№09, 01.03.08-ж.
  Улуу сөздө уят жок

Махабат майданы
Өлкөбүздө адамдын эң негизги байлыгы болгон ден-соолук маселелерине жеткилең мамиле кылынбай, анын практикалуу ордун тереңдеп чагылдырган массалык маалыматтар аз. Биз ошол дүйнөнү аз да болсо толуктоо максатында натуралдык гигиена, элдин медициналык бардык салааларын өздөштүргөн, практик элдик шыпаагер, илимпоз Мамат Болот агайдын жардамы менен ден-соолукка, жыныстык турмушуна байланыштуу окурмандардын берген суроолоруна жооп алып берүүгө даярбыз.

Жаш аялга үйлөнүү эркектин энергиясын арттырабы?
М.Б: Муну вампирлик - сексуалдык магия деп койсо болот. Жаш кыздын энергиясынын эсебинен жашарып алат. Ички потенциясын узартат. Бул багытта Чыгыштын деспоттору өтө көп иштеген. Кыз курмандыкка учураганы менен эркек анын эсебинен коом алдындагы кызматын толугураак аткарган.

Жыныстык турмуштун ден-соолукка тийгизген
Пайдасы жана зыяны жөнүндө айтып берсеңиз?
М.Б: Табиятта бар нерсени бардай колдонуу зарыл. Жыныстык байланышсыз эркек жарым жан, аял деле адамдыктан кетет. Эркек кебетеленип орой боло баштайт. Эркек аял сыяктуу үнү ичкерип, денесин май басат. Албетте, жыныстык туура жолго багытталган турмуш адам ден-соолугуна чоң таасирин тийгизет. Бирок, аял десе артынан калбай чуркаган эркектердин (жаш кезде билинбесе да) ден-соолугу көп жоготууларга учурайт, өмүрү кыскарат, организмде ооруга каршы туруучу имунитет азаят. Аял -эркек жупташуусунда эркектин энергетикалык коромжусу көп. Эркектердин аялдардан өмүрүнүн кыска болушунун бир себеби ошондон. Бул нерсе өтө чоң тема. Кээ бир нерв ооруларын секс менен дарылашат. Эркек өзүндөгү энергияны ортоңку деңгээлден төмөн түшүрбөй, аялга саат, убагы менен чыныгы сүйүүсүн арнап турганы дурус. Андан тышкары "сексуалдык кунфу" деп аталган атайын машыгуулар бар. Эркек өз уругун көп коромжуга учуратпай, бирок ошол эле учурда аялдын да энергиясын алып турганы жакшы.

Кыздар үчүн эрте турмушка чыгуу зыян алып келеби?
М.Б: Кыз белгиден эрте айрылгандын өзү зыян, ар нерсенин өз учуру болот. Ааламды тиктей турган ички көз, ошо кыз белгини эрте жоготкондон жабылып калат. Анткени, кыздык белги дефлорация (жоготконго) чейин кыз баланын астралдык нур денеси же Умайлык ички касиети денесине караганда бийигирээк болот. Кыз бала өзүнүн ички жан дүйнөсү менен жашаган зат. Эгер кыз турмуш жолун ак аттаса, ошол адам кыздын ички жан дүйнөсүнүн ачкычын колуна алган болот. Ошон үчүн биринчи түндүн жашыруун эзотерикалык касиети байыркы окууларда негизги фактор болуп эсептелет.

Эркек кайсы тамактарга ыктаганы туура?
М.Б: Эркек эң оболу тузду аз жеш керек. Туз-бул күн энергиясы. Эркек өзү да түбү күн кубаттуу жан болот. Күн кубаттуу адам күндү көп жесе, урукту күйгүзүп алат. Балык, күрүч туура бышырылган эт, дан азыктары, сүт азыктары: айран, кымыз, бозо. Бирок, аны туура даярдоо зарыл. Тарууну, жүгөрүнү айтор дан азыктарын казанга салып кууруу керек. Шылдыраган суюк, суусу көп оокаттар потенциялын начарлатат. Кондитердик азыктардан (пирожный, торт) эркекти тирүүлөй өлтүрө турган каражаттар. Арабдардын курмасы, чеснок, пияз (суукка чыдамдуу кышкы сорттору) эң сонун оокат, муну чийки жеген дурус. Анан да 200-500 граммга чейин сабиздин ширесине бир тилик чеснокту эзип жеп жүргөн эркектин дени сак жүрөт.

Алтын фонд
Эркектин уругу (сперма)-бул жашоонун эликсири. Аны жаратыш үчүн адамдын 50% энергиясы кетет. Урук ушунчалык маанилүү нерсе, түзүлүшүндө витамин гармондордон сырткары алтын да бар. Анын бир эле тамчысында 300 миллиондон 500 миллионго чейин сперматозоиддер бар экени далилденген. Урукту бөлүп чыккыча эркектин ичкен тамагы 7 катмардан өтөт. Биринчи тамак сиңип кан болот. Кандын этке, эттен майга, майдан сөөккө, сөөктөн чучукка айланат. Чучуктан урук болуп чыгат. Бир эркек аял менен орточо 8000 жолу лаззаттык катнашта болуп, 20 литрге жакын уругун кетирет. Уруктун бир иштетилгени 100 тамчы кан жоготуу менен барабар.

Түйүлдүктүн кыз же бала болушу
Илгертеден эле эркектин уругу (спермасы) суюк болсо кыз, коюу ысык болсо эркек төрөлөт деп эсептешкен. Анан дагы тантра йоганын "живое дыхание" деген техникасы бар. Аны адамдын ички денесинде же болбосо рух денедеги дем алуу деп түшүнсө болот. Көп байкалбаган менен адам өзүн жакшылап тыңшаса, улам бир мурун каналы менен алмашып дем алып жаткан болот. Оң жактан эркектик каналы агат. Сол жактан аялдыкы. Адам эч качан эки жагы менен дем албайт. Бул нерсе бир саат ичинде беш жолудан алмашат. Уул балалуу болгусу келгендер, эркек киши сол аял киши оң жагы менен дем алып жатканда, так числодо биригишсе эркек балалуу болушат.
Аялзатынын айызы келип кеткенден кийин он күн өткөндө түйүлдүк түйүлсө, ал начарыраак болуп калат. Эгер 15-17 күндөн кийин түйүлсө бала акылдуу ден-соолуктуу болот. Эркек, аял ай толгондо так эмес числодо кошулган болсо, алардан өтө сулуу кыз төрөлөт. Биригишкен мезгилде аял сол, эркек оң жагы менен дем алып жатканга дал келиши керек.

Жездемдин жашыруун иши
Ал кезде мен канчанчы класста окуганым эсимде жок. Айтор, эне сүтү оозумдан кете элек кезим. Болжол менен 10-12 жаштагы секелек кызмын. Өзүм таене-таятамдын колунда чоңойдум. Сөздүн кыскасы мындай болду: бир күнү кечинде үчөөбүз тамактанып олтурганбыз, бир кезде сырткы эшиктин ачылгандай добушу угулуп, акырын тып-тып бирөө басып келип, берки бөлмөгө басып келгендей болду. Жаным жай албаган тентектигим ошол жерде да мени жөн койбой: "Таене тиги үйгө бирөө киргендей болду, болсоң, бассаң, балким ууру келдиби, болчу карайбыз, бол эми" -деп какылдап туруп алдым.
Таятам көңүл деле бурган жок, бир жак кулагы да басмырт эле. Таенем мени улам жини келип карап коюп жатты. Акыры коридорго чыктым да эшиги ачылган бөлмөгө баш бактым, мага тааныш эле элүү жаштардагы тиги көчөдө жашаган бир аял, жашы жыйырма-жыйырма бештин ортосундагы бир жигит экөө кыналыша кучакташып, сүйүүнүн кумарына батып жатышыптыр. Тигилерди тиктеп тура бердим, экөө тең кызуу, эшиги акырын кыңкайган тиги бөлмөнүн ичинде эмнелер болуп жатканын баарын көрүп турдум. Он-он беш минутадан өткөндөн кийин аркы үйдөн таенем чыга калды да мени жонго бир салды, чочуп кетип ыйлайын десем: "Үнүңдү бас!"-деп оозумду колу менен басып калды.
- Эмне жашыруун иш кылып жатасыз, таятама айтам - дедим каңкылдап.
- Айта бер айтсаң, ал билет, азыр кетишет булар. Сен, бар жатып укта, эмне жүрөсүң чекчейип?-деп мени урушуп кирди.
Кызык, азыр ойлоп, өзүмдү өзүм тилдеп, күлүп калам. Көрсө, ал ошол элүү жаштардагы эженин ойношу Сабыр деген коңшу айылдык үйлөнө элек жигит экен. "Атаңды өлтүргөнгө, энеңди алып бер" дегендей Сабыр азыр менин бир тууган жездем болуп калбадыбы. Сабыр жездем дегеле эч нерсени билмексен, а мен жездемден азыр деле өзүмчө уяла берем.
Айзат.

Даярдаган Алмазбек Эркебай