presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№09, 01.03.08-ж.
  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Джоди Фостер
(Аилисия Кристиан Фостер)
Таланты таш жарган, атагы алыска тараган, кинодо ар бир ролду ийнине жеткире аткарган актриса Джоди Фостер киномотаграфисттин үй бүлөсүндө төрөлгөнү менен атасы жөнүндө эч кандай маалыматы жок, себеби апасы Эвелен Бренди Фостердин кесиби пресса менен байланыштуу болгондуктан күндөп-түндөп жумушунда жүрчү, албетте мындай көрүнүш күйөөсүнө жакпагандыктан, үйдө күн сайын уруш-талаш өкүм сүрүп, акырында мындай жагдайдан тажаган Эвелин эки айлык боюнда бар кезинде күйөөсүн таштап баса берген. Албетте, жалгыз бой аялга кызын тарбиялап өстүрүш оңойго турган эмес. Ошентсе да, ал тоодой тоскоолдуктарды жеңип, бутуна туруп кете алган. Кичинекей Джодини караганга эч ким жок болгондуктан апасы аны дайыма жумушуна ала барчу. Ушундай күндөрдүн биринде Эвелинге кызын жарнамага тартылуусун сунуш кылышат, үч жаштагы Джоди атайын балдар үчүн чыгарылган бет майды жарнама (реклама) кылган, ушул күндөн баштап Джоди үчүн актрисалык кесиптин эшиги ачылат. Он төрт жашка чыкканга чейин майда эпизоддорго, жарнамалык роликтерге тартылып, үй бүлөлүк казынага кичине болсо да салымын кошуп келген. Он төрт жашка чыкканда Джоди бир топ ызы-чуу жараткан. "Таксист" киносуна тартылууга чакыруу алат. Башкы каармандын ролун алыш үчүн төрт сааттан ашык психиатрга акыл-эси, психологиясы күчтүү экенин далилдеген, анткени, болгону он төрт жаштагы секелек кыз мындай оор ролду аткара алабы же аткара албайбы деп күмөн санашкандар көп болгон. Бул тасмада топ зөөкүрлөргө туш болуп, зордукталган сойкунун ролун жаратыштын өзү эле тозок болгон, бирок тасмага тартылгандан кийин атактуулукка гана эмес ири суммадагы гонорар алаарына көзү жеткен Фостер баарына кайыл болуп тагдырын тобокелге салган. Мындан кийин сюжети боюнча "Таксист" тасмасына окшош бир катар тасмаларга тартылып, жалаң алдуу- күчтүүлөрдүн, акмакчылыктын, адилетсиздиктин, зөөкүрлөрдүн курмандыгы болгон кыздын ролун жаратса, 1991-жылы "Молчание ягнят" тасмасында (ФБР) агент Клариса Старлингдин образын эң мыкты чагылдырганы үчүн Оскар сыйлыгы менен сыйланган. Атагы кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна тараганы менен ден-соолугу солгундап, психикасы бузулганынан улам башкача ролдорду ойноорун максат кылган, тилекке каршы бул максаты ишке толугу менен ашкан эмес, тагыраак айтканда кино жаатында сойкунун ролун аткарбаса да маңдайына жазылганыбы, айтор эмнегедир дайыма оор, психологияга таасирин тийгизген ролдор туш келе берет. "Комната страха" киносунда алгач башкы каармандын образын жаратуу Николь Кидманга сунушталган, бирок окуп көргөндөн кийин ага таптакыр сценарийи жаккан эмес. Ошол эле замат Николь бул образды ага жаратуу кыйынга тураарын айтып баш тарткандан кийин режиссер ойлонуп отуруп бул тасмага Фостер гана туура келет деп чечет. Анткени жашоодо жапа чеккен адамдын ролун жаратууда Джоди мастер болуп калгандыктан, бул жолу деле анын алдында көп кыйынчылыктар менен тоскоолдуктар учураган эмес. "Аталган тасмага тартылгандан кийин көпкө чейин жаман түштөрдү көрүп, эмнегедир өз үйүмө киргенден да коркуп жүрдүм, Николь Кидман бул ролдон баш тартып абдан акылдуулук кылган дейт тамаша-чыны аралаш Джоди Фостер.
Ушундай эр жүрөк актриса айымдын жеке жашоосу күйөрмандарына кызык болсо керек. Ар бир атактуу адамдар сыяктуу эле Фостер дагы жеке жашоосу жөнүндө кеп козгогусу келбейт. Күйөөгө тийип ажырашканына көп болгон. Учурда эки баланы жалгыз тарбиялоодо, муну ал эч кандай өөн көрүнүш катары эсептебейт: "Мени деле апам жалгыз чоңойтуп өстүргөн, албетте, бала атасы менен энесинин кучагында өссө эң сонун, бирок мындай бакытты маңдайыңа жазбаса кантмек элең"-деп арман кылат актриса.
Фостер Лос-Анджелесте жашап, иштейт. Ал бош убактысында Францияга барып балдары менен эс алат, ал жерде да таман акы, маңдай тер менен иштеп тапкан акчасына квартира алган.
Лос-Анджелесте дайыма журналисттердин аңдуусу, папарация ага көңүлдөгүдөй эс алууга тоскоол болгондуктан, дайыма Парижге барып дем алып келет. Мындан тышкары француз тилин суудай билет. Ал эми лыжа тебүү Джодинин хоббиси. 65-70 жашка чыккыча Кэтрин Хэпберндей болуп тасмага тартылып жүрө берсем деп кыялданат. Джоди Фостер дүйнөдөгү эң атактуу, таланттуу, бай актрисалардын катарын толуктайт.




Киркоров кимдин оозун ачырды?
Россия эстрадасынын поп -королу атанган Филипп Киркоров аз жерден Америкага болгон гастролу токтоп кала жаздады. Анткени, ал чет мамлекетке чыга турган паспортун үйүнө унутуп калганын Шереметьевага жеткенде гана эстеген. Ошол турган жеринен табиятынан урушка жакын эргул жардамчыларын толгон токой сөздөр менен урушуп, айтор аэропортто иштеген кызматкерлердин оозун араандай ачырган.

Алла Пугачева өзүнө көр сатып алды
Примадонна Пугачева Израилдин эң байыркы жеринен ири суммага өзүнө алдын-ала көр сатып алган, ырчынын түшүнүгү боюнча бул жерге коюлган адам сөзсүз түрдө бейишке түшөт, журналисттердин айтуусуна караганда бул жерден Иосиф Кобзон да өзүнө алдакачан көр сатып алып койгон.

Яна Рудовская күйөөсү менен ажырашпайт
Өткөн жумада продюсер Рудовская күйөөсү Виктор Батурин менен ажырашмак, бирок эмнегедир бизнесмен сотко келген эмес, келбегендигинин себебин ал ден-соолугунун тез аранын ичинде начарлап кеткенине байланыштырууда, ал эми Яна болсо күйөөсүнүн бул жоругун - ал мени сүйөт, ошон үчүн ажырашпоонун амалын кылып жатат деп, коментарий берген. Айтор кимисиники чын, кимисиники жалган экенин ким билсин, жыйынтыгында бул иш 16-апрелге жылдырылган.

Александр Цекало жол кырсыгына кабылды
Александр жеке шоферу менен келе жатып жол кырсыгына туш болгон. Бактыга жараша эч ким оор жаракат алган эмес. Аварияга күнөөлүү деп 26 жаштагы Роман аттуу жигит табылды. Цекалонун айтымына караганда ал катуу ылдамдыкта айдап келе жатып "Хонда" машинасы менен Александрдын "Мерседес-500" тулпарын бир сүзгөн, жыйынтыгында Романды айыпка жыгышып, көп суммадагы акча төлөтүштү.

Пьер Нарцисс аялын ооруканага алып келди
"Фабрика звезд-4" долбоорунун катышуучусу Нарцисс Пьер аялын тез жардам менен ооруканага алып келген. 24 жаштагы Валерия ичи чыдатпай ооруганынан доктурлар карап көрүп, аппендицит экенин аныкташкан. Операция убагында Нарцисс кичинекей кызы менен сыртта күтүп турган, качан гана операция ийгиликтүү аяктаганын билдиришкенден кийин гана ырчынын санаасы тынды.

Даядаган Анара Дүйшөналиева










??.??