№10, 08.04.08-ж.
  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Жеки Чан
Чыныгы ысымы- Чень Ганшень
Туулган жылы, күнү-
1954-жыл, 7-апрель
Мекени- Гонконг, Австралия,
Американын жараны;
Карьерасы- 1962-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин;
Кесиби- каскадёр, актер, кинорежиссер, продюсер, сценарист, ырчы,
Жакшы көргөн киносу- "Өкүл ата".

Таланттуу актердун өмүр баяны да бир топ оор, чиеленишкен. Ата-энеси Кытайдын Шандонг кыштагынан Гонконгго көчүп келишээри менен апасы бейтапканага келип Джекини төрөйт, доктур төрөтүн кабыл алгандыгы үчүн төлөгөнгө акчалары жок болгондуктан кичинекей ымыркайын төрөтканага таштап, иштеп акча тапкандан соң гана үйүнө алып кетишет. Жашоо-турмушу өтө начар болгондуктан Франция элчилигинде атасы ашпозчу, апасы пол жуугуч болуп иштешип, ал эми кичинекей Жекини мектепке киргизишип коюшса, төрт класс окугандан кийин чыгып кетет. Жеки жети жашка толгондо атасы Кытай операсынын мектебине такшалган мастер Ю Джим-Йенанын колуна тапшырып, өзү болсо үй-бүлөсүн багып, акча табуу үчүн Австрияга жөнөгөн.
Ушундан баштап, кун-фу менен машыгып, сальто секирип, айтор спорттун түрлөрүн өздөштүрө баштаган. 17 жашка толгондо атактуу актер Брюс Ли катышкан "Дракондун чыгышы", "Кубаттуу муштум" аттуу кинолорунда ар кандай трюктарды аткарып, белгилүү режиссерлордун көз жаздымына алына баштайт. Бир топ убакыт бою майда эпизоддорго гана катышып, көбүнчө ден-сакчынын гана ролун аткарып келсе, 1978-жылы "Бүркүттүн көлөкөсүнө жашынган жылан" аттуу тасмада башкы каармандын ролун жараткандан кийин гана аты алыска чыгат. Ар кандай коркунучтуу трюктарды жаратып көнгөн Жеки бул киного тартылып жатканда, сценарий боюнча кылыч менен мушташа турган жеринде, байкабай кылыч менен колун чаап алып, жер кызыл-ала канга боёлуп калганынан актер кыйкырып-өкүрүп колун кучактап жүрсө режиссерлор муну атайын жасалан трюк катары кабыл алышып тарта беришкенин Жеки журналисттерге берген ар бир интервьюсунда айткандан тажабайт.
"Бактылуу жылдыз", "Бронкеседеги чатак", "Кечки кийим", "Жеки Чандын жоруктары", "Час пик", айтор бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү Орто Азиянын сүйүктүү актеру катышкан кинолор жүздөп саналат. Акыркы күндөрү актердун ден-соолугуна кепилдик бере турган компаниялар аны менен иштешүүдөн баш тартышкан, анткени ар бир сынган жерин доктурга көргөзүп отурушуп, акча өтө көп кетерине көзү жетишкен. Эң оор жаракатты "Кудайдын жасалгалары" киносуна тартылып жатканда алган, сценарий боюнча эки кабат үйдүн үстүнөн ылдый жакта турган бакка секириш керек болчу, биринчи жолкусун жакшы аткарса да, актер өзү канааттанбай, экинчи жолу секиргенде жерге кулап түшүп, баш сөөгү сынып, мээсине кирип кеткен, бейтапканага алып келишип, 8 саатта араң операция жасап эсине келтиришкен. Андан тышкары мурдун үч жолу, омурткасын эки жолу сындырган, ал эми тизесин канча жолу сындырып, бутун канча жолу чыгарганына өзүнүн да эсеби жетпейт.
Мындай учурларда апасы уулун көрүп алып зээни кейип, ыйлаганынан кээде ден-соолугундагы өзгөрүүлөрдү айтпай, билдирбей жашырганга аракет кылат. Бала чагынан жокчулуктун кесепетин көп тартып, жашоосунда көп урунуп - согулуп жүрүп чоңойгондонбу, айтор Жеки Чан абдан боорукер адам экен, ал кинолордо терс каармандардын ролун аткаргандан баш тартат. Ал эми кайрымдуулук иштерине да аябай активдүү катышат, өз таман акы маңдай тери менен тапкан акчасына "Жеки Чан" фондун ачкан. Ал кээ бир университеттердеги студенттерге өз чөнтөгүнөн стипендия төлөп турат. Эгерде актердун байлыгына эсеп сала турган болсок, анын Гонконгдо он чакты тамактануучу жайлары, беш рестораны, бир студиясы, бир нече үйү бар.
Байлык тууралуу Жеки Чан жаштарга төмөнкүдөй насаат берет: "- Силер акчаны барктабайсыңар, мисалы мен мейманканага барганда байпагымды, ич кийимдеримди өзүм жууйм, себеби аларды жууганга көп акча төлөш керек. Силер акчаны сарамжалдуу пайдаланганды билбейсиңер, мисалы мен мейманканага самындын алкындысын да калтырбай өзүм жалтыракка ороп ала жүрөм, анткени аны сатып алыш үчүн да акча керек.
Бир топ убакыт бою журналисттердин аңдыганына карабай Жеки Чан жеке жашоосун жашырып ачыкка чыгарбай келсе да, аялы тайвандык актриса Линь-Фень-Джо, көпчүлүккө маалым, ал эми андан уулу бар экенин калктан он үч жыл жашырып келген. Учурда азыр "Мисс Азия-90" сулуулар сынагын жеңген Элен Нг аттуу сулуу бийкеч менен күн кечирип келет, ал эми ал менен мыйзамдуу түрдө никеге турбаса да андан кызы бар. Биринчи аялынан төрөлгөн уулун Жеки Чан актер кылгысы келбейт, мунун себебин ал "актердук кесип абдан оор, менин уулум кино жаатындагы мен көргөн кыйынчылыктырды, мен тарткан түйшүктөрдү башынан өткөрүшүн каалабайм"-деп түшүндүрөт. Бош убактысында Чень Ганшен китеп окуганды, ырдаганды жакшы көрөт, баса көрсөтүүчү нерсе Жеки япон, кытай, америка тилдеринде ырдай алат. 52 жаштагы бүткүл Орто Азия сүйүп, барктаган актердун өзүнө жаккан сапаты-боорукердиги, мээримдүүлүгү. Актердун ою боюнча дүйнө жүзүн чачыратпай, бириктирип кармап турган нерсе-бул адамдардын бири-бирине болгон мээрим.




Лолита гонорарын казинодо уттурду
Ульяновскийде койгон концертинен кийин Лолита болгон акчасын көтөрүп алып, казиного жөнөгөн. Сахналаш досторунун айтымына караганда гастролдо жүргөн учурда да ырчынын санаасы бир жерде болбой, концерт бүткөндөн кийин күйөрмандарына эреркеп ыйлай баштаган. Себеби ырчынын эң жакын курбусу, рак оорусуна чалдыккан. Андан соң казиного барып тапкан гонорарын бүт уттурган, анысы аз келгенсип карызга 70 миң рубль алып, ал акчасы менен да коштошкон.

"Динамит" группасынын солистин тоноп кетишти
Ушул группанын курамын түзгөн жигит Илья Дуров дал ушундай жагымсыз окуяны башынан кечирди. Музыкант борбордогу дүкөндөрдүн бирине кийим алганы барып, чөнтөк телефону менен сүйлөшүп алаксып жатканынан пайдаланышып, четте турган өспүрүмдөр ырчыга кол салып, машинасынын ачкычын, документтерин капчыгын уурдап кетишкен. Куру жалак калган Илья ошол эле замат милиция кызматкерлерине билдиргени менен алар ырчыга "документтериңиз табылышы мүмкүн, акчаларыңыздан үмүтүңүздү үзүңүз"- деген жооп кайтарышкан.

Лайма Вайкуленин көңүлдөшү
54 жаштагы ырчы айым өзүнүн туулган күнүн Владимир Винокурдун юбилейинде бирге тоскон. Өзүнүн жакын адамы Сергей менен барса, ал бозою Лаймага көңүл бөлбөстөн, сары чач бийчи кыз менен кече бүткүчө бирге бийлеп көңүл ачып жүргөн, мындай көрүнүшкө ачууланган Вайкуле ошол жерден жакалап, чыр салса, Сергей да ырчынын кемчилигин чукуп, жаш көрүнүүнүн аракетин көрүп, канча жолу пластикалык операция жасаганын, эриндерин чоңойтуу үчүн тамеки чегээрин айтып жар салган.

"БиС" группасынын солисти тишин талкалады
Бул группанын солисти Дмитрий Бикбаев концертинде ырдап жатып, аябай берилип кеткенденби, айтор микрафон менен маңдайкы тишин кантип талкалап алганын байкабай калган. Көз ирмемдик убакта мунун баары болуп кеткендиктен Дмитрий эсине келээри менен жакын жердеги ооруканалардын бирине барып тишин оңдоткон, ырчынын чыгармачылыгын, талантын сыйлаган доктур Дмитрий Бикбаевге бекер кызмат көрсөткөн.

Андрей Макаревич ооруканадан чыкты
Андрей Макарович Санкт-Петербургда өткөргөн концертинде ден-соолугу кескин түрдө начарлап температурасы 39 градуска көтөрүлгөн. Ошол замат доктурлардын жардамы менен ооруканага жеткизишип, бөйрөгү ооруйт деген диагноз коюшкан. Бир-эки күн дарылангандан кийин ырчыны ак халатчандар үйүнө узатып коюшкан.

Даярдаган
Анара Дүйшөналиева