№09, 01.03.08-ж. Убада аткарыла элек
Электр шамдарын чыгарчу заводдун жумушчуларына декабрь айлыгы төлөнүп бүттү деген расмий билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Былтыркы жылдын акыркы айынын маянасы мурда иш таштаган жыйноо цехине гана төлөнгөн. Башкаруу аппараты менен калган 6-7 цехтин жумушчулары ушул күнгө дейре айлыктарын алыша элек. Аталган заводдун оңдоо цехинин башчысы Рустам Абдувалиевдин айтымында, зарыл каражаттарынын жетишсиздигинен токой, спираль чыгаруучу жана картонаж цехтери токтоп, ал цехтердин жумушчулары ишсиз жүрөт. Быйылкы жылдын үч айлыгы тууралуу али сөз боло элек, дейт
Рустам Абдувалиев.

Ишкерлерди колдоодо
Ага Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров, тышкы иштер министри Эднан Карабаев, салык инспекциясынын кызматкерлери, бизнес ассоциациялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышкан эл аралык ишкерлер кеңешинин жыйыны өттү. Жыйында өлкөдөгү инвестициялык абал талкууланды.

"Акыйкат үчүн" кыймылынын жыйыны
Анда 12-апрелде өтө турган Элдик курултайдын уюштуруу маселеси каралып, шаар бийлиги курултай өткөрүүгө имарат бербей, расмий бийлик бут тоскондугу маалымдалды. Буга чейин Элдик курултайды 29-мартта өткөрүүнү болжошкон координациялык кеңештин мүчөлөрү, президент жокто кандайдыр бир чагымдар болуп кетишинен чочулап, өлкө башчысы Германиядан келгенден кийин 12-апрелде өткөрүүнү чечкен.

Борбор Азия жаштары
Скинхеддерге каршы
Алматыда Борбор Азия жаштары улутчулдуктан улам жаралган көйгөйлөрдү талкуулашты.
Казакстан жаштарынын "Болашак" кыймылынын демилгеси менен уюштурулган талкууда Орусиядагы Орто Азия жаштарынын абалы талкууланып, анда акыркы кезде күч алып жаткан улутчулдук жана башка терс көрүнүштөрдөн жаштар кантип сактануу керектиги тууралуу маалымат берилди. "Мен ишенбейм..." кыймылынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаевдин маалымдашына караганда жыйынга аталган кыймылдын төрт өкүлү катышты. Ушул өңдүү конференцияны келээрки эки, үч жуманын ичинде Кыргызстанда да өткөрүүнү пландашууда.
Айта кетсек, Орусияда улутчулдардын кастык мамилесинин негизинен Борбор Азия мамлекеттеринен келген мигранттар кабылууда. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги орусиялык укук коргоочулардын маалыматтарына таянып жазып чыкты. 2008-жылдын башынан тартып Орусияда улутчулдардын зомбулук мамилесине 86 адам кабылган. Такырбаштардын кол салуусуна көпчүлүк учурда кыргыз, тажик, өзбек улутундагылар дуушар болгону айтылат. Үч ай аралыгында улутчулдардын колунан Орусияда он эки кыргыз жараны көз жумду. Адам укуктары боюнча Москва бюросунун жетекчиси Александр Броддун айтымында, скинхеддердин кол салуусу негизинен Москва шаарында, Москва областында жана Санкт-Петербургда катталууда.

Президент эс алуудан кайтып келди
Өлкө башчысы "Манас" аэропортунда кыскача маалымат берип Германиядагы эс алуу өргүүсүндө бутунун муундарын дарылатканын белгиледи. Бакиевдин айтымында, күнүгө премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, облус губернаторлоруна телефон чалып, өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат алып, жазгы айдап-себүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөгөн. Президент денсоолугу жакшы экендигин, ал жөнүндө айың кептерди айрым саясатчылар чыгарганын айтты.

Чындап эле борбор Ошко көчөбү?
Апрель айында борборду Ошко көчүрүү боюнча суроо талкууга алынат. Бул тууралуу борборду көчүрүү демилгесин көтөрүп жаткан Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Мурат Жураев билдирген. "Мындай демилге өлкөнүн бүтүндүгүн, коопсуздугун, эгемендүүлүгүн сактоо үчүн керек. Оор социалдык-экономикалык кырдаал, коңшу мамлекеттерден агылып жаткан миграция, чек аранын аныктала электиги мамлекет үчүн коркунуч туудурууда" - дейт депутат. Маселе жыйында талкуулангандан кийин май айында парламенттин күн тартибине киргизилет.

"Айылбанктан" кредит алуу кыйындоодо
Жазгы талаа жумуштары күчөсө да, Өкмөт Ош облусунун дыйкандарына бөлгөн 14 миллион 140 миң сомду "Айылбанктын" өкүлчүлүктөрү кечеңдетип таратууда. Кредит үчүн документтердин көптүгү жана күрөө коюу системасынын татаалдыгы кыйынчылыктарды жаратууда. Ош облусунун губернаторунун орун басары Болот Бүргөев дыйкандардын талабы негизинен туура экендигин белгилеп, аймакка бөлүнгөн максаттуу каражаттын жарымы таратылгандыгын, мындан ары кредит алууну жеңилдетүү жагын "АйылБанк" чукул арада караштырып көрүшү зарылдыгын кошумчалады.

Мадумаров кытайларга эмне сунуштады?
Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Чжан Яньнян парламент төрагасы А. Мадумаров менен жолугушуусу болуп сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, тараптар ШКУнын алкагында парламенттик ассамблея түзүү маселесин талкуулашты. А.Мадумаров парламенттик ассамблеянын баш кеңсесин Чолпоната шаарында ачууну сунуштады. Ошондой эле май айында Кыргызстанга Кытай парламентинин төрагасынын орун басары келери маалым болду.

Аялдар АКШга чакырылды
USAID уюмунун "Коомдордун байланышы" программасынын алкагында диний тармакта, бейөкмөт уюмдарында иштеген кыргызстандык лидер аялдар АКШга чакырылды. Программанын максаты- анын катышуучуларын Америкадагы диний жана кайрымдуулук уюмдардын иши, динге ишенгендердин укугун коргогон кыймылдардын өкүлдөрү менен тааныштыруу. Мусулман аялдар ушул жылдын июль айында АКШга барып, бир айдай жергиликтүү үй-бүлөлөрдө жашайт.

Ысыккөл жайкыга даярбы?
Облус губернатору Кыдыкбек Исаев эс алуучу жайлардын жетекчилери менен жолугушуп, туристтик сезонго даярдыктарды талкуулады. Анын жүрүшүндө, облус жетекчиси президенттин тапшырмасы менен пансионаттарда тазалоо жабдыктарынын иштеши өзгөчө көзөмөлгө алынаарын белгиледи ошондой эле тазалоо жабдыктары жок эс алуу жайларга туристтерди кабыл алууга уруксат берилбешин кошумчалады.




  Дүйнө дүбүрт

Олимпиада оту Кытайда
Салтанат учурунда Афинада күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлдү. Ишемби күнү бул жерде Кытайдын Тибеттеги саясатын айыптаган акциялар болуп өткөн эле. Олимпиада оту атайын самолет менен Пекинге жеткирилди, андан соң шамана дүйнөлүк сапарга чыгат жана августта Олимпиада ачылар алдында кайрадан Пекинге келет.

Аралдар кимдики?
Сириянын борборунда жыйын өткөргөн араб лидерлери Ирандан Перси булуңундагы үч аралды Бириккен Араб эмиратчылыгына кайтарып берүүгө чакырышты. Ырасмий Тегеран өз кезегинде Абу-Дабинин талаптарын курулай жана негизсиз доомат деп атады. Жыйында Ирактагы абал да талкууланды.

Минскиде оппозиция акция өткөрдү
Минскиде оппозициянын 40 чакты тарапкери кечээ саясий айыпкерлерге тилектештик билдирип,жыйын өткөрүштү. Алар 25-марттагы жүрүштөр маалында камалып,административдик жазага тартылган оппозиционерлердин портреттерин кармап турушту. Акция 20 мүнөткө созулду.

Ми-8 вертолетторуна эмне болгон?
Норвегиянын Шпицберген тоолу аймагындагы Баренцбург айылында Орусиялык Ми-8 тик учагы аба ырайынын начардыгынан кыйроого учурады. Кырсыктан кеминде үч адам каза болуп, экөө жаракат алгандыгы кабарланууда.
Ошондой эле Украинада чек ара кызматынын тик учагы кырсыкка учураган. Анын кулоосунан 13 киши каза таап, тирүү калган бирөөнүн абалы оор экени кабарланууда. Чек ара кызматына таандык тик учак Одесса шаарынан Змеиный аралына учуп баратып, Карадеңизге түшүп кеткен.

Жорж Буш Украинага келет
Буш Киевде президент Виктор Юшенко менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. АКШ президенти Украинанын НАТОго мүчө болуу мүдөөсүнө колдоо билдирет деп айтылууда. Бул идеяга,коомдук пикирдин акыркы көрсөткүчтөрүнө ылайык украиналыктардын көпчүлүгү каршы чыгууда. Киевден соң Буш Бухарестте НАТОнун саммитине катышат.

Исламга ким каршы?
Голландиялык саясатчы Геерт Вильдерс Live Leak сайтына өзүнүн исламга каршы фильмин жайгаштырган. "Фитна" деп аталган Вильдерстин 15 мүнөттүк фильминде Курандын сүрөсүн окууган кадрлар 11-сентябрдагы террактынын жана 2004-жылы Мадрид поездинин жарылышы менен аралаштырылат. Өзү чыкканга чейин эле фильм Нидерландияда, ошондой эле Иран, Египет жана Пакистан сыяктуу өлкөлөрдө мусулмандардын кыжырдануусун пайда кылган. Амстердамда Вильдерстин фильмине каршы демонстрация болуп, ага 5 миңден ашык адам катышкан.

Пакистан терроризмге каршы
Пакистан парламенти бүгүн Гиланиге бир добуштан колдоо көрсөттү. Юсуф Реза Гилани өз сөзүндө өлкөдө тынчтык орнотуп, терроризм менен экстремизмге каршы күрөшкө басым жасады. Ошондой эле ал куралын таштоого даяр согушкерлер менен Пакистан өкмөтү сүйлөшүүгө барат деп белгиледи.

Электрсиз саат
Гринвич убактысы боюнча кечки саат 8де 35 өлкөнүн 370тей шаарында электр жарыгы бир саатка өчүрүлдү. Глобалдык жылуулук, климаттагы чоң өзгөрүүлөргө каршы бул акция, уюштуруучулардын айтымында, энергияны үнөмдөө канчалык маанилүү экенин эске салууну көздөйт.

Окруашвилини 11 жыл отургузабы?
Грузияда сот мурдагы коргоо министри жана оппозициячыл саясатчы Ираклий Окруашвилини 11 жылга түрмөгө кести. Учурда Парижде жашап жаткан Окруашвили былтыр күздө грузин президенти Саакашвилини коррупцияга байланыштуу айыптап чыккандан көп өтпөй камакка алынган. Кийин ал көп акча күрөөгө коюлуп бошотулган соң Батыш Европага кетип калган. Эми аны Грузияга өткөрүп берүү маселесин Париждик сот караштырат.

Мунайзат өрттөндү
Махалачкадагы нефти базадагы жарылуу теракты болуп саналабайт, ал операторлордун жаңылыштыгынан улам болгон деп билдирди. Маалыматтар боюнча 29 жаштагы оператор аялы цистернага нефти продуктусун толтурган учурда "ченегич менен кандайдыр бир приборго тийип кеткендиктен" болгон. Ал төртүнчү даражадагы күйүккө дуушар болгон жана өтө оор абалда республиканын борбордук клиникасынын реанимациясына жеткирилген. Көлөмү 10 миң кубометр келген цистерна жарылган.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ