presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№09, 01.03.08-ж.
  Күүгүмдөгү сырдашуу

Махабат Назаралиева:
"Аскат мага сөз айтса ойлонуп көрөт элем…"
Акыркы кездерде жаштар үчүн ар түрдүү багыттагы кинотасмалар тартылып жатканына күбөбүз.
Алардын сапаты тууралуу башка учурда сөз кылалы. А бүгүнкү маекке тарта турган мейманыбыз "Министрдин кызынын махабаты" кинотасмасында айылдык ыймандуу кыз Канымдын образын ийине жеткире аткарган Махабат Назаралиева болмокчу.


- Киного тартылган соң "Каным" деген ат менен жарк эте түштүңүз. Анда сиз эң жөнөкөй, айылдык кыздын образын ачып берген элеңиз. А чыныгы турмуштагы Каным кандай болду экен?
- Жашоодогу мүнөзүм менен Канымдын образы дал келет десем жаңылышпайм. Анткени, менин табиятым өтө жөнөкөй. Каным сыяктуу эле менде да тартынчаак, уялчаак мүнөздөр бар. Ал эми эң эле жаман көргөнүм- бул бой көтөргөндүк. Адам кандай болсо дал ошондой бир калыпта жүрсө дей берем. Кандай болбосун өткөнкүбүздү унутпай, ага саресеп сала жүргөнүбүз оң болоор.
Кыскасы, менин образымды туура тандашкан. Аткарган ролум өзүмө жагат, эмнегедир көңүлүмө жакын туюлат. Себеби, мен да Каным сыяктуу эле айылда өсүп-чоңойгом. Тоолук кыргыздардын пейили кең, көңүлү таза келет эмеспи. Мен да атыр жыттуу, абасы таза айылдын, тоонун кызы экениме кубанам.
- Дегеле, кинонун идеясы сизге жакты беле? Айрыкча тасманын 3- бөлүгүндөгү сценарийи көңүлүңүзгө толдубу? Дегеним, айрымдар "Каным менен Жоробекти бир кылса болмок" дешет?..
- Кинонун идеясы, албетте, жаккан. А 3-бөлүгү боюнча айтсам, "Жоробек акырында ким менен калат?" деген суроо баарыбызды кызыктырчу. Тасманын 2-бөлүгү тартылып бүткөн соң, биз режиссёр Р. Аташовго дал ошол суроону бергенибизде ал тамашалап: " Кимиңер жакшылап сүйлөшсөңөр, ошонуңар менен Жоробекти калтырам" деп жашырып, ачыгын айткан эмес. Көрсө, режиссёрдун ою боюнча Жоробек Мадина менен калып, кинонун темасына жооп бергидей аяктап олтурат.
Бирок, менин көз карашымда Жоробекти Каным менен деле калтырса болот эле. Анткени, жеке жашооңдо жеңишке жетишкен сыяктуу эле кинодо да өз сүйгөнүң менен калсаң кандай жакшы…
(Тамашалап…) Ошентип, Жоробекти мени менен калтырбай коюшту.
- Чыныгы турмушуңузда дагы сизди Каным сыяктуу ыйлатып, чыркыратып, ала качып кетишсе кантет элеңиз?
- Жашоодо бардык нерсе өзүңдүн каалаганыңдай боло бербейт экен. Эгер Кудайдын буйругу ошондой болуп, мени ала качып кетише турган болсо, балким, чын эле олтуруп калаттырмын.
Билесизби, тасмага тартылып жатканда ала качуу эпизодунда мени чын эле ала качып кетишкендей сезимде болдум. Ыйлай турган жеринде эч кандай жасалма нерсе болгон жок. Мен ошондо чындап эле ыйлагам.
- Кино тасмада башкы ролдо үч кыз ойнодуңар. Эки кыздын- Мадина менен Зинанын Жоробекке сезими жок экен. Ачыгын айтыңызчы, Аскатка карата (Жоробек) сиздин сезимиңиз болсо керек?
- (Күлүп…) Болсо болгондур. Эми киного тартылып жатканда кандайдыр бир жакын мамиле болот.
Аскат жашоодо токтоо, бир мүнөз жигиттерден. Ал ичиндеги сезимин да сыртка чыгарбай, жашыра билет. Балким, ачык-айрым болгонунда үч кыздын бирөөсү менен сүйлөшүп кетет беле, ким билет? "Темирди кызуу кезинде чап" дейт го. Учурунда Аскат мага сөз айтса, балким, ойлонуп көрөт элем. Балким, анын деле мага карата сезими болгондур. Аны айта албаган чыгаар…
- Махабат, айтсаңыз, жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Мен эрте жетилдим. Сүйүү да мага эрте келди окшойт. 7-классымда бир жигитти катуу сүйгөм. Ал үчүн канча жаш төктүм, кыйналдым. Таңданам… Менин махабатым башкалардыкындай эмес. Мен сүйсөм жалындап, жалбырттап катуу сүйөм. Ошондуктан, сүйүүдөн да корком.
Махабатсыз жашоо кызыксыз боло берет эмеспи. Эми жакындан бери бир адамды жолуктурдум. Мамилебиз жакшы. "Күзүндө үйлөнөлү" деген сунушун айткан. Аны шашпай ойлонуп көрүүм керек.
- Жигитиңизди тез-тез сагынасызбы? Көңүлүңүз дегдеп, көрсөм деп ашыгасызбы?
- Эх, сагынган адамыңдын бар экенинин өзү эле кандай жакшы. Сагынам, күтөм, мен бир гана аны, ардагымды сүйөм.
- Ардагыңызды кызганасызбы?
- Албетте. Чыныгы жакшы көрүүдө сөзсүз кызгануу болот деп ойлойм. Бирок, кызганыч чектен ашып кетпегендей болуш керек. Маселен, жигитим экөөбүз олтурганда анын уюлдук телефонуна кыздар чалып калса же телефонунда кыздардын аттары жазылып жүрсө кызганып кетем.
- Чарчаганыңызда кантип эс аласыз?
- Чынын айтсам, жыргап бир эс алгым келип жүрөт.
Чарчап, турмуштун түмөн-түйшүктүү учурларын аз да болсо унуткаргым келгенде кыздар болуп паркка барып, айланадагы кооздукка суктанып, аны-мунудан кеп салып олтурмай адатыбыз бар. Андан тышкары майрамдарда кафеге барабыз. Анан албетте, жакын адамым менен болгон жолугушуулар да мени эс алдырып, көңүлүмө кубаныч тартуулап турат.
- Башкы кыялыңыз эмне?
- Негизи чыгармачылыкка аралашсаң андан оңой эле суурулуп, чыгып кетиш кыйын экен. Бирок, мен келечекте дагы кинолорго тартылгым келгени менен андан ары түбөлүктүү актриса болуп кетүүнү каалабайм. Анткени, аялзатынын биринчи бактысы үйбүлө күтүп, эне болууда эмеспи. Ошондуктан, менин эң биринчи кыялым- өзүм каалаган адамга сүйүктүү жар болуп, татынакай балдардын мээримдүү энеси болуу. Мага мындан ашкан бакыттын кереги жок.
- "Жакшы көргөн кызыңды шаар көрсөтпө" дешет. Өзгөрүлдүңүзбү?
- Жок. Дале ошол бала кезимдегидей уяң, ыймандуу мүнөздө калдым окшойт.

Баарлашкан НУР- КЫЯЛ




"100 килограммдан ашык салмактагы кыз издейм"
Азыркы убакта шоу-бизнесте күн сайын жаңы ысымды угуп жатабыз. Кээ бирөөлөрү жөн эле ырдап жатса, арасынан чыныгы таланттууларды да учуратсак болот. Ошолордун бири Гүлжигит Сатыбеков 1980-жылы 9-январда Жалалабат облусуна караштуу Аксы районунда төрөлүп өскөн.
Радиолордон "Ай бийке", "Досторго" деген ырлары берилип жатат.

- Канча жаштан бери ырдайсыз?
- Мектепте окуп жүргөндө эле өздүк көркөм чыгармачылыкка көп катышчумун. Ошто жогорку окуу жайда окуп жүрүп обон жаза баштадым. 1998-жылы музыкалык мейманкана деген жолугушуу болуп калды, анда белгилүү обончулар менен кездешип калдык. Аларга ырдап берсем ырдасаң болот экен, ырдап көрбөйсүңбү дешкенинен, ошондон бери ырдап келем.
- Чоң сахнага качан чыккансыз?
- 2000-жылы белгилүү куудул Дөөлөт Мадымаевдин иниси С.Мадымаевдин тобу менен Ош жергесинде гастролго барып, түштүк жергесинде тушоом кесилген. Бишкекте Жаныбек Аттокуровдун "Бажалар" аттуу концертинде өзүмдүн автордук ырларым менен чоң сахнага чыккам.
- Биринчи жолу сахнага чыкканыңызда сүрдөө болду беле?
- Ошто концерт коюп жүргөнүбүздө артисттер ичип алып сахнага чыгат экен дегенинен биз да бир досубузду виного жибергенбиз. Аңгыча концерт да башталып калды. Ошентип, ичимдик ичпей чыкканбыз, бирок сүрдөө деле болгон жок.
- Сиз үчүн ырчылык кесиппи же хоббиби?
- Мен үчүн ырчылык жөн гана хобби десем болот. Менин кесибим мугалим. Бул кесип менен бир жыл иштегем. Азыр өзүңүздөргө белгилүү , айлык аз, ошол себептен айлык менен тирилик кылуу кыйын. Учурда "Дордой" базары жактагы "Абшыр-Ата" деген кафеде музыкант болуп иштейм.
- Продюсериңиз барбы?
- Негизи продюсер менен иштешем деген оюм жок болчу. Бирок продюсер болбосо ырларыңдын элге жетиши кыйынчылыкка турат экен. Ошондуктан, жакын арада ойлонуп бир жакшы продюсер таап иштешсем деген тилегим бар.
- Азыркы жаш ырчыларга эмне жетишпейт деп ойлойсуз?
- Азыр жаш ырчыларга оңой болуп калбадыбы, казак, өзбек, орустардын ырларын которуп ырдап чыгып эле, жылдыз болуп жаткандары да аз эмес. Ошолор обондорду жаратып ырдап чыкса сонун болот эле. Которуп ырдагандарга таптакыр каршымын.
- Ырчылардан кимди баалайсыз?
- Бардык ырчылардын таланттарын сыйлайм, баалайм. Кичинекейимден Б.Борбиевдин ырларын ырдап чоңойгом. Ал ырчыны аябай баалайм. Көпчүлүгү менин үнүмдү Бек байкенин үнүнө окшоштурушат экен. Менин ырларымды Бек Борбиевдин ыры деп да угушат экен. Бек байке менен жолугуп, ыраазычылык билдиргим келет. Ушул байкенин артынан радиолордон ырларым кетип жатат десем жаңылышпайм.
- Клиптериңизге качан күбө боло алабыз?
- Кудай буйруса жер көгөрүп калганда, май айында "Досторго" деген ырыма клип тарттырсамбы деп турам. Ошого 100 кг дан ашык салмактагы кыз издеп жүрөбүз. Ушул салмактагы кыздар болсо сиздердин гезитиңиздерге кайрылса деген ой бар. Насип кылса жакын арада көрө аласыздар.
Маектешкен
Нурзат Жусупова










??.??