presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№09, 01.03.08-ж.
  Махабат дастаны

Автор жөнүндө:
Кыргыз Эл жазуучусу Асанбек Стамов Чүй облусунун Москва районундагы Мураке кыштагында туулган. Улуттук университетти бүтүргөндөн кийин бир катар кызматтарда: "Кыргызстан" басмасынын директору, Маданият министринин биринчи орун басары, Мамтелерадио комитетинин председатели, "Учкун" мамконцернинин төрагасы болуп иштеген. Жогорку Кеңешке депутаттыкка, СССР жазуучулар союзунун пленумунун мүчөлүгүнө шайланган. Алгачкы повести "Ата" студент кезинде жарык көргөн.

"Үч мээримдин" жазылышы
Аталган повесть мындан жыйырма жыл мурда жазылып, биринчи жолу "Ала-Тоо" журналына басылган. Анда "Ала -Тоонун" нускасы 75 миң даана эле. Повесть журналга чыгары менен "дуу" боло түштү. Андан соң повесть өзүнчө китеп болуп 30 миң нускада басылды. Андан кийин "Жортуул" деген повесттеримдин ичинде 50 миң нускада чыкты. Ошондон бери орусча которулуп, жалаң Москвада эле 200 миң нускада басылган. Буларды айтып жаткан себебим, повесттин темасы орус-кыргыз дебей калың журтка аябай жакты.
Эми повесттин темасы жөнүндө азыраак кабар бере кетейин. Негизинен, повесттин жазылышы - Түштүктүн Алай жана Алайкуу жагында өтөт. Сүйгөнүнө жетпей калган Бөрүбай кыздын атасы Жорулардын бийин өлтүрүп коюп, Суусамырдын Ой-Кайың деген жерине качып келип жылан кызга жолугат. Бул сюжетти мен өзүмдүн энемден көп уккам. Андан соң ушу сюжеттин терең вариантын досум, музыкавед Таштанкул Бөрүбаевден уктум. Ошондуктан, повесттин баш ченинде "Т.Бөрүбаевге арналат" деп жазылган. Таштанкул досум өтө сөзмөр, чечен адам эле. Кайран досум жаш эле кезинде каза болду. Өзү өзгөндүк боло турган. Ошондуктан, менин каарманым түштүктүк. Повесть кыргыз адабиятында мурда учурабаган жаңы формада, жаңы стилде жазылган. Мындайча айтканда, повестте реализм менен романтика жана шарттуулук, кереметтүүлүк (фантастика) өтө эле эптүүлүк менен айкалыштырган. Мага чейин бул формада кыргыз жазуучулары чыгарма жазыша элек болчу. Ал эми шарттуулукту, фантастиканы Ч.Айтматов өз чыгармаларына кийинчерээк киргизди. Деги бул форма адабиятта жаңылык эмес, анткени, романтика менен кереметтүүлүктү аз чыгармаларында Пушкин , Гоголь жана Достоевский көтөрүп чыгышып, алар бүтүндөй дүйнөгө таратышты.
Ал эми кыргыз оозеки адабиятында бул тема Манас эпосунан тартып, кыргыз элдик жомокторунун бардыгында бар. Анткени, кыргыздай фантазиясы бийик, романтикалуу эл жок деп ойлойм. Бир өкүнүчтүү нерсе - бул шарттуулук, кереметтүүлүк темасын менин досум академик, сынчы Т.Аскаровдон бөлөк бир дагы сынчы түшүнүп макала жаза элек. Макала жазмак тургай, теманы тереңирээк талдай да алышпады.
Кыргыз көркөм адабиятында башынан бери адабий сын өтө эле артта калган. Дагы бир "улуу" деген жазуучунун чыгармасы жарык көрө электен мурун эле шатырата курулай жерден мактай беришет. Чыгарма жөнүндө жеңил жазылган сын көпкө жашабайт. Чыныгы өзүн сыйлаган таланттуу жазуучу жеңил мактоого алданбаш керек. Менин пикиримде, жазуучунун бир ашынган душманы жана жанындай көргөн досу бар. Жазуучунун досу ким? Ал деген жазуучунун окурманы, эгерде жазуучунун чыгармалары колдон-колго өтүп окулуп турса, мындан өткөн бакыт жок. Ал эми душманы дегеним: ал дагы жазуучунун окурманы. Эгерде канчалык реклама кылып мактабагын журналисттик стилге салынып жеңил жазылган чыгарманы китеп күйөрманы окубай коёт. Ошондуктан, карапайым окурмандын купулуна толоорлук чыгарма жазыш деген азапка тете. Менин "Үч мээримден" бөлөк дагы шарттуулук менен кереметтүүлүк айкалыша жазылган он чакты повесттерим чыкты. Бирок, бири жөнүндө да талдап макала жазууга сынчылардын чама-чаркы жеткен жок.
Сөзүмдүн аягында айтаарым: окула турган эң сонун гезит чыгарып жаткан "Обон" гезитинин журналисттерине чын ниетимден алкыш айтам. Ушул тапта эң эле көп окула турган кооз, көркөм жана мазмуну терең гезит "Обон" болуп калды. Мындан ары да бул гезитке ийгилик каалап, алар менен кызматташууга даярмын.
26.03.2008.




Т.Бөрүбаевге арналат
Эгер андай экен угуп тургула, балдарым. Бул жомокту мен алгачкы ирет атамдан уккам. Атам аны бала чагымда өз атамдан уккам дечү. Ага да өз атасы айтып бериптир. Иши кылып бул жомок бабадан атага, атадан балага өтүп, биздин Качы тукумдарынын ичинде, оо, көптөн бери мурас катары ооздон түшпөй келаткан эзелки жомок. Мен дагы бул жомокту бала кезимден тартып далай ирет уккам жана канча жолу уксам да эч качан тажачу эмесмин. Адегенде эле силерди эскертип коёюн, жомокто жыландын кызы Арзыгүл сулуу жөнүндө сөз болот...
Эсентур эмнеге дымый түштүң? Энеңдин колтугуна башыңды катып, коркуп жатасыңбы? "Жомок айтып бер"-деп суранган да өзүң. Кечээ сен жетиге толдуң. Демек, эс кирип, ар нерсени түшүнүп калган кезиң. Ошондуктан, бул жомокту бүгүн баштап отурам. Коркпо, балам. Карачы, терезеден куюлган айдын нурун. Үйдүн ичи жаркырап күндүзгүдөй. Биз жашаган жерди Нооруздун салаасы дейт. Төмөнкү, жака жагыбыз - Жайылманын талаасы. Илгери-илгери бул жерден Чүй боору алаканга салгандай көрүнүп турчу экен. Азыр болсо туш тарабыбыз дүңгүрөгөн айыл. Ага бак-шактын карааны кошулуп, талааны бүтүндөй жаап жатпайбы. Андыктан, Нооруздун алкымын өрдөп, бөксө жонго чыкмайынча Жайылманын түзөңү анча көрүнбөйт. Деги бул жер Чүй боорундагы касиеттүү жерлердин бири. Жайлоо десең жайлоого окшоп абасы салкын. Чөл десең чөлгө окшош, бирок какшыган аптап жок. Колдон түшкөн дан эгерим өнбөй калбайт. Сепкениңдин баары бышат. Дыйкандын акыбетин жебейт бул жер. Жана эле күндүз өзүң көрдүң го: жазында Медет байкең экөөң тиккен коондун уругу чылбыр байлап, түйүлүп калыптыр. Демек, биз эр эмгегин беш эсе кайтарган касиеттүү Чүй өрөөнүнүн нак жүрөгү, кең Нооруздун салаасында жашайбыз. Баягүнү барбадыкпы өзүң менен кошо, биздин жердин тоолору токойсуз токол болгону менен, ошентип койнундагы тулаңы тушардан. Кокту-колоттон агып чыккан көк кашка тунук сууларычы. Атаганат, ууртасаң тишиң какшайт, жуткан сайын моокумуң канбайт, кирген кезде ат кече албайт. Мунун баарынын жомокко кандай тиешеси бар дейсиңби, Медет? Антип текебер сүйлөбө, уулум. Өзү туулуп-өсүп, киндик каны тамган жердин бир кичинекей касиетин билип коюу ар ким үчүн парз. Дегинкиси, адам баласы менен жан-жаныбар дебей: баарысы алгачкы сабакты ата-энесинен алат. Эмесе коркпой, уктабай олтуруп уккула жомокту.
… Анда биз Ой-Кайың деген өрөөндөгү кичинекей Жашыл-Көлдүн боюнда жашачубуз деп баштаар эле жомогун атам… Медет, сен эмне эле башыңды көтөрүп, терезе жакты улам карайсың. Ооба, аякта музыка, аякта клуб бар. Билем, жолдошторуң күтүүдө. Баары бир эшикке чыкпайсың. Сен жаңы эле онду бүтүп, жакында он жетиге толдуң. Жигит болдум, эр жеттим деп ойлойсуң го. Жок, али жашсың. Биз үчүн сен отузга чыкканча, жашың андан өйдөлөсө да мейли, баары бир бала бойдон кала бересиң. Кыз жандап, бийлей турган убагың али боло элек. Адегенде институтка өт, же болбосо колхоздо иштеп адам катарына кошул. Анүчүн жан кыйнап, эртели кеч иште, көп оку, даярдан. Деги эринип, эмгектенгенден качкан кишини ким эле жакшы көрсүн. Чыдамкайлык, көктүк жигитке таандык. Назиктик ийменчээктик кыз балага жарашат. Ошондуктан, эркек танаа дегендин чыдамкай болушу парз. Башың аман болсо кыз жандап, ойноп-күлгөнгө жетишесиң. Бул жомокту мурда көп жолу уккам дейсиңби? Ырас, жомокту мен мурда көп жолу айтып бергем сага. Бул жомок сен үчүн балким эскирген, эзелки жомоктур. Кандай ойлосоң мейлиң. Аны мен сенден талашпайм. Бирок, бул жомок биз үчүн, биздин бала-бакырабыз жана тукумдарыбыз үчүн эч качан эскирбейт. Болду анда, мындан ары улам суроо берип, алагды кылбагыла атаңарды. Айттым го, унчукпай, уктабай отуруп уккула.
Жашыл-Көл дегенибиз-тегерегинде кайың-тал, долоно, шилбиси менен аса-муса жана жашыл карагайына чейин жыш өскөн, түндүк-түштүк жагы көк аскалуу зоокалар, ал эми айланасындагы кызгылт-сары эңилчек баскан түркүн таштары бордолгон өгүзчө чөгүп жаткан өзүнчө бир ажайып кооз жер. Жашыл балырлуу жээгинде аңырлары балапан басса, көлдүн как ортосундагы кара моюн чүрөктөрү, калдайган каз-өрдөгү кумар жаза куушуп ойногон касиеттүү жай экен ал. Токоюнда булбулу тынбай таңшып, бадалдарында бабырганы бакырган, ээндей баскан элиги көл кылаасында жуушап, коёндору эч кимден коркуп койбой, не түркүн аңдары аралаша өскөн жер соорусу экен го чиркин ал.
Жашыл-Көлдүн күн батышындагы этеги чытырман чер токой боло турган дечү атам. Ал токойго эгерим күндүн нуру тийбегендиктен, Күнтийбес аталыптыр. Күнтийбестин түндүк жагындагы тоолор өтө бийик, тоонун кыл чокусуна жакын көгүш кумайды ээн-эркин мекендеген көптөгөн жапайы эчки текелер эртели-кеч жайылганда, куушуп, сүзүшүп ойногондо тоскок ылдый таш кулап, Күнтийбести кыйгап аккан Туура-Суунун ичи дүңгүрөп, жан-жаныбар үркүп-коркуп төш таяна качыша айлалары кетчү экен. Жашыл-Көлдүн түштүк жагындагы токойлуу секичесинин аты - Кара-Булак. Биздин ата-бабаларыбыз кышкысын ошол Кара-Булакта кыштап, жаз чыгары менен Куу-Куурай деген түзөңгө аштык айдашып, көк жетилгенде Чүмкөк деген жайлоону көздөй көчүп чыгышып, бейкут жашашкан тура. Мына ошол картошка, жүгөрү жана буудайга чейин өскөн бышыкчылыктуу, жайы-кышы мал-жандыкка жайлуу кооз өрөөн азыр деле Ой-Кайың деп аталат. Ой-Кайыңды тегерете алкак тоолор курчап турат. Аякка машиненин жолу салына элек. Илгери кандай болсо, азыр да ошондой дешет. Ушу кезде да капчыгайдагы жалгыз аяк жол менен Ой-Кайыңга жандарын ооздоруна тиштеп, аттарын жетелеп адамдар араң өтүшөт экен. Ашуунун татаалдыгынан ал жерди бирин-серин малчылар гана жайлашпаса, эч ким мекендебей ээн жатканына күйөсүң…
Эстеген сайын жүрөк болк этет. Укса кулактын кычуусу канбайт. Ошентип:
Кундузу сууда ойногон,
Төрүндө суусар жойлогон.
Улары тоодо сайраган,
Маралы койдой жайнаган…
Касиеттүү кайран жерде ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат. Биздин тукумдардын ичинен ата-бабанын бейит башына ушу кезге чейин эч ким чыгынып бара элек. Жапайы айбанаттардан башка эч адам буту баспай, ыйык бейиттер жер менен жер болуп, изи суугандыр… Ой-Кайыңды кезинде Жолуке, Койке деген эки бир тууган эл мекендешчү экен. Алардын ичинен бир ууч Койке деген журтчулук ар кайсы жакка тарап отуруп, тарап отуруп ушу кезде тууганчылыгын, бир кандан тараган түбү менен эч кимисинин иши жок караманча эле ада болуп баратат. Дегинкиси, эл оошуп, элдин аралашканы жаман эмес. А бирок жаш муундар өз тегин билбей калса, анын эмнеси жакшы…
Айланасы алкак тоо
Коргон жасап койгондой
Касиеттүү Ой-Кайың,
Сени кантип жүрөм ойлонбой?-
Деп атам кезегинде ырдап калчу. Ой-Кайың кайда дейсиңби, Эсентур! Балам ай ал жерди мен өзүм да көрө элекмин. Мына бул Нооруздун ары жагында жадыраган жашыл өрөөн бар. Аны көргөнсүңөр. Ошондон ары Ысык-Атаны өрдөп жүрүп отурса ашуунун ары жагы Суусамыр, Суусамырдын Кызыл- Оюна жетпей Уруңкай деген кууш капчыгай аркылуу Ой-Кайыңга өтүшчү экен. Ой-Кайыңга Жумгал же Кочкор тарабынан да каттаса болот имиш. Баса, ошол Ой-Кайыңдагы биздин кыштоо - Кара-Булактын секисинде. Чоң атабыз Качынын жыгачтан салынган тамы ушул кезде да бузулбаптыр. "Качынын ысык үйү" -деп коюшат экен ал жерди кыштаган малчылар. Жакында ошол жакты билген бир Токтосун деген жээнге жолуктум. Чоң атабыздын тамынын босогосунун алдында бир түп жапайы карагат жана анын желкесинде кош арча өсүп турат дейт. Мөмөсү бышкан кезде эки-үч чанач карагат терип аларын айтып мени кызыктырат. Сыягы, барса, көрсө деп ойлойт го. Негизгиси, ал үйдү мазар катары тутушуп, өздөрү да тийбей, тегерегине мал-сал жолотушпайт экен. Ошондой адамдарга арбак ыраазы болсун. Жомогуңду тезирээк башта дейсиңби? Түн бакырдыкы, шашпагын, Медет. Чыдамың аз, шашмасың. Деги кандай адам болоор экенсиң…
Ошентип бир кезде, балким мындан эки жүз жыл же көп жыл мурдадыр, айтор, ошол Ой-Кайыңда жалгыз атчан, жалгыз тончон, тууган-уругу да жок эр көкүрөк, оокатка эпчил Бөрүбай деген жигит жашаптыр. Бөрүбайдын жашы ошондо отуздарда, күчкө толуп турган кези го. Анын той-тамашада сөөлөткө минчү күлүк аты жана үй-тиричилик менен чарбага пайдаланчу дагы бир бээсинен ашкан байлыгы болбоптур. Бөрүбайдын туткан кесиби - боз үйдүн сөөгүн жасоо экен. Боз үйдүн сөөгү деген эмне? Олда, балдарым ай, сурай бересиңер, сурай бересиңер… Унчукпай угуп турсаңар өзүм деле түшүндүрөт элем го.
Кийиз жабуу жасалгасынан башка: кереге-уук, түндүк жана босого-аяк сыяктуу жыгач жарактарын илгеркилер боз үйдүн сөөгү деп коюшчу. Айтмакчы, Бөрүбай баатырдын кесиби жөнүндө баяндоодон мурда, алды менен анын Ой-Кайыңга кайдан жана кандайча келип калганы жөнүндө азыраак сөз баштап берейин. Бөрүбай деле өз учурунда ата-энелүү, тууган-уругу бар бир чакан элдин эр көкүрөк жигити экен. Эр сайышка түшсө мындан алдырбаган, эңишке, күрөшкө түшсө мындан алдырбаган эрдин бири го сыягы. Анын киндик каны тамган коломтосу, жайлаган жайлоосунан баштап, ичкен суусу жана илгери үмүтүнө чейин ак калпак кыргыздын атам замандан берки ыйык мекенинин бир чеги, айтылуу Анжиян. Мисалы, Анжиян кыргызы, кыпчак кыргызы делип түштүк тараптагылары аталса, аркалык кыргыз жана алтайлык кыргыз делип быяктагы түндүк тарабындагылар өзүнчө бөлүнгөн. Бытыраган кайран эл анда деле өз элдүүлүгүн жоготпой, кыргыз аталышса да, Жунгар баскынчыларына көз каранды бойдон калган. Кыргызды тукум курут кылгысы келишкен Алтын Хандын канкорлору элдин атын өчүрмөкчү болуп, "Бурут" деп ат коюшкан бизге. Андан мурдараак Султан Бабурдун карамагында турганда баарыбызды тоолуктар же сактар деп тергешкен. Айтор, кыргыз көрбөгөн азап жок, балдарым. Менин жомогум ал жөнүндө эмес, анжияндык Бөрүбайдын башынан кечирген кордугу жана махабаты жөнүндө.
Айта келсек, антип жаз чыгары менен жер чийип, аштык айдап, терим бүткөндө боз үйдүн сөөгүн жасап, ата кесибин уланткан Бөрүбай жыйырма төрт жашка толгончо бейкут турмуш сүрөт. Ал аңгыча ата-энесинен ажырайт да, жанына күйөр бир туугандары жок, коколой башына өзү ээ болуп, жалгыз бой калат. Колунда мыдыр малы жок, үйүнө ак жоолук киргизе элек кези экен бечаранын. Ал кезде шарт ошондой. Калың төлөй албаса жигитке аял тийбейт. Аялсыз эркектин көргөн күнүн теңирим эч жанга бербесин. Аны азыр түшүнө элексиңер. Ошентип, бир жолу жайдын капортосу ченде Бөрүбай жараган жалгыз атын минип, тоо тарапты көздөй аттаныптыр. Кыясы, Анжияндын мээ кайнаткан ысыгынан качтыбы же көңүл жубаткысы келдиби, же тагдыр азгырдыбы, же оңуту келсе атып алармын дедиби, айтор, саадагы менен кара мылтыгын асынып жер болжобой кете берет. Ал кезде Анжиян менен Оштун тегерегиндеги тоолордун койнунда ак кийиктер менен маралдар толтура болчу экен. Азыр барбы дейсиңби, Эсентур? Кайдан… азыр андагынын бири жок. Элдин тукуму өстү. Техника дегенибиз быкпырдай кайнайт. Ал эми касиеттүү жер эне өспөйт экен да… Ошту жарып аккан азыркы Ак-Буура дайрасын анда эл Куба суусу деп аташчу экен. Ошол Кубаны бойлой бастырып, тоо тарапты көздөй кете берген го сыягы. Түш оой тоо өндүрүн өрдөп калган кезде Бөрүбай жалгыз тигилген ак боз үйгө туш келет. Жакындап бастырып келсе, калган боз үйлөр андан окчунураак, ойдуңда, жапсарда экен дейт. Ат добушун укса да үйдөн эч ким чыкпаптыр. Жигит атын мамыга өзү байлап, боз үйдүн эшигине жете бербей тык токтойт. Себеби, эшиктин босогосунда кара туу илинип турганын байкайт да: "Аза күткөн үй тура" деп ыргылжың боло түшкөндө ичкериден кошок кошкон үн чыгат. Бөрүбай баш тарта албай калат. Мындайда чоочун экенине карабай салт боюнча үй ээсине көз көрсөтпөсө өөн иш кылмак. Жолоочу жигит үйгө кирип кошок басылганча камчысын бөйрөгүнө таянган бойдон жер тиктеп чөгөлөй отурат. Керегени карап кошок кошкон аялдар басылганда гана Бөрүбай капшыттагы күмүш ээрди чыканактаган карыяга салам бериптир.
- Арбаңыз, ата!
- Бар бол, уулу.
Үй ичине алдыртан көз салган Бөрүбай кошок кошкондордун бири он алтылардагы кыз бала экенин баамдайт. Төбөсүндөгү аземдей үкү сайылган кундуз тебетейдин алдына чекесин жаба кара жоолук буунган жүзүн чоочун жигитке көрсөтпөөнүн айласын кылып, ого бетер үлбүрөй тамак камын көрө баштайт. Бөрүбай кызды ууурдана кароо менен алек болуп жатканда, карыя андан жай суроого өтөт:
- Кайсы элдин кулунсуң? Кайсы жердин кыргызысың, уулум?
- Савайдан болом, ата, -деп Бөрүбай дароо жооп берет.
- Анда өз боор экенсиң. Кечээки казатта силер тараптан жардам келбей биз көп өксүдүк. Дагы да болсо кыпчак боордошубуз ишке жарады. Туу жыгыларда ошолор жетип келип, абийирибиз жабылды. Калмактарды кууп чыктык куттуу конуштан. Жеңиш, мөөрөй оңойго турган жок, уулум. Канча бир нур жигиттерибиз шейит болду. Мен өзүм эки көк жалымдан ажырадым.
Карыя тунжурай түшөт.
Катары менен эки уулунан ажыраса да, кайратынан жанбай, мөгдүрөбөй, аңгеме салып отурган карыяга Бөрүбай кайрат айткан болуп, алдына келген кымыздан кылдат жутуп, курут кошулган жууган майдан кичине ооз тиет да, өзүнө сый көрсөтүп жаткан кызга алдыртан көз кырын салат. Жүзүнөн нуру төгүлө, олоң чачы жер чийген кыздын бойго жетип турган чагы экен. Ошо кезде карыя буйрук бере сүйлөйт.
- Арзыгүл балам, тышта ким бар экен? Айт, мейманга казан ассын.
Үлбүрөгөн сулуу кыз эшикке чыгат. Мейманга казан ас деген сөздү карыя сыпайкерчилик үчүн айтпаганын Бөрүбай түшүнөт да, каршылык кылбай дымый түшөт. Улуу киши айтып жатканда сөз талашпай унчукпай угуп олтуруу ал кезде салт болгон. Аксакалдын сүйлөгөнүн эч ким эки кылган эмес анда. Илгертеден элибиз сөзгө маани берип, сөздүн кунун баалай билишкендиги менен айырмаланган, балдарым. Сөзгө жыгылбаган, сөз жебеген адамды эл сыйлаптырбы… Ажо атанын сөзүнө карк болгон Бөрүбай эшикке чыкса, күн кечтеп калган экен дейт. Ал ошол өзү кирген чоң ак боз үйдүн туура жагындагы жапсардагы чоң айылга көз чаптырат да, айылдан кеткиси келбей бир аз туруп кайра кирет. Тамак желип бүткөнчө күн кечтеп, кечинде кайрадан кой союлат. Ошентип, ал түнү бул меймандос айылда конуп калат Бөрүбай. Айыл карыяга таандык, карыянын аты Самат ажо экен. Журт ээси аксакалды ал кезде Ажо дешкен.
"Ай дээр Ажосу жок, кой дээр Кожосу жок" деген макал да ошондон калган го. Айтымына караганда, ошо жолку майданда карыя өзү туу башында туруптур. Майдан кызуу жүрүп жаткан жерден чабарман келип, уулуң Аккочкор баштаган кол жыгылды. Аккочкор өлдү деп кабар бергенде карыя: "Аккочкор өлсө Каңкым бар, ааламга жетер баркым бар!"-деп кичүү уулу Каңкыны баш кылып жоого каршы айдаган дейт. Акыры Каңкы дагы найза жеп, кол башчысы жок эл селт эте түшкөндө, Самат карыя өзү туу баштай калмактарга каршы туруп, аларды касиеттүү ата конуштун чегинен ары өткөзө кууп таштаптыр.
… Уйкуңар келген жокпу, балдарым? Мейли, уйкуңар келбесе, мен жомогумду уланта берем. Түн бакырдыкы. Эмки сөз Бөрүбай эрдин кантип Арзыгүл сулууга ашык болгону жөнүндө…
Айтса балдарым: өлүм менен өмүр, күлкү менен кайгы ар качан бири-бирине тең орток. Акырындай ошол аза күткөн айылга үйүр алып, баягы бир көргөн перизат Арзыгүлдү сүйүп калат Бөрүбай. Мен силерге сүйүү-ашыктык деген сыйкырдуу дарттын табиятын чечмелегим келбейт. Аны өз башыңардан кечиргенде түшүнөсүңөр. Негизгиси, ашыктык жөнүндө ушу кезге чейин эч ким жеткилең жооп бере электир. Анын табиятындай татаал не бар дейсиң. Болбосо, Самат ажонун кенже кызы Арзыгүл жалаң атчан, жалаң тончон Бөрүбайды жактырып калат беле. Кызга жан оту менен ашык болгон Бөрүбай, Самат карыянын айлына биротоло байланган го… Адегенде муну эч ким элес албайт. Бир бечара жигит жүрөт да айылда деп тим коюшкан окшойт. Кийинчерээк, бир жылдан кийин Самат эки уулунун ашын берип, кыз-кыркыны менен жесирлердин башындагы карасы алынат. Мына ошонддо Бөрүбай менен Арзыгүл ачыкка чыгышса керек. Сөз Саматтан мурда, анын тун уулу Ибрагим бекке жетте. Селсаяк жигиттин дымагына Ибрагим таңгалат. Баш чайкайт.

(Уландысы бар)









??.??





??.??