№10, 08.04.08-ж.
  Спорт

Пекин-2008
Олимпиада оту
2-апрель күнү Алмата олимпиада оту эстафетасы башталып, аны биринчиден болуп Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кытай элчиси Чжан Сиюня алып "Медео" стадионунда 200 метр чуркап, отту бокс боюнча Афина-2004 чемпиону Бахтияр Артаевге тапшырган. Эстафета "Астана" аянтчасында гала-концерт менен аяктады. Акыркы болуп отту боксер Ермахан Ибраимов кытай өкүлдөрүнө тапшырды. Олимпиада оту аэропорттон Турцияга алынып кеткен. Турциядан 4-апрель күнү Санкт-Петербургга алынып келинген. Эстафета 5-апрель күнү башталды. Белгилей кетүүчү нерсе эстафета өткөн Санкт-Петербург Россияда жалгыз шаар. Отту Петербургда белгилүү спортсмендер Галина Зыбина, Светлана Журова, Андрей Аршавин, Евгений Плющенко алып өттү.
Олимпиада уюштуруучулары отту Эвересттин чокусуна алып чыгууну көздөшүүдө. Андан ары Тибет аркылуу Пекинге жетет.
Олимпиаданын ачылыш аземинде 100 мамлекет башчылары, өкмөт башчылары катышышат.
Олимпиада оюндары 8-августтан 24-августка чейин болуп өтөт.

Бокс
Кличко баш тартты
IBF, WBO чемпиону Владимир Кличко, Александр Поветкин менен беттешүүдөн баш тартты. Россиялык Поветкин Кличкого рингге чыгууга 5 млн. евро сунуш кылган. Эскерте кетсек IBF чемпиону Кличко 23-февралда Нью-Йоркто Султан Ибрагимовду жеңип, WBO чемпиону аталган.
WBO титулуна ат салышууга 36 жаштагы Тони "Тигр" Томпсон укугуна ээ болгон. IBF титулуна болсо 28 жаштагы 2004 олимпиада жеңүүчүсү Александр Поветкин аталды.
Өткөн жумада украиналык чемпион Пуэрто-Рикодо WBO штаб-квартирасында WBO алтын курун Хосе Сулеймандан алган.
Кличконун айтымында июль айында америкалык Томпсон менен рингге чыгат.
Тони Томпсон - күчтүү мушкер. Акыркы жолу сегиз жыл мурда жеңилген. Андан кийин 27 жолу рингге чыгып, 27 жолу жеңип чыккан.

Кличко "мэр болом" деди
Үстүбүздөгү жылдын 25-майында Киевдин мэри жана шаардык кеңешине өтө турган шайлоолорго Кличколордун улуусу Виталий да катышам деди. Өтө оор салмактагы мушкердин айтуусуна караганда учурдагы Киевдин мэрине өзү гана тең келе алаарын айтып, демократиялык күчтөрдөн колдоо күтөөрүн белгилеп кетти.

Кличко - Самуэль
"K2 Promotions" промоутер компаниясынын өкүлү Берндт Бентенин билдирүүсүнө караганда Виталий Кличко менен Самуэль Питердин ортосундагы беттешүү сентябрь-октябрь айларынан кийин болуп өтөт. Башкы себеби, жайында өтө турган Пекин - 2008 Олимпиада оюну жана Евро -2008 чемпионаты. Бул чечим дүйнөлүк бокс кеңешинин (WВC)башчысы Хосе Сулейман тарабынан чыгарылган.




Футбол
Чемпиондор лигасында
Өткөн жумадагы Чемпиондор лигасынын 1/4 оюндары ушул жылдын эң кызык оюндарынын катарына кирди. Түрктөрдүн "Фенербахче" командасы өздөрүнүн күйөрмандарына укмуштуудай күтүлбөгөн белек тартуулады. "Фенербахче" англиялык "Челси" командасын 2:1 эсебинде жеңип, түрк футболу тарыхына чоң из калтырды. Түрктөр бул убакытка чейин өзүнүн жеринде бир да жеңилген эмес. Челсинин болсо бул биринчи жеңилүүсү.
Жеңүүсүнө чоң ишенич менен келген "Челси" оюндун биринчи бөлүгүндө бир канча артыкчылык кылып, бир канча гол киргизүүгө мүмкүнчүлүгү болду. 13-минутада "Фенербахче" чабуулчусу Дейвид өзүнүн дарбазасына гол киргизип, англиялык конокторго белек кылды.
Биринчи чабуулчу Майкл Эссьен 30 метр алыстыктан күчтүү сокку урган. Бир канча түрктөрдүн катасынан кийин Лэмпард өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албады. Биринчи бөлүк англиялыктардын артыкчылыгы менен бүттү.
Оюндун экинчи бөлүгүндө түрк оюнчулары өздөрүнүн тактикасын алмаштырып "Челси" оюнчуларына коркунучтуу соккуларды ура баштады. 53-минутада машыктыруучу чабуулчу Казым Казымды оюнга чыгарган. Казым 65-мүнөттө биринчи голду киргизди. Оюндун аягына 10 мүнөт калганда Дейвид өзүнүн катасын оңдоп 30 метрден катуу сокку уруп гол киргизген.
Шаршемби күнү "Арсенал" менен "Ливерпуль" өздөрүнүн 200-оюнун өткөрүштү. Статистика боюнча Ливерпуль 80 жолу, Арсенал - 70 жолу жеңип чыккан. Бул оюнда Адебайор менен Кюйт өзгөчөлөнгөн.

Алгачкы көрсөткүчтөр
"Арсенал" (Англия) - "Ливерпуль" (Англия) - 1:1
Голдор: Адебайор - 22, Куйт - 25

"Рома" (Италия)- "Манчестер Юнайтед" (Англия) - 0:2
Голдор: Криштиану Роналдо - 39, Руни- 66

"Шальке - 04" (Германия) - "Барселона" (Испания) - 0:1
Гол: Кркич -12

"Фенербахче" (Турция) - "Челси" (Англия) - 2:1
Голдор: Казым Казым- 65, Дейвид - 81, Дейвид 13 (автогол).

"Челси"-"Гуанчжоу"
Июль айында "Челси" Кытайда "Гуанчжоу" клубу менен оюн өткөрөт. 23-июлда боло турган оюнда "Челси" оюнчулары кытайларга аларды жакындан көрүүгө мүмкүндүк берет. Айта кетсек өткөн жылы "Гуанчжоу" "Манчестр Юнайтед" менен достук юнун өткөрүп 3:0 эсебинде жеңилген.

Орус футболчуларынан ким бай?
Россиянын эң бай футболчулары болуп: Аршавин, Питер Одемвинги жана Кержаков саналат. Алардын айлыгы 2,5 миллион еврону түзөт экен. Ошондой эле орустардын "кымбат" футболчулары 2 милиондон кем эмес айлык алаарын айта кетели. Төмөндө алардын тизмеси:
Фатих Текке, "Зенит" - 2,2 млн евро
Сергей Семак, "Рубин" - 2,1 млн евро
Сергей Ребров, "Рубин"-2 млн евро
Алехандро Домингес, "Зенит"-2 млн евро
Анатолий Тимощук, "Зенит"-2 млн евро
Данни, "Динамо"- 1,8млн евро
Малхаз Асатиани "Локомотив"-1,8 млн евро
Роман Павлюченко, "Спартак" - 1,5 млн евро
Дмитрий Лоськов, "Сатурн" - 1,5 млн евро
Даниэль Карвальо, ЦСКА - 1,4 млн евро
Камил Чонтофальски, "Зенит" - 1,4 млн евро
Дмитрий Сычев, "Локомотив"- 1, 35 млн
Макси Лопес, "Москва" 1,2 млн евро
Вагнер Лав "ЦСКА" 1,2 млн
Дмитрий Торбинский, "Локомотив"-1,2 млн евро
Андрей Каряка, "Сатурн"- 1,15 млн евро

Кыргызстан спорту
Пекин - 2008, Евро - 2008
түз эфирде
Жайкы олимпиада оюндарын футбол боюнча Европа Чемпионатын эми өзүбүздүн улуттук каналыбыздан көрө алабыз. Бул маселе боюнча КР улуттук телерадиосунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргөн.
Улуттук каналдын жетекчиси Мелис Эшимкановдун айтымында, 8-августта кыргызстандыктар дүйнө элдери менен чогуу Пекин Олимпиада оюнунун ачылыш аземин түз эфирден көрө алышат.
Ал эми Европа футболу боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда. Оюндарды түз эфирге алып чыгуу канча акча турары азырынча жашыруун.
Айта кетсек улуттук канал бул убакытка чейин Чемпиондор Лигасынын оюнун көрсөтүп келет. Мындан тышкары Дохада болуп өткөн Азия оюндарын кыргыз күйөрмандарына тартуулаган.
КТР олимпиада оюндары жана Европа футбол оюндарынын баары спорт күйөрмандарына кыргызча, орусча баяндалып тартууланмакчы.

Олимпиадага
11 оюнчу…
Азыркы учурда Кыргызстандан болгону 11 гана спортсмен Пекин - 2008 Олипиада оюнуна жолдомо алышкан. Алардын тизмесин атай кетсек:
1. Татьяна Ефименко - жеңил атлетика
2. Евгений Ваккер - велоспорт
3. Василий Данилов - сууда сүзүү
4. Юрий Захаров - сууда сүзүү
5. Юлья Архипова - жеңил атлетика
6. Базар Базаргуруев - эркин күрөш
7. Алексей Крупняков - эркин күрөш
8. Р. Абдуораим - таэквандо
9. Руслан Исмаилов - ок атуу
10. Руслан Түмөнбаев - грек-рим күрөшү
11. А.Таласбаев - бокс
Бул жылы Кыргызстандан 1996-жылдан бери эң аз сандагы спортсмен катышат. Биринчи жолу Кыргызстан Олимпиада оюндарына 1996-жылы 33 спортсмен катышкан, төрт жылдан кийин Сиднейге - 51, ал эми Афины - 2004 олимпиадасына 30 спортсмен катыша алган. Кыргызстандан спорттун дагы бокс, жеңил-оор атлетика, дзюдо, эркин - грек-рим күрөш боюнча жолдомо алууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Сноуборд
Спорттун бул түрү Кыргызстанда өнүгүп келе жаткан спортко кирет. Бул спорт түрүнүн чебери Андрей Вакурин Швейцарияда (Дизентис шаары) болуп өткөн Европа кубогуна биринчи жолу катышып, 22-орунду ээледи.
" Мен өзүмдү жакшы көрсөттүм"-дейт Андрей Вакурин.
Швейцарияда Андрей 16 упай топтогон. Дүйнө кубогуна катышуу лицензиясына ээ болууга 50 упай топтоо зарыл. Бул жылкы жыйынтыгыбыз жакшы болбосо да, бирок Россия, Улуу Британия, Австрия, Германия, Эстония, Швейцария, Латвия өлкөлөрүн артта калтырдык.

Даярдаган Санжарбек Абдырахманов