presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№09, 01.03.08-ж.
  Обон күлкү

Шайырлар шакабасынан
Күлкү күнүнө карата
маданиятыбыздын белгилүү залкар инсандардын, акын жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык шакаба, азил-тамашаларын иликтеп издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Эки жөжөнү жеген бала мышык
Бир жолу Ракең - Рамис Рыскулов К.Маликовдун 70 жылдык мааракеси өтүп жаткан Кыргыз драма театрына кирип барса, ал жерде улуу, кичүү муундагы акын жазуучулар турушкан болот. Ракең:
- Мектеп басмасынан менин "Эки жөжө"-деген китебим чыкты. Мынакей деп сүйүнчүлөйт.
Анда акын Алик Акималиев мадыраңдап:
- Жакшы болуптур, Раке! "Эки жөжөңүз курт, жем, сөөлжан жеп чоңоё берсин. Жакында менин "Бала мышыгым" чыгат. "Эки жөжөңүздү" баса калып уйпалап жейт"-дейт. Анда кызаңдап чычалаган Ракең каткырып качкан Аликени кубалап жөнөйт.
Бир айдан соң Аликеңе жолугуп калып айтат:
- Сен "Эки жөжөм" ким экенин билесиңби?
- Жок!
- Анда ал Маркс менен Ленин, эр болсоң жеп көрчү деп устат менен шакирт бирме-бир
болуптур.

Эсен болуп эстей жүр!
Салижан Жигитовдун "аңги саптары"
Башкалардын анекдоту түгөнсө да Салижан акеники түгөнбөйт десек, көрсө анекдоттон башка түгөнбөгөн "сонеттери" да бар экен. Салижан акенин өзү менен теңтуш, акын-жазуучу келин - кыздарга жазган тамаша саптар кимисине арналганын өзүңүз таап алыңыз, табышмак ордуна берели:
Кимге ия?..
Чепейген чебич сен болуп
Чекчейе карап өтүнсөң,
Тепейген теке мен болуп
Текилдеп барып секирсем...
(......)

А мунусучу?
Апакай коён сен болуп
Алдыман чыксаң жарк этип,
Чак түштө сага жабышып
Чалкамдан кетсем шалк этип.
(.....)

Ку - ка - ре-куу - дейби?..
Мекиян тоок сен болуп
Мээр чөп тиштеп кулпурсаң,
Үрпөйгөн короз мен болуп
Үстүңөн басып кыйкырсам...
(.....)

Сезимди да этияттабаса!..
Акыштуу эшек сен болуп
Артыңды салып чоюлсаң,
Айгыр бир эшек мен болуп
Аңгырап барып, бой урсам.

Кокуй!
Ургаачы мышык сен болуп
Умсунуп куйрук булгасаң,
Эркек бир мышык мен болуп
Мамагың айра тырмасам.
(......)




Оштук орус
Мыкты оштук акындарыбыздын бири Турсуналы Бостонкулов Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтуна өтүп кетип, кубанычтан көзү жайнап терисине батпай турса, орус элинин барктуу акындарынын бири, ошол институттун мугалими Лев Иванович Ошанин деген киши басып келип, күлүмсүрөй колун сунуп:
- Лев Иванович Ошанин - деп өзүн тааныштырса
Оо, бул киши да оштук турбайбы - деп сүйүнүп кеткен Турсуналы
- Я тоже Ошанин! - деп тигинин колун булка-булка силкилдетиптир.

Ата менен байланышкан бакыт
Белгилүү акын Атантай Акбаров 8 жана 10 жаштагы эки уулун ээрчитип алып, мончого барат. Үчөө тең бирдей чечинип алышып, парга кирип баратышканда самындуу полго тайгаланып жыгылып бараткан уулу атасынын "алигисин" апчый кармап, араң бой токтотууга жарайт. Тапан акын жөн сүйлөбөй:
- Багың бар экен балам, мени менен мончого келип, эгер апаң менен келгенде кантмек элең-дептир боорду эзип.

Эстүү трактор
Айтылуу куудул Асанкул Шаршенов артистик өнөргө чейин айылда "ХТЗ"-деген темир дөңгөлөктүү трактор айдап жүрүптүр. Олтургучу темирден болгондуктан чычаңын уютуп жиберип, жадаганда тракторду алдына салып "айдап" алчуу экен, жарыктык. Тракторду скоростко салып, педалды таш менен тиреп коюп, өзү артынан ээрчип, айдоонун башына жеткенде кайрып коюп иш кылып жүргөнүн шаардыкча кийинген бир киши көрүп калып өзүнө чакырып:
- Ой жигит, бу сенин тракторуң шумдук го айдатпай өзү жүргөн…
- Эстүү трактор да агай - десе,
- Үйлөнө элексиңби?
- Азырынча жесирмин…
- Артистикке киресиңби?
- Батсам кирейин…
Мен Ашыралы Боталиев деген болом, сага окшогон таланттуу балдарды жыйнап жүрөм. Тракторду сенден башкалары деле айдаса жетишет, -деп дарегин таштап, ошол агайы аркылуу артисттик кесиптин босогосун аттаптыр.



Бүгүнкү 1-апрелди коомчулук күлкү күнү катары
билип келет. Айрымдары "алдамчы күн"
десе, айрымдары "куудулдардын күнү" деп да
айтышат. Табиятынан кыргыз эли оңой менен
күлбөгөн эл эмеспи, ошого карабай күлкү
тартуулаган куудулдарыбызга рахмат айтсак
жарашчудай. Бүгүнкү "күлкү күнү" дейбизби,
"алдамчы күн" дейбизби же "куудулдардын
майрамы" деп айтабызбы айтор, күлкү
тартуулаган куудулдарыбыздын пикирин уксак...

"Күлкү күнү куудулдардын майрамы"
Күмөндөр Абылов, Кыргыз эл артисти, супер куудул
- Күмөндөр байке бүгүнкү күн "күлкү күнүбү" же "алдамчы күнбү", бул күндү сиз кандай кабылдайсыз?
- Бул күн биздин эле коомчулукта эмес, дүйнө жүзү боюча бир топ мамлекет "күлкү күнү" катары майрамдайт экен. Биздин өлкөдө да бул күн "алдамчы, күлкү күнү" катары белгилүү болуп келет.
- Деги эле, куудул деген ким?
- "Куудул" десе эле көз алдыбызга күлдүрө турган адамды элестетебиз. Чындыгында куудул деген атайын кесип эмес. Бизге чейин эле эл арасында куудул аталып келген Шаршен, Куйручук, Жоошбай жана Бекназар өңдүү залкар инсандарыбыз деле куудулдукту кесип катар аркалаган эмес да. Алардын жөнөкөй эле сүйлөгөн сөзү жагымдуу, күлкүлүү учулуп каплеттен сөз таба калган сөзмөрлүгү менен куудул аталса керек.
- 1-апрелди "куудулдардын күнү" катары майрам кылсак жарашабы?
- Ошондой кылып деле кабылдап койсок жакшы эле болмок. Биз дагы ушу апрелдин биринчи күнүн күлкү күнү деп өзүбүзчө майрамдык маанай менен кечелерди өткөрүп келебиз. Ушу күндү чакан майрам кылып майрамдабай, мамлекеттик деңгээлде майрам катары кабыл алып майрамдасак кантип жарашбасын?!...
- Белгилүү куудул катары артыңызга жолуңуздуу улай турган шакирт таптап чыгарайын деген оюңуз барбы?
- "Чайнап берген аш болбойт"- деген кеп бар кыргызда. Жолуңду жолдой турган адамдын ар бир кыймылына чейин үйрөтүшүң керек туурабы, аны үйрөнчүк кылып, шакирт катары ээрчиткениң менен дээринде бир нерсе болбосо үйрөткөнүң болбогон иш. Жаңы чыгып жаткан куудулдукка талапкер жаштардын кемчилиги болсо "мындай кыл, тигиндей кыл"-деп, акыл сөзүмдү айткан учурларым көп эле, бирок менин өзүм таптаган шакиртим жок.

"Темир тордон" Кудай сактасын
Кубан Алимов, куудул.
- Сиз кимсиз?...
- Менби?... Мен Ала-Тоону жердеген касиеттүү кыргыз элимдин куудул кулунумун...
- Куудул болсоңуз кандай куудулсуз?
- Кадимкидей эле күлдүргөн куудулмун... Айланайын, элимдин жакырчылыгы жүрөгүмдү оорутат, канткенде бардарчылык турмушка жетишебиз деген ой-санаа ойлондурат. Ошолордун баарын көрүп-билип, учурдун талабына ылайык сатира менен элге жеткирип жүргөн куудулмун...
- Темир тордон чыккан адам дейбизби же ошол жашоону көргөн адам дейбиз бир сөз менен айтканда "зектин" образын жакшы аткарасыз. Өзүңүз "темир тордун" артын көрүп келген эмессизби?
- Жо-ок, кудай сактасын. Ал жакты көргөн эмесмин, көргүм дагы келбейт. Эми ар бир куудулдун өзүнүн багыты, орусча айтканда "стили" болуш керек. Менин да куудулдук өнөрдөн тандап алган багытым ошондой, жаңыдан куудулдук өнөргө келгенде "көчө балдарынын", "зектин" образын аткарып көрсөм көпчүлүк жакшы кабыл алды, ошо менен стиль катары сен айткан образ менен көпчүлүк сатираларымды аткарып келем...
- Бүгүн алдамчы күн турбайбы кимди алдап, кимден алдандыңыз?
- Эч кимден деле алданган жокмун. Себеби, бүгүн ким мага кандай сөз айтпасын туурабы, туура эмеспи аны менен эсептешпей туруп эч кимисине ишенбей койуп атам. Эми кимди алдасам деп алдаганга киши издеп кетип бара жатам...

Суроо салган Амантур Мусагулов




Жоголгон байтал жарыясы
Айтылуу акын Коргоол базарда ар дайым жар чакырчу экен. Бир күнү Коргоолго жээрде кашка байтал табылбай жүргөнүн жарыя кылып бер деп ээси акча сунса, ал кызылынан бер деген имиш. Бирок байтал жоготкон киши сураганын бербей коёт. Базар кызып калганда кайран Коргоол минтип жарыя айтып, жар чакырат:
"Калайык кулак салыңар,
Кара-тектир жеринен,
Маймак деген кишинин,
Жоготуп жүргөн малы бар.
Көргөн билген укканың,
Келип сүйүнчүсүн алыңар.
Чийкил жерде жаныбар,
Типтик турган жалы бар.
Маңдайынан караса
Айдай кашка тагы бар.
Арт жагынан караса,
Куйругунун астында,
Кере карыш "тагы" бар"- деп тиги жерин тергебей эле айтып жиберип, базардын ичи каткырыктан дүңгүрөп, жоготкон байталдын ээси кызарган бойдон секире качып, жоголгон деп күлүп кеп кылышат.

Архивдерди аңтарган Алмазбек Эркебай










??.??