presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№09, 01.03.08-ж.
  Чачыла

Обон - шоу
Репертуардагы жаңы ырлар
"Жазым келчи" деп жазды чакырган ырчы Гүлнур Сатылганова чыгармачылыкта жигердүү иштеп жатат. Өз мекенин таштап, бөлөк-бөтөн жерге иш издеп кеткен атуулдарга кайрылып "Мекендеш" жана бал тамган балалык кезине кайрылып "Туулган жер", "Бул дүйнө" аттуу ырларын жаратты. Гүлнурдун күйөрмандары эми радиолордон жаңы ырларын уга алышат.

Ди-джей Замир Казакбаев
21-кылымга продюсер
21-кылым радиосунун ди-джейи Замир Казакбаев жетекчилик тизгинди колго алды. Буга чейин 21-кылымдын продюсери болуп келген ырчы кызыбыз Динара Жусаева эле. Эми мукам үндүү ди-джей Замир келип олтурат, өзүнөн сураганыбызда "Буюрса, көптөгөн жаңы идеялар бар, 21-кылымды жаап, башка ат менен чыгышыбыз да мүмкүн. Баардыгын мезгил көрсөтөт…" -деген сөздөрүн айтты.

Кален Раевдин чыгармачылыгына 10-жыл
Орто муундагы ырчылардан ырлары, обондору менен айырмаланган мырзабыз Кален Раев көптөн бери дайынсыз кеткен эле. Көрсө жеке бизнеси менен алектенип, чыгармачылыгын дагы таштабай катуу даярданып жүргөн учуру экен. Үстүбүздөгү жылы Календин чыгармачылыкка келишине 10 жыл толуп, күзүндө чыгармачылык кечемди өткөрөм деп чамынып туру. Анда чыгармачылыгыңызга ийгилик, Кален мырза.

УТРКнын "Ыр майрамы",
"Капкан шоу" болобу?...
Улуттук биринчи каналдын "Жаштар" студиясы тарабынан эфирге чыгып келген "Ыр майрам" берүүсү жаңы жылдан бери көгүлтүр экрандан көрүнбөй калды эле. Көрсө "Ыр майрам" берүүсүн даярдаган мырзалар аталган берүүнү жаап, жаңы берүү даярдашалы деген максат коюп, жетекчилигине "Капкан шоу" аттуу долбоорун сунушташып, ал сунуш жакшы жагына чечилип, эфирге чыгууга уруксаат алышкан экен. Жаңы ачылып жаткан "Капкан-шоу" берүүсүн, жабылып калган "Ыр майрамдын" алып баруучусу Шайырбек Арапов алып барат. Андыктан жакынкы күндө жаамы журтубуз жаз мезгилиндеги жаңы берүүнүн көрөрманы болот.

Омар
Орусиядан жеңүүчү болду…
Жаңы чыккан жаш ырчылардын арасында өзүнүн өзгөчө үнү менен ордун таап калган таланттуу жигитибиз Омар "Новая волна" сынагына жолдомо алды. Тактап айтсак, март айында аталган сынактын тандоо туру Казакстанда болуп өтүп, ал сынактан кыргызстандык жаш ырчылар Мирбек Атабеков жана Омар жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан. Орусиянын Москва шаарында өткөн жарым финалдан Кыргызстандын атынан барган Омар финалга баруучу жолдомого ээ болду. Негедир эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Мирбек Атабеков жарым финалдан өтө албай калган. Ал эми "Новая волнанын" финалы жай айларында Латвиянын Юрмала шаарында өтөт. Эмне дейбиз, жердешибизге ийгилик каалоо менен намысыбызды коргоп келээрине ишенич арталы…

Алькамиль "Мени аягылачы" дейби
"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" демекчи, скрипка, фортопианодо, саксафондо жана флейтада кол ойното билген Алькамиль "Мени аячы" деген аталышта күйөрмандарына оригиналдуу концерт тартуулоо алдында турат. Жаңыдан чыгып келаткан жаш ырчынын чыгармачылык тушоо кесүү концертине жакын арада күбө болосуздар.

Даярдаган
М. Сатарова, А. Мусагулов




  Дасторкон

"Баштадыңбы, таштаба" деген принципти карманып, Карл Маркс көчөсүнө жол тарттык.
Байсуу уруусунан чыккан азаматтар тарабынан ачылып, 10 жылдан бери ак эмгеги менен кызмат кылуунун артында бир кыйла кадыр-баркка ээ болгон шаарыбыздагы "Байсуу" кафесинин фирмалык салатын сиздерге сунуштайбыз. Колунан көөрү төгүлгөн ашпозчу Бактыгүл Козуева алты жылдан бери эмгектенип, даамдуу тамактарын кардарларга тартуулоодон чарчабайт.
Бизге түркүн-түрлүү салаттардын жол- жобосун төкпөй чачпай айтып берди. Жасоо жолу эң эле оңой экен, баасы деле анчалык кымбат эмес, тактап айтканда 95 сом. Анда келиңиз, сиз да аракет кылып жасап көрүңүз. Ал үчүн сизге төмөнкүлөр керектелет:
Уйдун тили - 30 гр
Бадыраң - 40 гр
Помидор - 30 гр
Өсүмдүк майы жана жашылчалардын баарын майда таякча түрүндө туурап, өсүмдүк майын, туз кошуп аралаштырабыз. Тарелкага жашылчаларды кооздоп койгондон кийин даяр болгон салатты салабыз. Мына, салат даяр.
Баарынан өзгөчөсү башка салаттардай "Байсуу" салатына майонез кошулбайт. Бул салатты жасоонун жолун үйрөнүп алдыңыз деген ойдобуз. Эми сиз кафеге барбай эле андагы салатты үйүңүздөн жасап, жакындарыңыздын көңүлүн ачсаңыз болот.

Даярдаган Нурзат Жусупова



  Сен сүйгөн обон

Урмат Усенов
"Тумар кыз"
Сенсиз өткөн көз ирмемдер кызыксыз,
Көргүм келет сугум артып.
Сезимимди тутандырган тумар кыз,
Сүйгүм келет жүзүң татып.

Кайырма:
Жылдыз болсоң мага, суранам таң атпа.
Сырдашып арзуумду айтайын.
Күнүм болсоң менин, күүгүм тартып атпа,
Нурларыңдан кубат алайын.

Сенсиз жазган ырым мага кумарсыз,
Коштой кетем ар бир сапка.
Сезимимди тутандырган тумар кыз,
Жүрөгүмдө барктап баккан.

Кайырма:
Жылдыз болсоң мага, суранам таң атпа.
Сырдашып арзуумду айтайын.
Күнүм болсоң менин, күүгүм тартып атпа,
Нурларыңдан кубат алайын.










??.??