presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№10, 08.04.08-ж.
  Чынгыздын сүйүүсү

Урматтуу окурман, "Обон" гезити ушул сандан тартып белгилүү өнөр адамдары катышкан "фотосериалды" сунуш кылмакчыбыз. Бул жаңы долбоордун негизинде биз белгилүү жана жаңыдан аты чыгып келе жаткан ырчы, куудул, актерлорубуздун аткаруу чеберчилигин жана өздөрүн башка чөйрөдө кандай көрсөтүшөөрүн билүү максатында төмөндөгү тасманы сиздердин алдыңыздарга тартууламакчыбыз.


Бактыгүл - студент, ал КМУУнун чет тилдер бөлүмүнүн бешинчи курсунда окуйт, бир үйдүн эрке кызы. Атасы Россиянын бир шаарында чоң бизнес менен алектенет. Колунда бар үйдүн кызы болгондуктан алдында айдаган машинеси, чөнтөгүндө толтура акчасы бар, оңой менен эч кимди теңине албаган, оюн эч кимге бербеген мүнөзү чорт кыз. Борбордун чак ортосунан орун алган,көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турат.
Чынгыз - борборубуздагы жогорку окуу жайынын биринде окуйт жана ошол эле окуу жайдын жатаканасында группалаштары менен жашайт. Үй бүлөдө балдардын улуусу болгондуктан, сабактан сырткары да ата-энесине жардам катары СТОдо иштейт. Мүнөзү кичипейил,ак көңүл жана эмгекчил жигит. Көбүнчө музыкага кызыгат.
Фархат - Чынгыз менен бир окуу жайда окуп бир бөлмөдө чогуу жашайт. Группадагы балдардын арасынан экөө бири-бирине жакын, сырдаш достордон. Фархаттын мүнөзү шайыр, жоктон барды жасаган, шайдоот жигиттердин бири.
Айжан - Бактыгүлдүн курбу кызы жана учурда чогуу окушат.Экөө кичинесинен бирге ойноп, чоңойгон достордон. Айжан көбүнчө Бактыгүлдүн бардар үй-бүлөнүн кызы экенин жана сулуулугун көрө албаган,ичи тар курбуларынын бири. Бирок анын бирин Бактыгүлгө билгизбейт.
Мерген - Бактыгүлдүн атасынын кан досу, жеке ишкер,шаарда чоң СТОсу жана андан тышкары дагы беш-алты ишканасы бар. Досунун сөзүн эки кылбаган,чыныгы достукка берилген адамдардын бири. Өзү чоң адам болгону менен кичипейил, өзүн көтөрбөгөн, шайыр адам.










??.??