presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№09, 01.03.08-ж.
  Калпрель

Алдар көсөө
1-апрель күлкү күнүнө карата ар кандай багытта айрым өнөр адамдарын тамашага салып, алардын кулк-мүнөзүн, сезиминдеги ишенимин байкап көрдүк. Анда эмесе чыгармачыл адамдарга болгон кадамыбызга гезит окурмандары да күбө болсун.

Бактыгүл сулуулар конкурсуна катышпай калды
Адегенде эле кыргыз эстрадасынын ажарлуу ырчы кызы Бактыгүл Бадыева менен байланышып, аны "Калп капканына" чалынтканга аракет жасадык.

- Алло, саламатсызбы? Бул Бактыгүл айым бекен?
- Ооба, бул ким болду экен?
- Кечиресиз, сиздин тынчыңызды алып жаткан кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан, Махабат Бекболсунова
- Ии, эже угуп жатам сизди.
- Бактыгүл, 15-апрелде коңшулаш өлкөлөр аралык сулуулар конкурсу өтөт. Конкурска атайын түзүлгөн комиссиянын көрсөтмөсү менен Кыргызстандан сиз тандалдыңыз. Бул багытта кененирээк сүйлөшүш үчүн убакыт таап келсеңиз жакшы болот эле.
- Эже, ал конкурска менден башка дагы канча кыз бар? Кайсы мамлекеттер катышат экен?
- Ар бир өлкөдөн бирден эле кыз катышат. Кыргызстандын атынан сиз бара турган болдуңуз. Анткени, ал жерде сулуулук гана эмес, ырдап, бийлеп өз өнөрүн да көрсөтүш керек.
- Аа, түшүндүм, бүгүн сизге жолуксам болобу? Дарегиңизди айтсаңыз?
- Ак үйгө келе бериңиз. Биз ошол жакта турабыз. Келгенде телефон чалсаңыз, мен сизди тосуп алам.
- Ак үйдүн өзүнөбү?… Саат канчада барайын?
- Азыр 15.00 болуптур, 16.30 да жолугалы. Айтмакчы, атаңыздын атын айтсаңыз, мен заявка берип коёюн.
- Бадыева Бактыгүл Токтосуновнамын. Макул эже, сүйлөштүк, сиз айткан убакта барып калам.
Биз белгиленген убакыт да келип, болжошкон жерибизге бардык. Көп өтпөй айтылган сааттан кечикпей Бактыгүл Бадыева ак үйдүн алдына машинасы менен кирип келип, эч нерседен бейкапар ишенимдүү түрдө бизге байланышты:
- Махабат эже, мен Бактыгүлмүн. Сиз айткан жерге келдим, эмне кылайын?
- Азыр күтө тур, мен чыга калам-деп Бактыгүлдүн алдынан тосуп чыктык.
- Бактыгүл, саламатсыңбы? 1-апрель эмне күн экенин билесиң да, сени сулуулар конкурсуна өкмөттүн басма сөз кызматы эмес, күлкү күнүнө карата "Обон" гезитинин эмгек жааматы чакырды. Андыктан келип берген кадамыңа ыраазы бол.
- Макул эже, бул нерсе такыр оюма келбептир. (күлүп) Ушинтип да алдайсыңарбы адамды.




Замир жаңы төрөлгөн наристеге ат койду
- Алло, жакшысыңарбы, бизге Замир Арыкбаев керек эле?
- Мен сизди угуп жатам.
- Аа, Замир кандай, ден-соолугуң жакшыбы, иштер болуп жатабы, үй бүлө тынчпы? Мен сага бир зарыл жумуштар менен чалдым эле.
- Рахмат эже. Кандай жумуш, айта бериңиз?
- Менин атым Саламат. Бүгүн биздин үй бүлөдө кубанычтуу окуя болуп жатат. Менин агам көп жылдан бери балалуу болбой жүрүп, үч күн болду жеңебиз уул төрөдү. Негизи сенин талантыңды биздин үй бүлө аябай баалашат. Өзүң да абдан чыгармачыл, таланттуу ырчысың. Биздин ата-энебиз картайып калышкан. Алар да айылдан атайын келишиптир. Алар сени ушунчалык жакшы көрүшөт. Ошон үчүн атам "Замирди чакыргыла, ошол бала келип ат коюп берсин. Ушул наристе ошондой эл керегине жараган адам болсун" деп суранып жатат. Убакыт таап келип бата алып кетпейсиңби?
- Мени сыйлап уккан аксакалдарга рахмат. Эгер Бишкекте болсом чын көңүлүм менен барып бермекмин. Азыр мен Көлдө жүрөм. Эмне ал жакка бүгүн барыш керек бекен?
- Ооба, бүгүн саат 15.00 дө төрөт үйүнөн алып чыгып кетебиз. Той ошол жерден башталмай болуп жатат. Сени да төрөт үйүнө алып барып официалдуу түрдө ат койдуралы деп сүйлөшкөнбүз.
- Ии, эже, шаарда болгонумда мындан эч качан качпайт элем. Карабайсызбы, дал ушул күнү алыста жүргөнүмдү. Эми мындай кылбайлыбы, мен азыр телефон аркылуу эле өзүм жактырган ысымды айтып коёюн да, шаарга барганда байланышып, үйүңүздөргө барып, ата-энеңиз менен учурашып, наристени көрүп келейин, болобу ошондой кылсак?
- Алыста жүрсөң мындан башка айла жок. Атын атап коё бер анда.
- Азыр элеби. Кичине ойлонуп көрсөм кантет. Же болбосо Замир деп коё бериңиздер да.
- Буга деле каршы эмеспиз. Эң негизгиси чын көңүлүң менен эле ысым ыйгарсаң болду. Анда Замир деп коё берели. Анан бул жакка келгенде сөзсүз келинчегиңди ээрчитип алып үйгө келип конок болуп кет ээ?
- Кайсы жерде жашайсыздар? Сизди ушул телефондон таба аламбы?
- Дарегибизди азыр эле жазып алчы. Ауэзов көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинде 3 кабаттуу мекеме бар. Ошонун 3-кабатына чыксаң "Обон" гезитинин редакциясы жайгашкан.
- Ха-ха-ха. Койгулачы эй. Бул эми тамашабы? Тим эле чын дилимден жооп берип алганымды кара. "Обон" гезитиненсиңерби?
- Ооба, рахмат Замир. Сен күлкү күнүнө карата уюштурулган "Калп капканына" кыпчылып калдың. Андыктан шаарга шашпай эле, көлдөгү иштериңди кенен бүтүрүп келе бер. Ийгилик каалайбыз.




Куудул Назира тойго чакырылды
Мындан кийин жакында өткөн "Бири куудул бири ырчы, эл тараза эл сынчы" фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү куудул Назира Жетигенованын телефонун бурадык.

- Назира эже, саламатсызбы? Менин атым Калыя. Сизди тойго чакырайын дедик эле.
- Качан, кандай тойго?
- 28-мартта тушоо той, 4-апрелде апамдын 50 жылдык мааракесин беребиз. Ошол эки тойду тең алып барып берсеңиз жакшы болот эле.
- 28-мартта мен Сокулукта концертте болом. Ал күнү бошобойм. 4-апрелде бошмун. Ага барайын. Канча адам келет? Кайсы жерде болот?
- 130 кишиге эсеп алганбыз. Аламүдүн - I кичи районундагы "Интизар" кафесин билесизби? Ошол жакта өткөрөбүз. Убакыт таап 28инде да катышып берсеңиз, сураныч. Өзүбүз машина жөнөтөбүз.
- Андай болсо, саат 10до барып 1-2 номер аткарып берейин. Бирок, ал күнү "тамада" болом деп сөз бере албайм.
- Макул анда, ошондой болсо деле келип бериңиз. Анан акчасын да ачык сүйлөшүп албайлыбы?
- 28-марттагы тоюңарга 100 доллар менен барам. Ал эми 4-апрелдеги тойдо болсо "тамада" болуп берем. 200 доллар бересиңер. Анда мени менен кошо Жакут Сыдыков, анан дагы бир ырчы барат.
- Аларга да акча төлөйбүзбү?
- Жок. Мен айткан 200 доллардан аларга бөлүп берем.
- Макул. Акчадан проблема жок. Негизгиси сиз катышып берсеңиз эле болду. Эже, бүгүн бир жерден жолукпайлыбы? Анткени, апам экөөбүз барып акчаңызды берип коёлу.
- Анда мен бүгүн саат 12де "Кыргызстан обондору" жакка барам. Ошол жерге келип 3-кабатка чыксаңар "Назик" бийчилер тобунун офиси бар. Мен ошол жерде болом. Бир сааттан кийин келе бергиле.
- Жакшы болбодубу. Биз ошол жакка жакын эле Тунгуч кичирайонунда турабыз. Сиз айткан убакта барып калабыз. Уюлдук телефонуңузду өчүрбөңүз ээ?
- Макул, сүйлөштүк.
Ошентип ,саат 12де "Кыргызстан обондорунун" жанына барып, Назира эжекебизге телефон чалып, "Эже, биз келдик, сиз кайдасыз?"
- Кичине күтө тургула. Мен жолдо баратам. Жетейин эле деп калдым.
Көз ачып жумганча шашкалактап Назира айым да жетип келди. Тойго чакырган адам болуп алдынан тосуп чыгып эле "Обон" гезитин кармата салдык.
- Назира эже, 1-апрель күлкү күнү экен да. Бир жылмайып коюңуз эми.
- Ха-ха-ха силерди десе. Тим эле артистсиңер го, кебелбей туруп калп айткандарын кара булардын. "Обондун" капканына катуу камалдым ээ. Келгиле эми, сүрөткө түшүп бере салайын. Өзүм да шашып аттым эле. Дагы канча кишини алдайсыңар. Ак жол силерге.




Фарида Карбозова Кечеге келмек болуп…
Андан кийинки "Калп капканыбызга" татынакай ырчы кызыбыз Фарида Карбозова илинди.
- Алло, саламатсыздарбы? Фаридага мүмкүн бекен?
- Да, мен угуп жатам.
- Кечиресиз, Фарида, биз "Обон" гезитинен чалып тынчыңызды алып жатабыз. Билсеңиз керек, "Обон" гезити 95-жылдары түптөлүп, жарыкка чыккан. Андан кийин белгилүү себептерге байланыштуу гезит чыкпай калган. Эми кайрадан гезитибизди чыгарып жаттык эле. Ошого карата "Обондун" экинчи жаралышы деп чакан кече уюштуралы дегенбиз. Телевидениеден да атайын келип тартып кетишет. Андан тышкары, элдин көңүлүнө толгон ырчыларга да гезитибиз тарабынан атайын уюшулган сыйлыктар да ыйгарылмакчы. Убактыңыз болсо, эртең саат 15.00 гө келип бере аласызбы?
- Чакырганыңарга рахмат! Албетте, барам. Редакцияңарга эле барышым керек да ээ?
- Ооба, түз эле редакциябызга келе бериңиз. (Адресибизди толук айтып бердик).
- Белек алып барышым керек да ээ?
- Эми аны өзүңүз билиңиз. Бирок сиздин белегиңиз эмес, башкысы бизге сиз керексиз. Кечебизге келип, сыйлыгыңызды алып, бир-эки ырыңызды аткарып кетиңиз.
- Жакшы болот. Сиздерге рахмат. Дагы кайсы ырчылар барышат?
- Көп деле эмес. Сиз сыяктуу татыктуу ырчылардан беш-алтоону гана тандап чакырганбыз.
- Мейли, мен сиздерге эртең байланышамын.
Эртеси саат 12.30 да Фарида бизге чалды.
- Кечиресиздер, бүгүн чын эле сиздерде кече болобу? Мен эмнегедир силерге ишене албай турам.
- Эмнеге ишене албай турасыз?
- Менимче, сиздер 1-апрелге карата мени тамашага салгыңар келип жүрбөсүн? Ачык эле айтсаңыздар? Мен азыр ден-соолугума байланыштуу бир аз кыйналып жатам. Чын эле айткан болсоңуздар сыйлыгыңар үчүн кыйналсам да барайын…
Ушул жерде биз кырдаалды өзгөртүп, Фаридага тамашалап жаткандыгыбызды айтууга туура келди. Анткени, ырчынын саламаттыгына да түшүнүү менен карашыбыз керек болду.

Даярдагандар
Ж. Калдарова, Нур-Кыял










??.??