presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№10, 08.04.08-ж.
  Дарамет

"Сырдуу тумар мени ойлондурат"
Өзүнүн өзгөчө стили, мукам үнү менен көпчүлүк ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк тапкан кыргыз эстрадасынын таланттуу ырчы кызы Роза Шакирова бизде мейманда.

- Роза эже, куш бооңуз бек болсун. Жаңы турмуш, жаңы жашоо жакшыбы? Баткендин суйкайган, таланттуу кызы кайсы жердин келини болду экен?
- Чоң рахмат. Кудайга шүгүр жашоо жаман эмес. Турмушка чыкканыма Кудай буюрса жакында 3 ай болот. Насип экен Талас жергесинен бактымды таптым. Жолдошум өзүмдөн 8 жаш улуу.
- Сүйүшүп-күйүшүп жүрүп эле баш коштуңуздар да…
- Ооба. Мындан 1 жыл мурун бир кечеге ырдап барсам, ал да ошол жерге конок болуп барган экен. Экөөбүз ушул күнү таанышып, алгач жөн гана күйөрман катары үйгө узатып койду. Мен деле анчалык маани берген эмесмин. Башында тааныш катары эле байланышып, сүйлөшүп жүрүп, кийин көңүлүбүз табышып, жылдызыбыз келишип калды. Ошентип 1 жыл сүйлөшүп, кыз-жигиттик доорду сүрүп, анан баш коштук.
- Биздин кыргыздарда түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө кыз берип, келин алуудан бир аз чоочулашат. Ата-энеңиз каршы болгон жокпу?
- Мурун шоу-бизнеске аралаша электе Кыргызстан мага аябай чоң көрүнчү. Талас, Нарын деген жердин түбүндөй сезилчү. Чыгармачылыкка келгенден бери өлкөбүздүн дээрлик бардык региондорун кыдырып көрүп, тез-тезден каттап тургандыктанбы, айтор азыр Кыргызстан мага алакандай эле сезилет. Анын ичинен түндүк-түштүк маселесин коюу менимче туура эмес. Менин жүрөгүм ушуну тандаган соң жердик трайбализмге моюн сунган жокмун. Буга ата-энем деле каршы болгон жок. Алар менин бактымды гана тилешет. Кайын-журтум ата-энемдин алдынан өтүп, кудалашып сөйкө салып, калың бычып, накта кыргыздын салты менен үйлөндүк.
- Жашыруун болбосо, ырчы айымдын эне сүтү менен ата эмгегине алынган салт каадасы канча болду экен…
- Бул жашыра турган деле сырдуу нерсе эмес. Сиз сураган калыңга деп 1 жылкы, 1 уй, 7 кой, 1000 доллар акча алып барып беришти. Бирок аны ата-энем алган жок, бири-бирибизге бергенди коюп, жаңы бүлөгө берели дешип, кайра эле өзүбүзгө кайтарышты.
- Кайын-журтуңуз ырчы келинин кандай кабылды?
- Биринчи жаман көрүп жатышкан. Биздин кыргызда ырчы дегенде эле жеңил адамды элестетип алмай адат бар го. Бара-бара көнүшүп, азыр эми сыйлап калышты. Негизи кайын-журтум түшүнүктүү жакшы адамдар. Мен аларды сыйлап урматтайм. "Эшикке чыкпа суук тийип, үнүңө тоскоол болбосун" -дешип аяп турушат. Келин болуп кыйратып деле жумуш кылган жокмун. Кудай буюрса жайында барып, өз колум менен палоо жасап берем го.
- Жолдошуңузду чүрпөлүү кылып сүйүнткүңүз барбы же келиндик доорду сүрөйүн деп турасызбы?
- (Күлүп) Мен өзү көп баланын энеси болгонду каалайм. Анын үстүнө өзүм да кечирээк турмушка чыктым. Мени менен теңдердин балдары 5-6-класста окуп калышты. Ошондуктан Кудай берсе төрөй берем. Бирок, сахнаны таштабайм.
- Аялзаты катары кайсы жумуштарды майын чыгара жасай аласыз?
- Бул сурооңо жооп кылам деп бир топ эле мактанып алат окшойм. Менин балалык чагым өлкөбүздүн эң тоолуу айылында өттү. Айылдын жумушун билесиңер да. Алтынчы классымдан нан жапканды үйрөндүм. Бул ошол кездеги курагым үчүн чоң жумуш болчу. Мындан башка кол өнөрчүлүк жагына жакынмын. Тактап айтканда сайма тигип, Баткендин килемдерин келиштирип согом. Андыктан үйдүн ичин толтуруу мен үчүн оңой эле.
- Бир учурда "Жоокер жылдызы" теледолбооруна катышып жүрбөдүңүз беле. Ошондо сизге бир аскер жигити ашык болгон турбайбы…
- Билбейм. Ушундай имиштерди өзүм да угуп калдым. Бирок, өзүмө келип, эч ким, эч нерсе айткан жок. Балким бул жөн эле элдин чыгарган ушагыдыр.
- Аталган теледолбоорго кандай максат менен катыштыңыз?
- Кичинекейимден эле тажик кыздар менен тоокторду уколдоп, бинт менен ороп, бакаларды кармап операция жасап, чоңойгондо врач болом деп ойночумун. Ошол тилегим орундалбаса да азырга чейин врач болууну эңсеп келем. Сиз айткан "Жоокер жылдызына" да медсестралыкты үйрөнөм деп катыштым. Көрсө мен туура эмес маалымат алып алыптырмын. Мен ойлогон медсестралыкты эмес 19 км жөө басып, өмүрүмдө түшпөгөн танкага түшүп, автомат кармаганды үйрөнүп, аскердик жашоону көрүп келдим.
- Анан арыктадыңызбы?
- Кайдан, кайра 2 кг салмак коштум. Мурда арык кыздарды көргөндө эмнегедир душманымды көргөндөй кызгана берчүмүн. Азыр теңимди таап алган үчүнбү, айтор андай сезимим жоголду.
- Азыр таш ыргытсаң такси менен ырчынын башына тийип калбадыбы. Ушундай тенденция күчөп турган убакта ырчылар арасында атаандашуу да жок эместир…
- Ыр дүйнөсүндө гана эмес, бардык эле тармактарда атаандашуу болмоюн өсүү, алга жылуу болбойт. Андыктан мындай жагдай чыгармачыл адамдар ортосунда да жашап келет. Мага сахналаштарымдын атаандашканы эмес, концерт учурунда көшөгө артына өтүп алып кезек талашкандары жакпайт. Саат 7де барып алып күтүп отурсаң, улуураак ырчылар 10до келип алып "ай мени коюп койчу, азыр чыга калайын" деп чоңдугуна сала беришет. Ушундай көрүнүш менин көңүлүмдү иренжитип келет.
- Бейтааныш адамдан таңкалыштуу белек алып көрдүңүз беле?
- Мындан 5 жыл мурун филармонияда өтүп жаткан өзүмдүн концертимде 40 жаштагы киши "Сенин талантыңды баалайм, өсө турган кызсың, менин ата-бабамдан калган ушул тумарымды чын жүрөгүм менен сага белек кылайын"-деп өзүнүн тумарын берип кеткен. Негизи "тумар" бир эле адамга арналып жасалат да. Мени ойлондурган сырдуу тумар бүгүнкү күнгө чейин үйдө турат. Ичин ачып көргүм келет, бирок корком. Бир да жолу тагынган жокмун.
Ж.Калдарова




  Кат куржун

Сапар менен Назми кайда?
Кыргыз сахнасынан Сапар менен Назмини деги эле көрбөй калдык. Бул дуэт топ азыр эмне менен алектенип кайда жүрүшөт, билип бересиздерби?
Асел, Бишкек

Назми:
-Учурда биз Сапар экөөбүз эки дуэт ырларыбыз жана жеке орус тилиндеги эки ыр менен Кытайда өтүүчү фестивалга катышуу барагын алганбыз. Азыр биз конкурска Кыргызстандын атынан катышып жатканыбызга жарым айдан өтүп калды. Буюрса 15-мартта борборго барып калабыз.

Ынак Осмоналиев ооруканадабы?
Ырчы, обончу Ынак Осмоналиевди кечээ жакында ооруканалардын биринен көрүп калдым. Эмне Ынак ооруп калды беле? Сүйүктүү ырчымдан кабатыр болуп жатам.
Мунара, студент

Ынак Осмоналиев:
-Жаздын алгачкы кара суугунда Талас жергесин кыдырып концерттик гостролдо болдум эле. Ошол сууктан кийин эки бөйрөгүмө суук тийип азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатам.





  Аял жана сулуулук

Аялзатынын баа жеткис мыкты сапаттарын жана даанышмандыгын эске алып, аялзатындагы сүйкүмдүүлүк, келбеттүүлүк, ишмердүүлүк эң негизгиси аял үйбүлөнүн куту экендигин тастыктоо иретинде "Асылзат" аттуу рубриканы ачтык. Мындан ары айымдар үчүн керектүү болгон аярлуу акыл тамчылары бийкечтердин түпөйүл терең сырлары жана алар үчүн ар кандай кеңешин берген биздин жаңы рубрикабыз сиздер үчүн өз кызматын аянбайт.

Ар бир мезгил аялдын сулуулугун ошол учурдун шартына ылайыктап келет. Алсак, тээ XVl кылымдагы айтылган келбеттүү, төгөрөгү төп келген айымдардын белгиси бүгүнкү күндүн да талабы. Андыктан сулуу аял сулуулуктун төмөндөгү белгилерин өзүнө ар дайым кошо алып жүрсө;

Алар үч ак нерсе - тери, тиш, кол;
үч кара нерсе - көз, каш, кирпик;
үч ичке нерсе - эрин, бел, кызыл ашык;
үч толук нерсе - ийин, балтыр, жамбаш жана ушул сыяктуу жеке асылзатка гана таандык белгилер. Бийкечтин сулуулугунун дагы бир жакшы сапаттары деп үнүнүн уккулуктуулугун, назиктигин айтууга болот. Буга татынакай кармалган өң - түс, тулку боюңдагы келбет, кол, чач, кийим жарашыгы, маданияттуу жүрүм-турум да кошулат.

Селкилердин тырмагы эмнени билдирет?
Асылзат ээлери табышмактуу жан экени талашсыз. Бирок, ай чырайлуу айымдын же бийкечтин келбетине карап мүнөзүн билүүгө болот. "Кыздын жоругу төркүнүнө маалым" демекчи, тырмак көп нерсени билдирип коёрун баарыбыз баам сала бербесек керек. Эмесе жактырган кызыңыздын же болочок жубайыңыздын тырмагына карап, мүнөзүн билиңиз.

Тегерек тырмактар
Ал сезгич жан. Калыстык, чындык дегенде ичкен ашын жерге коюп, далилдеп берүүгө ар качан даяр. Көбүнчө бирөөнүн көңүлүн ирээнжиткиси келбегенинен, кысталыш учурда өз оюн айта албай жан дүйнөсүн кыйнай берет. Бирок, бул топтогу селкилердин көөдөнүндө кымындай кир жок экени талашсыз, мындай бийкечтердин сапатын баалай билген адамды бактылуу кылууга күчү жетет.

Төрт бурчтуу
Ушунчалык сабырдуу айымдар. Тегереги чар-тарапка чачырап, экинчи жагы жагымсыз абалга туш болсо да токтоо мүнөзү уйгу-туйгу ойлорун тынчтандырып, баарына каниет кылган аялзатынын бири. Ал жагымсыз өткөн ишти Жараткандын буйругу деп түшүнөт. Өзүнө жакын адамдар үчүн баарын жасоого даяр жана мындай тырмак ээси өтө мээримдүү келет. Аны курчаган дос-курбулары акылына тан берип, сөзүн жерге ташташпайт. Келечегин алдын ала түптөгөн мыкты кожойке.

Кыска тырмактар
Бул топтогу селкилер өзүн баарынан жогору коёт. Айткан сөзүнүн канча пайызы чындыкка жакын экени менен эсептешпей, беттеген багытынан кайра кайтпайт. Дайыма болуп жаткан жаңылыктан кабардар жана дүйнөсү музыкага жакын. Негизги кемчилиги "Баарын билем" деген принцибинен кайтпагандыгы.

Сүйрү тырмактар
Кандай тармакта эмгектенбесин жогорку тараптын сөзүн угуп, кызмат ишине берилүү менен эмгектенгендер. Ага ар кандай ишти тапшырса да аткарып кетүү жөндөмдүүлүгүнө эгедер. Ар бир ийгилигине каниет кылган, жетпегенине кайгырбаган терең ойлонгон асылзатынан келишет.










??.??





??.??