№09, 01.03.08-ж.
  Айлангөчөк

Элибизге
"Тумар" деген ат менен биринчи чыгыш радиосу обого чыга баштаганына үч айдын жүзү болуп калды. Бул радио тууралуу окурмандарыбызды кененирээк тааныштыруу максатында биз ушул радионун программалык редактору Алексей Сидоровго кайрылган элек. Анда эмесе ошол маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Жыйырма миң сомду ким утуп алат?
- Радио качан пайда болгон жана кимдин идеясы?
- Негизинен бул радиону ачуу идеясы былтыр эле пайда болгон, мен бул идеяны өзүм иштеген Пирамида телерадиокомпаниянын жетекчилерине сунуш кылгам, алар менин оюмду туура көрүшүп, макулдуктарын беришкен эле. Мына ошол идея жылдын башында бышып жетилип быйыл 11-январда алгачкы жолу эфирге чыктык. Мурда 24 саат бою жалаң гана ырларды кетирип жүргөн болсок 21-март Нооруз майрамынан баштап алгачкы жолу ди-джейлерибиз эфирге чыгып кыргыз элин улуу майрамы менен куттукташты.
- Эмне үчүн биринчи чыгыш радиосу?
- Биринчи чыгыш радиосу дегенибиздин себеби, бизде жалаң чыгыш стилиндеги ырлар кетет. Мейли алар өзбек,казак,орус жана түрк тилинде болбосун чыгыш стилинде болсо биздин радиодон ар дайым жаңырып турат деп айтсам жаңылышпайм.
- Радиону канча аймактын жана кайсы областардын жашоочулары угат?
- Биздин толкунду борборубуз Бишкектен баштап Кыргызстандын Талас, Ош, Жалалабат жана Баткен областарына чейин угушса, ал эми кошуна мамлекеттерибиздин чек арага жакын жайгашкан аймактарынын жашоочулары да угушат.
- Учурда канча ди-джей эмгектенүүдө?
- Мен башында айтып кеткендей ди-джейлер менен иштешкенибизге аз гана убакыт болду.Азыр биздин радиодо бардыгы болуп беш ди-джей иштейт. Бирөөсү белгилүү ди-джей кыз Жанара Атабекова, ал эми экинчиси Ош шаарынан келген Улан Жолчиев деген жигит. Биз бул тажрыйбалуу эки алып баруучуну атайын чакыртып алдык, ал эми калган жаш ди-джейлерди ушул убакытка чейин өзүбүз окутуп,атайын даярдаган элек.
- Сиздерде атайын куттуктоо программасы барбы?
- Албетте бар, бирок атайын бир убакыт чектелген эмес , бизде түз эфир аркылуу телефон менен куттуктоо программалары жок, жөн гана өзүңүздөр каалаган убактыңарда 24 саат бою смс жазып бири-бириңиздерди куттуктасаңыздар болот.
- Үналгыңыздардан ырлары жаңырып жаткан башка мамлекеттин ырчылары менен кандайча иш алып барасыздар?
- Биз көбүнчө белгилүү студиялар менен иштешебиз. Башынан эле казак туугандарыбыздын "Райым рекордс" жана өзбектердин "Тарона рекордс" студиялары менен келишим түзүп алганбыз, азырынча ушул студиялар менен иш алып баруудабыз. Кийин өзүбүздүн угармандарыбызды көбөйтүп, элге кеңири таанылып алган соң , анан коңшу элдерибиздин эстрада ырчылары менен жакындан иштешсек деген максаттарыбыз да жок эмес.
- Алдыдагы жаңылыктар жөнүндө да айта кетсеңиз?
- Жакында 11-апрелде өтө турган радионун ачылыш аземине арналган концертке катуу даярданып жаткан учурубуз. Бул концертке башка мамлекеттерден эстрада ырчылары жана өзүбүздүн жылдыздар катышмакчы.Андан тышкары оюндар ойнотулуп катышуучуларды ар кандай белектер күтөт. Эң негизги айта кете турган дагы бир нерсе ушул күнү, биз уюштурган "биринчи бол" акциясынын жыйынтыгын чыгарып, 20000 сомдун ээсин аныктайбыз.
- Бул оюнга кантип катышса болот?
- Ал үчүн биздин радиону ар дайым кунт коюп угуп маалымат алып турушуңуз абзел,качан гана радио тараптан белги берилгенде тез аранын ичинде бизге "мен жана тумар" деген сөздөн турган смс жөнөтүүңүз керек. Эгер биринчилерден болуп смс жөнөткөн болсоңуз анда сиз жеңүүчү аталып 20000 сомдун ээси болуп калышыңыз толук мүмкүн. Биз ушуну менен эле чектелип калбастан ар жума сайын оюн зоок уюштуруп, угармандарыбызга ар убак көңүлдүү маанай тартуулап өзүбүздүн чакан белектерибизди берип турабыз. Кудай буюрса жайдын келиши менен Ысыкөл тарапка да чоң акция уюштурсакпы деген оюм бар. Эгерде кимде ким биздин белектерге ээ болгусу келсе анда "Тумар" радиосун үзбөй угуңуздар.
Маектешкен
Назгүл Кенжекараева




Пайдалуу кеңештер
Бадыраң
Адамдын күзгүдөй тунук, таза жүзү бет эмеспи. Эч кынтыксыз таза бет - бул өтө аз кезигүүчү касиет жана ал жаш кезде, болгондо да бетке жакшы кам көргөн же жүзүн ар кандай кырдаалдан туура сактап калган учурда гана. Маселен, эң жөнөкөй өсүмдүктөрдүн бири бадыраң. Бул жашылчаны кээ бирөө анча деле пайдасы жок деп эсептешет. Чындыгында бул өсүмдүк, теридеги дем алууну (зат алмашууну) жакшыртуу боюнча бадыраңга башка өсүмдүктүн бирөө да тең келе албайт. Ал бетти жылмакайлантуу менен бирге, аны агартуучу касиетке ээ. Муну колдон келишинче кабыгы менен жеген жакшы. Ал эми жүзүңүзгө болсо, бир бадыраңды толугу менен жука кесип даярдаган соң, бул бетке тегиз жаап чыгасыз. Белгилей кетчү жагдай көздүн тегеректерине да жаап койсоңуз болот. Бадыраңдын составынын көпчүлүк бөлүгүн суу камтыгандыктан, көздүн тегерегине коюлуучу өзгөчө маскалардын бири боло алат.

Аш чөптөрү
Бул көк аш чөптөрүн көбүнчө бышырбай майда кесилген учурунда, тамакка кошуп жеген өтө пайдалуу. Тамактын биринчисинде дайыма көк аш чөптөрдүн түрүнөн чийки кошуп, экинчисинин составын жашылчалардан даярдоого аракет жасоо керек. Натыйжасы тамак бат сиңип, соңунда аш кылуучу ички организмдер калыбынан ашыкча чоюлбоосунун алдын алат. Мындан сырткары аш чөптөрү, агартуучулук касиетке да эгедер. Бир нече аш чөптөрүнүн ичинен петрушканы тандап алып: аталган өсүмдүктү таза сууга кайнатуу керек , андан соң күндөн жаңы пайда болон тагыңыздан арылуу үчүн кайнатылган суунун буусуна жүзүңүздү жакындатып, башыңызды жука сүлгү менен жаап 5-8 мүнөт буулоо кажет. Мындай ыкманы жумасына үч же төрт жолу кайталагандан кийин жүзүңүз жылмакай тартып калыбына келе түшкөнүн байкайсыз.

Буттун тырмагын күтүү (педикюр)
Бутка такай кам көрүп, жакшы кармаса, адам өзүн сергек сезип ар качан жеңил жүрөт. Бул үчүн ромашка, жалбыз, эрмен шыбагынынын кайнатмасына суу куюп, бутту буулайт. Эт жумшаргандан кийин согончок менен тамандагы чорлорду жана каткан эттерди, атайын буттун таманын кырган шайманды колдонуу менен кырып таштайт. Андан кийин тырмакты алып, анын тегерегиндеги ашыкча өсүп кеткен эттерди кеспей турган аспаптын жардамынын негизинде четке түртүп туруп кырып таштаңыз. Мунун соңунда тазаланган буту кургатып, каалагандар тырмагын лак менен боет. Лак кургагандан кийин бутка сүйкөлүүчү май сүртүп жеңил массаждоого болот.

Экинчи ээк үчүн көнүгүүлөр
Ар бирибиз байкагандай иш учурунда болобу же китеп окуп, жазып олтурган кездеби, башты ар дайым эңкейтип кармоого туура келет, ошондон улам бара-бара моюндун эти бошоңдой баштайт. Ал эми адам семире баштаса, ошол бошоңдогон бөлүк кийин эттенип олтуруп, "экинчи ээк" пайда болот. Аны жоготуш үчүн же жок эле дегенде кичирейтүү үчүн атайын көнүгүүлөр керек. Көнүгүүнү жасоо алдында моюнду муздак суу менен жууп алуу керек. Андан кийин башты бурбай түз олтуруп, оң колду ээктин алдына бош кармап, оңго анан солго карай 3 - 4 мертебе моюнду тегиз айландыруу менен баштап, күн өткөн сайын арбытып олтуруп мындай ыкманы 10-15 ке жеткирүү керек. Ал эми көнүгүүдөн кийин мээлүүн суу менен моюнду жууш кажет. Суусун сүлгүгө сиңирип алып, кургак терилер үчүн моюнга майлуу бетмайдан сиңире сүйкөп коюу талап кылынат.

Ашкабак
Ашкабактын уругу оргонизмдеги ар кандай мите курттарды жоготууда өзгөчө пайдалуу таасири бар. Элдик медицинада ашкабактын уругу саара жолдору сезгенип, саарада кан пайда болгон учурларда колдонулат. Аталган өсүмдүктүн уругуна айдалма кара куурайдын уругун кошуп, аны жакшылап майдалап бүткөндөн кийин, үстүнө суу куюп аралаштырат. Эки уруктун аралашмасынан сүткө окшогон бозомук түстөгү эмулсия пайда болот. Аны оорулуу адам күнүнө 1-1,5 стакан ичүүсү кажет. Ал эми, мителерди чыгаруу үчүн бозомук кыртышы менен кошо майдалап, үстүнө аз-аздан сиңире суу куюп боткого айлантат. Муну чоң киши бир стакан, балдарга болсо жарымы сунушталат. Арадан 3 - 4 саат убакыт өткөндөн кийин ич алдыруучу эритме ичирет да тазалоочу клизмасын жасайт.

Ит мурун
Ит мурун элдик медицинада көптөгөн ооруларга карата ар кандай ыкмада колдонуп келет. Маселен, боор жана өт баштыгынын сезгенишинде кайнатылган суусун ичсе пайдалуу. Мөмөсү болсо табитти ачат жана оорулуунун жанын тынч алдырат. Ал эми ширесин 1- 2 аш кашыктан жөтөлгө каршы пайдаланууга болот. Мындан сырткары ит мурунду: бөрү карагат, кадимки дарчы, каакым, кызыл мыя өсүмдүктөрүнүн тамыры менен аралаштырып андан даярдалган аралашмадан 1 аш кашык алып, анын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 15 минут кайнатып тундурмадан күнүнө үч стакан ичсе ооруну акырындык менен калыбына келтире баштайт.




Кызыктар дүйнөсүндө
Микротолкундуу меш (микроволновая печь)
1945-жылы америкалык Перш Лебарон Спенсер аттуу инженер магнетрон куруу үстүндө иштеп жаткан. Магнетрон- бул микротолкундуу радиосигналдарды чыгаруучу аппарат болуп саналат. Бул алгачкы радарлар үчүн абдан маанилүү болгон. Анткени, согуш учурунда байланыштын ылдамдыгы көптөгөн оң натыйжаларга жеткизет эмеспи. Бирок микротолкундуу очокту ойлоп табуу капысынан эле болгон окуя. Бир жолу Спенсер иштеп жаткан магнетрондун жанында туруп, чөнтөгүндөгү шоколады эрип калганын көрөт. Анын акылы муну оңой эле баамдап, шоколадка микротолкундардын таасири тийгендигин түшүнөт. Мындан кийин ал бир канча иликтөөлөрдү жүргүзүп көрүп, микротолкундуу очокту ойлоп тапкан. Алгачкы очоктордун салмагы 340 кг өлчөмүндө, азыркы муздаткычтын чоңдугундай болгон.

Чипстер
1953-жылы АКШдагы Нью-Йорк штатынын Саратога шаарындагы ресторандардын биринде Карнемус Вандертильт аттуу кардар майга куурулган картошка заказ кылып, бирок ар дайым калың болуп калыптыр деп сындай берет. Бул көрүнүштөн тажаган ашпозчу кардарга өчөшүп картошканы өтө эле жука туурап, анан аны майга кууруп алып келет. Алгач, Карнемус арыздана баштайт "Жука экен, вилкага илешпейт" деп, бирок бир аз жегенден кийин ушундай жагып калып, сүйлөгөнгө оозу бош болбой калат. Ошентип, жука кесилип, майга куурулган картошка (чипсы) тез эле көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланып, учурда дүйнө жүзүндө кеңири тараган тамактардан болуп эсептелет.

Супер клей
1942-жылы америкалык Гарри Кувер өтө так атылуучу мылтыктардын мээлөөчүсү үчүн бир пластмасса алуу үчүн цианакрилаттар деген химиялык заттар менен иштеп калат.
Бул зат полимерлешип, суу менен бириккенде жабышкан коюу бир зат пайда болоорун аныктайт. Натыйжада мылтыктардын бутага даана тийиш үчүн керек болгон пластмассага эч окшошпойт. Бул жаңы ойлоп табылган заттын кадырына Кувер 6 жыл өткөн соң жетет. Көрсө цианакрилат туруктуу жабышып, катышы үчүн жылуулуктун да, басымдын да кереги жок экен. Ошентип, учурдагы биз колдонгон супер клей пайда болгон.
Кийинчерээк Вьетнамдагы согушта бул клейдин эбегейсиз жардамы тийген. Жарадар болгон жоокерлердин канын токтотуш үчүн, жарасына супер клей куюшкан. Бул дароо канды токтотуп, жоокерлерди ташууда аябай жеңилдик болгон.
Тагдырдын табышмагын караңыз, көбүрөөк өлтүрүү үчүн жасалган бул зат, адамдардын пайдасына жарады.

Шампан суусу
Шампан суусу биринчи жолу 17-кылымда кокусунан жасалып калган. Дом Пьер Периньон аттуу монарх көп жылдар бою вино жасаган адам болгон. Бир жолу ал виносунун газдуу болуп, ичинде көбүктөр пайда болгонун көрөт. Бул көрүнүш француздарга сапатсыз вино катары саналган, Периньон көбүктөрдөн арылуу үчүн бир нече жыл иштеген. Бирок, эч натыйжасыз кийинчерээк бул кычкыл вино француз, англис аристократтарына жагып калган да өтө белгилүү спирттик ичимдикке айланып калган.

Эркектердин да боюнда болот тура
Мурун аялзаты болгон эркек америкалык журналдардын бирине өзүнүн беш айлык боюнда бар экендигин тастыктаган макала жазган. Анын айтымына караганда медицина кызматкерлери туура эмес кабыл алып, артынан күлүп, медициналык жардам берүүдөн баш тарткан. Ал журналда анын 22 жумалык боюнда бар, эркектикиндей тыгыз төшү, бетинде сакалы бар жана торсойгон курсагын чагылдырылган сүрөтү чыккан.

Даярдагандар Санжарбек Абдырахманов, Чынара Алыбаева