууну бүтүп келген мугалимдердин орточо маянасы 500$ доллар түрүндө төлөнүп, кыргыз сомуна 22 миң 500 сомду түзөт экен. Мамлекеттин дагы бир камкордугу малчы чабандардан, жылкычылардан дыйкандардан налог алынбагандыгы экен.
11-июль 2011-жыл. Менин жана биз менен барган делегациянын эсинде түбөлүккө эсте калды. Бул күнү шаардын борбордук стадиону өзгөчө шаңга бөлөнүп, жагымдуу музыканын үнү сыбызгыйт. Айланада ар кандай түркүн жасалгалар, транспоранттар менен бирге "Бүткүл дүйнөлүк "Манас Ата" фестивалы", "Бүткүл дүйнөлүк "Манас Ата" фестивалына куш келиңиздер, урматтуу меймандар!" - деп жазылган лозунгдар кытай жана жергиликтүү калктын алфавити болгон араб алфавитинде кооздолуп жазылган. Стадиондун бобордук бөлүгүндө он беш катар болуп тизилген жалаң ак көйнөк, кара кемселчен кыздар, ак калпакчан жигиттер турушат.

(уландысы кийинки санда)


ПОВЕСТЬ


Сандан-санга
Барымтадагы
кыз баяны
... Чындыгында бул келиндин өзүн өзү өрттөшүнүн артында бир мандем бар сыяктуу көрүнгөн. Анын үстүнө бир канча күндөн бери Маликанын артынан бир гана таякеси болом деп, элүүлөрдөгү адам келген болсо бүгүн күтпөгөн жерден Бектин пайда болушу ого бетер күмөн туудурду.
- Мен анын жакын агаларынан болом. Айтор, булар тууралу кийин жай сүйлөшөлү. Азыр бизге аны көрсөтсөңүз ..
- Сенден башка да киши барбы?
- Ооба, шеф өзү келген.
Көптү көрүп, көзү каныгып калган профессор сөз төркүнүнө түшүндү. Демек, анын акчаны самандай уучтай кармап, буйрук бере сүйлөшүшүнүн төркүнү бар турбайбы анда булар ким болду экен деген суроо дароо оюн чулгап алды.
- Макул, бирок тынчын албагыла. Сүйлөшүүгө уруксат жок.
- Эмне үчүн?
- Эмне дегениң кандай, абалы өтө оор... деген профессор ага таң калыштуу карап, Малика жаткан бөлмөгө кадам таштаганда, эшиктин алдында Алик күтүп турган экен. Аликтин кесирейип, бой түзөп менменсинип турушу профессорго анчейин жага бербей,- Сизди маскасыз бул жерге кирүүгө ким уруксат берди-деди.
- А, жок-жок, мен эч кимден уруксат алганым жок- деп, Алик өзүн ыңгайсыз, сезип туруп калганда, Бек сөзгө аралашып - Алым Саттарович, бул киши биздин шеф, Алик Нигматуллин улы, жакындан таанышып алсаңыздар болот-деп, жайдарылана сүйлөп профессорго карады. Профессор акырын баш ийкеп, саламды жумшак алик алган менен, акырын гана- Сизге кирүүгө уруксат бералбайм , сиз жок дегенде маска менен халат кийип келсеңиз, медицинаны сыйлаган болоор элеңиз...- деп, анын жамбашына ачык тагынган кабурасын көз жаздымда калтырбай карап койгонун Алик да баамдап, экөө бир азга карышкырча тиктеше түштү да профессор Маликанын бөлмөсүнө карай басты. Буга чейин эч кимдин алдында оңтойсуз абалда калбаган Алик өзүн ынгайсыз сезип басып кетээрин же калып калаарын билбей, узун коридорго коюлган отургучка башын жерге салган боюнча отура кетти. Бул мезгилде Маликанын темпаратурасы түшүп, бир кыйла өзүнө келип калган эле. Эшиктин ачылганынан улам акырын карап, профессор менен дагы бир адамдын киргенин көрүп, оболу анчейин маани бербей көзүн жумду да үнү тааныштай угулгандан улам бүшүркөй карап туруп баш көтөрүүгө алы келбей, денеси жыйрыла муздак тер басып калтырап кетти.
- Ооба, ошолор- деди оюнда,- неге келишти экен, келбей койбойт беле -деп көздөрүн кайра жумду, оор онтой. Ой күлүк. Канткен менен адам баласынын жаны алкымдан чыкмайынча кыйналган менен акыл жайында болот турбайбы
- Аа-а, Бек келгенби дейм үнү окшош. Өмүрүнүн акырында бир көрүп калайын дешкен го... Ооба, жашоонун тирүүлөй туткундугунан, ач карышкырдай алкынып жутунган кумарпоз адамдардын көпкөлөндүгүнөн, басынткан заар тилдерден, шылдың көз караштан, эрксиз бааланган өмүрдөн ... баарынан да силердин наркоман жапайы дүйнөнөрдөн тажадым ... И баса Алик кайда болду экен. Татардын дили катуу деген чындык окшойт, Аликтин татардыгы билинип турат. Мусулман баласы болгон менен адам баласы чыдагыс жапайычылыкка барганын карачы бул не кылганы билбейм... Малика өткөн кеткенди жипке тизген шурудай көз алдынан өткөрүп жан дүйнөсүндөгү баш аламан ойлорду онтоо менен гана сыртка чыгарып жатканда тааныш ун кыжаалаттана каргылданып чыкты.

(уландысы бар)
Турдайым Кожомбердиева,
"Нур реклама" гезитинин
өз кабарчысы.
turdayim79@mail.ru 8 (926) 971-48-62




Аялдарга кеңеш


Врач
акушер-гинеколог
Кебекбаева Энекан Тойчуевна
8 (926) 049-49-15
Кантип сактаныш керек?
- Биз кыз келиндер кантип сактанышыбыз керек маалымат берип коесузбу?
- Пландаштырылбаган кош бойлуулукту болтурбоонун жолдору бир канча. Европанын аялдары көбүн эсе гормоналдык таблеткаларды жана импланттарды (пластыри жана теринин астына коюлуучу импланттар) колдонушат. Азиянын аялдары көбүн эсе жатындын ичине коюлуучу спиралдарды колдонушат. Бойго болтурбоонун ар бир методу аялдын ден соолугуна жараша болот. Гормоналдык таблеткаларды кан тамырлары кеңейген аялдарга ичүүгө болбойт. Жатындын ичине коюлуучу спиралды эрозиясы бар аялга койгонго болбойт. Ошондуктан пландаштырылбаган кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн врач менен кеңешүү зарыл. Ал эми пландаштырыбаган кош бойлуулукту мүмкүн болушунча эрте - 10 күндүк кезинде алдыруу аялдын организмине анчалык чоң залал келтирбейт. Европанын аялдары акыркы убакта негизинен дары - таблетка менен бойдон алдырууга өтүп жатышат . Себеби аялдын психикасына анчалык оор келбейт.




Нур реклама
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!