№10, 08.04.08-ж.
  Баракелде-е!

Дүйнөдөгү эң өзгөчө адамдар
Бир сеанста 1016 төөнөгүч
Дал ушундай абалды Матт Робизон башынан кечирген, үч саатка жакын кыймылдабай отурган 21 жашар жигитке бир миң он алты төнөнгүчтү терисин тешип, төөнөп чыгышкан. Алгач менин мындай кадам жасаарымды угушкан туугандарым менен досторум мээсинен айнып, эмне кылаар айласын таппай жатат-деп жинденишкен. Балким бул акыл-эске сыйбаган нерсени ишке ашырат деп ойлошпосо керек. Бирок, мен бул жөнүндө мектепте окуп жүргөндө эле кыялданчумун. Мына эми кыялым толугу менен болбосо да, теңи ишке ашты десем болот. Анткени бул төөнөгүчтөрдүн санын дагы беш-алты эсе көбөйтөм -дейт Робизон.

Машинени көзү менен жылдырган адам
Дагы ушундай өзгөчө "таланттын" ээси 35 жаштагы кытайлык Дун Чангшенг көзүн ирмебей бир нече секунд бир нерсени тиктеп турса, ошол нерсе жылат. Мындай деңгээлге жетиш үчүн ал бир топ жыл бою "Кун-фу" менен машыгып, көзүнө бир нече жолу операция жасатып гана жеткен. Бул жасаган иши ден-соолугуна абдан терс таасирин тийгизгенине карабай ушул жумуш менен алек болуп келет. Себеби Дун Чангшенгдин хоббиси - адамды таң калтыруу.

Эң түктүү адам
Кээ бир адамдарга Гиннес китебине кириш үчүн жаратылыш өзү жардам берет экен. Дүйнө жүзү боюнча эң түктүү адам деп Кытайда жашаган Чмэньхуан табылган. Анын денесинин 96 пайызын жүн каптап турат. Ал эми жүнүнүн узундугу 6 см ден узун. Чмэньхуандын айтымына караганда түк анын кулагынан эки жашынан бери өсүп чыга баштаган, доктурларга көрүнгөндө ага бул түктү алдырып салууну сунуштаса, Чжэньхуан буга убагында көп маани берген эмес. Өсүп-өсүп отуруп түк бара-бара анын бүт денесин каптаган. Бирок, өзүнүн азыркы келбети менен сыймыктанат. Алыскы жактардан атайын бул адамды көргөнү келишип, кызыгып сүрөткө түшкөндөр да жок эмес. Эми мындан ары аны менен эстеликке сүрөткө тартылгысы келгендерден белгилүү бир өлчөмдө акча төлөнүшү керек.

Көзү чанагынан чыккан адам
Клаудио Пауло Пинто Бразилия шаарынын тургуну адамдарды өзүнүн жөндөмү менен дагы бир ирет таң калтырып Гиннес китебине киргенге үлгүрдү. Клаудио көзүн чанагынан 8 мм ге чейин чыгара алат. Ал мындай деңгээлге жетиш үчүн күнүнө үч сааттан машыгып турат. Эгерде бир күндө жок дегенде бир жолу ушул көнүгүүнү жасабаса ден-соолугу начарлап, башы сынып ооруп турат.

Эң кымча бел айым
Бул айымдын аты Кати Джонг жашы 67 де болгону менен 20 см ден ашпаган соорусу болсо да эркектердин көзүн кычыштырып, эсин оодарып келет. 22 жашка чыкканга чейин эки баланын энеси болгонго жетишкен. Катинин эң жакшы көргөн кийими - корсет, күйөөсү да аялы да корсет кийип жүргөнүн жактыргандыктан, ашып кетсе бул кийимин 30 мүнөт гана чечет, жадагалса уктаарда да Джонг ич көйнөктүн ордуна корсет кийип жатат.

Эң булчуңдуу аял
Канадалык Лида Фолит мындай булчуңдуу болуш үчүн бодибилдин менен бүгүнкү күнгө чейин машыгып келет. Аялдын мындай кебетеси эркектердин үрөйүн учурушу мүмкүн. Бирок, Лиданын азыркы турпаты аны толугу менен канааттандырат.

Эң көп татуировка тарттырган адам
35 жаштагы Грегори Пол Макларен татировка тарттыргандар жагынан рекорд коюп Гиннес китебине кирген. Ал тапкан акчасын дээрлик баарын денесине сүрөт тарттырууга жумшайт. Эң биринчи татуировкасын Мак Лерон 17 жашында сойку кызга жамбашына тарттырган, ал эми калган денесиндеги сүрөттөрдү тарттырыш үчүн 4 континентке, 17 мамлекетке, 45 шаарга барып, 386 мастерге кайрылууга туура келген. Жыйынтыгында мурдагы рекордсмен Хорас Райдерди артка калтырып биринчи орунга озуп чыккан.