presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№10, 08.04.08-ж.
  Обон күлкү

Шайырлар шакабасынан
Маданиятыбызга белгилүү залкар инсандардын, акын жазуучу, куудулдарын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Кесме союш
Кыргыздардан: Жоошбай, Көкөтай, Куйручук, Эшкожо, Бекназар, Шаршен, Кочкорбай, Акиш деген биринен-бири өткөн көмөкөйлөрүнөн күйдүргүлүү сөздөр төгүлгөн чечен - куудулдар өткөн.
Биз эл артисти, залкар талант Шаршен Термечиковдун күлкү төгүлгөн жоруктарынан эске салсак.
Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин айылдарга оюн коюп Калык, Шаршен, Шекербектер колхоз-совхоздорго барып калышат. Оюн бүткөн соң дурусурак үйгө коноктоп, колдо барын дасторконго жайып, сыйын жасашат. Бирок ысык тамагы жок эле. Түн ортосунда эки табакка бөлө салып, төрт-беш тооктун этин алып келишти. Табакты алдыга коюп жатып, Коңурбаев деген мугалим кечирим сураптыр.
- Аксакалдар, койлор тоодо эле, жиберген адамыбыздын дайыны жок, кой да келип калар-деп өтүнгөндө Шаршен:
- Балам, ага капа болбо. Тоок да жандыкка жатат эмеспи, мобул Кызылсууга кондук эле, 30-40 жумуртка союшту, Карабулакта калама союшту, кээ бир жерлерде кесме союп калат. Биз ыраазыбыз дегенде чай куюп жүргөн келиндер бышкырып оозгу үйгө чейин чыга качышат. Анда Калык Шаршенге карап:
- Баланы өлтүрбөдүбү? -деп калыптыр кейип.

"Катынга керек жериңди Калдың бекен калкалап…"
Улуу акын Тоголок Молдо катчысы Абдыкалык Чоробаев менен Акталаага кетип баратышып аварияга учурашат. Ошол мезгилде Тоголок Молдо жаңы үйлөнмөк болуп жаткан болот. Тирүү калганына сүйүнгөн Тоголок Молдо :
"Машина кетти чалкалап,
Жамбашымды талкалап.
Абдыкалык бөбөгүм,
Жамбашымды жөлөгүн"-деп ооруксунуп калган жамбашын сыйпалаган бойдон башын көтөрөт. Анда Абдыкалык:
"Машина кетсе чалкалап,
Жамбашыңды талкалап.
Катынга керек жериңди,
Калдың беле калкалап"-деп жооп бериптир.

Эмнеге Мажиттин куйругу алдында?
Куудул Кабыл Бөрүбаевдин Мажит деген баласы 4 жаштагы кезинде оюна келген суроосун берип, атакесин этектейт дейт.
- Ата, ата эмнеге жаныбарлардын куйругу артында да, меники алдымда, -деген күтүүсүз суроосуна атасы жооп табалбай мазеси качыптыр.

Акындардын азил саптары
Чымындуу адамдардын чыгармачыл турмуштагы жоруктары укмуш. Тарс эткендин баары тамаша деп коюшуп эле чындыктын үрөөнүн чымчылап себелей беришет экен, тооба. Авторлору ар кимиси, бири-бирин улашкан, анысы жооп айткан дегендей… Бирок ушунун баары унутулбай эл ичинде айтылып жүрөт…
Чынгыз Айтматовго
Чыныгы сынды сүйбөгөн,
Чыр-чатаксыз жүрбөгөн.
Чындап келсе кыргызга,
Чыпалагы күйбөгөн.
Чымындай жаны чыркырап,
Чынгыз өтөөр дүйнөдөн.


Сооронбай Жусуевге
Көрүнөм деп сүр менен,
Көз айнексиз жүрбөгөн.
Сокур эмес, соо эмес,
Сооронбай өтөөр дүйнөдөн…

"Машина" байке
Асанкул Шаршеновдун шакирти Келдибек Ниязовдун айтуусу боюнча Асаке көп кабаттуу үйдө жашап, жеңил машинасы бар болгону менен гаражы болбоптур. Жер үйдө турган бир тууган агасынын гаражына машинесин киргизип, тамагын ичип, тамеки тартып үйүнө кетчү экен. Убакыт учкан куштай учуп, арадан эк жыл өтүп байкеси да машиналуу болот. Жүрөгү туйлап бир нерсени сезе баштаган Асаке адаттагыдай акырын машинасын коюп, билмексен болуп чыгып баратса, байкеси үйүнөн чыгып: "Ой Асанкул, эми бир жакшынакай гараж изде, биздин балдар да машинаны гаражга коёлу деп жатат"-деп маселени кабыргасынан коюп калат.
Анда Асаке:
- Эй байке, сизден мурда үйгө киреминби? Жок. Сиз мурда тамака кол саламбы? Жок. Сизден мурда төргө өтөмбү? Жок. Мына көрдүңүзбү, мен сизди кандай сыйлап, урматтап жүрүп өтөм.
- Мен качан алгам машинаны?
- Эки жыл мурун.
- Көрдүңүзбү менин машинам, сиздин машинаңыздын байкеси болот. Байкеси дайым төргө өтөт, - деп агасын сөзгө жыккан дешет.




Айылдагы ар кыл тамаша
Аялдар ушундайсыңарбы?
Мелдеш
Дүйнө элдеринин акылмандары "аялзаты" тууралуу чогулушуп курултай өткөрүштү. Айрымдары: "Эркек деген - эркек! Жүз аялды бир эркек былк эттирбей башкарып, оокат кылып кете алат!"-дешти. Аялзаты эркектерден кырк бир эсе амалдуу. Жүз эркекти -бир аял былк эткизбей башкара алат-дешип талаш-тартыш жүрүп жатты.
Акыры тандалма жүз жигитти, бир аялды кемеге алып барып, бир адам каттабаган аралга ташташты. Экинчи топ: "Бир жигитти, жүз аялды кемеге салып барып бир адам жок аралга ташташты. Бир жылдан кийин жыйынтыгын көрүшмөк болушту. Кээ бирлери: "жалгыз айымды топ заңги өлтүрүп коюшту го?" дешип кейип жатышты. Арадан эки жыл өттү. Атайын комиссия түзүлүп, аралды көздөй жөнөштү . Адегенде жалгыз эркек, жүз аялдуу аралга барышты.
Кудай көзүң жамандыкты көрбөсүн! Бери жактан бара жатканда эле чуулдаган топ аял бир эркекти дардактап кууп бара жатышат. Аялдардын колдорунда бирден бакан.
- Тос өлүгүңдү гана көрөйүндү! Бизге келгенде эле дүрмөтү түгөнөт! Тигил байкуш эркек бакка чыга качты. Баягы булчуңдары бултуйган заңги жигит жок. Кабыргалары саналып арыктаган. Калдайып кулагы, каңкайып башы калыптыр. Экинчи аралга барышса, аял ханыша болуп алыптыр. Адеп сакташып, эркектер бирден киришип кызмат кылышат экен.
Жапар Кенчиев

Кып менен Шып пайгамбар
Айылдагы Бообек байке кезинде уурулук кылган экен дешет. Майда - барат эмес, "баатыр" деп атак алчу жылкыларга тиймей дегендей…
Бир күнү аркы-беркиден кеп салып олтурушуп, сөз башка жака бурулуп кетип сурап калышат.
- Бообек байке, көптү көргөн кишисиз, бу уурунун да пайгамбары барбы? -дейт
- А, бар эмей, бар!
- Кайсы пайгамбарлар?
- Кып пайгамбар менен Шып пайгамбар. Ууруга кыпылдап баратканда Кып пайгамбар колдойт. Шып уурдап баратканда Шып пайгамбар колдойт,-деп баарынын боорун эзген экен.

Тамара жаным, Тамара
Тамара деген эркектердин таалайына бүтүп, соопчулукка жарап турган коңшум бар. Эмгеги үчүн баарын алат акча (100 сом деле жарай берет) алма, сникерс, семичке… Гүл көтөрүп барсаң сразу терезеден ыргыйт. Баа-баркын билбейт. "Жей турган бир деме апкелбейсиң" деп үйүнөн кууп чыгат.
Бир күнү аялым жокто баш айланып кирип бардым.
- Ии-и сиз дагы келет экенсиз го!? Сизди акын дешет чынбы?
Ойкуштап, ойсоңдоп, сынай карап каштарын серпип калды.
- Ооба.
- Эмне апкелдиңиз мага?
- Муну, -деп кагазга оролгон беш пирожкини столдун үстүнө койдум.
- Аныңыз эмне?
- Пирожки, ысык…
- Дурус, жмот эмес окшойсуз. Мага ыр арнабайсызбы?
- Арнайын…
Заматта төрт сап ыр жазылган блокноттун барагын колуна карматтым.
Татына бет, Тамара
Тамшандырып караба.
Тамагыңды жыттасам,
Калбайымбы балаага?
- Оо, шумдуксуз го? Ким жыттатат экен сизге?
- Сен…
Тартынбай кыстым кучакка…
Ишти бүтүрүп, кетиш үчүн шымымды кие албай жатсам мага нааразылана карап:
- Баарын эле ыр жазгандай катырбайт турбайсызбы?-десе болобу!
Бир багелегимди чала кийген бойдон столго отура калдым да:
"Такыр соргок Тамара,
Тооруп мени караба.
Токсон минсе тойбогон,
Жара чыксын алаңа!"-деп жазып колуна карматтым.
Заматта өкүрүк-бакырыкка аралаш сыртка кандай учуп чыкканымды билбей калдым…
Шише Кодо

Даярдаган Алмазбек Эркебай










??.??