№09, 01.03.08-ж.
  Бүгүнкү күндүн көйгөйү

Аракечтик айлабызды кетиреби?
Аракечтик… Акыркы учурларда күч алып, кыргызымдын намысын бийик көтөрө алган улан-кыздарыбыз көчө боюнда томолонуп, үй-жайы жок самсып, журтубуздун беделин түшүргөн заманга келип жеттикпи. Мындай жагдайды көрүп, угуп отуруп зээниң кейип, көңүлүң чөгөт. "Ушундай терс көрүнүш элибиздин тарыхында болду беле, эр намысы, журт намысы кайда кеткен?" деген сыяктуу жүрөк өйүткөн суроо туулат. Канчалаган атактуу инсандарыбыз ачууга алдырып, о дүйнөгө сапар алды го чиркин…

Анткен менен республиканын кайсы гана булуң-бурчуна барба, супер маркеттен баштап, эң кичине дүкөнүнө кирбе, тирелип турган арак, вино, сыраларды гана көрөсүң. Сатуучулар күнүнө түркүндөп, бул жаңы чыкты деп товарды байма-бай алып келип турушат. Башка товарлар өтпөсө да, арак өтө берээри бышык эмеспи. Бөтөлкөлөп албаса да 100-200 граммдап куюшуп, акчасы жок болсо карызга жазышып, бүгүн болбосо да эртең балачакасын, жубайын ыйлатып туруп, карызын төлөтүп алаарына ишенишет.
Арактын аброю азыр күч. Аш, той-топур, келин алып, кыз бермей, куда тосуп, узатмай, ал тургай өлүм-житим да араксыз өтпөй калды. Соңку кездеги шайлоолор да элдин баарынын аракка берилип кетишине түздөн-түз шарт түздү деп айтууга болот. "Эл үчүн кызмат кылам" дегендер элдин добушун уялбай-этпей эле аракка сатып алууну адатка айландырышты. Ыр менен башталган тойдун чыр менен аяктаганы өкүнүчтүү эмеспи, аялдардын көз жашын, балдардын убал-сообун ким ойлойт.
Мунун баары аз келип жаткансып соңку мезгилде ичкилик жана тамекинин көрнөк-жарнактары мурда болуп көрбөгөндөй күч. Арак өндүрүп сатуучу компаниялар акцияларды ар түрдүү уюштураардан мурда кыргызымдын эртеңки күнүнө кам көрө турган жаштарыбызга кандай таасирин тийгизип жатканын ойлонуп көрүштү бекен? Сыналгыдан ар бир он мүнөт сайын спирт ичимдиктерин жарыялап, ичип көрүп утушка ээ болуп, сүйүнүчү койнуна батпай жаткан адамдарды көрсөтүшөт. Россиянын белгилүү актёру "Есть повод, есть аюу" деп эркектерибизди үндөсө, айымдарыбызды да Шайыр Касмалиева "Өзгөчө сүйкүмдүү, ишкер, мыкты аял болгуңуздар келсе "Леди Босс" ичиңиздер" деп жарыя кылып калбады беле. Учурда "Заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол" демекчи "Родник" арагын чыгарган фирманын иттери чөп жеп турган чагы... Себеби: ар бир адам "Родник" арагын ичүү менен карылар үйүнө 50 тыйын гана көмөк көрсөтө алышат экен. Ойлоп тапкандарына маашырлана кубанган инсандарыбыз карыларга башка жол менен көмөк көрсөтө албай, улам кийинки муунду патриоттук сезиминен арылтып, жеке мүдөөлөрүн гана көздөп, иш алпарышууда.
Көчөгө чыксаң тигил же бул арактын артыкчылыгын даңазалаган жарнамалар көрүнгөн жерде жайнайт. Арактардын аталыштарычы... Кыргызымдын не бир керемет улуу, кол жеткис асыл сөздөрү менен спирт ичимдиктерине ат коюп арактын аталышы кылып, даңазалап, сатып келишет. Менимче бул Кудайга жагаарлык иш эмес. Алп кырлуу, дүйнөнү дүңгүрөтүп, кыргызды кыргыз кылып түптөгөн Манасыбызды, Семетейибизди, Сейтегибизди коньяктын аталышына гана ыраа көрдүкпү…
Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева айткандай: "Президент", "Манас", "Семетей", "Сейтек", "Кыргызстан", "Бишкек" деген аталыш менен спирт ичимдиктерин жарнамалап кызыктырбай, "Жинди суу", "Ажырашуу", "Ызы-чуу", "Тополоң" деп атап койсок биз кеп кылган ачуу сууга кол сунуп, тамак кулкулдаган мезгилде анын сыртында жазылган атты окуп, жүрөгүбүз зырп этип, бир ойгонуп алат белек…

Даярдаган
Мээрим Сатарова




СПИДдин арты Кайгы-муң
Бүгүнкү күндө ВИЧ/СПИД оорусу бүткүл дүйнөлүк эң оор көйгөйлөрдүн бири. 2000-жылдардан тартып ВИЧ проблемасы Кыргызстанды да өз кучагына алып, тамыр жайып олтурат.

СПИДди алдын-алуу боюнча иш-чараларды уюштуруп келген өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын саны бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100 гө жакын. Бул коомдук уюмдар ВИЧ/СПИДке каршы ар кандай багытта иш алып барышат.
Алсак, Чүй облусунун Сокулук районунда СПИДди алдын-алуу, түшүндүрүү иштерин алып барган эки негизги коомдук уюм бар. Алар - "Көнөк-Ата" жана "Класс" деген аталыштагы уюмдар.
Маселен, "Класс" коомдук уюму мигранттар менен иш жүргүзүшөт. Буларга Сокулук жана Москва райондору гана тиешелүү, башкача айтканда, бул уюм ушул эки райондун аймагында жигердүү иш жүргүзүшүп келет. "Көнөк-Ата" коомдук уюму глобалдык фонд аркылуу сынакка катышып, долбоор жазып, ошол долбоор боюнча иштеп жатат. Бул өкмөттүк эмес долбоорду ПРООН каржылайт.
Сокулук районунда 19 айыл өкмөтү жана бир шаар бар. Ал эми райондо калктын саны - 200 000 ге жакын. "Көнөк - Ата" коомдук уюму мына ушул аймак менен ВИЧ/СПИД оорусун биринчи алдын -алуу боюнча тыгыз кызмат аткарат. Уюмда беш адам эмгектенет. Жетекчиси - Сансызбаев Жаныбек Назарович. Бөлүмдөрү Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан. Уюмдун урааны - "Биздин ден-соолугубуз - өз колубузда!" Ал эми эмблемасы: боз үйдүн элесин берип, ак, көк түс менен боёлгон. Бул жашоонун ак-карасын чагылдырып, өмүрдөгү чексиздикти туюндуруп турат.
"Көнөк-Ата" коомдук уюмунун жетекчиси Жаныбек Сансызбаевдин айтымында алар ВИЧ/СПИДдин алдын-алуу боюнча айрыкча, 15-30 жашка чейинки жаштар менен иштешет. Сокулук аймагында 50 гө жакын мектеп бар. Коомдук уюм мектептер менен да кызматташып, наркоманияга каршы атайын көргөзмө бөлмөсүн ачкан. Мунун негизинде окуучулардын наркоманияга каршы ойлору чагылдырылган рефераттары, дил баяндары жана сүрөттөрү көргөзүлүп, бул боюнча сынактар уюштурулуп турат.
Аны менен катар семинарлар, тегерек столдор, акциялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Жылына 2-3 ирет медицина кызматкерлерин, коомчулуктун өкүлдөрүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чогултуп, тегерек стол өткөрүлүп турат. Мындан тышкары "Көнөк -Ата" уюму коомдук турмуштарга да катышып, муктаж болгон адамдарга жардамдарын көрсөтөт. Маселен, кароосуз калган балдарды лагерге жиберип келишет. Жыл сайын 9-майда согуштун катышуучуларына материалдык жардамдар берилет жана 1-октябрь карылар күнүнө карата карыларга да үзбөй камкордуктар жасалып келүүдө. Санай берсек, бул тизмелер улана берет.
"Статистика боюнча Чүй облусунда бүгүнкү күндө СПИД оорусу боюнча официалдуу катталгандардын саны - 216 ны түзөт. Бул оорунун саны жылдан-жылга жайылып барат дегендик.
Маселен, Панфилов району - 5;
Ысыката району - 286;
Жайыл району - 46;
Сокулук району -14;
Аламүдүн району- 29;
Чүй-Токмок -32;
Москва району - 7
Кеминде -1
ВИЧ -инфекциясына чалдыккан адам официалдуу каттоодон өтүлгөн. Жыйынтыгы жогоруда көрсөтүлгөндөй, облус боюнча 216 адамды түзөт. Бул өтө оор жагдай. Ошондуктан, биринчи алдын-алуу боюнча колдон келишинче элге түшүндүрүү иштерин уюшутуруп, кызмат кылуудабыз.
Биздин милдет, негизги максат-оорулууларды тактоо эмес, СПИД оорусун болтурбоого, алдын-алууга жетишүү" дейт "Көнөк-Ата" коомдук уюмунун жетекчиси Жаныбек Сансызбаев.
Ырас, СПИД айыккыс илдет. Өкүнүчтүүсү, азырынча оорунун көбөйүшүн токтотуучу, айыктыруучу вакцина табыла элек, табылышы да күмөн.
Ушундай шартта, калк арасында ВИЧ ке каршы алдын-алуу, түшүндүрүү иш-чараларын уюштуруп келишкен коомдук уюмдардын эмгектери да сөз кылууга арзыйт.
Эң негизгиси, коомдук уюмдар өзүлөрүнө бөлүнгөн каражаттын төрттөн бир бөлүгүн эмес, каражаттын дээрлик бардыгын иштин кызыкчылыгына жумшаса, СПИД проблемасынын 70-80 пайызы оң жагына чечилмек эле деген ойго келесиң…

Нур - Кыял