presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№09, 01.03.08-ж.
  Коломто

"Кызганычтан кыргыз жигитти жакалап..."
Мындан 10 жыл илгери эки башка улуттан экендигине карабай жүрөгүндөгү арзууларын даңазалап белгилүү эстрада ырчылары Денис менен Жанета баш кошуп, өлкөбүздө дагы бир кичинекей мамлекет курулган. Ошондогу ыр дүйнөсүн дүң эттирген эки жаш учурда Арина, Максим аттуу уул-кыздуу болушуп, өздөрүн бактылуу үй бүлөлөрдүн катарына кошуп келишет. Көпчүлүк музыка күйөрмандарына кызыгуу жараткан бул жубайлардын сүйүүсү, чыгармачылыгы, турмушу жөнүндө кененирээк билүү үчүн Денис менен Жанетаны маекке тарттык:

- Денис мырза, сиз кайын-журтуңузга барганда калпак кийгизиштиби. Дегеле кыргыз элине күйөө бала болуу кандай сезим калтырды?
- Бул сурооңуз мени дагы бир ирет толкундатып жиберди. Мен Жалалабатка жаңы күйөө бала болуп барганда кыргыздын салты кылып башыма калпак кийгизип, босогодон жүгүнтүп киргизишкен. Алгач абдан толкунданып, жүрөгүм бат-баттан согуп сүйүнгөм. Ошол мезгилдеги сезимимди азыр сөз менен айтып жеткире албайм. Башыма баш кошулуп, болгондо да өзүм жактырып, жакшы көрүп, сүйүп жүргөн кыргыздын бир сулуу кызына үйлөнүп жатканыма өтө бактылуу болгом. Андыктан, кыргыздын күйөө баласы болгонума ар дайым сыймыктанам.
- Жанета эже экөөңүздөр кантип табышып калдыңыздар?
- Жанета экөөбүз бир институтта окудук. Анда ал менен мамилем болбосо да сыртынан көз салып, байкап жүрчүмүн. Кийин эле 2-курстта окуп жүргөндө мен иштеген "Досум Үсөн" тобуна келип ырдап калды. Келген күндөн тартып Жанета экөөбүз тил табышып, анын жакшы сапаттары мага көрүнө баштады. Ошентип, жылуу көз караш, жакын мамиледен сүйүү жаралып, кыз-жигиттик доорду баштан өткөрүп жүрүп, насип, буйрук экен баш кошуп, 10 жылдан бери бирге түтүн булатып жатабыз.
- Үй бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт, ошондой учурда кимиңиздер кечиримдүү болосуздар?
- Албетте, үй бүлөдө болчу уруш-талаш бизде деле кездешет, бирок ушул кезге чейин Жанетага кол көтөрүп чоңдук кыла элекмин. Негизи үй бүлөдө жубайлардын кимиси биринчи кечирим сурап, кечирсе ал эрдик жасайт деп коёт го. Анын сыңарындай мындай жагдайда эжеңер Жанета эрдик кылат.
- Үйүңүздөрдө кайсы тилде сүйлөйсүздөр?
- Үйдө кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Арина кыргыз-орус тилдеринде сүйлөй берет. Ал эми Максимдин тили башынан эле кыргызча чыкты. Апам болсо кыргызча түшүнөт, бирок сүйлөбөйт, ошондуктан, апабыздын алдына барганда гана орус тилинде сүйлөшөбүз.
- Биздин кыргыздарда той-топур болуп, кайын журтунун үйүнө барганда күйөө балдар кызмат кылышат. Мындай күйөө балалык милдетти сиз да аткарсаңыз керек…
- Сөзсүз да. Ал жакка барганда отун жарып, мал карап, анча-мынча иштерге жардам берем. Былтыркы барганыбызда тапчан жасап, атамдын үйүн ремонттоп жакшы күйөө бала болуп келгем. Өзүм ушундай кара жумуштарга жакынмын.
- Мусулманчылыкта эркек баланы отургузуп, сүннөт той берет. Балаңыз да чоңоюп калыптыр. Бул жагы кандай болот?
- Кыргыздын башка салттарын ушул күнгө чейин аткарып келдик. Мындан ары да уланта беребиз. Бирок, сиз айткандай сүннөт той жасабайбыз. Бул маселе орус улутундагыдай чечилет.
- Жанета эжени алгачкы сүйүүм деп айталасызбы?
- Алгачкы сүйүүгө чейин балалык сезим болот да, башкача айтканда ал учур мектепте калды. Ал эми бойго жетип, акыл токтотуп, жүрөгүмдүн ээсин издеп жүргөн кезимде жолуктурган адамым деп Жанетаны айтар элем. Мага шайыр, ачык-айрым, ак көңүл кыздар жакчу. Жанетанын мына ушундай мүнөздөрү мени арбап алды десем жаңылышпайм.
- Ыр менен эле үй бүлө бакканга болбостур. Турмуштун арабасын кантип тартып жатасыз?
- Туура айтасыз, азыр чыгармачылык менен үй бүлө эмес, өзүңдүн жаныңды бакканга болбойт. Ошон үчүн сахнадан сырткары өзүмдү авто унаа жагынан сынап көрөйүнчү деп 2 жылдан бери Прибалтикадан машина алып келип сатып жатам. Кудайга шүгүр, иштесе болот экен, жумушубуз жаман эмес. Эл катары жашап жатабыз.
- Катуу тийсе кечирип коюңуз. Эл ичинде айтылган "орус оюндагысын кылат" деген сөзгө терикпейсизби?
- Эмнеге терикмек элем. Сөз деле жөн жерден чыкпайт да.Оюндагысын кылган орус деле кыялындагысын жасаган кыргыз деле бир нерсени аткарып атпайбы. Негизи анча - мынча сөздү көңүлүмө алып иргей бербейм.
- Башыңыздан өткөн кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
- Мындан 10 жыл мурун сахнага жаңыдан чыгып жаткан кезимде базарга картошка алганы барып калдым. Орто жаштагы эжеден орусча сүйлөп 10 кг тартыңыз десем жанындагы кызына мени кыргызча түшүнбөйт деди окшойт да "кызым, алдагы картошканын арасына аркы чириктерден да кошуп сала бер" десе болобу. Бир туруп күлкүм келсе, бир чети капа болдум да, "эже, эмне орус адам эмес бекен" десем эмне кылаарын билбей өзү да каткырып күлүп жиберди. Ошентип, уялганынан 10 кг картошканын үстүнө 2 кг кошуп берген.
- Жанета эже, "Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт" деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Сурайын дегеним, кыргыздын салт-санаасы менен эле турмушка чыктыңызбы?
- Денис экөөбүз 2 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Кадимкидей биздин салтыбыз менен эле сөйкө салып кудалап алышты. Ал тургай каадасын кылып калың да беришти. Ушунча болду Денистин дарегине канча менен өткөнүмдү да айта берейин эми. Ата-энемдин алдына барышканда, тууган-уруктарды жыйнап калың бычылган. Ошонун негизинде 2 миң доллар акча, 6 кой, эне сүтүнө деп 1 уй алып барып беришкен. Бул жагынан эч кандай айырма болгон жок.
- Сиздер эки бөлөк динде болгондон кийин туугандар ортосундагы карым-катнаш, майрамдар, той-топурлар кандай өтөт?
- Экөөнү тең бирдей алып жүрөбүз. Маселен, биздеги айт, арапа күндөрүндө кадимкидей боорсок жасап, мүмкүнчүлүк болсо мал союп ырымдап кан чыгарабыз. Мен ичимден куран окуйм, Денис мага кошулуп бата кылат. Ал эми орустардын "Пасха" майрамында болсо жумуртка боёп, эл катары өткөрөбүз. Той-аштар деле өз жолу менен өткөрүлүп келет.
- Кайын-журтуңуз биздин динге өт деп айткан жокпу?
- Күйөөмдү сыйлап фамилиямды өзгөртүп Бобкова кылдым го. Ошол жетет да. Дегеле бизде дин жөнүндө кеп болбойт. Денис өзүнүн динине, мен өзүмдүн диниме ишенем.
- Балдарыңыз чоңойсочу…
- Өздөрү кыргыз тилинде сүйлөшөт, бирок дини кандай болот билбейм. Аны эми чоңойгондо өздөрү ойлонушат да.
- Денис байке сизди кызганабы?
- (күлүп) Жакшы эле кызганат. Азыр кичине токтолуп калды. Мурда жаңы үйлөнгөн кезде аябай кызганчу. Бир жолу (баш кошкондон бир жылдан соң) спорт сарайында концерт болуп, Денис экөөбүз дуэт ырдап чыгып калдык. Ырдап бүткөндөн кийин бир жигит келип мага гүл берип, бетимден өөп жатканда Денистин жини келип кетип, жанагы жигитти кекиртектен кармап туруп түртүп жиберди эле, ал темтеңдеп барып сахнадан түшүп кетти. Ошентип, зал толгон элдин алдында кызганычтын айынан ушундай окуя болгон. Мен болсо эмне кылышымды билбей, ыңгайсыз абалда калгам.
- Кайын атаңыз бир жолу бир кечеде сизди сахнага алып чыгып, Жанетаны "евроремонт" кылып алдык деп тамашалады эле. Юрий Бобков айткандай капкара чачыңызды эмнеге башка түскө боёп алдыңыз? Же имиджиңизди өзгөртүңүзбү?
- Турмуш курганыбыздан кийин тактап айтканда мындан 5 жыл мурун 8-март күнү Денис мени кафеге чакырып калды. Анан үйдө отуруп ойлонуп, Дениске "сюрприз" кылайын деп чачымды сары түзгө боёп таштадым. Ошол бойдон өзгөрткөн жокмун. Азыр эми кара түстөгү чачымды элестете албайм. Ушуга көнүп калдым.
- Үйүңүздө да боёнуп жүрөсүзбү?
- Жок. Сахнага чыкканда гана боёном. Керек болсо көчөгө чыкканда да жүзүмө боёк сүртпөөгө аракет кылам.
- Эң кымбат жана эң арзан кийимиңиз канча турат?
- Өткөн кыш мезгилинде Денис 800 долларга шуба алып берди. Сиз сураган эң баалуу кийимим ушул. Эң арзан кийимим болсо 500 сом турат. Көбүнчө 2000-3000 сомдун тегерегинде өзүмдү жабдыйм.

Маектеш жөнүндө маалымат:
Денис Бобков - 1980-жылы 14-августта Ысыккөл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 3 бир туугандын экинчиси. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун клавиша бөлүмүн бүтүргңн.
Жанета Бобкова - 1980-жылы 4-январда Жалалабат облусунун Шамалдысай шаарчасында туулган. 3 бир туугандын улуусу. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун вокал бөлүмүн бүтүргөн.

Ж.Бороева















??.??