------WebKitFormBoundarydfAERvm8jOL "Обон", 01.03.08 - 12-бет: Тентек пикиробон...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№09, 01.03.08-ж.
  ОБОНТӨР

Тентек пикиробон
- Бул жашоодо эмнеден коркосуң?
Жылдыз Сегизбаева, ырчы:
- Мм… Жалгыздыктан, жакшы адамымды жоготуп алуудан, анан да бирөөнү катуу сүйүп калуудан корком. Мындай кезде жүрөктү башкарыш кыйын. Дегеле, аялзаты үчүн эркектин артынан чуркап, сүйүүсүн билдирүү туура эмес көрүнүш. Анын үстүнө биздин жигиттердин психологиясы да башкача, дароо эле жаман ойлошот. Ошондуктан "өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө тий" деп айтышат да.

- Сүйүү азабын тартып көрдүңүзбү?
Аскат Сулайманов, актер:
- Убагында жакшы көрүп, жактырып, сүйгөм. Бирок, зар какшап сүйүү азабын тарткан жокмун. Негизи сүйүшүп- күйүшүп жүрүп, сезимиңдеги адамыңа жетпей калганда сиз айткан учурга дуушар болосуң да. Кудайга шүгүр, мен жүрөгүмдөгү махабатыма жетип, бактылуу өмүр сүрүп жатам.

- Эне сөзүн укпай ээнбаштык кылган учуруңуз болду беле?
Лилия Абдыбаитова, ди-джей:
- Жаштыкта эмнелер гана болбойт. Мектепти бүтүп жатып коштошуу кечесине кеткен бойдон бир күн үйгө келбей калгам. Апамдын уруксатысыз кечеге барып, андан ары классташтар менен тоого чыгып кетсем, апам байкуш "кызымды ала качып кеткенби?" деп айылды беш көтөрүп издептир. Ошондо менин айыман апам атамдан катуу тил уккан. Азыр ойлосом ээнбаштык кылып эне жүрөгүн ооруткан экенмин.

- Эл ичинде "Айбекти Айбек кылган Салима" деген сөздөр айтылып жүрөт. Сиз буга эмне дейсиз?
Салима Балтаева, ырчы:
- Түз эле карайм. Себеби, чыгармачылыкта чогуу иштеп жатканда алгач билимимди, болгон дараметимди ошол Айбек экөөбүздүн чыгармачылыгыбызга жумшадым. Негизинен Айбектин обондору, менин билимим, талантым менен кандайдыр бир деңгээлде экөөбүз бири-бирибиздин ыр дүйнөбүзгө өбөлгө түздүк деп ойлойм. Калганына эл тараза, эл күбө.


- Сыр сактаганга кандайсыз?
Кундуз Канатбек кызы, ырчы:
- Сыр сактаганга абдан бекенмин деп айтсам жаңылышпайм. Негизи туш келди эле адамдар менен сырдашып, сырын уга бербейм. Турмушумда менин ишенимиме кирген эки гана адам бар. Ал апам менен жакын досум. Мусулманчылыкта да бирөөнүн ишенимине кирип сырын ачып берүү күнөө деп айтылат. Андыктан мен бул жагынан күнөө кыла элекмин.

- Сиз үчүн өмүрдө эмне кымбат?
Жылдыз Тутуева, ырчы:
-Будда дининин башчысы: "бул дүйнөдө канчалык кыйналып азап чексең да тирүү жүргөнүңдүн өзү чоң бакыт" деп айткан экен. Анысыңарындай бул жашоонун маңызы Алла-Таалам тартуулаган өмүрдү татыктуу жашап өтүүдө деп айтаар элем.

Даярдаган Ж.Калдарова




"Бала кезде өзүмдөн 2 жаш улуу кызга ашык болгом"
Тогуз жылдык тарыхы бар "Жашоо керемет" деген ураан менен калайык калкка жакшы маанайды тартуулаган "Кыргызстан обондору" радиосунун маалыматтык программасынын директору Медер Осмоналиев менен маек.

- Кыргызстан обондоруна кантип келип калдыңыз жана канчадан бери бул радиодо эмгектенесиз?
- Бул радиого тандоо аркылуу өткөм. Маалыматтарды даярдап, иштеп жүргөнүмө Кудай буюрса 6 жылдын жүзү болот. 2002-жылы 1-январда жумушка кабыл алынгам. Ал күн азыркыга чейин эсимде.
- Радионун толкунунан кетип жаткан ырларды кандай жол менен кабыл аласыңар?
- Бизге келип түшкөн ырларды угуп көрүп сөзү, обонуна төп келишкен жана мыкты аранжировкасы бар ырларды кабыл алабыз. Негизи биздин аудитория 20 жаштан 40 жашка чейин болгондуктан алардын ар биринин жүрөгүнө жаккан ырларды тартуулоого аракеттенебиз.
- Акча берген ырчылардын ырларын көп кетирип, акча бербесе ырлары кетпей калабы?
- Акча бериш керек деп ойлоп жүргөн жаштар ошентип коркуп көпчүлүгү ырларын бизге алып келе албай жүргөндөрү бар экен. Биз ырчылардан акча албайбыз. Негизгиси алардын ырлары биздин талапка жооп берүү керек. Алардын ырларын атайын комиссиялар текшерип, алардан өтсө акчасы жок эле бир же эки жумадан кийин ободон угушат. Ал эми комиссиянын купулуна толбой калган чыгармалар биздин радиодон кетпейт. "Акча алат" деген сөз жөн гана имиштер.
- Көпчүлүгү өзүндө иштеген ди-джейлердин ырларын көп берет деп айтып жүргөнүн угуп калуудабыз. Буга көз карашыңыз?
- Мындай ойлогондор өздөрү бир радиону туруктуу угушпайт дагы башка толкундан "Кыргызстан обондоруна" которгондо Чынгыздын же Нурзаданын ырына туш келип калса өздөрүнүн ди-джейлерин көп берет деп жыйынтык чыгарып коюшат. Угуучулар ошентип айтпасын деп алар да өз ырларын бергенден тартынышат. Башка ырчылардын ырлары кандай кетсе, бул жерде эмгектенгендердин ырлары да ошондой эле берилет.
- А.Абдыманов, Б.Дастановалардын үнүн керемет толкундан укпай калуу күпчүлүгүнө табышмак болуп калды да. Мунун себеби эмнеде?
- Бул иш азыркыга чейин такталып бүтө элек. Алар бул радиостанциянын талабына ылайык иш жүргүзүшсө, жумуштан айдалбайт эле. Өз алдынча иш алып барышып, радионун чегинен чыгып кеткендиги үчүн ушинтип жумуштан айдалып отурат.
- Тун сүйүүңүздү кимге арнадыңыз эле?
- Мен анда кичинекей кезим, ошондо эле аябай тың бала болчу элем. 5 жашымда эле мектепке барам деп 1979-жылкылар менен чогуу мектепке барсам жашың жетпейт деп чыгарып салган. Ошондо үйдө апам үй шыпырып жатса "Апа, Жыпараны мага алып бересиз", дегеним эсимде, анда болгону беш жашта болчумун. Ал менден 2 жаш улуу болчу. Эми бул кичинекейимдеги сүйүү го. Балалык сүйүүмө мектепте окуп жүргөндө кезиккем. Өзүмдүн классташ кызыма ашык болгом.
- Жеке жашооңуз жөнүндө айта кетсеңиз, жеңебиз кайсы сапаттары менен сизди өзүнө арбап алды экен?
- Экөөбүз бир айылдан болобуз. Кичинекей кезинен эле чогуу жүрчүбүз. Менин көз алдымда чоңойду десем да жаңылышпайм. Эсимде, мен анда студентмин, ал 7 же 8-класста окуса керек эле. Мен барсам шыпылдап чай коюп, тамагын берип калчу. Ал кезде мындай деле ой жок болчу. Кийин эле чоңоюп калды. Тагдырыбызды бир кылган экен, ушинтип баш кошуп калдык. Өзү 1988-жылкы, аты - Зирек. Кесиби боюнча дизайнер. Ортобузда жети жаш айырма бар, менимче бул анча деле чоң айырма эмес. Өзгөндө той бердик, анан Бишкекке келип да жол-жобосун кылып койдук. Эки той бергенибиздин себеби, туугандарыбыздын көпчүлүгү айылда болгондуктан биринчи ал жакта, андан кийин бул жактагы дос-туугандарды унутта калтырбастан тоюбузга күбө кылдык.
- "Эркек үйдөн жети кадам аттагандан кийин бойдок болот" деп коёт го, ошондой нерсе болуп, жеңебизди кызганткан учурлар да болбой койсо керек?
- Негизи, эки жаштын ортосунда бири-бирине болгон ишенүү болсо, эч качан кызганыч болбойт деп ойлойм. Андай нерселерге деле жол бербейм. Ал ар бир адамдын өзүнүн мүнөзүнө жараша десем болот.
- Сиздин үнүңүздү ободон эле угуп калышпаса, көпчүлүгү өзүңүздү көрө элек. Өзүңүздү угармандарга кантип сүрөттөй аласыз?
- Жумушка жаңы келгенде эң кичүүсү мен болчумун. Жаңылыктарды даярдап, эфирге жаңылыктар менен гана чыксам үнүмдү угуп чоң киши деп ойлошчу экен. Кийин келип таанышкандан кийин, ий сен жаш эле бала турбайсыңбы деп таңкалгандар да көп болгон. Негизи, мен өзүмдү жөнөкөй, токтоо, кичипейил, акыл калчап иш кылган адам катары сүрөттөп бере алам. Кандай гана иш болбосун жети өлчөп, бир кесип, ашыкпай жасайм.

Нурзат Жусупова










??.??





??.??