presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№09, 01.03.08-ж.
  СЫР МАЕК

Бегимай Эсенгулова:
"Мажнун болуп күйгөн жигиттер да жок эмес…"
Сахна дүйнөсүнө саресеп салганыбызда аткарылып жүргөн ырларды эки топко бөлүп келебиз. Бири- жеңил-желпи кулак ыры, экинчиси- жүрөккө жагымдуу таасир калтырып, жашап калчу түбөлүктүү кайрыктар.
Азыркы тапта жаш таланттар сахнага шурудай тизилип, агылып келүүдө. Бул да жакшы. Анткени, атаандаштык болгон жерде өсүү, өйдөлөө да болот эмеспи. Мезгил, убакыт баарын таразалап, өз-өз ордуна коёру чын. Чыныгы таланттар иргелип олтуруп, жарк этип чыга келишет.
Гезитибиздин бул санында жаш ырчы Бегимай менен баарлашкан элек.


- Бегимай, өзүң тууралуу каскача айта кетсең?
й - Мен атыр жыттуу, абасы таза Каракол шаарында төрөлгөм. Үч жашка чыкканга чейинки балалык кезим ушундай жаратылышы көркөм, ажайып кооз жерде өттү.
Ажал баарынан улук экен. Өкүнүчтүүсү, мен үч жашка толгонумда атам кайтыш болду. Атам Караколдун өзүнөн болчу, ал эми апам Таластын кызы. Ошого байланыштуу апам экөөбүз Талас жергесине келип, ошол жерде түтүн булатып, жашап калдык.
Андан кийинки таттуу, ойносо оюнга, күлсө күлкүгө кумар канбаган өспүрүм курагым айтылуу Талас жеринде өттү десем болот. Анан шаарга келдик. Азыр мен 10-класста татыктуу билим алуудамын. Үйдүн жалгыз эрке кызымын. Учурда сүйүктүү апакем экөөбүз эриш-аркак, көңүлдүү жана бактылуу өмүр кечирүүдөбүз.

- Демек, жердигиң көлдүк, тың кыздардын катарына кирет турбайсыңбы? "Көлдүк дегенде- өлдүк" деп тамаша - чын аралаш күлүп калышат го?
- ( Күлүп…) Чынын айтканда көлдүктөр өз эли -жерин сүйгөн чыныгы патриоттор болушат. Ооба, көлдүн кыздары мен сыяктуу тың, ачык-айрым, шайыр келишет. Бирок, анын эмнеси жаман?! Жашооңдо канчалык тың, шайдоот, шатыра-шатман жүрсөң ошончолук көп ийгиликтерге жетише алат эмессиңби.

- Балалыкта эсте калган кызык учурларыңдан эстесең?
- Анда биз Караколдо жашачубуз. Мен үч жаштарда болсом керек эле. Апам болсо Динара эжемдин курбуларына "Карап тургула" деп таштап, өзү жумушуна кеткен. Биз эшикке чыгып, эжелер мени ойнотуп жүрүшкөн. Эшикте бир кемпир алча сатып отуруптур. Мени карап жүргөн эжелеримдин биринин аты Нурзат эле. Мен ага "Нурзат эже, мага алча алып бериңизчи?" деп алча алдырып алып, тамшанып жеп баратканбыз. Нурзат эже астыда, а мен анын артында жай-баракат басып бара жаткам. Бир убакта автоунаанын " пип-пип" деген ачуу үнү угулду. Көрсө айдоочу кыдыңдап, алчага тойбой бара жаткан кичинекей кызды байкабай, так эле жанына келгенде көрүп, тык токтогон экен. "Сени машинага койдуруп жибере жаздагам" деп Нурзат эжем көп айтып калат.

- "Жылдыз" илдетине кабылып, досторго мамилең өзгөрүлүп калган жокпу?
- Мен көп мектептерде которулуп окуп калдым. Негизи бир мектептен дос-курбуларды күтсөң, экинчи мектепке барганыңда мурдагы достук байланыштар үзүлүп калат экен. Бирок, азыркы окуп жаткан мектебимде мен өзүмдү "жылдыз" санабайм. Себеби, жылдыз болуу үчүн дагы көп эмгек, анан да эң башкысы, убакыт талап кылынат. Мен өзүмдү катардагы эле окуучулардын бири катары сезем. Сахнага чыкканда ырчымын, а мектепте жөнөкөй эле окуучумун. Классташтарыма, досторума карата мамилем түз. Мен ар дайым өзүмдү шайыр алып жүрөм. Жашоону да ачык түстө көрүүнү каалайм. Негизи мен жаман нерседен да жакшы нерсени көрүп, таап чыкканга аракет кылам.
- Жигиттер от болуп күйүп, ашыктыктарын арнап жатышса керек? Көңүлүңдүн ээсин таптыңбы же эртелик кылат деп ойлойсуңбу?
- Махабатты издесең таппайсың деп ойлойм. Анткени, адамга чыныгы ашыктык издеттирбей эле өзү келет. Азырынча мен бул дартка кабыла элекмин. Себеби, 16 гана жаштамын. Окуум жана чыгармачылыгым туурасында гана ойлоном. Ал эми сүйүү убагы келгенде булуттан чыккан айга окшоп, бир жарк этээр. Бирок, жакшы досторум бар. Анан албетте, эртелеп эле колумду сурап, ашыктыктан Мажнун болуп күйгөнүн билдиришкен жигиттер да жок эмес. Менин үйүмдүн телефонун кайдан таап алышат, билбейм. Бир жолу өзүн "Канатмын" деп тааныштырган жигит телефон чалып: "Сени ала качып кетем" дегенге чейин барды. Бирок, мындайдан Кудай сактасын. Мен эртелеп турмуш курууну каалабайм. Оболу билим алып, турмуштан өзүмдүн ордумду таап, эч кимге көз карандысыз абалга жетким келет. Андан соң чоң турмуш тууралуу ойлонсок болот деген пикирдемин.

- "Бегимай Динара Эсенгулованын арты менен эле чыгып жүрөт…"- деген сөздөр да бар. Бул туурасында кандай ой айтат элең?
- Андай эмес. Динара эже мени ырдатып көрүп, жөндөмүмдү, талантымды сыдыргыга салгандай талдап, тандап, сындап отуруп, өзүнүн калыс баасын берип, мени сахна дүйнөсү менен аралаштырып олтурат. Бул жерде жек - жааттык, тааныш-билиштик деген жок. Башкысы көкүрөгүңдө оргуштаган талант болсо, ал эртедир-кечтир байкалып, өзүнүн татыктуу баасын, ордун алат эмеспи. "Таза алтынды дат баспайт" да.
- Ата-эне кызынын жакшы үй бүлөгө туш болуп, бактылуу болушун каалайт. Эгерде апаң өзү каалаган адамдардын баласына сени кудалап койсо, ал сунушту четке какпайсыңбы?
- Туура айтасыз. Ата-эненин тилеги балдарынын бактысы эмеспи. Кандай десем, апам ар бир ишти мени менен кеңешип, менин оюмду да угууну жактырат. Жашоомдо апамды баарынан бийик коём. Ал кишинин оюн сыйлайм. Андыктан, эгер ал "мына ушул адамдын баласына турмушка чыгасың" десе мен каршы болбос элем.

- Ушак сөздөрдү кандай кабыл аласың?
- Бул сурооңузга төмөндөгүдөй кыска-нуска жооп жолдогум келет. Эгер сен жөнүндө бирөөлөр сүйлөп жатабы, демек сенин чыгармачылыгыңа көңүл бөлүнүп жатат.

- Акыркы кезде "Султан Садыралиев Бегимайга үйлөнөт экен" деген имиштер да бар?
- Бул туура эмес айтылган кеп. Ооба, мен Султанды бир тууган байкемдей эле көрүп сыйлайм. Экөөбүз тамашалашып, ага - карындаш катары жакын мамиледебиз. Туура, гастролго чогуу көп жолу чыгып калганбыз. Бирок, ортобузда эч кандай сезим жок. Бизди чыгармачылык гана байланыштырып турат десем жаңылышпайм.
- Концерт учурунда көп эле кызык учурлар болот. Маселен, бирөөнүн колунан микрофону ыргып кетсе, бирөөсүнүн колундагы браслети үзүлүп кетет. Сенде да ушундай кызыктар болгонбу?
- Менин Ассоль Молдакматовага тиктирген саргыч түстөгү көйнөгүм бар. Ал көйнөктүн көкүрөк тушунда топчусу бар болчу. Бир жолу кайсы бир концертке ошол көйнөгүмдү кийип чыккам. "Каалабайм" деген ырымды аткарып, бир бий тобу менен биргеликте ырымдын ыргагына жараша бийлеп жаткам. Бир убакта көйнөгүмдүн көкүрөк тушундагы топчусу чечилип кетип жатпайбы. "Элге шылдың болбосом экен" деп жүрөгүм шуу дей түштү. Аны билдирбегенге аракет кылып, микрофонду эки колум менен кармап, көкүрөгүмдү жаап алдым. Ошентип, көп деле байкалбай калган.

- Жеке жашооңдо өзүңдү кандай алып жүрөсүң?
- Кандай жерде, кандай жагдайда жүрбөйүн, эң башкысы өзүмдүн адамгерчилигимди сактап, эл катары эле жүрөм. (Күлүп…) Эл түшкөн маршруткага түшөм, кафелерден эмес, кадимкидей эле үйдөн кыпкызыл кылып, картошка кууруп жейм. Мурда кандай жүрсөм, азыркы жашоом деле эч өзгөрүүсүз дал ошондой, бир калыпта өтүп жатат.

- Кыздар бири-бирине көбүрөөк көз артат эмеспи. Мектепте бирге окуган классташ кыздарың сени көрө албай, көңүлүңдү капалантты беле?
- Чынында эле "кыздардын ортосунда чыныгы достук болбойт" деп айтылат го. Бирок, мектептеги кыздар мага бут тосуп, ич күйдүүлүк кылган эмес. Мени сыйлап, жакшы көргөндөрү бар. Балким, тескерисинче мени жаман көргөндөрү да бардыр. Бирок, мен кыздардын эч бири менен көңүл калтырышып, урушуп-талашкан эмесмин.

- Келечектеги жолдошуң дин кызматындагы адам болуп калса, ал сенин ырдаганыңа каршы болсо кандай кылат элең?
- Чынын айтсам, менин жан дүйнөм ыр деп жашайт. Ошондон улам, мен "Кандай болбосун келечектеги түгөйүм менин чыгармачылыгыма түшүнгөн адам болушун каалайм" деп тилек кылам. Эгер "ырдатпайм!" деп талап койсо, андай адамга турмушка чыкпайм деп ойлойм. Анткени, мен жашоомдогу көңүлүм сүйгөн ырчылык өнөрүмдү бир адам үчүн таштагым келбейт.

- 1 апрель күнү кимдир бирөөлөрдү тамашалап, алдап көрдүң беле?
- 6-класс болсом керек эле. Бир классташ кызымды 1-апрель күнүндө тамашалап, алдаганым эсимде. Болжолу кечки саат 9 дар чамасында мен ага чалып: "Сыртка чыксаң, мен сага келгем" дедим. "Кантип чыгам, апам урушат?!" дейт классташым. Анда мен: "Ии, менде бир проблема болуп жатат, чыксаң, атайын сага келсем" деп айтсам ал кыз сыртка чыгып, мени таппай калат да, апасынан тил угат. А мен бул учурда жыргап үйдө олтургам.

Баарлашкан НУР- КЫЯЛ










??.??