2012 МАНАС ЖЫЛЫНА КАРАТА
Кыргыздын тирүү
гомерине таазим
Курман Мамбеттурган,
Мугалим, жаш изилдөөчү
Кытай, Кызыл-Суудан
E-mail: kurman@126.com
Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Асман менен жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Алтын менен Күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй.
Деп сүрөттөлгөн Айкөл Манас
тууралуу айта берсек, сөз түгөнбөйт. Урматтуу окурман, ушул өңүттөн пайдаланып, назарыңыздарга кытайлык кыргыз кандашыбыз мугалим, жаш изилдөөчү Курман Мамбеттургандын кытайлык улуу Манасчы Жүсүп Мамай тууралуу сүрөттөгөн илимий баянын сунуштайбыз.
Редакция
(Башталышы өткөн санда)
Аксакалдан ак бата сурадык: "баардыгыңар аман болгула, башыңар эсен, бооруңар бүтүн болсун, аркаңарда артык ушак кеп-сөзүңөр болбосун, маңдайыңардан шам күйсүн, маңдайыңарга бак консун, кудайым өмүр берсин, оомыйын аллаакбар!". Жүсүп атанын айтканы келсин деп, бет сыйпагыча, өзүнүн катчысы, "манас" изилдөөчү чалкарга кайрылып:"эми калганын сен бер, балам" деди. Чалкар:"Келгениңер кут болсун, ак жолуңар ачылсын, жолдошуңар кызыр болсун, балдарыңар Манастай билектүү болсун, Чубактай жүрөктүү болсун, кыздарыңар Айчүрөктөй сулуу болсун, Каникейдей улуу болсун, жакшы жүрөлү, ынтымак-ырашкердик менен аман-эсен жүрөлү!"деп, батасын берди.(автордон эскертүү: Жогорку эки бата эч кандай өзгөртүүсүз кириштирилди).
Көз ирмем убакытты артка калтырып, коштошууга кыйбай атсак да, аргасыз аксакалдын үйүнөн айрылууга мажбур болдук. Чыгып баратканда, баарыбыз эле кылчактайбыз, бир нерсебиз чала калгандай эле болобуз, айтор "арманым калбады" дегенге ооз барбайт. Көп эле "арман" калды...
Кырк теректе кызык иш
Токтогул Анапыя, Даркан, Айсалкын Жунус, Бейшегүл төртөө койго бата сурап туруп алышты. Асилиндеги пилан боюнча эч кимге кабар бербей, көрүшүү бүтсө эле үнсүз кетмек болгонбуз. Бирок жаштардын салттуулугун, нарктуулугун көрүп, бизге деген көңүлүн кайтарбадык.
Алдынкы күнү, күн кечтеп кеткендиктен, кырк терекке эртеси бардык. Кырк терек деген ыйык жай манас ата менен байланышат экен: алп бабабыз манас баатырдыгы менен кыргыз элин сырткы душмандын чапчынчылыгынан коргоп турган кези экен. Кашкарды жердеген кыргыздарды калдай деген калмак чаап кетет. Муну уккан кан Манас кырк чоросун ээрчитип, кашкарга барып Калдайды жоготуптур. Кыргыздарды тынчытып коюп, кашкар менен үчтурпанга каттоочу кан жол менен кулжа башынан ашып, аралды көздөй бет алыптыр. Какшаал дайрасын бойлоп, үзөңгү кууш деген жерге келгенде, алдында шаркырап аккан дайрасы бар, үстү аска зоо, күнгөй-тескей тоолору көк мелжип кабышып турган, дайраны жээктей баскан чыйыр жолу бар жерден өтүп бара жатып, сонуркап, аттарынан түшүптүр. Манас, кан Бакай, Чубактар белги болуп калсын деп, үч тал теректин чырпыгын дайранын жээгине сайып, бул жердин аты "шынаа" болуп калсын дешкен экен. Булардын эстелигин көргөн кырк чоро кырк чырпык сайып коюшуптур. Ал чырпыктар баары көктөп, терек болуп жетишиптир. Бул жер "шынаа", "кырк терек" деп ар түрдүү аталып жүрүп, акыры "кырк терек" аты менен айтылып калыптыр. Бул теректер кылымдар бою көгөрүп турат, какшаал кыргыз эли:" бул бабабыз манастын эстелиги, мазар терек" дешип, сыйынышат. Ал теректерди бүгүнкү күндө санап көрсө, санагы токтобойт. Анын сырдуулугу бир санаса кырк үч, бир санаса отуз тогуз, бир санаса кырк чыгып турат имиш.
Арабыздан үч киши теректерди ар башка-башка санап чыгышты, түндүктөн түштүккө карай санаса, бирөөнүкү 43, бирөөнүкү 41, бирөөнүкү 39 чыкты, кайра түштүктөн түндүккө карай санаса, бирөөнүкү 37, бирөөнүкү 39, бирөөнүкү42 чыкты. Бир эле адам эки жолу санаса, эки башка чыгып атканы бизди таңдандырды. Биз "көп эле санай бербейли" деп кайра санаган жокбуз. Учурда Сайыпбек ага баштап беш киши Кулансаракка тууганчылап кетишкен, Кулансарактагылар аларды кармап алышат, ошондо бирөө:"биз он кишилик топ элек, бешөө кырк теректеги теректерге номур салып калышты" деп тамашалайт. Бир байбиче: "кокуй, антбегиле, ага номур салса болбойт, кайдагы шумдук!" деп, чочуп кетти дейт. Бул теректерге номур салууга эч ким даай албастыгы мүмкүн. Бул бир тамаша сөз.
Бар табагым, кел табагым, барып-келип турбасаң, ортолукта сын табагым
Как ошол учурда ак-чий ооданы боюнча эл өкүлдөр курултайы жана саясый кеңеш жыйналышы өтүп жаткандыктан, Оодандык маданият мекемесинен Турдубай байке көп убакыт бөлө албады, биз кантпесин, аталган мекемеге ала келген белегибизди ошол кишинин өз колуна тапшыралы деп, эртеси телефон чалсак, араң бошонуп чыкты ары бизди кеңсесине сунуш кылды. Кеңсеси өтө кеңири экен, белек-бечкектерибизди ошол эле жерде колуна тапшырдык, ал киши маданият мекемеси жана Жүсүп аксакалдын атынан "манастын" кытайча төрт томдуу нускасын арноо сөз жазып, бизге белекке берди.
Жүсүп мамай:
"кыргызыстанга барганда, мени "Манас" айтбаган
дегени сандырак сөз"
Абдыракман азиз, Турду Мамбет жана мен үчөөбүз ошол жолку топтун башы Сайыпбек прафисордон кичине убакыт суранып, Жүсүп аксакалды сүрөткө алуу үчүн үйүнө дагы бардык.
(уландысы бар)
КЫЗЫК ЭКЕН ОКУП КОЙ
Тил билбесе да, дилинде
Манасы бар кыргыздар
Кытайдын түндүк чыгышындагы Хый-Лоң-Жыяң провынсыясынын Кория менен чектешкен жеринде өтө аз сандагы кыргыздар жашашат, жалпы жан саны 1701 гана киши. Мейли турмушта же коомдук карым-катнашка бирдей кытай тилин колдонушат. Кыргыз тилин биле тургандар негизинен жок. Ошол жерлик Ву Жанжу деген кыргыз окумуштуунун демилгеси жана тырышчандыгы менен Фу-Йү ооданынын кин-чү кыргыз улуттук кыштагында өзгөчө маанилүү "манас каридору" ушул жылдын башында бүтүп чыкты. Каридордун жалпы узундугу 348метр, жалпы 183терезе бар, ал "Манас" эпосунда жүз берген 83уруш окуясына сымвол кылынган. Жалпы 168барча сүрөт дубалга сызылган, бул сүрөттөр Манас эпосунун орчундуу окуяларын туюнтуп турат. Каридордун бир булуңуна "Манас баатыр коргону" тургузулган, ал жерге 32метр узундуктагы бир чоң там сүрөт түшүрүлгөн, мында Манас баатырдын кырк чоросун жетектеп бараткан көрүнүш бар. Каридор баштан-бойго кыргыздардын руханий турмушун чагылдырган белгилер менен шөкөттөлгөн. Жалпы үч бөлүккө бөлүнөт: Биринчи бөлүгү "Манас" эпосу жана Манас баатырдын иш-издери таанштырылган. Экинчи бөлүгү манастын сегиз урпагын кыскача тааныштырууга арналган. Үчүнчү бөлүгү кыргыз калкынын таарыхына арналган.
Бүтүн каридордо 24 айкел коюлган, мунун бирөө манас айтып олтурган Жүсүп Мамайдын айкели, калгандары Манас эпосундагы негизги кейипкерлердин айкелдери.
Эне тилин билбесе да, Манас рохун сактап калган ошол кыргыздардын "Манас каридору" ичкеридеги кытайларга жана Чыгыш Азыядан келген чет өлкөлүктөргө кыргызды, Манасты тааныштырууда чоң рол ойнойт.
Мамбеттурган Курман,
Кытайдан
