№09, 01.03.08-ж. Кат сандыгынан
Кыз Абийири...

Бир күнү күн кечтеп калганда колуктум менен чырдашып маанайым чөгүп машинамды айдап шаарды көздөй бараткам. Жолдон бирөө кол көтөргөнүнөн карасам келбеттүү айым экен. "Кудай мындайды бербеспи! Буюрса, чөккөн маанайым жазылат окшойт", - деп ичимден үмүт кыла кымыңдай түштүм. Жанына келип токтоорум менен аянычтуу жалбара:
- Байке, мени бул жерден ала кетиңиз? - деп ыйламсырап, туруп калды.
- И-ий, сулуусуңбу?! Сендей айымды ала кетпегенде, деген болдум. Анын тамылжыган нурдуу жүзүнө кызыгып, анан:
- Кеч киргенде кайда баратасың? -деп суроо узаттым.
- Мен бирөөлөргө ишенип келип алыптырмын, алардан араң кутулуп жолдо унаа тосуп тургам… Мен анын айтып жаткан арманына эмес карагаттай тунук кара көздөрүнө арбалып бараттым.
Улам кайра-кайра уурданып карап коём. Анан бир убакта өзүмдү кармана албай калдым окшойт. Жүрөгүм акылыма баш ийбей зуулдап бараткан автоунаамды дароо эски бактын арасына буруп токтоттум. Айбандарча тиги кызды колунан сүйрөп, көнбөгөн соң зордоп кийимдерин чечип, көксөгөн эңсөөмдү кандырып боздогон кызды, шаарга алып барып таштагам. Ал күнү мейманканага түнөп, эртеси кеч үйгө кайтаарымда аталаш эжемдин кошунасы телефон чалып , жалгыз кызынын асынып өлүп алганын айтып ыйлап жиберди. Атамдын карындашы менен жакшылык жамандыкта жолукканыбыз болбосо көп катташа берчү эмеспиз. Анан эжемдин төрөбөс экенин билчүүмүн, балким бакма кызыдыр деген кыязда үйүнө жетип бардым. Короосунун босогосунан аттай берип сарай жагынан эжемдин зарлаган үнүн угуп, дене боюм калчылдап чыкты. Кеч кирип калгандыктан эч ким деле уга элек окшойт, опур-топур адамдар деле жок экен. Сарайдын эшигин калчылдап ачып кирсем, жансыз кызынын башын кучактап эжем буркурап олтуруптур. Жансыз кыздын денесин колума көтөрө берип, көргөн көзүмө ишене бербей турдум. Дал өзү, жол боюндагы менден кордук көргөн кыз… Ойлоп көрсөм, өз өмүрүн шорго салган мендей наадан, акмак адам жок экен. Ошол кыздын аянычтуу үнү уктасам түшүмдөн, ойгонсом көз алдыман кетпей, дале жашоомду беймаани азапка салып келет…
Бакыт




  Көз боёонун Эрежелери

Тегерек көз
Боекту ички түбүнөн сыртын көздөй ичке чийин менен түшүрүп, учун созо түшсөңүз , ошондо көз кичине сүйрүрөөк көрүнөт. Кирпикти кара тушь менен боеңуз, көлөкөнү кабактын түп жагынан ичке түшүрүп, сырт жагын каштын уч жагына багыттап жазылантыңыз. Көлөкөнүн боегу бозомук, назик түстө болуусу абзел. Андан соң кашты атайын калем менен боеп коюңуз.

Чоң жана тосток көз
Күңүртүрөөк боекту үстүңкү кабактын бурчунан сыртын көздөй кеңейтип жазы, жука боеңуз. Ошол боектун учу көздүн чекесине жеткенде алдыңкы кабакты жаба орогон сымал артка буруп коеңуз. Каштын сырткы учунун үчтөн бир бөлүгүнө (астына) өңү ачык , жалтырак бет май сүйкөңүз.

Чуңкур көз
Мындай көздөрдү боектун жардамы менен чоңойтуп, таасирдүү көрсөтүү керек. Көздүн бурчунан кашка чейин абдан ачык боекту кашка сүртүңүз. Кирпиктин түбүнөн сырткы уч жагын гана боеңуз. Кирпикке тушь абдан калың коюлат жана ошонун негизинде көзүңүз таасирлүү көрүнөт.




Бийкечтин сезимин бүлүндүргүңүз келсе…

1 Капысынан бейтааныш бийкеч менен жанаша туруп калсаңыз, жагымдуу ууртуңуздан жылмайып карап көзүңүздү дароо буруп кетиңиз. Арадан эки мүнөт өткөн соң кумарлуу көз ирмем менен кайра караңыз. Кайра тиктешип калсаңыз анда, кумарлуу көзүңүздү кадап көз ирмебей үч секунд жылмайбай караңыз. Ушунда кашыңыздагы бийкеч сиздин айтаар сөзүңүздү күтө баштайт.

2 Таанышып алган соң, үнүңүз эң эле уккулуктуу экен деген сөздү эсиңизден чыгарбаңыз.

3 Алгачкы кезигүүдө башка бийкечтер тууралуу сөз козгобогонуңуз оң.

4 Бийкечтин келишкен мүчөсүнө суктанып комплимент айтайын десеңиз, сумкасынын кооздугун же кийген кийиминин өзгөчө стили жөнүндө мактаңыз. Мында бийкечиңиз башкалардан "өзгөчө стимулдуу" экен деген көңүлдүү ойго келет. Сүйлөп жатканда жүзүнө карабастан, ачык кийимине же кыска юбкасына улам карай бергениңиз тек гана эркектик сезимиңиздин ойгонуп жатканынан кабар берет.

5 Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат, деген принципте жашап түрдүү өнөрдүн ар кандай сырларынан айта кеткениңиз селкинин сизге болгон кызыгуусун арттырат.

6 Сиздин кийген кийимиңиз өзүңүздүн кандай адам экениңизден кабар берет, андыктан кийимдин кымбатына эмес сымбатына карап бийкечтин алдында чыпташкан кийим ордуна кенен кийим кийгениңиз оң.

7 Ашыкча өзүңүздүн бардар жашооңуз тууралуу айта бербеңиз, муну менен ашыкча мактанчаак экениңизди айгинелеп коесуз.

8 Бийкеч менен тамактанып жатканда шашкалактап сугунуп бат-баттан сүйлөп шилекейиңизди чачыратсаңыз аны иренжитип аласыз.

9 Баарлашуу учурунда жалгыз бой экениңизди айтып, адистигиңиз менен үй шартын айкалыштырып баратканыңызды айтып өтүңүз. Мындай учурда кашыңыздагы селкинин көөдөнүндө таттуу сезимдер байырлай баштайт.

10 Бийкеч менен сырдашууда мурунку кызыңыз же ажырашып кеткен аялыңыз тууралуу кеп козгоп, сөз арасында салыштырып айтуунун кереги жок.

11 Сиз менен чогуу бараткан бийкеч капысынан мурунку таанышына же досуна кезигип көбүрөөк сүйлөшүп калса өзү айтмайын, ким экенин териштире бербеңиз. Эр жигиттин чымчыктай жүрөгүнө чынардай сыр батат эмеспи.

Чынара Абдраева



  Дүйнө элдеринин үйлөнүү-үлпөт салттары

Үй бүлө күтүүнүн өзүнчө жол жобосу болгондой эле, той берүүдө да ар бир элдин бири-бирине окшошпогон салт-санаасы бар. Мына ошол дүйнө элдеринин үлпөт тойдогу каада-салттарын билүү үчүн чет мамлекеттердин эшигин аттап, баш багып көрдүк:

Грецияда
Күйөө баланын өкүл атасы оң жагына күйөөнү сол жагына колуктуну кармап чиркөөгө жетелеп кирет, бул учурда колуктунун колунда "жашообуз ушундай таттуу болсун" деген ниетте уучтап кумшекер, ал эми жигиттин колунда "бирөө жарымдын суук көзүнөн сакта" деген ойдо кагазга тартылган көздүн сүрөтүн кармап турат. Ал эми жаштардын биринчи нике түнүндө сөзсүз кичинекей кыз-балдар тегерегинде ойноп турушу керек. Бул гректердин түшүнүгү боюнча жаш жубайларга бакыт жана бала алып келет.

Венгрияда
Колуктуга күйөөсү атайын арнап сумка сатып алат да, анын ичин тыйын менен толтурат, ал эми колукту болсо күйөөсүнө үч же жети (алар үчүн бул эки сан эң ийгиликтүү сандар) бет аарчы берет. Венгрия элинин салты боюнча жар болуучу кыз үлпөт тоюна келген ар бир конок менен бийлеп чыкканга милдеттүү, эң кызыктуусу бийлегени үчүн келген коноктор колуктуга 15 миң фринт (Венгриянын валютасы) төлөшү керек.

Индияда
Эли күйөө баланы аябай сыйлап, өзгөчө ызаат көрсөтүшөт. Кыздын атасы күйөө баласы келээри менен үйгө киргизбестен бутун жууйт, ал эми болочоктогу аялы май, бал, сүт аралашкан ширеден ооз тийгизээри менен жигит тараптан жакын туугандарынын бирөө шайтандарды кууш үчүн үч жолу жубайлардын башынан кокос жаңгагын айлантат. Таң калыштуусу жубайлар нике шакегин аты жокко эмес, сөөмөйүнө тагынышат экен.

Иранда
Канчалык кулакка жагымсыз угулбасын, бул мамлекетте материалдык абал жакшы, бай жигиттер гана көзгө көрүнүп, ар бир ата-эне кызын бай күйөөгө берүүгө умтулушат.Биринчи орунда финансы маселеси тургандыктан болочоктогу жубайына милдеттүү түрдө үйлөнгөнгө чейин үй же чоң суммадагы акча бериши абзел, антпесе жигитти киши катарында көрүшпөйт.

Никабар Аралында
Эгерде бозой бир кызга көзү түшүп жактырып калса, анда ошол кыздын үйүнө кул болот, тагыраак айтканда белгилүү бир мөөнөттөн алты ай же бир жыл убакыт аралыгында ошол үйдүн оту менен кирип күлү менен чыгып, колунан келишинче жагынууга аракет кылат. Ал эми бул мезгилде кыз күйөөгө чыгуу же чыкпоо жөнүндө чечим кабыл алат.

Кытайда
Үйлөнүү үлпөт тою болоордо колуктунун жакын туугандары алтын жасалгаларды белекке беришет. Бул өлкөдө кызыл түстү сүйүүнүн символу катары кабыл алышкандыктан бул күнү тойго келген меймандардын баары кызыл түстөгү кийим кийиши абзел. Дагы бир кызыктуу көрүнүш, Кытайда кыздык белгиге көп маани беришпейт.

Кореяда
Үйлөнөрдө жубайлар алгач төлгөчүгө баш багышат. Бүгүнкү күнгө чейин жаңы келген келиндин этегине кайнатасы менен кайненеси жужуб өсүмдүгүн ыргытышат, мунун себеби жужуб бул- эркек кишиге мүнөздүү өсүмдүк, ошондуктан көп эркек уулду бол деген ниетте ушул салтты колдонушат. Дагы баса көрсөтүүчү нерсе үлпөт тойдо сөзсүз түрдө өрдөк болуш керек. Анткени, кореяда өрдөк - ишенимдин символу катары эсептелет.

Өзбекстанда
Күйөө баланы кыз тарап 40 күн көшөгө ичинде тамак ташып багат. Болгондо да үч маал ысык тамак берүү менен сыйлашат. Башка элдерден айырмаланып өзбек калкы кызга бычылган калыңды көп алышат. Ошондой эле той болуп жаткан мезгилде тойго келген меймандар күйөө баланы тегеректеп кол чаап турушат, бул учурда күйөө бала бир музыка жаңырып бүткөнчө жалгыз өзү бийлеп берет.

Даярдаган А. Дүйшөналиева