presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№10, 08.04.08-ж.
  Шырмаек

"Кыздар тигилип карап турса шоронун даамын да сезбей каласың"
Убакыт өткөн сайын улуу муундун ордун кичүү муун басып, өмүр көчү улана берет тура. Бүгүнкү күндө кыргыз эстрадасында да жаңы күч, жаңы дем менен келген бир топ таланттуу жаштардын агымы пайда болду. Акыркы кезде сахнаны сан түркүн ырлары менен кооздогон Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков, Урмат Усенов, Замир Арыкбаев сыяктуу жаш ырчылардын арасында "90-60-90" ыры менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан Самарбек Арзыматовдун ыр дүйнөсүндөгү популярдуулугу күндөн-күнгө күчөп, ити чөп жеп жаткан учуру. Самарбек 1980-жылы 16-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын экинчиси. Учурда жеке ырчы.


- Самарбек, көпчүлүктүн көңүлүн бурган "Сема" группасы тарап кеткен турбайбы. Алгач топтун жаралышы, анан таралышы жөнүндө айтып берсең?
- Группа түзүү идеясы меники. Өзүм түзүп, өзүм жетектеп чыккан үчүн менин атымдан "Сема" деп аталып калган. Биринчи түзүлгөндө топтун курамында 2 кыз, 2 бала болчу. Мына ошол төрт адамдын башын бириктирип, бир нукка салуу мен үчүн оңой болгон жок. Ага карабай жакшы эле эмгектендик, аздыр-көптүр ошол группа аркылуу өзүбүздүн жүзүбүздү таанытып, чыгармачылык тушообузду кестик. Анан быйыл жаңы-жылда топтогу солисткаларым келип, "Сема, биз кайсы убакта болбосун турмушка чыгып кетебиз, биздин чыгармачылыкты колдогон адамга чыгаарыбыз да белгисиз. Ошон үчүн эрте жазда сенин ишиңди артка тартпай өз алдыбызча кетели" деген сунуштарын айтты. Мен алардын оюн туура кабыл алып, макул болуп жакшы маанай менен эле кошотоштук. Группамдагы өзүмдүн иним Жанарбек да учурда Казакстанда "келишимдин" негизинде иштеп жатат. Ал деле бул жакка көп келбей калды. Кыскача айтканда азыр "Сема" тобу жок. Бирок мен жеке ырчы катары Сема болуп чыгып жатам. Анткени, ыр дүйнөсүндө жаңы кадам таштаганда "Сема" аталып чыккан үчүн өз атымдын Самарбек экенин көпчүлүк эл биле бербейт. Азыр эми Кудайга шүгүр, өз алдымча иштеп жатам.

- Солисткаларың музыка чөйрөсүнөн биротоло кеттиби?…
- Сахнадан кетишти. Бирок чоң-чоң клубдарда, той-топур жакшылыктарда ырдап жүрүшөт.

- Бир топ эмгек жумшап, эл алдына алып чыккан тобуңдун чачыранды болушу кыжырыңды келтирген жокпу?
- Мен гороскоп боюнча токту жылдызымын. Андыктан, бул жылдыздагы адамдар ак көңүл, шайыр, энергиялуу, эң негизгиси сабырдуу келебиз. Ошон үчүн мен буга көп деле башымды ооруткан жокмун. Эртеби - кечпи баары бир ушундай өзгөрүү болмок. Мурда форма тиктириш керек болсо, бир учурда төрт адамга заказ берчүмүн. Мунун баары мен үчүн чоң чыгым. Бул жагынан мага бир топ жеңилдик болду.

- Жогоруда жылдызым токту деп айтып кеттиң. Жылдыз төлгөсүнө жакшы эле ишенет окшойсуң?
- Өтө деле берилбейм. Бирок, кандайдыр бир деңгээлде ишеним бар.

- Чыгармачылыкка келгенге чейин эмне жумуш менен алектенип жүрдүң?
- Ыр дүйнөсүнө келгенге чейин музыкалык окуу жайда окуп, аны кызыл диплом менен аяктадым. Андан сырткары юрфакты бүттүм. Кыскасы билим алып жүрдүм. Тактап айтканда, алгачкы жолу музыка чөйрөсүндө эмгектенип, өз мээнетим менен акча таптым.

- Чет өлкөгө "келишим" менен иштөө боюнча сунуш болсо кетет белең?
- Мындай сунуш Казакстандан келди. Бирок мен алардын койгон талабына макул болгон жокмун. Анткени, ал жакта дайыма иштеш керек болчу. Кичинекей акчанын арты менен бөтөн жерде ырдап, башка элге кызмат кылуу мен үчүн жат көрүнүш.

- Бүгүнкү күндө популярдуу болуп жаткан "90-60-90" ырыңдын тарыхы жөнүндө айтып берсең?
- Менин бир тууган иним Турцияда окуйт. Ошол иним келип Турцияда бир жакшы ыр чыгып, хит болуп атат деп ушул ырды алып келген. Угуп көрсөм чындыгында татыктуу ыр экен, мага жакты. Анан түрк тилинен которуп, башынан иштеп чыктым. Бирок мынчалык деңгээлде бааланат деп ойлогон эмесмин. Негедир ыр ышкыбоздоруна жугумдуу болуп кетти.

- Аталган ырдын экинчи вариантын да иштеп жаткан экенсиң?
- Экинчи варианты даяр болуп калды. Кудай буюрса жакынкы күндө жарыкка чыгат. Мында биринчисинен айырмаланып бүгүнкү жаштардын жүзүн ачып берген заманбап ыр жараттык.

- Эл арасында кийинки ырчылар котормо ырлар менен "жылдыз" болуп жүрөт деген сын-пикирлер да жок эмес. Буга кандай карайсың?
- Мен бир нерсеге таң калам да. Которулган ыр деп айткан менен так ошол котормо ырлар хит болуп жапайбы. Аны ким хит кылат? Албетте, угармандар, күйөрмандар. Мен жөнөкөй эле бир мисал келтирейинчи, маселен, дыйкан жерге бир жылы картошка эгип, түшүмү жакшы болбой калса, экинчи жылы кайра картошка айдабайт. А ырчылар деле которуп ырдаган ырды эч ким укпай, колдоп-коштобой койсо, экинчи жолу которуп ырдоодон чочулайт. Бул бир. Экинчиси "Күч атасын тааныбайт" демекчи музыка дүйнөсүндө чек болбойт. Кимдин колунан келип, кудурети жетсе каалагандай жугумдуу кылып ырдай берсин. Мындай көрүнүш бир эле бизде эмес маселен Россия ырчысы Ф.Киркоров деле Таркандын ырларын которуп ырдап атпайбы. Андыктан менин котормого болгон көз карашым түз.

- Ыр дүйнөсүнө келгенден бери кандай ийгиликтерди жарата алдың?
- Мындай эмгектенип, тигиндей ийгилик жараттым дегендин өзү мага жарашпайт. Аны эл баалап, эл таразаласын. Андыктан менин жеңишим күйөрмандарымда деп ойлойм. Чыгармачылыгымда болсо жан дүйнөм менен эсептешип келем.

- Артисттер сөзүнө турбайт дешет го… "шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт" буга кошуласыңбы?
- Негизи мындай жагдайды бир эле артисттер эмес, бардык эле адамдардан кездештирүүгө болот. Бирок, өзүбүздүн ырчылар арасында эле "барам" деп ишендирип коюп, сөзүнө турбагандар толтура. Чынын айтсам мен "убада бердиңби, аткар" дегенди жашоомдун принциби катары колдонуп келем. Кандай болгон күндө да айтканымдан кайтпаганга аракет кылам.

- Ата-энең тууралуу да азын-оолак кеп салсаң?
- Атам өмүр бою автобазада иштеген адам. Апам болсо бала-бакчанын башчысы болуп бир топ жыл эмгектенди. Азыр атам 56 га чыгып пенсияда. Апам 51 жашта. Апам аккардеондо, атам комузда кол ойноткон чыгармачыл кишилер. Бизге талант ата-энебизден берилди десем болот. Айылда үйбүлөлүк ансамбл катары облусттук конкурстарга катышып, байгелүү орундардын жөңүүчүсү болуп жүргөнбүз.

- Телефон чалып, тынчыңды алган кыздар көп болсо керек?..
- Абдан көп. Кээ күндөрү түнкү саат 4кө чейин телефонум тынбайт. Өздөрү байланышса да мейли эле, "маяк" берип кууратышканы жаман. Анан кимдир бирөөнүн зарыл жумушу болуп байланышалбай жаткандыр деп кайтарып чалсам "Сема байке, таанышып албайлыбы?" дешет. Эмне кылаарымды билбей кыздардын көңүлү үчүн сүйлөшүп, таанышып коём. Ошондой "экономист" кыздардын көңүлүн алам деп атып бир күндө 1000-1500 сом акчамды кетирип алчу болуп, кийинки күндөрү чалбай койдум.

- Сени кумир тутуп сыйлаган чыныгы күйөрман кыздарга жолуккан учуруң болдубу?
- Мындай кыздар жок эмес. Кечээ жакында эле, тактап айтканда 8-март күнү бир кыз телефон чалып: "Сема, мен сиздин талантыңызды баалайм, сиздин фанатыңызмын, сизге арнап атайын белек алдым эле, мүмкүн болсо бир жерден жолугуп кабыл алып койбойсузбу"- деп калды. Анан ушинтип атса кантип жок дейсиң. Макул болуп шаардын бир жеринен жолуктук. Барсам чын эле бир жаш кыз турат. Аты Гүлзат экен. Мага букеттеги гүл, анан чоң "оюнчук" алып келиптир. Калп айтпасам колундагы белеги 100 доллар турат. Мага болгон сыйына ыраазычылыгымды билдирдим да белегин өзүнө кайрып берсем, белек деген кайтарылбайт деп жатпайбы. Мен айттым: "Мен үчүн бир чети жагымдуу болсо, бир чети ыңгайсыз. Анткени, бүгүн сиздин майрамыңыз ошон үчүн менден берилген белектей кабыл алып коюңуз" деп белегин өзүнө кайтарып, жакшылап узатып койдум.
- Аздыр-көптүр белгилүү болуп калдың. Адамдар тигиле карап турса көчөдө жүрүү оңой эместир…
- Өкүнүчтүүсү көчөдө ээн -эркин, өзүң каалагандай жүрө албайсың. Анткени, бизде карап койсоң күлдү, күлүп койсоң сүйдү, сүйүп койсоң жүрдү болуп кетесиң. Андай сөздөр айрыкча арчаларга бат эле жабышат. Көчөгө чыксаң чет мамлекеттен келген туристтердей башкача көз караш менен карашат. Кадимки эл ичип аткан шорону да жакшылап иче албайсың, бүгүн көргөнсүп тигиле карап турса ошол шоронун даамын деле сезбейсиң. Андай учурларда көбүнчө машинага келип жашынам. Чынын айтканда машинам менин коргоочум.

- Сезими жок адам болбостур. Сүйүү жөнүндө эмне айталасың?
- Албетте, бул жашоонун маңызы сүйүүдө. Айрыкча чыгармачыл адамдар мындай жагдайды баштан көбүрөөк кечирет. Балалык сүйүүмдөн баштасам 5-класста окуп жатканда өзүмдөн 1 жаш кичүү кызды жактырып, аны тээ алыстан көргөндө кадимкидей үнүм чыкпай калчу. Ошентип сезимимди билдире албай жүрсөм, бир күнү өзү кат жазыптыр. Таң калыштуусу ошондон кийин эмнегедир көңүлүм сууп, жакпай калды. Ага ошол бойдон чекит койгом. Андан кийин акыл токтотуп, жигит болгон кезде дагы бир Нарындын сулуусун сүйүп, 1,5 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук.

- Кыргыздын атуулу катары Кыргызстанда чындык бар экенине ишенесиңби?
- Бизде буга чейин чындык үчүн чыркырап, эл- жери үчүн жан үрөп иштеген Кулатов, И.Раззаков, Н.Исанов сыяктуу адилет инсандар өткөн. Мына ошол кишилердин урпактарында кантип чындык болбосун. Андыктан аз болсо да адилеттүлүк бар деп ойлойм.

Маектешкен Ж.Бороева










??.??