presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№09, 01.03.08-ж.
  Өнөрсеки

"Почточунун велосипедин уурдап…"
Ар улуттун ар башка тили, дини жана да маданияты болот эмеспи. Кут орногон Ала-Тоону мекен кылып, кылымдардын кыйырынан бери келе жаткан касиеттүү кыргыз эли дагы өзүнүн каада-салты, үрп-адаты өлбөс-өчпөс өнөрү менен башка улуттардан айырмаланып турат. Ошол көп өнөрүнүн бири болгон төкмөлүк өнөргө таң калбагандар аз чыгаар. Колуна комуз кармап, турган жерден эле уйкаштык менен жамактап ырдаган адамды көргөндө кантип таң калбай, кантип суктанбай коёсуң. Улам мезгилдин өтүшү менен ар бир доордун өзүнүн өнөр адамдары, тагыраак айтканда төкмөлөрү болуп келген. Эгемендик алып, дүйнөгө эркин мамлекет катары таанылып, улуттук өнөрүбүз деп бийик туткан ар бир өнөрүбүздү аркалаган таланттарыбыз бар, ошону менен бирге жамактап ырдаган төкмөлөрүбүздөн да уучубуз кур эмес. Бүгүнкү биздин маектеш жигит учурдун жаш төкмөсү, 2007-жылы өткөн республикалык төкмө айтыштын баш байге ээси Азамат Таалай.

Аты-жөнү - Болгонбаев Азамат Таалайбекович
Туулган жылы, айы, күнү- 1983-жыл, 29-октябрь
Сүйүнгөнү - Жетишкен ийгиликтери
Күйүнгөнү - Кыргыздын сатылып жаткан жерине күйөт
Ыйык тутканы - Ата-энеси
Үй-бүлөлүк абалы - Бойдок
Учура - Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун жооптуу катчысы

- Маектеш төкмө жигитибиздин "чыт курсак", балалык чагынан сөз баштасак?...
- Менин балалык чагым туулуп өскөн айылым Аламүдүн районуна караштуу Арашанда өткөн. Чындыгында балалык баёо сезимдер менен кандай гана кыялдарды ойлобойсуң. Мен да кичинемде төкмө болом деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Ал кезде ойлочу элем ушинтип кантип ырдашат деп, сырттан карап турган адамга жаттап алып ырдап жаткандай сезилет эмеспи.
- Балалык кездеги кызыктуу күндөрдөн бир элес сүрөттөп бербейсиңби?
- Эми ал учурдагы кызыктуу окуялардын бирин эстесем, бирин эстей албайм. Ошолордун ичинен эсимде калганы мектепте окуп жүргөндө дос балам экөөбүз сабактан келе жатып кызыктыкпы билбейм, почточунун турган велосипединдеги гезит-журналдарын жерге алып таштап туруп уурдап тээп кеттик…
- Оо, мен чоң ууру менен сүйлөшүп жаткан турбайынбы…
- (күлүп)… Балабыз да, биз алып барып катып койсок эле таппай калат деп ойлосок керек да. Эртеси күнү мектепке милиция келип ызы-чуу, мугалимдер мени актап "бул андай бала эмес" деп. Чындыгында жоош болуп, майрамдарда активдүүлүгүңдү көргөзүп ырдап жүрсөң ким эле велосипед уурдайт деп ойлосун. Бала кезде ушундай бир уурулук кылгам…
- Канча жашыңда комуз үйрөндүң?
- Мектеп босогосун аттаганда эле колумдагы комузум менен аттадым десем болот. Себеби, мен биринчи класска барганда биздин мектепте комуз үйрөтүү боюнча кошумча сабак бар болчу. Мен дагы кызыгып атама айтсам, комуз сатып берген, ошо менен ийримге барып үйрөнүп жүрдүм. Ошол учур СССР кыйрап, ар мамлекет өз алдынча бөлүнүү мезгилине туш болуп калган учурда эмнегедир кошумча комуз сабагыбыз да токтоп калды…
- Ошо менен сен да токтодуң?...
- Жок, мен токтогон жокмун, өзгөчө ырга жакын элем, ошол себеп болдубу, айтор комузга болгон кызыгуум токтотууга мүмкүндүк берген жок. Болжол менен 50дөй бала үйрөнчүк болуп жүргөн болсок ошолордун ичинен 2-3 эле бала калдык.
- Төкмөлүккө бала кезде кызыкпасаң кантип аралашып калдың?
- Башта айтып өтпөдүмбү "комуздан болчу кошумча сабагыбыз токтоп калды" деп. Андан көп өтпөй коңшу айылдагы Абдылашим Ысмайыл уулу деген комузчу, төкмө агай үйгө издеп келип "мага барып сабак алып тур"-деп калды. Ал киши чоң-чоң айтыштарга чыгып жүрчү экен, андай сунушту угалбай турган жаным дароо эле макул болдум. Эми ошондо агай жашаган айыл менен биздин айылдын ортосу 4-5 чакырым жер ошого жөө барып келип сабак алчумун. Ошондой күндөрдүн биринде агайым "жамактап ырдап көрчү" деген талап коюп калды, "ырдай албайм" десем болбойт. Кыскасы, кыйнап атып ырдатты. Анан бир күнү борбордо өтүүчү бир кечеге ээрчитип алды. Ал жерде биздин алп акындарыбыз Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаев агайлар дагы бар экен. Мен ырдагандан кийин Замирбек агай чакырып алып "мектепти бүткөндөн кийин, искусство институтуна кел, мен ошол жерде иштейм, сенден бир нерсе чыгат" деп калды. Ошентип, Замирбек агайдын демилгеси менен искусство институтуна тапшырып чыгармачылыкка жакындан аралашып, төкмөлүк өнөргө талапкер болуп калдым...
- Бардык иштин башталышы кыйын болуп аягы жемиштүү болоору белгилүү эмеспи. Дегеним, төкмөлүк өнөрдүн бийик баскычтарына жетип калдың, алгачкы чыккан айтышың эсиңен кетпесе керек?...
- Ооба, алгачкы айтышты төкмөлүк өнөрдү аркалаган ар бир адам унутпаса керек. Анын сыңарындай менин да эл алдына чыккан алгачкы айтышым эсимен кетпейт. Ага чейин башка жерлерде айтышып жүргөн болсом дагы, алгачкы айтышым деп Элмирбек Иманалиев менен чыккан айтышымды баса белгилеп айтып жүрөм…
- Ошондогу ыр саптардан эсиңде калганы барбы?
- Анын баары эсимде жок, бирок Элмирбек байкенин сөздөрү эсимде "жаңы бизге тай келди, баралына келгенде бир топту багындырат" деген маанидеги сөздөрдү айтып ырдаган эле. Ошондо мен:
Ополтоодой акынсыз,
Оорубай жүргүн саламат,
Салмактуу сөздөр куюлат,
Оозуңуздан салаалап,
Мени "тай" деп айттыңыз…
Айгыр болгон кезимде,
Качпаңыз анан талаалап…-деген сыяктуу саптарды айтканым эсимде. Бардык айтыштагы сөздөрдү жаттап калыш кыйын бирок, архивде бүт сакталуу.
- Байге сайылган айтыштарда нааразычылык сөздөр болбойбу?
- Андай деле болбойт. Буга чейин беш машина сайылган айтыш өттү, баардыгына калыстык менен орун берилди, нааразычылыктар болгон жок.
- Жетишкен ийгиликтериң тууралуу да айта кетсең?
- Ооз көптүрүп мактангандан алысмын. Буга эл тараза, кандай ийгиликтерге жетишпейин элимдин колдоосуна ээ болуп, эл аркасы менен келген ийгилик деп эсептейм. Эң чоң ийгилигим 2007-жылы Көл жергесинин Барскоон айылында өткөн республикалык айтышта баш байгени жеңип алдым.

Баарлашкан А. Мусагулов.




  Жылдыздар төлгөсү
31-марттан 6-апрелге

Кой (21.03-20.04)
Жумушчу аптаңыздын башталышы эс алууңузга ыңгайлуу. Бул учурда жай-баракат гана бүтпөгөн тапшырмаларыңызды иретке келтирип алсаңыз оңтойлуу болот. Заарканбай эмгектенсеңиз анын натыйжасы жаңы шарттагы өзгөчө ийгилик жарата алат. Мындай учурда жылдыздар сизге алдыртан кубат берип, алга карай сүрөмөлөйт. Жуманын агымында өзүңүздү гана ойлобой өзгөлөргө да көңүл бөлсөңүз, өздүк максатыңыз алга карай оболоору шексиз.

Букачар (21.04.-20.05)
Көп убакытка жалгыз олтуруу психикалык абалыңыздын төмөндөөсүнө алып келүүсү ыктымал. Мындайда сизге жалгыз болуудан көрө көпчүлүк менен баарлашуу пайдалуурак. Кызмат жаатындагы алга карай жылуулар табышмактуу кубулуштардан улам өзүңүзгө даана байкалат. Мындайда жалгыз баш катыргандан көрө жакын достор менен кеңеше билсеңиз, ишенимдүү маалыматтар өзүнөн-өзү келип чыгат.

Эгиздер(21.05-21.06)
Жуманын агымында ашыкча салмакка каршы тобокелчиликке салып жүрө бербестен, атайын арыктоонун чараларын көрүңүз. Кырдаалдык сыноодо жакындарыңыздын кийлигишүүсүнө жол койбоңуз, себеби, алардын сөзү эркиңизди мокотуп коюусу толук ыктымал. Жуманын экинчи жарымында атайын хирургиялык операция жасатуу жөнсүз. Андыктан бир ишти жасоодон мурун терең ойлонуп же жети өлчөп бир кесип, соңунда гана жүзөгө ашырганыңыз оң. Бул жумада өзүңүзгө ашыкча өлчөмдө чыгым жумшаганыңыз апта аягында акча суммасын тастыктоодо аныкталат.

Бөйөн (22.06-22.07)
Апрель айынын алгачкы күндөрүнөн тарта өзүңүздүн жеке чечимиңиз алдыңкы орунга чыгып, сизге жагымдуу маанай тартуулайт. Мүмкүн сизге бөтөн чөйрөдөгү элдердин жашоосу кызыктуу. Эгер сиз ушундай кадам менен баштасаңыз жыйынтыгын эң жигердүү ийгилик коштойт. Чөйрөңүздү курчап турган бөтөн адамдардын ар биринин табитин билүүнүн зарылдыгы жок, мунун артынан өзүңүзгө оңбогондой көйгөй жаратып алууңуз ыктымал. Ушул өзгөчөлүктөрдү эске алып жеке максатыңызды көздөгөн болсоңуз саякатыңыз жыргалчылыкты тартуулайт.

Арстан (23.07-23.08)
Бул жумада өзгөчө ден-соолугуңузга кам көрүңүз. Балким, жаздын башталуусу эски дартыңызды козгогон чыгаар. Мындайда бөтөн бирөөнүн кеңешине азгырылбай, ооруңуздун күчөп кетүүсүнүн алдын алып дарыгерге эртерээк кайрылсаңыз мөөрөй сиз тарапта болот. Апта ортосунда киреше кирүүсү күтүлүүдө. Мүмкүн, өткөн жолку келишимиңиздин ийгилиги ушул жолу колго алынып акчага маарыйсыз. Апта аягында кимдир бирөөлөр менен таанышуудан өз сөзүңүзгө сак болуңуз, ар кимге эле болгон сырыңыздын баарын айта берсеңиз соңунда бушайман чегесиз.

Бийкеч (24.08-22.09)
Жаздын күнү жаш баладай деген тыянак дал сиздин мүнөзүңүзгө төп келгендей. Өзгөрүлмө кыял жоругуңуз менен жакын адамыңызды таарынтып аласыз. Эгер өзүңүздүн жаңылыштыгыңызды сезсеңиз токтолбостон дароо эле ал адамдан кечирим сурасаңыз жашооңуз калыбына келет. Ал эми түгөйлүү бийкечтерди бул жумада күтүлбөгөндөй ынактык мамилеси курчап, бактылуулуктун толкундары күтүлүүдө.

Тараза (24.09.-23.10)
Апта башында жылдыздар бир туугандарыңыз менен болгон көйгөйлүү түйүндү башка убакытка жылдырууңузду сунуштайт. Бул күндөрү сүйүктүү адамыңызга кезигип ой бөлүшсөңүз, эң сонун мүмкүнчүлүктөрдүн учугун таба аласыз. Өсүү темпинде алга карай же артка карай гана жылуулар болот, ортодо туруп калуу деген эч кайда кезикпейт. Андыктан, чогуу иштеген кесиптештериңиз менен болгон талкууда чындыкты айтуудан тартынбаңыз. Чындык сөздүн жеңиши менен бирге алга карай сүрөйт эмеспи.

Чаян (24.10-22.11)
Аптанын башталышында ишиңиз илгерилеп итиңиз чөп жегендей сезилгени менен жумушуңуздун майнабы дүйшөмбү күндүн экинчи жарымында белгилүү болот. Шаршемби жана бейшемби күндөгү маанилүү жоолугушууларды кийинкиге жылдырганыңыз оң. Бул күндөрү майда бирок, мааниге ээ болбогон майда-барат иштерди колго алганыңыз жөндүү. Ишемби күнкү достор менен көңүл ачууда орунсуз сүйлөп алуудан абайлаңыз, жок жерден чырдын себепкери болуп калууңуз ыктымал.

Жаачы (24.11-22.12)
Жумушчу аптаңыздын алгачкы күнүндө сизди шаттыкка бөлөгөн чоң романтика болуусу күтүлүүдө. Бул убакыт аралыгында жаңы таанышуулар же сүйүү жаатындагы жолугушууларбы айтор, мында жылдызыңыз чечкиндүү болууңузга кеңеш берет. Жолугушуунун алгачкысын кымбат баалуу ресторан же кафелерге белгилөөңүз, материалдык жактан өксүтүп акырында өзүңүздү бушайманга салуусу ыктымал. Аптанын экинчи жарымында бир туугандарыңыз менен болгон карым-катнашыңызды теске салууга оңтойлуу.

Текечер (22.12-20.01)
Дүйшөмбүдө жакын адамыңыздан күтүлбөгөн кабар угасыз. Мүмкүн, үй бүлө маселесине байланышкан көйгөлүү суроо-талап, жакындарыңызга кеңеш берүүдө өзүмчүл болгонуңуз жөнсүз. Аптанын экинчи бөлүгүндө байланыш түйүндөрү аркылуу кимдир бирөө менен таанышып, мунун натыйжасы сизге чоң кубаныч алып келет. Дал ушундай алга карай жылуулар менен көптөн күткөн жакын адамыңызды же түбөлүк жарыңызга жолугушуңуз ыктымал. Бул жумада жакын адамыңыздын айткан комплименттери чындык экенине ишенип койсоңуз да болот. Мүмкүн, ал табиятынан өзгөчө жаралган романтик адам.

Көөкөр (21.01.-19.02)
Кызмат жаатында көөкөрлөрдүн ар бир баскан кадамы кооптуу. Сизди курчап турган тегеректеги адамдар менен иштешүүдө, сактык кылычтан да күчтүү курал экенин эсиңизгебек сактаганыңыз оң. Берилген ишти тескеп алыңыз, жалган маалыматтарга ишенип, бут тоскондордун кылтагына чалынып калууңуз мүмкүн. Бул жумада киреше табуунун жолун көздөсөңүз, кызматтан эмес, башка тармактардан издеп, олуттуу маселелерди пландаганыңыз жөндүү.

Балык (20.02-20.03)
Көздөгөн агымыңыз сиз ойлогондой ийгилик жарата албайт. Балким, көшөрө жасаган аракетиңиздин акыбети мурунку тапкан пайдаңыздан да куру жалак калтыруусу ыктымал. Мындай оор учурда кайгырып олтура бербестен жакын достордон же туугандарыңыздан кеңеш сурай билсеңиз. Алардын көмөгүнүн артында көйгөйлүү абалдан алда канча оңой чыга аласыз. Айдын он беши жарык болсо, он беши караңгы эмеспи. Күттүргөн ийгилик аптанын экинчи жарымында болуп, кирешеге маарыйсыз.

Даярдаган Чынара Абдраева










??.??